п»ї
 Таанышуу жарыясы


Издер, издер....
Камчыбек ТАШИЕВ
(Башы 2-бетте)
Мен тагдырлашымды, балдарымдын апасын Томскиден таптым
Алгач атама айтсам, "жакыныраактан табылбадыбы?" деп сөктү. Мен ошондо биринчи жолу атамдын айткан сөзүнө каршы чыктым. Акыры атам көндү. Ошондо атам айылдагы имиш-имиштен "келиндин атасы нефтини кайра иштетүүчү заводдун директору экен" деп угуптур. Жөнөп баратканда атам:"Атасынын оозун урайын, кайын атаң мага демектен Чымкенттин губернатору болсун, акыркы малымды сатсам да, сени жер каратпайм, балам",-деди. Мен деле чын-төгүнүн билбейм. Анткени, бизди мансап, эсептүү кайын күтүү эмес, сезим табыштырган эле. Кийин барсак биздей эле карапайым, атасы молдо, энеси үй кожойкеси, он эки баланы тарбиялап чоңойткон жупуну адамдар экен. Элдин эле апыртма сөзүнө ишенип кыжаалат боло бериппиз. Атам ошондо эшикке такталардан стол жасап той өткөргөн. Биздин той ошол кездеги тойлордун алды болгон. Келинчегим ошондо кандай жөнөкөй болсо, азыр деле өзгөргөн жок. Абдан жөнөкөй, акылдуу аял.

БИШКЕК, же депутаттык мандат, министрлик кызмат эмне берди?..
Бардык нерсени жакшылыктан баштаган оң го. Андыктан, ошол депутаттык, министрликти аркалаган жылдар аралыгында мени кубанткан нерселерден баштайын. Кайсыл жерде, мейли депутат, мейли министр болуп иштебейин ошол жердеги мүмкүнчүлүктүн баарын элге жумшап, аздыр-көптүр эл алкышына арзыдым.
Ал эми, кейиткени чоң саясатка келгенден кийин мамлекет башкарган, мамлекет ичинде эл-журтка кадыры бар адамдар менен аралашып, алардын чындыкка, жакшылыкка коошпогон терс жактарын көрүү болду. Анткени, мен бала кезде, андан кийин деле өспүрүм, студент куракта "ушул даражага жетүүчү жолдо булар эл арасынан тандалып отуруп суурулуп чыккан эң билимдүү, ыймандуу, кара кылды как жарган калыс, чынчыл адамдар болсо керек" деп ойлочумун. Тилекке каршы, бул оюм көп учурда турмуш чындыгы менен төп келген жок. Айтканы башка, жасаганы башка адамдарды көрүп туруп бул чөйрөдө мен ойлогон бийиктиктердин жок экенине, көп деле кадыр тутчу чөйрө эмес экенине өкүндүм.
Министрлик кызматты аркалаган жыл ичинде элдин абалын жакындан билүүгө, алардын психологиясын жакындан өздөштүрүүгө аракеттендим. Бир жолу эрте менен атамдын эски купайкесин кийип алып жер кыдырып жүрөм. Ошондо МЧС тарабынан көпүрө салынып жаткан. Жумушчуларга барып: "Күйүүчү май сатпайсыңарбы? Жер айдатып алайын дедим эле",- дедим. Анда бир айдоочу дароо:"Мейли, башка жерде отуз болсо, биз жыйырма, жыйырма бештен эле беребиз, канча аласыңар? Идишиңерди алып келгиле",- дейт. Сыр бербей: "Жүз литр алсамбы дегем",- дедим. Менин актёрлугум акырына чыкпай калды. Ошол маалда мени тааныган бирөө келип учурашып, жанындагыларга:"Бул бала биздин айылдан чыккан министр",-деп тааныштырып коюп өтүп кетип жатпайбы. Тиги айдоочусу да, иштин чоо-жайын уккан прорабы кумсарып жаман болуп кетти. Аларда эмне күнөө, айлык аз, мамлекет карабайт, башка жолу жок. Ошого чейин "күйүүчү май жетпей жатат" деп эле айта беришчү. Ошондон кийин күйүүчү май тууралуу сөз болгон жок. Атам менен апам бизди кадимки эле карапайым турмушта чоңойтушту. Атам кетмен көтөрсө, апам талаага бешигин көтөрүп, биз алыбыз жеткен нерсени, калай крушканыбы, нандыбы, кошо көтөрүшүп жүрүп бой жеттик. Ишенесизби, кандай кызмат орунда болсом да, мен үчүн баары бала кездегидей жөнөкөй болгону жагат. Менин ой максатым бийлик алыш эмес, өзүмдөгү болгон нерсени кызмат аркылуу элиме берип калуу.

