Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
(Башы өткөн санда)
Мен айтып жатпайымбы, азыр кыргыз үчүн жаным ооруп, балким язвам да (ашказан жараат - Ж.) ошондон деп. Ушу-у, жакшы болсоң көрө албайт дейт, жаман болсоң асырай албайт дейт. Мен...
- Жо, эже, себебин айтып бере аласызбы ушул жагдайдын? Буга бир мындай өзүңүздүн философиялык аныктамаңызды берсеңиз дурус болор эле. Менин жана, балким, окурмандын түшүнөйүн дегени, неликтен ал өз бийиктигинен ошол кол алдында иштеген консультантпы же машинисткабы, деңгээлине түштү?
- Ой... сен кызык экенсиң да, бу... сүйүү деген, сезим деген ал эч кимди тандабайт да!
- Мейли анда, Рахат эже, биринчи сезим болдубу ошо жерде, же кызылдай дене кызыкчылыгы болдубу?
- Ой... койчу айнанайын, койчу, мен мындай маселелериңди...
- Мына көрдүңүзбү, өзүңүз ушул жаштан туруп бу маселеге минтип карай албасаңыз анда...
- Потому что вот этот вопрос весь... Давай мага в принципе, Айтматов деген теманы алып ташта, мен жөн жооп берейин.
- Мейли, алып салайлы да, анда мындай айталы: өзүнүн аялы боло туруп, мисалы да,... аялы боло туруп, аны менен расмий ажырашпай туруп, башка бир аял менен кошулууга мүмкүнбү? Биерде айтайын дегеним: "не прелюбодействуй!" деген дагы бир осуят бар Библияда, бу христианчылыктагы он осуяттын бири. (Пауза)... Эже, бу эң жөнөкөй суроо да. Мен биерде ал кандай киши, андай киши-мындай киши, деп олтурбайм, мына жөнөкөй суроо.
- (узак пауза)... Хм.. Мен сурооңо суроо менен жооп берем...
- Жо-жоок, мына сиз Кыргызстандагы аялдар конгрессин уюштуруучуларынын бири катары айтыңызчы: "не прелюбодействуй!" деген осуятты карманбаган кишинин пакизалыгы канчалык?
- А сен кыргыздардын ушул жолго барбаган мага бир (!) эркекти таап бере аласыңбы?!
- Кечиресиз, бул аргумент эмес. Сиз менин суроомо жооп берсеңиз?
- ...бир эркекти таап бере албайсың! Жок!
- Болуптур анда, бизге боло берет турбайбы?!
- Эми токтой тургунуң...
- ...кыргызга боло берет дең...
- ...токтой тургун! Үй-бүлө дегенди... үй-бүлө дегенди... Үй-бүлөдө, сен жанагинтип айтып атасың, аял менен эркектин ортосунда... Балким, ал үч талак берип туруп, андан ары баргандыр?! Аны сен аялынан, бирөөдөн... эч качан... мен өзүм үй-бүлөлүү аялмын...
- Күбөлөр барбы дейсизби?
- Күбөлөр болбойт буга, күбөлөр болбойт мындайга. Мисалы үчүн үй-бүлөнүн секретин, үй-бүлөнүн аки-чүкүсүн эч ким айтпайт. Ал кишинин өзү менен болот. Мен "Үй-бүлө жана коом" деген китеп жазган кишимин...
- Мен "КАТТАМАНЫ" жазып жүрөм, анда турган эч нерсе жок, эже...
- ...изилдөө кыйын!
- ... боюна бүтүп, балалуу болгондон кийин айтылып жаткан сөз да бул, эже. Аны өзүңүз деле сопсонун билесиз. "Болуп калгандан кийин айла канча" дегенчелик сөзү бар, аны биз тана албайбыз. Талак берилгени чын болсо мындай сөз да айтылбайт эле. Айтылган сөз атылган ок, деген кеп бар кыргызда...
- Мына бул сөзүң абдан жакты мага.
