п»ї

  Обон почта

ОП-190-01. Ноокаттык Фариданы издейм. Москвада чогуу болгонбуз. Аксыдан Данияр
ОП-190-02. Салам айтып чыгып келген угарман, Жаңыртың деп эфирден суранган. Угарманга айтып жаткан эфирден, "Эл Fmдин" ди-джейлерине чоң салам. Айнура, Ош
ОП-190-03. Жалгыздыктан тажап кеттим, жаратканым, Жардам бер деп жалынып мен сурап жаттым. Мен дагы сүйгөнүмө жете албастан, Ошол күндү унута албай ыйлап жаттым. Элдияр 92
ОП-190-04. Достор, татыктуу талапкер Камчыбек Ташиевди шайлайлычы. Өзгөн
ОП-190-05. Ташиев - элдин келечегин ойлогон чыныгы жана патриот мырза. Бар болуңуз, биздин үмүтүбүз чоң сизден. Өзгөн
ОП-190-06. Урматтуу Ильяз, бир кезде классташ эле эмес, бала бакчада дагы бирге ойноп чоңойдук эле. Эмнеге катышпайсың? Санжар
ОП-190-07. Ильяз аке, байбичеңиз канчанчы жылкы? Сизге каалоорум: чын ден соолук, узун өмүр, бардык жакшылыктарды каалайм.
Сиздин күйөрманыңыз
ОП-190-08. Самара, мен сени жакшы көрөм. Сага жолуккандан бери эмнегедир өзүмдү бактылуу сезем. Мен сени сүйөрүмдү унутпа, кара көзүм. Эмил
ОП-190-09. Саламатсызбы, Роза Шакирова эже, мен сиздин кумириңиз болом. Мен, Биримкулова Альбина 1997-жылы 19-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Сузак районунда туулганмын. Мен азыр 9-класста окуймун.
ОП-190-10. " Кыялда" иштеген Айзирек досума чоң салам. Досум, ишиңе ийгилик, сени жакшы көрөм. Ар дайым ден соолукта бол. Досуң Апал
ОП-190-11. Жако, туулган күнүңүз менен. Бактылуу жашап, ден соолукта болуңуз. 0779997ххх
ОП-190-12. Салам, "Обон" газетасы. Мен ырчы Гүлжигит жөнүндө билгим келет. Мүмкүн болсо кайгылуу ырлардын ээси тууралуу кеңири маалымат берип коюңуздарчы, сураныч. Өзгөн, Жаңылай
ОП-190-13. Урматтуу шайлоочу, шайлоонун таза өтөрүнө ишенесизби? А мен ишенбейм. 0777485ххх
ОП-190-14. " Кыялда" иштеген Майрам эжеге салам. Кыздарыңыздын урматын көрүп, бактылуу жашаңыз. Мен сизди жакшы көрөм. Апал
ОП-190-15. Салам, Роза эже, мен ыр жазам. Аны кантип ырдап чыгышты билбей жатам. Мага ушул жагынан жардам бере аласызбы, жооп күтөм. 0773086ххх
ОП-190-16. Тамаша катары көрө бер, Гүлдана. Бирок мен жүрөгүмдүн түпкүрүндө катылып жаткан сезимимди айттым. Мени менен болбосоң да, башка менен болуп, бактылуу бол. Сенин бактылуу болушуңду гана каалайм. Э….
