Издер, издер....

Атанын сүрү, эненин мээрими калган биздин эски үй али бузулбай турат. Ата-эненин көзгө ысык, дилге тааныш алмашкыс буюмдары, эч жерден кайра кезиккис жыты калган кийимдери тамдын боорундагы мыкта илинип турат. Атамдын үйдө кийген күрмөсү. Атам кийген бойдон жуулбай сакталып, айылга барган сайын кийип алам. Анда атамдын жыты дагы эле жыттанып тургансыйт. Атамдын окчонтою, өз колу менен жасаган октору, торбосу, апамдын кийимдери, атам экөөнүн чай ичкен чайнек, пиаласы, жаткан төшөктөрү, отурган шалчалары-баары турат. Бул бөлмөгө киргенде өзүмдү сагынган айылыма, жанымдын бир бөлүгүндөй жүрөккө жакын, эски, жупуну, бир боор үйгө ата-энеме учурашканы зарыктырган каникулга келген студенттей сезип, өзүнөн-өзү көкүрөк өрөпкүткөн жылуу жаш тамагыма кептелет. Атаганат, алдыман чыныга суусун көтөрүп, адатынча башыма тегерете бар кырсыгыңды кууганга шашкан, кубанганынан этегин үзө басып энтелеген апам, кубанычын ичине катып көз жашын көрсөтпөй аарчый, келгениме жетине албай турса да, сүйүнгөнүнөн бышактаган кемпирин урушумуш болуп бакылдаган атам гана жетишпей, үй томсорот.

Бир кезде курсактары чедирейип, бирин-бири жетелеген тентек балдар-азыр керилген азаматтар.
Мен он бир туугандын ичинен уул балдардан төртүнчүсүмүн. Эң улуубуз Тыныбек акем, ал киши доктур. Андан кийин Жаныбек, Каныбек, Каныгүл, Жумагул, Казыбек, Бактыгүл, Шайырбек, Кенжегүл, Зыйнагүл. Мен гана иш боюнча алыста жүргөнүм болбосо, бир туугандарымдын баары Барпыда.
Казыбек экөөбүз уулдардан удаа үчүнбү, тез-тез бала короздордой чокулаша кетчүбүз. Анын токмок жеп каларын билип коркуп турса да, теңтайлашып асыла бергени жакчу эмес, бирок ичим ысып жакшы көрчүмүн. Бир жолу чикалак (жыгач менен чаап ойногон оюн) ойноп жатып, көзүнүн үстүн жара чаап салдым. Атаман коркуп кетип кабагын жууп, канын аарчып, сооротуп, "атамдарга айтпа" деп алдап койдум. Алдаганда эмне, жайдын күнү болсо быша элек алма берип койсом деле алданып калчу. Кышында чана жасап берип алдачумун. Ушул элестер азыр да жанга жагымдуу.

