п»ї

  Шайлоону утурлай

Чет элдик социологдор Кыргызстандагы президенттик шайлоодо ким жеңерин билишеби?
Жергиликтүү эксперттер 30-октябрда өтчү президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жеке анализдөөнүн натыйжасында келип чыккан логикалык бүтүмдөрүнө таянып божомолдошууда. Турмуш көрсөткөндөй, божомолдор кээде турмушта ишке ашып, айрым учурда алар жаңылышып калышат. Биздин саясий окуяларды талдаган адистерибизден айырмаланышып, батыш эксперттери маселеге илимий көз караш менен карашат да, конкреттүү фактыларга ишенишет. Бул жолу да алар Кыргызстандын жакынкы келечегин илимий көз карашта баалап, олуттуу социологиялык изилдөөлөрдүн жардамы менен "республиканын жетекчилигинин ишмердүүлүгүн калк кандай баалайт, талапкерлердин кимисине добуш берет жана элди баарынан көп кайсы проблемалар түйшөлтөт?" деген суроолорго жооп издешкен.

ШАЙЛООЛОР
Айыл жерлеринде жана шаар тургундарынын арасында президенттикке талапкерлердин тегерегинде жүрүп жаткан талаш-тартыштардан улам республиканын калкы жетишерлик саясатташып бүткөн десек болот. Ар бир таксист же чачтарач мамлекетти кантип башкаруу керектигин билген өлкөнүн саясий Олимпинде кайнап жаткан окуяларга берилбей коё албайсың деген ой болот. Бирок биз жаңылышабыз. Мекендештерибиз саясат менен алпурушууну өтө деле каалашпайт. Жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, кыргызстандыктардын жарымынан көбү партиялар ортосундагы атаандаштыкка, талаш-тартыштарга көңүл деле бурбайт. 28 пайызы бул суроого "жок да эмес, ооба да эмес" деп жооп беришти. Мындай көрсөткүч шаар тургундарына да, айыл тургундарына да бирдей таандык экенин белгилеп кетиш керек.
Саясий иренжүү күчтүү болсо да элдин көпчүлүгү алдыдагы шайлоодо добуш берүүгө катышат. Жашоочулардын 85 пайызы добуш берүүгө катыша тургандыгын так айтышууда, дагы 10 пайызы "добуш берүүгө барышыбыз мүмкүн" дейт, "жок" деп 2 пайызы айтты. Бул көрсөткүчтөр атуулдар бул жолу мамлекетти жакынкы жылдары ким башкарарына жана өлкө кайсы багытта өнүгөрүнө кайдыгер эмес экендигин далилдейт.
Эң кызыгы алдыда. Сурамжылоого катышкандарга "Сиздин оюңузча, Кыргызстандын президенти кандай негизги сапаттарга ээ болушу керек?" деген суроо менен кайрылышкан. Жооп иретинде 3 вариант сунушталган. Биринчи орунга "Жеке сапаттары" (64 пайыз) деген жооп чыкты. Ошондуктан президенттик кресло тууралуу кыялданып жаткан талапкерлерге "ар дайым өз абийирине шайкеш иш жасачу беле?" деген суроо үстүндө ойлонууга туура келет. Карьерасы үчүн, эптеп эле бийликке жетиш үчүн досторун, санаалаштарын жана жакындарын саткан эмес беле? Республикабыз чакан, анын тургундарынын эсинде көп нерсе жакшы сакталган. Алар министр, губернатор же спикер болуш үчүн ким тигил жээктен бул жээкке өтө качканын, ким өз абийирин сатпагандыгын унутушкан эмес. Президенттикке талапкерлер бул жолу да канчалык кооз убадаларды беришпесин, шибегени капка ката албайт.
Экинчи орунда "Анын буга чейинки иш тажрыйбасы" (48 пайыз) деген жооп.
Бул критерий боюнча анык фаворит - шайлоого катышуу үчүн эмгек өргүүсүнө кеткен Министрлер кабинетинин башчысы Алмазбек Атамбаев. Ар кыл жылдары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарында анча-мынча мааниге ээ кызмат ээлешкен атаандаштарына караганда Атамбаевдин биринчи жана экинчи премьерлиги көңүлгө толорлук.
"Билими" (45 пайыз) деген жооп үчүнчү орунда. Тилекке каршы, талапкерлер арасында бул жолу деле Гарвард менен Оксфорддун бүтүрүүчүлөрү көрүнбөйт. Бул планкага дагы да болсо Москва экономикалык институтунун өндүрүштү башкарууну уюштуруу адистиги боюнча инженер-экономисттин дипломунун ээси Атамбаев жакын.
Дагы бирин-экин талапкер учурунда россиялык, бирок борбордук эмес жогорку окуу жайларын бүтүргөн. Бул көрсөткүч да шайлоочулар үчүн добуш берүүгө келгенде мааниге ээ.
Сурамжылоонун катышуучулары кыргыз саясий айдыңында регионализм, уруучулук жана улутчулдуктун негизинде жаралган дагы бир мифтин түйүнүн чечишти. Суроо-жоопко катышкандардын болгону бир пайызы гана талапкердин кайсы региондон экендиги мааниге ээ деп жооп берген! Тигил же бул урууга тийиштиги негизги критерий деп бир да катышуучу айткан эмес! Анан 4 пайызы гана талапкерге добуш берүүдө анын улутуна көңүл бура тургандыгын белгилешкен. Демек, айрым саясат билермандары бизди кандай гана жол менен "тапташпасын", айкөл Манас Атанын осуяттарына ылайык кыргыз эли бирдиктүү, бөлүнбөс, акылман бойдон калат!