ОП-190-17. Сагынганда жанымда жоксуң, Сүйүүмдү козгоп алыстан өтөсүң. Жаным, качан сүйүүмдү сезесиң, Ардагым айлуу түндө жылдыз санайм, айды карайм, Сагынып сени ойго батам. 0773945ххх
ОП-190-18. Жаркынай, айлана-чөйрөңө көз салып көрчү. Мүмкүн, менин жакшы көргөнүмдү байкап каларсың. Ишенесиңби, кээде сени бир көргөнгө зар болуп, сагынып кетем. Билем бирок мени тоготпошуңду. Ошентсе да, кудайдан үмүтүм чоң. Сырдуу жигит
ОП-190-19. Салам, "Обон". Менин саламым жана эч кимге айтылгыс арманым тун сүйүүм Умиталиева Жаркынайга жолдонот. Мен сени жакшы көрөм. Аттиң, ушул сөзүмдү айта албайм. Сени таарынтып аламбы деп корком. Билбейм, жаныңа жакындатпай айткан сөзүмдү тамашага буруп кетесиң. +77753679ххх
ОП-190-20. Салам, "Обон". Мен силердин катарыңарга жаңы кошулдум. Андыктан, достошолу. Дина
ОП-190-21. Мен бир туугандарыма жана алтындай болгон апама салам айтам. Кызым Айгеримди жакшы көрөм. 0770265ххх
ОП-190-22. Жийде айылыма чоң салам, 10-"А" класска. Каныкей
ОП-190-23. Жашоо ар дайым керемет ээ, досум Каролина 95. Жазел 90
ОП-190-24. Сагынып күткөн мен болуп, Сагынткан досум сен болуп. Биринчи сенден сурайын, Жакшыбы "Обонтай", ден соолук? 0771390ххх
ОП-190-25. Балдар, эмнеге кызган- чаак болосуңар? Мен жактырбайм. Айко
ОП-190-26. Менин эң жакын көргөн эжем Жазелге салам. Бар болуңуз. Айгерим
ОП-190-27. Салам, "Обон". Мага Дайыр Исмадияров жөнүндө маалымат бериңиздерчи? Клара
ОП-190-28. Үч жылдан бери "Обон" газетасынын такай окурманы болуп келген Накуля жана Алтынай, иштериңерге ийгилик.
ОП-190-29. Салам, Ильяз байке. Арпа- Сайга качан келесиз? Жердешиңиз жана карындашыңыз Феруза 94.
ОП-190-30. "Обончик," мага Турциянын "Карышкырлар мекени" сериалындагы Nejati Shashmaz тууралуу билип бериңиздерчи, сураныч. 0779556ххх
ОП-190-31. Кыргыздын таланттуу жана эң жөнөкөй ырчы жигити Ильяз Абдразаков! Өнөрүң өркүндөй берсин, талантыңа таазим, ар дайым алга! Каныбек
ОП-190-32. Ильяз Абдразаков, Өркүндөп бүт дүйнөгө чыксың атың!
ОП-190-33. Ильяз Абдразаковго: Гүлдөрдүн назиктигин тартуулаймын, Түгөнбөгөн бак-таалайды мен каалаймын. Жашоонун булагы деп эсептеген, Узун өмүр, чын ден соолук мен каалаймын. 0552562ххх
ОП-190-34. Ильяз байкени мен абдан сыйлайм. Мен анын күйөрманы, Ала-Букадан СМС жазып жатам. 0773235ххх
ОП-190-35. Нурлан Насипке: Асманга карап туруп сени эскерип, Алыска карап дагы дегдеймин. Сагынып ар дайым өзүңдү эңсеп, Унута албай келемин. Айнура, Ош
ОП-190-36. Нурлан Насипке: Сезимимдин сырларында, Арзуунун ырларында. Кыялдын кылдарында, Жашоомдун жыргалында жашаңыз. Айнура, Ош
ОП-190-37. Мага Нурлан Насип жана Майкл Жексон тууралуу маалымат берип коюңуздарчы. 0770345ххх
ОП-190-38. Нурлан Насип-менин жердешим. Кыргызымдын сүйүктүү уулу, элдин сыймыгы, алга, алга. Айбеш
ОП-190-39. Салам, "Обон". 188-санына берген табышмагымдын жообун 0778388ххх абоненти менен Айзада туура тапты. Филармониянын жанындагы Кыргыз Эл Аралык Университетинин эшигинин алдына келип, 300 сомуңузду алып кетиңиз. Тариэль
ОП-190-40. Нурлан Насипке: Армандан адашып жашап келгенмин, Алсырап сезимим ыр жаза беремин. Күндөр өтүп аралап айга айланды, Сенден болсо кабар да калбады. Айнура, Ош
ОП-190-41. Жашоо-турмуш өзгөрүлөт бир убакта, Айтып бүткүс махабаттын бир доорунда. Балбылдап жанган сенин көздөрүң, Неге сен ушунча тез өзгөрдүң? Жазел 90
ОП-190-42. Ильяз аке, мен сиз менен жолугушуп, жүрөктөн сүйлөшкүм келет. Кыялым ишке ашышын каалайт элем,- деп Кадамжайдан Киса.
ОП-190-43. Салам, "Обон" гезити. Мага тамашоучулар Азамат менен Зыяштын тойго болгон ставкасы керек эле. Сураныч, билип бериңиздерчи? 0778726ххх
ОП-190-44. Сокулукта жашап жаткан Элнура, Жаңылай-силерге чоң салам. Атама жана апама ысык салам. Досторум Алия, Нуриза, Айжан, Азиза-силерге сагынычтуу салам деп Бурулай.