Менин асылзаттарым
Менин бала кезде эң жаман көргөнүм үйгө ыйлап келүү болчу. Атам эшиктин алдына коон-дарбыз эгер эле. Кучак жеткис коон-дарбыздардын палегинде туруп жарылып кеткенин дагы эле эстей берем. Атам жолдон өткөн адамдарга коон дарбыздан көтөрүп кетишинче бекер эле берчү. Бизге да "каалашыңарча жегиле, бирок, ашыкча коромжу кылбагыла" деп турчу. Атам канчалык коон-дарбызга тойгузса деле, бизге жашырып уурдап жеген жакчу. Кээде атам "коон-дарбызды санап койдум эле, бирөө кемип калыптыр" десе, "алганыбызды билип коюптур" деп коркуп "ата, мен үзүп жеп койдум эле" деп мойнубузга алып жиберчүбүз. Бала экенбиз да, унутулганда кайра эле атамдан жашырып алып жеген коондарбыз ширин сезиле берчү. Бир жолу бир кошунанын үйүнөн кургатылган курут уурдадык. Үйдө деле бар, бирок, ошол кошуна Тоту эненин куруту башкачадай сезилип, жакшы көрүнүп туруп алды. Жүгөрүнүн арасы менен кирип, көп деле албадык, экиден алып, качып келатсак көрүп калып, атама айтып коюптур. Атам ошондо "экинчи бирөөнүн бир учук жибине тийбегиле" деп, эсибизден чыккыс кылып жазалады дейсиз, эстесем дагы эле жондорум ачышып кетет. Атам абдан катуу киши эле. Андан кийин бир жолу сөздү чала угуп токмок жегенбиз. Атам Тогуз гектар деген жерге суу койгону кетип атып Казыбекке: "Камчы келсе экөөң сарайдын көчкөн жерлерин оңдоп, ылай менен уруп койгула",- дептир. Иним оюнга алаксып жатып "бузуп койгула" деп угуп алып, окуудан келерим менен "атам бузуп койгула деди" деп калды. Мен бүгүнкү ишти эртеңге калтырганды, айрыкча атамдын сөзүн эки кылганды жактырчу эмесмин. Экөөбүз заматта сарайды бузуп, кышын жыйып койдук. Атам келип эле бузулган сарайды көрүп жини келип экөөбүздү тең кууп жүрүп катуу сабады. Азыр да туура эмес бир иш кылсам атамдын ошол токмогун сагынам.
Апамдын таятасы Шүкүраалы болуш деген атактуу киши болгон экен. Канындагы ак сөөктүктөн уламбы, апам жок-барга чыдамкай, бирөөнүн дүнүйөсүнө, жакшы буюмуна көз артпаган аябай топуктуу киши эле. Апам раматылык мен билгенден өмүрүндө биринчи жолу атамдын пикирине каршы чыгып, мени Терешкова атындагы мектеп-интернатка окууга жиберген. Ошондо атама айтпай бизге жакын жашаган эжекеме каймагын, өзү үндүк, тоок бакчу, ошол тоогунан союп этин көтөрүп барып, "баламды карап, анча-мынча тентегин атасына айтпа" деп калкалап калар эле. Ошентип жүрүп мектепти бүтүп, Россияга окууга кеттим. Студент кезде атам менен токтоо сүйлөшүп, атам жокто апамдын көкүрөгүнөн жыттап эркелегенди жакшы көрчүмүн. Андай ажайып жытты азыр эч жерден жолуктура албасымды билген сайын кусадан көзүмө ысык жаш тегеренет. Мени "колуңдан келбеген иш болдубу?" дешсе, "апам менен атамдын өмүрүн узарта албадым" деп айтмакмын. Апам өмүрүнүн акыркы жылдары көп ооруп, көзү жакшы көрбөй калды. Ошондо, "Апа, Кытайга алып барып башка көз салдырып келели" десем, "Кой балам, кудай берген өзүмдүн эле көзүм болот, кыйнаба",- деп койду. Апам абдан мээрман болгон менен айтканынан кайтчу эмес. Көндүрө албасымды билип, апама көрсөтпөй алсыздыгыма жаш баладай ыйлаганым эсимде. Апам менин ыйлаганымды көрсө, "Сага ишенип жүрсөм, сен ыйласаң башкалар чөгүп кетпейби" деп кайраттандырып койчу.

