п»ї

Баңгизаты аркылуу ийгиликке
жетишкен инсандар
Баңгизатын колдонгондор коомго бир топ терс таасирин тийгизишери ачык нерсе. Бирок бул саам баңгинин жардамы менен коомго пайдасын тийгизген инсандар жөнүндө маалымдамакчыбыз.

Зигмунд Фрейд:
Кокаин өзүңө болгон ишенимди курчутат
Зигмунд Фрейд эң биринчи жолу 1884-жылы кокаиндин даамын татып абдан таң калган. Анткени, кокаинди тартары менен депрессиядан чыгып, өзүнө болгон ишеним пайда болуп, мурункудай уялчаак болбой, өзүнүн айта турган оюн кеңири айта баштаган. Ошол эле жылы жаш окумуштуу "Кокаин жөнүндө" деген макала жазып чыгат. Аталган макаласында кокаинди ооруну басууда колдонсо болот деп айтылган. Андан сырткары, астмада, тамакты сиңирүүдө, депрессияда, невроздо жакшы натыйжасын берери маалымдалган. Бул макаласынан кийин Фрейддин жакын досу кокаинди ашепке колдонуп алып, каза болгон. Кокаинди дайыма колдонуп көнүп алган Фрейд араң дегенде андан арылган.


Баңгинин жардамы менен мыкты чыгармаларды жазган Стивен Кинг
Стивен Кинг 1974-1987-жылдар аралыгында алкоголдук ичимдиктер жана баңгизатына катуу берилип кеткен. Эң кызыгы, ушул убакыт аралыгы "Өлүк аймак", "Чуркап бараткан адам", "Үй жаныбарларынын бейити", "Талисман", "Арыктап бараткан адам", "Кристина" сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларын жазган. Жазуучу кээ бир чыгармаларын кантип жазганын да билбейт. Баңгиге байланып калганда аны аялы алып калган. Мунун айынан атайын ооруканага да жатып чыккан. Бирок баңгиге берилген убактагы жазган чыгармаларындай чыгармаларды айыккан убакта жаза алган эмес.


Ичинин ооруганын марихуана менен баскан Кобейн
"Nirvana" тобунун солисти Кобейндин кичинекей кезинен эле ден соолугу начар болуп, бронхити өтүшүп кетип бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Ичи да катуу ооруп, оорусун билбей калыш үчүн Кобейн дайыма марихуана колдончу. 13 жашынан баштап анын даамын таткан. Жашоосунун акыркы жылдарында баңгизатына абдан эле жакын болуп, көп чегип, анан дагы абдан эле урушчаак болуп кеткен. Аягында баңгинин курмандыгы болуп, жарык дүйнө менен кош айтышкан.


Он төрт жашынан баштап баңги затын колдоно баштаган Жонни Депп
Жонни Депп өзүнүн баңгиге муктаж болуп калганын эч качан жашырган эмес. "12 жашымда чылым чеге баштагам. Он үч жашымда интимдик байланышта болуп, он төрт жашымда баңгизатын колдонгом",-дейт актёр. Өзүнүн айтымына караганда Депп колуна эмне тийсе ошону чеге берген. Актёрдун баңгиге берилүүсү анын чыгармачылыгына жана жеке жашоосунда бир топ терс таасирлерин тийгизди. 1994-жылы сүйлөшкөн кызы Кейт Мосс менен урушуп кетип, баңгини көп колдонуп алып, түрмөгө да отуруп чыккан.


Мафия жана мыйзамдагы ууру түшүнүктөрү качан пайда болгон?
Акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстандагы криминалдык структуралар баш көтөрүп, кээ бир мүчөлөрү чоң мамлекеттик кызматтарды ээлешип, мамлекеттик саясатка түздөн түз таасирин тийгизе баштаган. Биздин өлкөдө өзгөчө Бакиевдин заманында көптөгөн атайын өлтүрүүлөр болуп, журналиссттерден баштап, депутаттарды, мамлекеттик чоң кызматты ээлеген адамдарды киллерлер атып өлтүрүшкөн. Жөнөкөй калкта коркуу сезим пайда болуп, криминалдык чөйрө мамлекеттин башкаруусунда өзүнчө бир башкаруу жана көзөмөлдөө бутагына айланган.
Дүйнөлүк криминалдык чөйрөдө "Мафия" жана "Вор в законе" деген түшүнүктөр бар. Ушулардын кандай айырмачылыктары жана окшоштуктары бар экенин карап көрөлү.