ОП-190-45. Урматтуу 0771063ххх абоненти, мен эч кандай Табихат сырдуу болуп алган жокмун. Эгер билгиң келсе, мен 2007-жылдан бери "Обонго" супер СМСчи, латынча атым Табихат сырдуу Алтынай болуп чыгып келе жатам. Эми түшүндүңбү, замандан артта калбай "Обонду" окуп жүрсөң жакшы болмок экен.
Жазел 90
ОП-190-46. 0771063ххх абонентиндеги Роза, сен мага СМС жазба, "Обонго" да. Жазел 90
ОП-190-47. Уф! Эми СМС жазбайт окшойсуң, өлүп кет, анан мени жазат деп ойлоп жатасыңбы? Жаңылышасың, жаным, мен сенден өткөн көк бетмин, эч качан мен биринчи СМС жазбаймын. Айбек, ушуну бир билип кой, жаным. Өзгөн kg
ОП-190-48. Кусалык ээлеп жүрөктү, Кайгылуу далай күн өттү. Ой-санаам жалгыз сенде эле, Ойлосом дагы бөлөктү. Сенсиң бир жалгыз арманым, Сезимди ээлеп ардагым. Жанымды кыйнап койдуң го, Жүрөктүн ээлеп бүт баарын. Жанаша жүрсө башкалар, Сени эңсейм жүрөк жарадар. Өзгөн kg
ОП-190-49. Урматтуу "Обондун" СМСчилери, Айнура Салахидинованын номерин билсеңер бергилечи, берген адамга 200 бирдик салып берейин. Тариэль
ОП-190-50. Салам, "Обонушка". "Жоготулган жылдар" деген сериалдагы Ailin жана Izmir жөнүндө маалымат бергилечи, сураныч. 0773149ххх
ОП-190-51. Алтыным, менин кичинекей сиңдим Кереметтин 16-октябрь туулган күнү кут болсун. Ушул ырым сага арналат: Ачык болуп сенин дайым көңүлүң, Узун болсун аккан суудай өмүрүң. Кубанычка, шатка толгон көңүлүң, Куттуу болсун туулган күнүң…070647ххх
ОП-190-52. Салам, "Обон".
Асыранкулов Азамат байке, сизди сагындык го. Даткайым
ОП-190-53. Салам, "Обон". Ишиңерге ийгилик. 0779337ххх
ОП-190-54. Кайненем Зубайиданын 25-октябрь туулган күнү менен куттуктайм,- деп Нурик.
ОП-190-55. Болсо болор ак сүйүүдөн ач калуу, Болбойт чыгар мени сүй деп башкаруу. Тыңшап көрсөм жүрөгүмдүн кагышын, Сени гана сүйөт экем, ардагым. Менин жашоомо азык берген, менин жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган, менин махабатым аруу, таза, бийик сүйүүмө чексиз ыраазымын. Мен сени чын дилимден сүйөм. Сырдуу кыз
ОП-190-56. Салам. Сени "Обондон" окудум. Рекламаң жакшы эле болуптур. Бирок сен телефондон кантип билесиң, кыздардын ыймандуу экенин, Шумкар. Тилегиңди берсин
ОП-190-57. Салам,"Обон".
