п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Күүгүмдөгү сырдашуу

"Учур" театрынын актёру Чыңгыз Мамаев:
"Алыкулга окшоштугумду актёр болгондо гана сезе баштадым"
Бул актёрду көргөндө айтылуу Алыкул Осмонов эске түшөт. Талант даарыган инсан башкалардан айырмаланып турары анык. Таанымал актёрдун жөнөкөй инсандыгы маектешкенде даана байкалды.

Туулган жердин топурагы алтын
Нарын областынын Тянь-Шань районунун Учкун айылында туулгам. Талантымды 2-классымда эле мектептегилер байкап калышты. Линейкада: "Көгүчкөндөр-силер жаштык символу, совет эли ар убакта каалашат, жер жүзүндө дайым тынчтык болгонду" деген ырды көркөм окуп бергем. Чабандын баласы болсом да, ата-энем чыгармачылыкты түшүнгөн адамдар. Апам Бүбүажар мандалин чертип ырдап,атам Байгазы да той-топурда обон созуп калат. Мен мал жайганда үнүмдү болушунча чыгарып ырдачу элем. Ата-энем мени актёр эмес, ырчы болот деп күтүшкөн.

Чыңгыз кантип актёр болду?
Нарын театрынын директору Шакен Мамбеталиева эже менен атам барып сүйлөшүптүр. "Баламды театрга ишке албайсызбы?"-деп, ишке орноштурган. Мен окубай туруп эле артист болдум. Бишкектеги драм театрдын 41-бөлмөсүндө абитуриенттерди кабыл алып жатыптыр. Негизи 3 тур менен окууга өтүшөт экен. Мен 10 мүнөттүн ичинде эле экзаменден өтүп кеттим. Галина Ибраева эжебиз: "Ай, нарындыктар аракеч болчу эле, ичпейсиңби, 5 баланын ордуна сени кабыл алдык",-деди. Мен: "Жок, эже, ичпейм, бирок тамеки тартам, окууга буйруса сөзсүз келем", -дедим.

"Учур" театрында
Келинчегим Элмира Тагаева да актриса да, экөөбүз биргеликте "Учур" театрына ишке кирдик. Ар бир актёрдун өзүнүн ампуласы болот. Мага ойноштун ролун эч бербейт. Себеби, жүзүм ага туура келбейт. Эгерде мен "красавчик" болсом, анда ойной бермекпиз да. Ал эми комедия менен трагедия жанрын ачып бере алам деген ойдомун. Мындан сырткары, "Дөөлөт" студиясында үн коштоп иштейм. "Чыңгызхан" тасмасында Жамуханын, "Чуулгандуу сүрөтчүдө" Ким Хондонун үнүн жана 900дөй мультфильмде үн коштогом.

Актёр тыңчы сыяктуу
"Мезгил жана Алыкул" кинотасмасына Памирбек Казыбаевдин "Мезгил жана Алыкул" китебинин негизинде сценарий жазылды. Башкы ролдордо Алыкулду мен, Айдай Жигиталиеваны Назира Бердигулова, Зейнепти Гүлнур Асанова ойноду. Алыкулга окшоштугумду актёр болгондо гана сезе баштадым. Алп акын Алыкулдун образын ачып бериш үчүн чоң жоопкерчиликти мойнума алдым. Мен дайыма Алыкулга Алыкулдай мамиле кылыш керек деп айтып келем. Көңүлүң тоюп, көзүң жеткенден кийин ишти баштасаң, ал иш ойдогудай болгонго кепилдик бар. Алыкулдун образын чагылдырыш үчүн акындын жашоосуна биротоло сүңгүп киришиң шарт. Актёр тыңчы сыяктуу, кандай образ жаратпасын анын жашоосун анализдеп чыгышы керек. Мен да чыныгы акындын оюн, жүрүм-турумун, жашоосун бүт анализдеп чыктым. Алыкул мага көп эмгек кылды деп ойлойм. Мени элге таанытып, менин карьералык жолума үлкөн салым кошту.

Алыкул дегенде көпчүлүгү мени күтүшүптүр
Алыкулдун 90 жылдыгында анын образы мага буйрубады. Бир гана элдер эмес, Алыкулду аткарбай калганыма мен да таң калдым. Бул маданий иш-чараны биздин көрүнүктүү актёрубуз, КРнын эл артисти Табылды Актанов даярдаптыр. Алыкулду аткарган Эржан Осмоновду да өзү тандаптыр.Ал бүт аракетин жумшап мыкты аткарган, бирок Алыкулдун өзүнө түспөлдөшкөн жүз болсо андан жакшы болмок. Бирок мен ошо эскерүү кечесин көрүп отурганда, көпчүлүгү мени күткөндүгү байкалып турду.

Кыргыздын каганы Барсбектей…
Чыгармачылыктын казанында келинчегим Элмира менен бирге кайнап келебиз. "Кандуу сүйүү" тасмасында Зайнанын образын ойногон. Өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк менин айжаркын келинчегим. Мираида Далбаевадай кыргызга кызмат кылган сулуу кыз болсун деп, кызыбыздын атын Мираида койдук. Ал эми өзүм тарыхый чыгармаларга кызыккандыктан, кыргыздын биринчи каганы Барсбек баатырдай эл үчүн кызмат кылсын деп уулумдун атын Барсбек койдум.

Динара Асылбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??