- Жакында бир орус гезиттен окуп калдым: америкалык конгрессмен менен сенаторлор кокус мейли, он жыл илгери болсун, кимдир бирөөгө тийишкени билинсе, сот аркылуу депутаттыгынан ажыратылат экен. Мына, Билл Клинтон келгени ушак-башкасы болуп далай ойноштору болгонун жазып жатышат, ал болсо кабинетиндеги Жорж Вашингтондун сүрөтүн алып салып, ордуна аялынын сүрөтүн илип алыптыр дейт, калп болсо да, үй-бүлө деп чөгөлөмүш болуп жаткандыр, балким. Ошол аялына тобо кылып жатканы, балким, өткөн күндөрүнөн кечирим сурап жаткандыр. Биз ушундай бийиктикке жете алабызбы? Биздин залкарлар камчысын мойнуна алып, башын ийгенге жарай беле?
- Мен... биз... мынабу сөзүңө толугу менен макулмун...
- Та-ак...
- ... бирок давай тиги Айтматов деген сөздү алып тыштайлы!
- Болуптур, алып салалы... пакиза деген, бийиктикке койсок болобу?
- ...болот!
- ...үй-бүлөнү аттап кеткен кишини жана эч кандай никеси жок башка бирөө менен жаткан кишини пакиза десек...
- Пакиза болот Айтматов! Мен сага түшүндүрүп берейин...
- Жо, сиз Айтматов деп айтпаңыз, абстрактный бирөө менен байланыштырыңыз: өзүңүз айтпадыңызбы башка бирөө менен гана байланыштыралы деп. Келиңиз, эже, пир тутканды коёлу, не сотворим себе кумира! Бу да алиги он осуяттын бири. Теңир алдында залкарлар баягы, биздей эле пенде. Албетте, адабий атак-даңкы менен кыргызды бүтүн дүйнөгө сүйрөп чыкканын айтып бүткөндөн кийин, а киши деле простой смертный, кыргыз баласы, туурабы? Кыргыз баласы болгондон кийин, ошо кыргыз коомчулугу кабыл алган мыйзамдын негизинде гана жашашы керек. Бирөө үчүн артыкчылык берилип, бирөө үчүн макул деп коюш, менимче, туура эмес...
- Жаныбек...
- Мен сизге бир эле суроо берип атам..
- Жаныбек, ты не хочешь слушать меня! Послушай... мен дегиңкисин ойлойм да: мен деле сендей пикирдемин. Менин да күйөөм бар, менин дагы үй-бүлөм бар. Менин дагы үй-бүлөдө... кудай эми, териштирип көр, кудайга шүгүр, аялдын абийири, намысы үчүн мен дагы неметип келатам. Я на своей шкуре испытала, что это такое, как говорится. Каждая женщина испытывает...
- Кандай баалайсыз ошону?
- Бирок сен неправильно... совковский мышление менен, у тебя одномерный подход...
- Бирок койгон маселебиз бийик аябай...
- ...адам деген, эми мен да сени чычалатып атам, адам деген многомерное существо: эгерде адам өзүнүн бир негизги функциясын жакшылап аткарса, мисалы, эгер мен илимпоз болуп, илимпоздук менен өзүмдүн негизги функциямды элимдин алдына, жакшынакай китептерди жазсам, мен ойлойм, калган бардык менин жагым жуулуп кетиши ыктымал...
- Сиз чын эле ушинтип ойлойсузбу?!
- ...токтой тур, экинчиден...
- Жоок, сиз чын эле ушинтип ойлойсузбу?
- Мен ушинтип ойлойм.
- Кечиресиз, анда байыркылар атактуу Цезарь жөнүндө: ал абдан чоң кол башчы, эч кимден жеңилбейт, андыктан бардык римдик аялдар ага жатып бериш керек ал кааласа, деген мыйзам чыгарып коё жаздашыптыр аз жерден.
- Ээ койчу нары, ие айланайын кудай...
- Жо, сиз сөздүн бийик маанисинде караңыз да, түп жагын: анда ошол мыйзамы чыгып калса, сиз туура дейт белеңиз Цезарь үчүн?
- Цезарь үчүн да туура эмес.