К. Ташиевге ийгилик каалайм . Урматтуу кыргыздар, ойлонолу келечекти. 0772812ххх
ОП-190-58. Прохладное айылынын тургуну жеңем Нургүлгө, байкем Султанга ысык салам. Жеңе, туулган күнүңүз менен! 0552562ххх
ОП-190-59. Салам, "Обонушка". Урматтуу Тариэль, менин жообум "жүгөрү" деп ойлойм. Туура эмес болсо жообун өзүңүз жазыңыз, кызыктуу экен. 0705647ххх
ОП-190-60. Сүйүктүү классташтарым Айтубай, Бектур, Чыңгыз, Уланбек, Тимурлан, Мунар, Атабек, Беку, Рашид, Нурсултан, Эрлан жана башкаларга ысык салам. Айжамал 95
ОП-190-61. Мирбек Атабековго: Мөлтүрөгөн көзүңдү, Меники деп сеземин. Мендик кылып алсам дейм, Мээримимен чачсам дейм. 0770666ххх
ОП-190-62. Мирбек Атабековго: Рахат алам укканда, Реп окуп жаткандай. "Реальный пацан" таба албайм, Романтик болгон өзүңдөй. 0770666ххх
ОП-190-63. Мирбек Атабековго: Берекем сенсиң күткөнүм, Берилип сени сүйгөнмүн. Берметтей болгон жүзүңдү, Берилип туруп өпсөм дейм. 0770666ххх
ОП-190-64. Мирбек Атабековго: Эркелеп сага жүрсөм дейм, Эрдиңден сени сүйсөм дейм. Эрмек болуп өзүңө, Экинчи түгөйүң болуп жүрсөм дейм. 0770666ххх
ОП-190-65. Мирбек Атабековго: Ирмеп көзүң жумганда, Ийилет тал-тал кирпигиң. Ирмебей туруп айтсам дейм, Ичтеги болгон сырымды. 0770666ххх
ОП-190-66. Мирбек Атабековго: Кечки асманга караймын, Келсе экен деп самаймын. Кадала ай, жылдызга, Кайда жүрөт деп
сураймын. 0770666ххх
ОП-190-6 7. Сиздерден бир суранычым бар. Мирбек Атабеков эмнеге теледен, гезиттерден, журналдардан, радиолордон такыр эле көрүнбөй калды? Ушунун себеби эмне экенин билип берип коёсуздарбы? Рахмат сиздерге. Жазира
ОП-190-68. Алина, мен сени сүйөм. Азыркы кызым Гүлсүн томпойгон кыз болчу, жакпай жатат. Тариэль
ОП-190-69. Салам, "Обонтай". Саламым менин кадырлуу кыргыз калкыма. Урматтуу кыргыз элим, президенттикке өзүнүн күчүн, кылган ишин, элге келечекте кандай татыктуу президент болом дегенине ишенем. Мен жаш болсом да келечекти ойлойм. 0705647ххх
ОП-190-70. Салам, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалоо менен бирге, мен сиздердин активдүү окурманыңыздар экенимди сыймык менен айтар элем. Сиздерден өтүнүп суранарым К. Тыныстанов жөнүндө кененирээк, тастыкталган фактылар менен макала жарыяласаңыздар. 0770623ххх
ОП-190-71. Салам, "Обон". Уулум Алишер, кызым Арууке, ден соолукта болгула. Апаң Айнура
ОП-190-72. Бабник 94, салам, сен менен достошсом болобу? Мага чал. Үмүтай
ОП-190-73. Салам, "Обон". Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Жоош айыл округуна, Бирдик айылыма, үй-бүлөмө чоң салам. ОшМУнун искусство факультетинин "ХС" группасынын 3-курстарына, ОГПИдеги курбум Урмамбет кызы Дамирага ысык салам. Мен баарыңарды сагындым. 0773076ххх
ОП190-74. Салам, "Обонтай". Мен Ильяз байкеге ийгилик каалайм. Өзүм Тоңдон болсом да суроо узаткым келди. Сиз үчүн бардыгынан эмне кымбат? Эмне асыл? Бакыт деген эмне? Айгерим
ОП-190-75. " Супер-Инфонун" футболдук кубогунда ат салышкан Мегаком командасындагы 15-номерлүү Сулайманов Тилек аттуу мырзага салам. Сиз чынында аябай жакшы ойнойт экенсиз. Мыкты оюнчу экениңизди көрсөттүңүз. Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Сырдуу кыз
ОП-190-76. Бурулуш айылында жашаган жездем Үсөнгө, Базаргүл эжеме, Замирага салам жана Сайкалга, анын окуусуна ийгилик. Мыкты адистерден болсун. Салыбаева Айжамал 95
ОП-190-78. Эрбол, чуркагандыкы эмес, буйругандыкы. Бирок "жигит сүйсө алат","ат айланып казыгын табат" дегендей, айланып-айланып эле сага келер, балким, туурадыр.
Айжамал 95
ОП-19079. "Обончик". Омардан, Айдин Шерден деле кабар алып чакыргылачы, маектешели сураныч,- деп Клара, Сагипа, Жанаргүл, Айжамал 95.
"Обондон" жооп: Омар бизге конокко келген.