Жан кейиткен жалаа
Министр кезде теледен чыгышып, бир ыйлаган аялды көрсөтүп, "Ташиев Нура айылына бөлүнгөн беш миллион акчаны жеп койгон" деп айтышты. Ошондо абдан жүрөгүм ооруду. Биздин эл ишенген жигиттердин саясатка энелерди, аялдардын көз жашын пайдалана баштаган мажирөөлүгүнө жаман капа болдум, аялдын этегине жамынган байкуштугуна боорум ооруду. Аялдын ыйлаганын көргөндө, мен да кадимкидей эле ыйладым. Ошондо ошол ыйлаган аялга далилдей албаган өз чындыгыма күйүп ыйладым. Мен Нура айылынан бир сом алсам да мынчалык катуу тиймек эмес. Тескерисинче, Нура айылына мен өмүрүмдөгү эң чоң мүмкүнчүлүгүмдү, күчүмдү жумшагам. Миңдеген эне-бала, кары-картаң талаада калып ыйлап турса, андай учурда, менимче, адам кейпиндеги айбан да ал жерден бир тыйын алганга колу бармак эмес. Юридикалык жактан так далили жок бул жалаа али да жүрөгүмдү оорутат.

ИШЕНИМ
Кээде жакын адамдар: "Камчы аке, Кыргызстан оңолбойт окшойт",-деп калышат. Ошондо мен: "Антип айтпагыла, көрөсүңөр Кыргызстан оңолбойт деп көчүп кеткен адамдар Кыргызстан оңолгондо кайра келгенге зар болот",- деп айтам. Мен бул сөзгө өзүм ишенип айтам, мен абдан жашоодон кыйналган күндөрдө да ушул сөздү караан кылып, кайраттанам.




Терешкова мектебиндеги класс жетекчиси Зульфия Сатарова:
"Алыкулдун "Ата Журт" деген ырын жакшы көрчү"
Мен Терешковада иштеген жыйырма жыл ичинде Камчыдай азамат эл уулдарын тарбиялоого салымымды кошконум үчүн, мугалим болуп калганыма сыймыктанам. Камчыны апасы айрыкча жакшы көрчү. Ушул баласынан бирдеме чыгарын энелик жүрөк туйчу беле, Алима эже мага "коюңуз" десем болбой бирдемелерин көтөрүп алып келип:"Балама көз сала жүр. Сабагын жакшы окусун",- деп дайындай берчү.Камчынын менин эсимде калган жакшы сапаты, интернаттагы чарба иштерине баш-оту менен киришип, кандай иш болсо башында туруп уюштуруп, жумушту акырына чейин майын чыгара аткарчу. Картошка жыйнаган маалда өзү бригадир болуп, жан дили менен иштечү. Спорт кийим кийгенди, деги эле спортту жакшы көрчү. Айылда эркин чоңойгон бала да, кээде суранбай спорт клубдарга, спорттук оюн-зоокторго кетип калып, уруш угуп калчу. Камчы басынтканды, ою менен эсептешпегенди, намысына тийгенди жаман көрчү. Дайыма биринчи болууга умтулчу жана бардык жерде лидер боло алчу. Камчыдан дагы бир байкаган нерсем, кемпир-чалга, жаш балдарга өзгөчө боорукерлиги бар болчу. Интернаттагы кичинекей балдарга болушуп, алардын тарабын талашып, коргоп турчу. Колунда болсо акыркысын да аячу эмес. Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасында Жайнак деген каарман бар. Ал станцияда кийими жок үшүгөн жетим балага тонун берип коюп, үйгө кайткан жолдо жалаң көйнөкчөн суукка чыдабай арабанын артынан чуркап, бирок өзү "байкуш бала жылынып жакшы болбодубу" деп кубанат. Камчыны көргөн сайын ошол каарманды эстей берем. Албетте, Камчынын жардамы бүт Кыргызстанды камтый албайт, бирок, Камчынын жардамын көргөн бирөө, кийин дагы бирөөгө жардам берет, ал дагы бирөөгө. Ошентип, жакшылык уланат, адамгерчилик түгөнбөйт.
Камчы акыркы коңгуроодо бизге рахматын айтып сүйлөп жатат, көзүнүн жашы токтобойт. Азыр да мектепке келип, ар жылы колунан келишинче жардам көрсөтүп келе жатат. Былтыр жыйырма беш жылдыкта үч жүз миң жардам берди.
Бул жигиттин дагы бир сапаты, барга көппөйт, жокко чөкпөйт, бардык учурда бир калыпта. Министр болуп турганда Жалал-Абаддагы МЧСтин жаңы бүткөн имаратынын жанында биздин ишкана бар эле. Бир күнү жумушка келе жатсам, Камчы ошол имараттын ачылышында сүйлөп жатыптыр. Мени көрүп калган экен, сүйлөп жаткан сөзүн токтотуп, мени утурлап келип учурашып, көпчүлүккө: "Менин класс жетекчим",- деп тааныштырды. Көпчүлүктүн алдында кубанганыман, жүрөгүмдү тиреген сыймыктан ыйлагым келип араң кармандым. Губернатордун, облусттук жетекчилердин алдында "ушул адамдын эжейи болом" деп, көтөрүлүп калдым. Анан лентаны мага кырктырды эле, ошону көрүп калган тааныштарым:"Эже, сиз эмне МЧСке жетекчи болдуңузбу?"-деп сурап жүрүшпөйбү. Адамга көп нерсенин кереги жок. Мага Камчынын ушинтип учурашып, абалымды сурап койгону канча дем, кубат. Мугалимдик бакыт ушунусу менен баалуу, барктуу болсо керек.
Айжаркын Эргешова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??