АРМАН
Апама көп нерсе жасай албадым, болгону мындан он беш жыл мурун апам сегизинчи мартта:"Үйгө жалаң баатыр эне болгон теңтуштарымды чакырайын дедим эле, кандай дейсиң? Сен ошолорго кичине белек кылып кубантып, батасын алып койбойсуңбу?"-деп калды. Дароо макул болдум. Анан ошондон баштап ар бир сегизинчи мартта оболу апамдын баатыр эне досторун, анан айылдаштарын, анан бүтүндөй Барпы айылынын, андан кийин Жалал-Абад шаарынын баатыр энелерин куттуктоочу болдум. Азыр сегизинчи март мен үчүн апамдын гана эмес, бүтүндөй он баланын түйшүгүн тарткан апалардын майрамы. Бул күнү менин бүт жан дүйнөм кубанат, майрамдайт. Ушул майрамда келинчегим, кызым, эже-карындаштарым менден белек күтпөйт, алар бул күнү конок тосот. Кеп менин апаларга берген арзыбаган белегимде, чайымда, алып келип, кайра жеткиргенимде эмес, кеп аларга бурулган көңүлдө. Алар менен апам майрамдабай калганына беш жыл болду. Азыр алардын ар биринде апамдын мээрими, элеси бар. Ар биринин жүзүнөн апамды көрөм. Ошолорду карап туруп мамлекеттин, элдин арасынан чыккан азаматтардын башаты, сыйынар очогу ушул энелерде тура деген ойго келем, ушул эбегейсиз мээримдин, сүйүүнүн коломтосу өчпөсө экен деп тилейм.
Кээде "жубайлар окшош болот окшойт" деп ойлоп калам. Анткени, атам деле катуу киши болгону менен жаратылышынан абдан боорукер, ак көңүл, март, шар адам эле. Ошол окшоштугунан улам турмуштун бардык кыйынчылыгына чыдап, он бир баланы тарбиялап бой жеткиришсе керек. Алар бири-бирисиз узак жашай алышпады. Атамдан кийин эле апам жыл айланбай көз жумду. Эже карындаштарым эрди урматтоону, биз уул балдар аялды сыйлоону атам менен апамдан үйрөндүк. Анан атамдын кыз баланы башкача сыйлаган адаты бар эле. Биз Казыбек, мен, Жумагүл эжем, Бактыгүл эжем удаа студент болдук. Иним Казыбек айылга барганда, мага, "атам "бир жумага жеткиргиле" деп кыздарга беш сом, "уул баласың" деп мага үч сом эле берет" деп даттанып калар эле. Көрсө, атам үчүн ошол акчаны табуу да оор болгон экен.
Атам биздин баарыбызга жетерлик мурас калтырган. Ал мурас: кенендик, айкөлдүк, намыскөйлүк, боорукерлик, мээнеткечтик. Дайым үйгө келгенде жерге шалчаны жая салып отуруп, бакылдап ал- абалды, айылдагы жаңылыктарды сурап, ага-инилерим, кошуналар менен чай ичкенди жакшы көрөм. Таң атпай туруп огороддо кетмен кармап, мүрзөлөрдүн арасына арча көчөттөрүн алып келип эгип, айланасын тазалап, куран окуп, көчөттөргө суу куюп, бул ишиме өзүмчө эле кудуңдап кубана берем.. Деги эле гүл, көчөт эккенди жакшы көрөм.
ТОМСК, же студенттик издер...
Атам мени Томскиге аттантканда эле мойнума эл милдетин жүктөгөн экен. Антпесе, карапайым дыйкан үчүн менин дал өзүндөй мээнеткеч дыйкан болорум жетиштүү болмок. Ар бир жооптуу ишке аттанарда атам дагы эле ошол Анжиян вокзалында узатып калгансый берет. Эсимде, ар дайым окууга кетип атканда Сузактагы теплицадан гүл алып кетип, ал жакка сатып, жол киремди чыгарып алчу болдум. Кийин деле майрамда гүл алып кетсем, кышка жакын жылуу өтүктөрдү алып кетип жол киреме, кийим-кечеме акча таап жүрдүм. Бул менин алгачкы бизнесим экен, көрсө.
Студент кезде Томскидеги кыргыз балдарды чогултуп, алардын таламын талашып, ошондо эле дилимде "бул менин мекендешим, кандашым, калкалоого, жардам берүүгө милдеттүүмүн" деген сезим ойгонгон болчу.
(Уландысы 8-бетте)