О П-190-80. Салам, "Обон", табышмак. Логикалык суроо, уят эмес. Эки чети кара, ортосу ак ала, ичинде бала, башы кара, бул эмне? Сыры терең Сырдуу кыз
ОП-190-81. Негедир зымырап мезгил учат, Өткөн күндөр арадан убакыт курап. Жаштык кезде ойноп-күлүп, жыргап алгын, Өтө электе балалыгың сенден узап. Жоли
ОП-190-82. Дүйнөдө эмне жаман, сүйгөн жаман, Махабаттын отуна күйгөн жаман. Экөө тең бирин-бири сүйүп туруп, Экөө тең эки жакта жүргөн жаман. Жоли
ОП-190-83. Менин Кыргызстаным, менин тоолорум, менин мекеним-эң ыйык таза өлкө. Келгиле, достор, мекенибизди сүйөлү.
Сулуу бийкеч
ОП-190-84. Ачылып өмүрдүн жалгыз гүлү, Мен сени сезимиме батырамын. Түндөсү унута албай элесиңди, Мен сени куса болуп сагынамын. 0552246ххх
ОП-190-85. Салам, "Обонушка". Сиздерден сураныч, менин эң сүйүктүү ди-джейим Замир Казакбаев жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат! Салидат
ОП-189-86. "Обондо" иштеген Динара Асылбекова, биз сизди абдан жакшы көрөбүз. Бар болуңуз. Нурик, Бека
ОП-190-87. Бул дүйнөдө негизи сүйүү барбы? Же жок нерсеби? Сүйүү дайым эмне үчүн айтып бүткүс арман болуп кала берет? Бүгүн мен жалгызмын, жанымда ошончо адамдар жүрсө да, өзүмдү жалгыз сезип, ааламга сыйбай баратам. Эмне кылайын ал адам менен эки айрылыш жолго түшкөнүмө бир жылдын жүзү болду. Аны унутуунун ордуна күндөн-күнгө сагынамын. Жан дүйнөм сыздап жатат. Канча күнүм уйкусуз, көз жаш менен өтүп жатат. Башка мындай жашай албайм. Достор, жардам бергилечи. Гүлчехра
ОП-190-88. Алтыным, алыс кетпечи, Жүрөккө суу сеппечи. Ак чардакка айланып, Алыс учуп кетпечи. 0770500ххх
ОП-190-89. Ильяз байке, сизге ийгилик. "Чексиз бакыт" деген ырдын мааниси чоң экен. 0559614ххх
ОП-190-90. Намыс үчүн бакытты жолго таштадык, Жарымы жок жалгыздык жашоо башталып. Жаным элең, болдуңбу башканын жаны, Жоодур көзүң жүрөктө калат сакталып. 0773057ххх
ОП-190-91. Саламатсыздарбы, сиздерге суроом? Сүйүү эмне, кандай адам бир сүйгөн адамын түбөлүктүү түгөй кыла алат? 0773057ххх
ОП-190-92. Таластагы № 8 орто мектебинин 10-"А" классындагы "Күзгү балдын" жеңүүчүлөрү Эламан менен Бахиянага чоң салам. Силер-биринчи орунга чыныгы татыктуусуңар. Жоли, Мемка
ОП-190-93. Жалал-Абаддагы университетте окуп, жатаканасында жашаган алтынга алмашкыс жаным Жээнбек кызы Айгүлдүн 18-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Мирлан
ОП-190-94.Кемел, кандайсың? Мага чал.
ОП-190-95. Салам, "Обон". Сагыныч тууралуу саламым кыргыз элимдин сыймыгы, сүйүктүү ырчым Омар байкеге жолдонот. Талантыңызды сыйлаган, жөн гана сизди сүйгөн Мээрим.
ОП-190-96. Мен Сузак районуна караштуу Орток айылына салам жолдойм. Гүлнура 92
ОП-190-97. Омар байке, салам, алдыдагы концертиңизди мыкты деңгээлде өткөрүп алыңыз. Жаратканым сизди ар дайым колдоп жүрсүн. Мээрим 96
ОП-190-98. Асыл, сени сүйөм. Адико
ОП-190-99.Салам, "Обон". Иса Өмүркулов жөнүндө кыскача сүрөтү менен маалымат бере аласыздарбы, сураныч. Мунара 95
"Обондон" жооп: Иса Өмүркулов тууралуу № 189 саныбызда маалымат бергенбиз.
