п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Омар жакында концерт берет
Алтын үндүн ээси, кыргыз эстрадасынын каймагы аталган ырчы Омар жакында, 17-18-ноябрь күндөрүнүн аралыгында филармониянын чоң залында жеке концертин берем деп бутуна буту тийбей катуу даярданып жатат. Кудай буйруса, шайлоо бүтүп, жаңы ажо жаңы орундукка келип отурары менен салкын соккон күз шамалынын акыркы күндөрүндө Омардын жаңы концертине барып калат экенсиздер. Азыркы концерттердин көбү эле ашар болуп кетмей жайы бар эле. А Омардын концерти башкалардан башкачараак, өзгөлөрдөн өзгөчөрөөк. "Фонограмманын жардамы жок эле, жагымдуу, жандуу үнүм менен ырдайм" деп кам көрүп жаткан экен.


Айгерим Расул кызы Кытайлык кыргыздардын үйлөнүү тоюн куттуктап келди
Сахнада ырдап гана тим болбостон, актрисалык чеберчилигин дагы көргөзүп келе жаткан ажарлуу ырчы Айгерим Расул кызы кытайлык кыргыздардын үйлөнүү тою менен куттуктап, алардын кубанычын тең бөлүшүп келди. "Ал жакка мен эки жаштын үйлөнүү тоюна баргам. Менин эсимде калганы алар биринчи кыргызча кийимдерди кийип келишет экен. Анан той ортосуна келип калганда заманбап кийинип алышат экен. Музыка болгондо бизде балдар менен кыздар ак бийге түшүшөт го. Аларда болсо балдар менен балдар, кыздар менен кыздар эки-экиден болуп алышып ак бийге түшүшөт экен". Айгерим ушинтип тойго барып, жети чыгармасын аткарып, баалуу белектерге кучагы толуп, капчыгы акчага кампайып келди.


Темир Ош телерадиосунда эфир даярдап жатат
"Туулган жер" деп жерин сагынып, көптөгөн селкилердин жүрөгүн багынтып келген ырчы жигит Темир Назаров бүгүнкү күндө, тактап айтканда, сегиз айдан бери Ош телерадио компаниясында "Эсте калган кайрыктар" телеберүүсүн эфирге даярдап иштеп жаткан убагы. Учурунда көптөгөн ырларына клип тарттырып кыргыз элине тартуулап келсе, азыр деле "үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" демекчи, "Бишкек" деген аталыштагы ырына көптөгөн күйөрмандарынын суроосу менен клип тарттырып бүтүп, телеканалдардан кетирип жаткан экен.


Жанель Түркиянын бир топ шаарларында практика өтөп келди
Аз да болсо чыгармачыл чөйрөгө аралашып калган жаш ырчы кызыбыз Жанэль сахнадан бир аз алыстап кеткендей болду эле. Ырчынын айтымында: "Түркиянын бир топ шаарларына өзүмдүн сабагым боюнча практикага барып келдим. Келгениме үч жуманын жүзү болуп калды го. Анталия, Алавия, Тевир, Белбиби, Стамбул деген шаарларда практикадан өттүм. Өзүм болсо бул жакта БФЭАнын туризим бөлүмүндө окуйм. Азыр окуумду улантып жатам. Быйыл 4-курстун студентимин" деп, кубанычтуу кабарын биз менен бөлүштү.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??