п»ї
 Таанышуу жарыясы


Чырмаш Төрөбеков:
"Саламат эже жакшы
экен деп сүлгүсүн алыптыр"
Өткөн жумадагы чыгарылышыбызда "Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова Кытай жергесине барганда сүлгү уурдаптырбы?" - деген окурманыбыздын суроосуна Саламат эже "Кытайдын сүлгүсү менен бутумду аарчымак белем?" - деп жооп кайтарган эле. Бирок ал саныбыз чыккан күнү эле Гүлзат Байзакова аттуу ырчы эжекебиз редакциябызга келип калды. Аябай "калчылдап" алган. "Ай, кыздар, мен качан силерге "Саламат Садыкова Кытайга барганда сүлгү уурдаган, ошону гезитке жазгыла",-деп телефон чалып, СМС жаздым эле?! Саламат эжеге силер "Кытайга сиз менен чогуу барган эле ырчыңыз айтты депсиңер", - деп биздин оозубузду ачырды. Саламат эже Гүлзат Байзаковага жогоруда айткан сөздөрдү биздин жетекчиликтен уккандыгын айтыптыр. 56 жашка чыкканда ушундай чындыкка жатпаган сөздөрдү сүйлөп, аптаракатын чачпай эле койсо болмок экен. Гүлзат эженин ошондогу абалын көрүп, бул "сүлгү" маселесинин аягына чыгалы деп, Саламат Садыкова менен Кытай жергесине чогуу барып, концерт коюп келгендерден "Чын эле Кытайдын мейманканасынын сүлгүсү Саламат эженин баштыгынан чыкты беле?" - деген сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, бири: "Саламат эже Кытайдын сүлгүсү менен тырмагынын учун да аарчыбайт болуш керек", - десе, экинчиси: "Ооба, Саламат эже Кытайдын сүлгүсү жакшы экен деп сумкасына салып алыптыр", - деген жооп кайтарышты.


Чырмаш Төрөбеков:
- Ал мындай болгон. Мейманканада жаткандан кийин алардын мыйзамы боюнча анын ичиндеги буюмду чемоданга салбаш керек. А алар "боло берсе керек" деп ойлоп, ал мейманканадан кийим илгич салгандар болуптур. Саламат эже болсо жакшы экен деп сүлгүсүн алыптыр. Анан ошондон улам ушундай сөз чыгып атпайбы. Мейманканадан чыкканда кайсы номерде эмне жетпейт деп текшерет да. Автобуста отурсак келип, мобу номерлерде момундай жок экен, кайрып бергиле деди. Анан Саламат эженин номеринен сүлгүсү жок болуп чыкты.


Гүлзат Байзакова:
"Сүлгүнү "Ак маралдын" жаш баласы
сумкасына салып алыптыр"
- Эртең менен турсам эле Саламат эже мага телефон чалып: "Ай, Гүлзат, экөөбүз өмүр бою чогуу иштедик эле. Кайра-кайра гезиттерге мен жөнүндө ушундай маалымат таратканың туура эмес да. Сен Саламат Садыкованы жазгыла деп билдирүү жибериптирсиң. "Сиз менен Кытайга барган эле ырчы кыз айтты", - дешти. "Обондун журналисттери сага телефон чалып:"Гүлзат эже, Саламат эже бизди сотко берем деп атат, эгер сот болсо жарым акчасын сиз төлөйсүз"- десе, сен каткырыптырсың го", - деп таң атпай кан басымымды жогорулатты. "Мен кайсы кызга айтыптырмын, ошол кызды табайын, анан сотко беребиз десем, Саламат эже өзү сиздердин редакцияга келбей койду. Сүлгү боюнча буларды айтып берейин. Ал мындай болгон. Биз менен Кытайга барган "Ак марал" бийчилер тобунун кыздарынын номеринде 4 сүлгү жетпей калып, мейманкананын администратор баласы мага келип, кыздардын номеринен 4 сүлгү жетпей атканын айтты. Ошол замат эле кыздарга барып айтсам, алардын номерин эч ким жыйнабагандыгын, сүлгү жоктугун айтышты. Анан администраторуна кайра барып, эч ким тазалабаптыр го, ал номерди жыйнаган кызыңарды чакыргыла десем териштирип, ал жакка чындап эле сүлгү коюлбаганын айтып, менден кечирим сурашты. Анан биз автобуска отурарда текшеришкенде, "Ак маралдын" бир жаш баласы байкабай сумкасына салып алыптыр. Кийин сураганда "мен алгам" деп эле алпарып берди. Менин кийим илгичим театрда калып калгандыктан, Бакыт Шатенов өзүнүн кийим илгичин берди. Андан башка эч нерсе болгон эмес. Саламат эже сүлгүнү салып алган деген маалымат жалган", - деди Гүлзат Байзакова.


Бакыт Шатенов:
"Текшерип атканда биринен кийим илгич, башкасынан сүлгү чыкты"
- Жок, андай болгон эмес. Саламат эже алган эмес, ал жөн эле ушак сөздөр. Бийчилерден бир-экөө билбей эле салып алышыптыр. Алар деле атайын салган эмес. "Алса болот экен" деген ой менен алышкан да. Көпчүлүк мейманканаларда көбү салып кетишет. А Үрүмчүдөгү мейманкана бүт баарын текшерет экен. Текшерип атканда кээ биринен кийим илгич (вешалка), кээ биринен сүлгү чыкты.


Токтобек Асаналиев:
"Саламат эже уурдап алды деп укканым жок"
- Менин укканым боюнча сүлгү жок деп аткан. А бирок кимден табылып, кимиси алып кеткенин билбейм, көргөн да эмесмин. Биз балдар болуп автобуска отурганда, мейманканадан "сүлгү жоголду, бергиле" дегендерин кулагым чалды. А бирок Саламат Садыкова эжебиз уурдап алды деп укканым жок. Атайын бир жерге баргандан кийин кытайдын сүлгүсү менен тырмагынын учун да аарчыбайт болуш керек. Ушундай аброю менен ошондой ишке бармак беле? Бул бирөөнүн бетине бирөө көө шыбагандык го. Жаш кыздардан чыгышы мүмкүн.

Обон пресс





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??