ОП-190-100. Салам,"Обонушка". Биз сиздерди сүйөбүз жана дайыма окурмандарыңыздарбыз. Сиздер Бакрас жөнүндө жазганыңыздарга абдан ыраазыбыз. Анткени, биз Бакрасты сыйлайбыз. Мүмкүн болсо Бакрастан биз уккан маалыматты тактап бере аласыздарбы, сизден суранабыз. Бакрас аракка жакын жана көп ичип жүргөнүн көргөндөр бар экен. Ошо менен бирге жол эрежесин көп бузат. Ошол үчүн былтыр жол кырсыгына учураган дейт. Ушуну Бакрастын өзүнөн сурап, эмки санында жооп берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат сиздерге. Айсулуу, Талант, Мирлан жана Жанат
ОП-190-101. Салам, менин сүйүктүү газетам "Обон" жана окурмандар! 0779862ххх
ОП-190-102. Ай нурунан түшкөн сенин элесиңби? Айдан күткөн ай нурунан келесиңби? Ар дайым бир өзүңдү сүйө берем, алтыным сен дал ошону сезесиңби?
Элдияр 92
ОП-190-103. Салам, "Обон". Салам алейкум, Ильяз байке, мен азыркы учурда 11-класста окуп жатам.
ОП-190-104. Салам, мени тааныган туугандарым жана досторум жана дагы "Обондогу" СМСчилер, менден баарыңа ысык салам. Элдияр 92
ОП-190-105. Сүйүү бул-кандай керемет, Жалыны чачты себелеп. Сен өзүң мага ишенбей, Жүрөктү кеттиң жаралап. Махабат кандай керемет, Жолуксаң күндө эртелеп. Бир күнү таштап кеткенде, Каласың өзүң темселеп. Элдияр 92
ОП-190-106. "Обонтай", салам. Ильяз байке, менин суроом: Намаз окуйсузбу? Сигарет, арак, пиводон даам татып көрдүңүзбү? 0558454ххх
ОП-190-107. Мен Нурлан Насиптин күйөрманы Айнураны сүйөм. 0771526ххх
ОП-190-108. Сүйүшкөндөр сагынышып кусаланат, Сүйүү оту деңиз бойлоп узап барат. Жок болуп кетип жаткан махабатты, Бул дүйнөдө тунук сүйүү кармап калат.
Элдияр 92
ОП-190-109. Ак балык суу түбүндө тоңбойт экен, Эки жаш ажырашка болбойт экен. Дүйнөдө миң сулууну көрсө дагы, Биринчи сүйгөнүңдөй болбойт экен. Бакыт
ОП-190-110. Салам, Ильяз, мен сага ийгилик каалайм, келинчегиң менен бактылуу бол! 0779808ххх
ОП-190-111. Салам, "Обонтай". Ар дайым ишиңерге ийгилик, ар дайым өмүрүңөр узун болсун. 0773616ххх
ОП-190-112. Урматтуу "Обондун" жалпы эмгек жамааты. Менин эң жакшы көргөн сүйүктүү ырчыларым Урмат Усенов жана Неля эжекем жөнүндө кененирээк маалымат берип коюңуздарчы. Алар азыр кайда, качан концерт беришет? Урмат байкеге бир суроо: Мен ырчы болгум келет, мага жардам бергилечи? Жазел 90
ОП-190-113. Жети-Өгүзүм, жети атабыз жердеген, Жайы салкын, жарашыктуу жер белең? Жараланган жүрөк турат сыр катып, Жолоочулар кыя өтүп кетпеген. Жазел 90
ОП-190-114. Желе-добум киндик каным тамган жер, Жараткандан белек болуп калган жер. Жакшы атанын балдары деп аталып, Жарандары жакшы аталып калган жер. Жазел 90
ОП-190-115. Ысык-Көлүм-ыйык көлү жеримдин, Ырыскысы ак калпактуу элимдин.Ыймандуулар келишсе деп тилеймин, Ыплас кылбай ыйык тутуп көл жээгин. Жазел 90
ОП-190-116. Көркөмүң сонун көк жайык. Караймын сага суктанып. Кооздугуң сенин керемет, Кандай жер сага тең келет? Көлүң бар жашыл көлдөгөн, Түрлөрү гүлдүн жердеген. Туристтер келип ар элден, Таң берип кетет көп жерден. Жазел 90
ОП-190-117. Аман болгун, кыргызым. Кыргыз десе керилген аска-зоолор. Кыргыз десе ак калпак башта болгон. Кыргыз элим, аман болгун ушул бойдон, Сен үчүн ыр жазайын өмүр бою. Айнура, Ош






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??