- Коом үчүнчү?
- Коом үчүн... бирок бу адамдын өзүнө... алла-таалам жараткандан кийин адамдын өзүнө бир гана талантты берип, ошону... вся человеческая трагедия в том...



(Уландысы кийинки санда)




Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Студентсизби?
- Сырттан окуйм.
- Жакшы экен.
- Бул жерликсизби?
- Ооба.
- А мен эжемдикинде жүрүп окуйм.
- Эжеңиз ким?
- Мырзагүл.
- Эрнис акелердикиндеби?
- Ооба, кайдан тааныйсың?
- Апам экөө мектепте бирге иштешет.
- Жакшы тура, эжемди да тааныйт экенсиз.
- Сиз аябай эжеге окшош экенсиз.
- Чын элеби?
- Чын айтам, - деп Райкан бажырая күлүп койгондо анын жүзүнөн балалыктын кирсиз таза назы Мараттын жүрөгүнө найзадай сайылып, тыз эте түштү.
- Бир тууганбыз да, - деди ойлуу. Үч жыл мурунку Мырзагүлдү сүйөм деп жылдырбай туруп алганы эсине түшүп, кызарып кетти.
- Түшүндүм, кайсында окуйсуз?
- Геология институтунда.
- Геолог болот экенсиз да?
- Ошондой.
- Биз келип калдык, - деген Райкан Мараттын колундагы сумкага колун сунду. - Атамдар көрүп калса кайдагы жигит деп урушат.
- Макул анда жакшы кал.
- Рахмат, жакшы барыңыз, - деп Райкан сумкасын көтөрө ылдам басып, заңгыраган үйдүн дарбазасынан кирип кетти. Марат оң колун көтөрө басып кетти. Кыз жигитти арбап алгансыды, жылмайышы, апакай жүзү, кырдач мурдуна жарашкан оң жак таноосунун түбүндөгү меңи ого бетер көрк кошуп, жигиттин көз алдынан кетпей туруп алды. Марат кыңылдай үйгө кирсе эки агасы, карындашы менен апасы келип калган экен. Учурашкандан кийин бир нерседен жүрөксүгөн Марат кайра чыгып кетмек болду эле Давлеткан аны токтотту:
- Балам, отурчу мындай.
- Эмне болду, апа?
- Калыс кеткен, Мырзагүлдү алып келип берип койду, басып калыптыр.
- Кайда калды?
- Тиги үйдө уктап жатат. Сага түшүнбөй калдым, жылан чакпай, жылкы теппей жакшынакай аялыңды кетир депсиң, же барып ички сырыңды айтпайсың. Кетем дегенде токтото албадым, балам, эмне себеп болду, айтчы, экөөбүз ачык эле сүйлөшөлү.
- Апа, эч себеби деле жок, кеткени жакшы, кызым калса болду мага, ашыкча сөздүн эмне кереги бар.
- Марат, - деди улуу агасы Нурсейит, - апама идиш-аяк карматпай келин жумшап бериш керек. Калыстан кетпесе эмнеге кетирдиң, өзүңөр эки жакта жашасаңар, жаман-жакшы айтышпай эле бөлүндүңөр. Болбосо өзүң бирөөнү тапкандырсың, үйлөн да.
- Жок, аке, азыр үйлөнбөйм.
- Анан качан, ботом, Калыс кетмек турсун күйөөгө тийиптир, - деди Давлет күйүп-быша. - Өзүң каалап алып бардың, кой дебедим, кайра кете берсин деген катыңды окутпай катып жүрсөм окуп алып кетип калды, ага да макул дедим. Калыс ылайыктуу, ырайымдуу келин эле.
- Болбодубу эми, апа, кетсе кетти да, мен эми үйлөнбөйм! - деп Марат чыгып кетти.
- Бу балаңдын башы ордунда эмес го, апа?