ЭКОНОМИКА
Сурамжылоонун экономика тармагы боюнча жыйынтыктары да азыркы өкмөттүн оппоненттеринин көңүлүнө толо бербейт. Калктын 40 пайызы акыркы жылы Кыргызстандагы экономикалык абал байкаларлык оңолду дешсе, 29 пайызы гана абал начарлаган деп эсептейт. Анан калса убакыт өткөн сайын өкмөттүн кылган иш-аракетин колдоочулардын саны өскөн - май айында анын ишине адамдардын 19 пайызы гана оң баа берип, 46 пайызы терс баалаган. Дүйнө жүзүндө рейтингдин мындай чукул өскөн мисалдары бирин-экин эле. Президенттик шайлоо учурунда бул да премьер Атамбаевдин пайдасына ойнойт. Анын үстүнө жылуулукка жана электр жарыгына асмандаган бааны төмөндөтүп, бажы жана салык тармактарын тартипке келтирип, уурдалган мүлктү мамлекетке кайтаруу менен бул кызматта буга чейин турган кесиптешинен алда канча ийгиликтүү көрүнөт. Айрым талапкерлер болсо жеңишке жетсе ошол мурдагы саясатты уланта тургандыгын билдирип жатышат. Мындай аракет аларга аброй алып келбейт, тескерисинче, алар аутсайдерге айланат. Ансыз да алардын мүмкүндүктөрү алар өздөрү каалагандай көп деле эмес. Анткени, бир да адам мурдагыдан жакыр жашоону каалабас.
Ушул эле сурап-билүүнүн натыйжасында кыргызстандыктардын 37 пайызы алардын материалдык абалы "оңолду" деп баалайт, 21 пайызы гана "начарлады" дейт. Калгандарынын ою боюнча абал кандай болсо, ошол бойдон өзгөрүүсүз калган. Салыштыруу үчүн май айында бул көрсөткүчтөр мындай эле: 21 пайызы - "оңолду", 45 пайызы "мурдагыдай" жана 33 пайызы - "начарлады". Ушундай динамикадан улам Атамбаевдин атаандаштары ага теңтайлаша алары күмөн. Мисалга, АКШ президенти Барак Обаманын ушундай көрсөткүчтөрү болсо ал ишенимдүү эле экинчи турга бармак.
Бирок, Бишкектин жашоочулары өзүнүн финансылык абалына анчалык ыраазы эмес, ал эми түштүк менен түндүктүн жашоочуларынын баасындагы айырма өтө деле көп эмес экендигин айта кетүү керек. Буга таң калып деле кереги жок. Кай заманда болбосун дээрлик бардык өлкөлөрдө мамлекет борбору оппозициялык маанайда болуп келген. Буга себеп - чоң шаарларда интеллигенциянын негизги бөлүгү жашап, билимдүү адамдардын көпчүлүгү орун алып, алар алыскы айылдагыларга караганда чечкиндүү маанайда болушат.
Трайбализмдин жактоочулары канчалык жер сабабасын, мекендештерибизди азыр "түндүк-түштүк" маселесине караганда бийлик биринчи кезекте жумушсуздук, баалардын өсүшү, жолдорду оңдоо жана куруу, коррупциянын тамырын кыркуу жана мамлекетте тартипти орнотуу сыяктуу көйгөйлөрдү биринчи кезекте чечиши керек деп эсептейт.
Адамдар граждандык согуштун тутанышынан (44 пайызы), мамлекеттеги туруксуздуктан (11 пайыз), революциянын кайталанышынан (8 пайыз) жана республиканын бөлүнүп кетишинен (7 пайыз) коркот. Негизи эл тынч гана өзүнүн туулган жеринде жашагысы келет. Ошондуктан алдыдагы президенттик шайлоодо алардын келечек тууралу үмүт-тилегине шайкеш келген адамга добуш беришет.
Эксперттер айтмакчы, социологиялык изилдөөлөр өлкөдөгү абалды жүз пайыз так чагылдырбайт. Бирок, негизги тенденциялар аныкталат. Анда, кыргыз коомчулугундагы ушундай маанай менен шайлоонун экинчи туру, мүмкүн, кереги жок деле болуп калат.
Бул улуттук-репрезентативдик сурамжылоо 2011-жылдын 24-августунан 10-сентябрга чейин жүргүзүлгөн.
Сурамжылоого Кыргызстандын 18 жаштан жогору 1500 жашоочусу катышкан.
Максаттуу топ - Кыргызстандын 18 жаштагы жана андан улуу курактагы туруктуу жашоочулары.
Үй чарбачылыгын тандоо үчүн капыстан маршрут тандоо ыкмасы колдонулду. Респондентти аныктоо үчүн Киш ыкмасы пайдаланылды.
Изилдөө ишине 73 маек жүргүзүүчү катышты. Маектешүү үч: кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүрдү.
Мүмкүн болчу каталыктар - 3 %.
Response rate - 69 %.
Изилдөө МРИнин тапшырмасы менен USAID дин колдоосунда болгон.
Изилдөөнү МРИ жана Baltic Surves/ The Gallup Organization компаниясы даярдап, ишке ашырып, анализдешти.
Сурамжылоону SIAR Research and Consulting агентствосу жүргүздү.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??