"Мафия" каякта пайда болгон?
Мафия деген түшүнүк 19-кылымдын экинчи жарымынан кийин Италиянын Сицилия деген шаарында пайда болгон. Мафия - бул атайын уюшулган криминалдык топ жана өздөрүнүн лидери (дон же крестный отец) жана атайын мыйзамы болгон. Мындай бандиттик топтун пайда болушу жана өнүгүшүнүн себеби катары - Сицилиянын көп жылдар бою башка өлкөлөрдүн колониясы болгондуктан, баскынчылар жергиликтүү калкты эксплуатациялап, репрессия кылышкан. Ошондон улам жергиликтүү калктын ичинен ар кандай бандиттик топтор пайда болуп, баскынчылардын, байлардын мүлкүн тартып алышып, жергиликтүү калк менен бөлүшүшкөн. Ошентип, элдин колдоосу менен Сицилияда биринчи уюшулган топ пайда болуп, анан кийин дүйнөнүн бардык мамлекеттерине тарай баштаган. Азыркы италиялык мафиялар Коза Ностра (Сицилия), Каморра (Кампанья), Ндрангета (Калабрия).


"Вор в законе"
"Вор в законе" - деген түшүнүк 1930-жылы СССРда пайда болуп, дүйнөлүк криминалдык структурада аналогу жок болгон. Криминалдык дүйнөдө "вор в законе" аттуу түшүнүктүн пайда болушунун башкы себеби катары 1930-жылдардагы СССРдеги репрессиянын айынан, түрмөгө 100 миңдеген кишилерди отургузушкан. Анан түрмөдө тартипти сакташ үчүн атайын авторитеттүү адамдар керек болгондуктан "вор в законе" деген түшүнүк киргизилип, түрмөлөрдө тартип орногон жана түрмөдөн кийин бул түшүнүк сыртка тараган.
"Вор в законе" деген наамды күч органдарында такыр иштебеген, криминалдык чөйрөдө авторитети бар, бир же бир нече жолу соттолгон кишини шайлашат (коронование). "Вор в законе" аттуу наамы бар кишинин үй-бүлөсү, жеке мүлкү жок болуш керек жана мамлекеттик кызматта иштебеш керек. Бирок акыркы мезгилде "воровской" мыйзамды эч ким деле сактабай калды десек болот. Анткени, баардыгынын үй-бүлөлөрү, жеке мүлкү, миллиондогон акчалары жана өздөрүнүн мыйзамына каршы келген иштерди жасап келе жатышат. Мындай криминалдык топтордун эң башкы лидери болбойт жана бир нече криминалдык топто бир нече "вор в законе" болушу мүмкүн жана дайыма бийлик үчүн күрөш жүрүп турат.

Эң жаш жана эң бай ырчылар
Майкл Жексонду чаңында калтырган Жастин Бибер
Жаш ырчы Жастин Бибер былтыркы жылдын эсебинен 53 миллион доллар киреше таап, эң жаш жана эң бай жаш ырчылардын катарын толуктады. Жастиндин киреше табуучу бир нече булагы бар. Өзүнүн дисктерин сатат, "Жастин Бибер, эч качан эч качан деп айтпа" деген 3 Д форматындагы кинотасмасы жана аялзатынын боёктору боюнча бир нече бизнестери бар. Жастин Бибердин быйылкы жылкы кирешеси али санала элек. Быйыл да былтыркыдан кем эмес иштеп атканы маалым. Былтыркы жылдын сүйүшкөндөр күнүнө арналган "Эч качан эч качан деп айтпа" аттуу концерти ырчыга 72 миллион доллар алып келген. Бул концерти менен жаш ырчы Поп жылдыз Майкл Жексондон да ашып кетти десек болот.

Уилл Смиттин балдары төртүнчү орунда
Эң жаш жана бай ырчылардан Майли Сайрус 48 миллион доллар жылдык кирешеси менен экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орун Сайрустун сүйгөнү Ник Жонаска туура келди. Анын бир жылдык кирешеси 12,5 миллион долларды түзөт. Төртүнчү орунда Уилл Смиттин балдары турат. 10 жаштагы Уиллоу жана 13 жаштагы Жейден былтыркы жылдын эсебинен ар бири 9 миллион доллардан алып келишкен. Быйылкы кирешеси андан да көп болгону турат деп атышат ата-энеси.


Сайра Сопушева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??