- Кайдан билем, айланайын, андан көрө жакшы айтып көндүрсөңөр боло, минтип жүрсө коколой өтөт бу дүйнөдөн, - деп Давлеткан кейип-кепчип отурганда Эрнис келип калды. Ал адегенде өзүнүн атасы менен апасын киргизди да:
- Кириңиздер, - деп Давлеткандарга карады. - Келиңиздер, апа, булар менен ата-энем, жай отуруп таанышыңыздар.
- Жакшы, айланайын, кудагыйым жапжаш эле турбайбы, таанышпай анан, - деп эңкейген Канымжан өйдө өтүп баратып эле Давлеткандын колунан бекем кармап учурашып калды. - Кандай, айланайын, жакшы келдиңерби, бала-чака аман-эсенби?
- Жакшы, кудагый, жатабыз, өзүңүздөр жакшы жүрөсүздөрбү? - Давлеткан балдары менен тура калып, орун бошотуп, ийиле учурашышты. - Бала-чака чоңоюп жатышабы?
- Кудайга шүгүр, аман-эсен жатышат, бу Эрнисим эле болбойт, кайненем келмек, таанышып, сүйлөшүп отургула деп.
- Кандай, кудагый, эми учурашалы, - деп Эрнистин атасы Камчыбек бакылдап кол сунду. - Бу кемпир өчүрөт бербей эле бапылдайт, - деп күлүп калды.
- Ушинтип эле баржактай берет кудаң, тамашакөй, - деди Канымжан да күлүп.
- Мейли, кудайга шүгүр, сиздер менен таанышканыма ыраазымын. Мен дагы тагдырдын буйругу менен кызымды көрө албай жүрдүм эле, эми минтип жүздөшүп, кубанычым койнума батпай турган чагым. Балдарымдын башы, тунум ушул Мырзагүл, - деди Давлеткан саал муңая.
- Ооба-ооба десең, адамдын колунан келсе бала эмес үйдөгү итиңдин баласын бирөөгө кыйбайсың, чырпыгыңды сындыргың келбейт, пешенеге жазганын көрөт экенбиз да, - деп Канымжан шыпшына дасторконго кол узатты. - Кел, кудагый, нанга карайлы.
Аңгыча колго суу куюлуп, эт тартылды. Камчыбек устуканды кудагыйына, балдарына ырааты менен узатты да, андан кийин келин-уулуна, неберелерине бөлүп берди. Эт артынан беш бармак келди. Куда-кудагыйлар бири-бири менен жакындашып, сүйлөшүп, сый-урмат көрсөтүп отурушту.
- Кудагый, тамактан алып отур, Мырзагүлүм кызымдай, келиним менен сыймыктанам, Эрнис жаңы алып барганда элдин баары келиниме суктанганын айтпа.
- Мырзагүл кудагыйдын эле өзү тура, айтам да Күмүшай кудагыйга окшобойт деп, көрсө кудагый абдан сулуу турбайбы, апасына окшош тура, - деди Канымжан беш бармактан сугуна артынан чыныдагы шорподон ууртап.
- Мейли, кандай болсо дагы аман болушсун, - деп ак баталарын берип, тамакка бата кылышты. Андан кийин конок каадасын кылып, сыртка чыгып келгенче орун салып даярдап койду Мырзагүл. Баары кирип, жаткандан кийин Давлеткан менен Мырзагүл экөө сүйлөшүп отурушту.
- Ошондой экен, келиниң кыз болбой чыгыптыр, анысы аз келгенсип атасынан бузулганын укса жашамак беле. Маратты көп кыйнабай эле коюңуз, ага өзүм таап берем, - деди Мырзагүл апасын күлө карап.
- Садагаң кетейиним, мен андайын кайдан билем, курган келин десе, үн катпай көз жашын төккөн бойдон кеткени ошондой, - деп Давлеткан зыңгырай отуруп калды.
- Кам санабаңыз. Сиз атамды сыйласаңыз, апам да атамды аябай сүйгөн экен, деги атам бактылуу экен ээ, - деп Мырзагүл күлүмсүрөй Давлетке ыктай колунан алды. - Мен бактылуумун, сиздей болгон сулуу да, сымбаттуу дагы апам барына.

(Уландысы кийинки санда)