ОБОНго болгон обончулардын ой-пикири
Жакында эле Азаттыктын интернет баракчасынан Топчугүл Шайдуллаеванын "ОБОНдон чыккан ойлор, же гендерчилер эмне дейбиз?" деген макаласын окуп калдык. Анда ОБОН деген кыргыздын ажаан аялдары тууралуу жазган экен. Туура, алар кыргыздын асылзаада аялдарынын атын булгап, обон деген кыргыз сөзүнө көө сыйпап жатышат. Чындыгында, акыркы убактарда обон деген сөз саясий феномен катары колдонулуп, өзүнүн маанисин жоготуп барат. обончу десе, күлүп "Ак үйдүн астындагы обончу эмессизби?" - деп мыскыл менен карашат. Буга Ак үйдүн алдындагы ажылдаган аялдар себепкер экендиги талашсыз. Коом көйгөйүнө айланып, аялдардан чыккан "вирус", саясатчылардын куралына айланган ОБОН боюнча кыргыздын аттуу-баштуу инсандарына, обончуларына кайрылып, алардын пикирин уктук.


- Кыргыздын ОБОН деген сөзүн саясий феномен катары
пайдаланып аткандарга кандай көз караштасыз?

Керим Турапов, опера ырчысы:
"ОБОН - саясий феномен эмес, элдин жүрөгүн тазалай турган эмгек"
- ОБОН - сыбызгып чыккан, элдин көңүлүн көтөрүп, сезимин козгой турган чыгарма деген түшүнүктү бериш керек. Кыргыз элинин руханий дүйнөсүн байыткан сиз менен бизге жакшы сезим тартуулаган ыр-күү, таланттуу инсандардын эмгектери. Муну саясатка аралаштырып булгаган болбой калат. Обон деген ыйык, элдин жүрөгүн тазалай турган сөз деп түшүнүшүбүз керек. Обон дегенде Сайра Кийизбаева, Абдылас Малдыбаев, Мыскал Өмүрканова, Атай Огомбаев, Муса Баетов, Болот Миңжылкиев дегендер көз алдыбызда туруш керек. Кыргыздын салтына, үрп-адатына туура келген нерсени саясаттын учуна да илээштирбешибиз керек. Мен обонду саясий феномен катары пайдаланып жаткандарга толук каршымын.


Айбек Карымов, обончу:
"ОБОН деген жакшынакай сөздү саясатка аралаштыргандын өзү туура эмес"
- Обон деген сөзгө алфавиттин баш тамгалары гана туура келип калыптыр. Мен анын кантип которуларын деле билген эмесмин. Жакында гана билдим. Албетте? бул туура эмес. Обон деген жакшынакай сөздү саясатка аралаштыргандын өзү туура эмес. Мен буга тескери көз караштамын.


Анатай Өмүрканов, КРнын эл акыны:
"Мунун ОБОНчуларга тиешеси жок"
- Ошол ОБОН деген аббревиатураны ким ойлоп тапса, ошол киши гана ОБОН деп айтпаса, башкалар обон деген жакшы сөздү гана айтышат. Бакиевдин убагында чыккан термин, аялдардан турган команда. Мунун обончуларга эч кандай тиешеси жок деп ойлойм. Ар ким өзүнүн ишин кылып жүрө берсин.


Бек Борбиев, обончу:
"ОБОНчу катары өзүмө албайм"
- Менин түшүнүгүм боюнча басмырлаган деп деле эсептебейм. Обончу катары ОБОН деген аббревиатураны өзүмө албайм. Ким кандай айтат жана кабылдайт, ар кимдин өз эрки.


Жамиля Муратова, композитор:
"ОБОН жөнү жок тамаша"
- Обон-кыргыздын нукура сөзү. Илгертен бери келаткан жакшы күү, жакшы кайрыкты чыгарган композиторлук эмгек деп эсептелет. ОБОН деген аталыш буга чейинки бийликте кыйкырган аялдар Ак үйдүн астына чыга беришкенинен тамаша түрүндө айтылып калса керек. Андан обондун статусу төмөндөп кетпейт. Окшош сөздүн эки түшүнүгү бар. "ОБОН - Отряд баб особого назначение" деген жөнү жок тамаша. Обон деген композиторлук эмгекти түшүндүргөн сөз өмүр бою кала берет. Биз обонду маданияттын, музыканын лексиконунда колдоно бермекчибиз.


Муратбек Бегалиев, композитор:
Кыргыздын сонун ОБОНун жаман нерсе менен булгабашыбыз керек
- Синоним, ар түрдүү сөздөр толтура да. Биринчи мааниси оң болсо, экинчи маанисин өздөрү жасалма түрүндө коюп алган. Ажылдаган аялдардын ОБОН тобу менен обончуну салыштырып болбойт. Обонду жазган кишилер отуруп алып ыргактардын берметтеринин баарын чогултуп алып жасайт. А тигилердин жасаган иштеринин баары тескери, элди тескери жакка буруп, "заказ" менен эптеп тыйын тапмайдын айласы. Ошон үчүн, экөөнү чаташтырып, бир багытта кароого болбойт. Сөз аталышы бирдей болгону менен, мааниси эки башка. Чын-чынына келгенде обончу деген кыргызда болгон эмес. Аны кийинчерээк 60-жылдары чала молдо дин бузар обончулар обончу деп ат коюп коюшкан. Ырчы деген гана ат бар болчу. Токтогулду композитор деп айтпайт. Күүчү жана музыкант деп аташкан. Акыркы күндөрү обончу менен композиторду да алмаштырып алышты. Композитор деп билим алган, дипломдуу, обон жазып, ал обонго кийим кийгизип, аранжировка, оркестровка жасап, тазалап, толук даяр кылып берген адамды айтат. Ажаан аялдар менен чаташтыруунун кажети жок. Жакшы сөздү, кыргыздын сонун обонун жаман нерсе менен аралаштырып булгабашыбыз керек.


Сыймык Бейшекеев, обончу: "Ала кушту атынан ата"
- Азыр обондон башка нерселерди деле басмырлап атышпайбы. Чоң илимий ачылыш жасагансып нукура улуттук. Кыргызда эле нукура ажаан аял, же болбосо долу деген сөздөр бар. Эгерде сөздү ушинтип чечмелей берсек, улуттун жакшы сөздөрүн тамаша иретинде айтып калабыз. Бир сөздү жаратарда, аны эл алдына алып чыгарда терең ойлонуп иш кылышса. Мен ОБОН деп саясий феномен катары пайдаланып жүрүшкөнүнө капамын. Кыргызда "ала кушту атынан ата" деп бекеринен айтпаса керек. Долуну долу деп эле айтыш керек. Анан андан жаңы термин жаратыштын өтө деле зарылчылыгы жок болуш керек. Мындан саясат жасоонун кереги жок. Кийин дагы бир жаман көрүнүшкө улуттук баалуулуктарыбыз колдонулуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, азыртадан алдын алсак жакшы болмок.


Төлөбүбү Касымалиева