п»ї

  Шыбыр-шыбыр кеп уктум

Кундуз Канатбек кызы
менен ким сүйүү түнүн өткөрүп жүрөт?
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Бозулан Мамазаиров менен азыркы ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтар бир нече курдай айтылып өткөн. Өздөрүнүн ысымдарын атагысы келбеген маалымат булактары үркүтүп-тинтүү учурунда Зарылбекке Бозулан "Тойота Секвойя" жип унаасын белекке бергендигин, анысы МАИден каттоодон өткөрүп алганга кашкөйлүгү жеткендигин айтып, бул боюнча тиешелүү справкалар бар экендигин билдиришүүдө. Ушул жылдын сентябрь айында ИИМ министринин уулу, учурда өлкөбүздөгү түрктөрдүн бүтүндөй бизнесин калкалап келген, "Бета Сторес-2" соода үйүнүн 30 % акциясына ээ Султанга 90-60-90 параметрлүү айтылуу ырчы Кундуз Канатбек кызы сүйүү түнүн өткөрүү үчүн белекке берилгендигин айтышат. Алар "Жаннат" отелинде чогуу түнөшкөн.
Маалымат "Трибуна kg" гезитинин №11 санынан алынды.
23- октябрь, 2011-жыл




"Чечен сөзүнөн, ийне көзүнөн сынат" демекчи, бул саныбызда Тамашоунун таланттуу, тапан, команданын капитандарына суроо узатып, тапандыгын сынап көрдүк.
Тамашоунун тапандары
1) Адамдын маймылга эң окшош жери - өргө тырмышкан сайын көчүгү көрүнөт.
2) Сынчы бул - ботаник. А мен…?
3) Жанаша бараткан кыздын юбкасын түрүп кеткен шамалдан өткөн жагымдуу шамал жок.

"Достук" командасынан Санжар: "Сынчы бул- ботаник, Калмырза болсо морадёр"
1) Адамдын чочкого эң окшош жери-бир аз ичип алса, эти арам болуп калат.
2) Сынчы бул-ботаник, Калмырза болсо морадёр.
3) Карызга берип туруп, кайра сурабай койгон достон өткөн дос жок.


"Ак-Өргө сити" командасынан Эрмек: "Санчо-"Достуктун" капитаны, а мен-"красавчик"
1)Экинчи окшош жери-маймылда да, бизде дагы сотка бар, бирок аларда агент жок.
2)Сынчы бул-ботаник, Санчо-"Достуктун" капитаны, а мен-красавчик.
3) Ремонт кылып жатканда обой зырт-зырт десе кандай жагымдуу жана маршруткага түшкөндө он сом берсең, майда жок деп үч сом берсе кандай керемет?

"Ак кеме" командасынан Жаныш: "Мотуевдин пародасындагы эле
изилдемелер"
1) Мотуевдин пародасындагы эле изилдемелер.
2) Сынчы бул - ботаник. А мен сынбачу "Титаник"
3) Эң негизги мааниси-кыз тараптан кайра жооп катары шамал урбашы керек да.


"Юристтер" командасынан Нургазы: "Эки президенттин окшош жери чет өлкөгө качып кеткенде көрүндү"
1) Эки президенттин эң окшош жери чет өлкөгө качып кеткенде көрүндү, же любой эркектин окшош жери мончодо жүргөндө көрүнөт. Дагы бир түрү: эки чайка кыздын окшош жери кафеде жүргөндө көрүнөт, же болбосо эки жаштын окшош жери свет өчкөндө көрүнөт.
2) Сынчы неге ботаник? Сынчы ботаник болсо, анда эмне акындын баары ботаникпи? Сынчы ботаник болсо, анда мен чөгүп бараткан "Титаник".
3) Өзүн сулуу сезген кыздын жанынан өтүп бараткан сулуураак кыздын такасы сынып калгандан өткөн жагымдуу учур жок. Эң башкысы, ич кийимин түрүп кетпесе болду.

"Саяктар" командасынан Азамат: "Тамашоудо биз деле сынчыбыз"
1) Революцияны баштоо, окшош жери маймыл менен.
2) Сынчы бул - ботаник, а мен дагы ботаник. Тамашоудо биз деле сынчыбыз да.
3) Мындай көрүнүш биздин кыргыз кыздарга жакпайт. Бирок мындай шамалдар бүт кыздарга тийип турса...

Алиса Сапарбекова



Ал күн сөз жок келет!
Салам, "Обон" гезитинин жамааты, сиздердин гезитиңиздер аркылуу көптөн бери катып жүргөн сырымды, жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашаган асыл адамым, ырчы Султан Садыралиевге ашыктык арманымды айткым келди.
Эгер билсең Султан, сен деген аруу сезим менен канча жылдан бери жашап келе жатканымды. Сенин ар бир ырыңды күндөп-түндөп угам, сенин сүрөттөрүңдөн үй тургузчудай болуп калдым. Сен эч убакта меники болбосуңду жакшы билем, себеби, жаныңда жаркылдаган жакшынакай жарың бар. Ойлочумун сен үй-бүлө күтүп кетсең, сен деген дарттан арылам деп. Бирок андай болгон жок, кайра сени жубайыңдан кызганып, нечен түндөрдү көз жаш төгүп, уйкусуз өткөрдүм. Билем, сен мен үчүн кол жеткис бийиксиң, бирок үмүттүн шооласы үзүлбөйт демекчи, үзүлбөгөн үмүт менен жашап келем. Сени эч кимге бергим келбейт. Тегерегимде сүйүүсүн арнап канча деген жигиттер жүрсө дагы, сени ойлоп, кыялымда сага кезигип кол кармашып жүргөнүмдү элестетип, өзүмчө бактылуу жылмайып алам. Сен менен жок дегенде жашоомдо бир түн өткөрүү мен үчүн чоң бакыт экенин билет болду бекенсиң. Канчалаган кыздар сен деп жашаарын билем, бирок менчелик сени эч ким сүйбөйт. Ар бир күнүн, минут, секундун сен деп өткөргөн адам ааламда мен эле болсом керек. Билбейм кызганыч кайда алып барат, бирок ушул кызганычтын айынан акылга сыйбаган иштерди кылып жиберемби деп корком. Билем акым жок сени кызганганга, бирок өзүм шаардын бир бурчунда жашасам да, кызганычтын, сүйүүмдүн айынан, Кулатов көчөсүндө жашагандай эле болуп калдым. Сен жашаган үйдү күнүгө акмалап жүрүү мен үчүн чоң салтка айланган. Кээде үйүңөн чыгып каласың, а мен сени алыста карап отура берем, жаныңа барып ичимдеги болгон сырымды айтып, сени көпкө коё бербей кучактап тура бергим келет. Аттиң, бирок кудуретим жетпейт. Балким, качандыр бир убакта сенин кучагыңда туруп, ичимдеги болгон арманымды, сүйүүмдү, сен деп кандай күн кечиргенимдин баарын баарын жашырбай айтып берер күн келет деп ойлойм. Ал күн сөз жок келет!
Айгерим, Бишкек шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??