п»ї
 Таанышуу жарыясы


Абдылда Иманкулов, куудул:
"Мадумаров коррупцияга малынган эмес"
Президенттик шайлоону утурлай эл арасында "Бул талапкерге добуш беребиз, тиги талапкерди шайлайбыз", - деп уу-дуу болуп турган чак. Шайлоо боюнча өнөр адамдарынын оюн билүү максатында, "Президенттик шайлоодо кайсы талапкерди колдойсуз?" - деген сурамжылоо жүргүздүк.

Арзыбек Бедияров, КРнын эл артисти:
"Адахан өзү таза болгондон кийин, элди да тазалыкка үндөйт"
- Президенттик шайлоодо Адахан Мадумаровду колдойм. Адахан Кимсанбаевич жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери саясатта келе жатат. Ага чейин канчалаган кызматтарда иштеген, төрт жолку депутат, мамлекетти башкаруунун жол-жобосун мыкты билет. Качып кеткен эки президент менен чогуу иштешип, алар аткарган ишти сындап жүргөн адам. Азыр алардын кемчилигин оңдойм, алардыкындай кемчиликтерди кетирбейм деп атат. Кудай буюруп Кыргызстан бирге болсо, бүтүн болсо, Кыргызстанды өнүктүрөмүн, Кыргызстан өнүгөт деген жакшы программалары бар. Программасын жактырып, биз чогулуп, колдоп-коштоп, 15 күндөй үгүт-насаат иштеринде жүрдүк. 1993-жылдагы баш мыйзамды алып келем деп атканы көптөргө жагып атат. "Талап-тоногондорго карата өзүнчө иш-чаралар кабыл алынат, бийлик тазаланат, уурулар жазаланат" деген урааны да өзүнчө философиялык түшүнүктү билдирет. Ушундай чоң ишеним менен президенттикке ат салышты. Өзү абдан жигердүү, сөзүнө бекем турган, 20 жылдан бери таза жүргөн инсан. Ыплас жерди басып алганын угуп да, көргөн да эмеспиз. Ишканасы жок, же мамлекеттик ишканаларды арзан баада сатып алган жери жок. Өзү таза болгондон кийин, элди да тазалыкка үндөйт жана тазалыкка сүйрөйт.

Токон Эшпаев, КРнын эл артисти:
"Адахан эч качан элди түндүк-түштүк деп бөлгөн эмес, ошон үчүн добушумду ага берем"
- Адахандын келечекти көрө билгендиги, башкача айтканда, азыркы замандагы оош-кыйыштарды көргөндүктөн, өлкөбүздү оңдой турган жалгыз адам. Жаңы заманды орнотом деп өзү баш-оту менен кирише турганын программасынан көрүүгө болот. Буга чейин Адахан Кимсанбаевичтин айткандарына мүмкүнчүлүк бербей келишкен. Мисалы, Акаевдин заманында чет жактан келген бир скрипачтын концертин филармонияга койдуруп, анын билетин жүз доллардан саттырып, скрипачка грамота тапшырып жөнөткөн учурлары болгон. Ошондо Адахан Кимсанбаевич: "Өзүбүздө канчалаган залкарлар турат. Аларды колдой албайбыз дагы, чет жактан келгендерди бөпөлөйбүз", - деген мааниде "Асаба" гезитине жазып чыккан. Анын позициясы күчтүү, мамлекеттин бардык тармагында иштеп кете алат. Адахан эч качан элди түндүк-түштүк, улут-улут деп бөлгөн эмес, бөлбөйт дагы. Ошон үчүн добушумду Адахан мырзага берем.

Жолболду Алыбаев, КРнын эл артисти:
"Адаханга окшогон билимдүү бирөө келип Кыргызстанды оңдобосо, оңолбой калдык окшойт"
- Адахан Мадумаров президенттикке ат салышып жаткандардын эң тазасы, татыктуусу дейт элем. Мен Адаханды жыйырма жылдан бери билем жана депутат болгондон бери Адахан Мадумаровду колдоп келе жатам. Азыр Кыргызстанда абдан эле кыйын болуп калды. Адаханга окшогон эл-журтту ойлогон билимдүү бирөө келип Кыргызстанды оңдобосо, оңолбой калдык окшойт. Билимдүү, таза, чечен, жетекчилик кызматтарда иштеп, эл аралык аброю жакшы жигит. Азыр түндүк-түштүк, уруу-уруу болуп бөлүнүп алдык. Кийинки маалда партиялар да өз алдынча бөлүнүп алышты. "Ушунун баарын бир бүтүнгө бириктирем", - дегенинен Адаханды колдоп атабыз. Биз бир тыйын алып, элге окшоп соодалашкан жокпуз. Үгүт иштерине өз көңүлүбүз менен бардык.

Абдылда Иманкулов, куудул:
"Канча мамлекеттик кызматта иштесе дагы, Мадумаров коррупцияга малынган эмес"
- Шайлоодо Мадумаровду колдойм. Азыркы талапкерлердин эң татыктуусу Мадумаров деп эсептейм. Колу таза, канча мамлекеттик кызматтарда иштесе дагы, эч кандай коррупцияга малынган эмес. Байлыгы жок. Айткан сөзү, кылган иши таза адам. Саясий деңгээли жогору. Эл аралык мамилелерде, бардык маселеде өзүнүн деңгээлинде сүйлөшө алат. Адахан Кимсанбаевичти билген Кыргызстанда жашаган калктын көбү колдоп атат.

Кубик Калыков, куудул:
"Үй-бүлөбүз менен Мадумаровду колдойбуз"
- Мен Мадумаровду колдойм. Себеби, мага ал кишинин позициясы жагат. Былтыркы парламенттик шайлоодо да "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен үгүт иштеринде чогуу жүрдүм. А киши менен чогуу жүрүп, программасы менен толук таанышып чыктым. Үй-бүлөбүз менен Мадумаровду колдойбуз.

Чыңгыз Мырзаев, ди-джей:
"Адахан Кимсанбаевич көңүлүмө толду"
- Адахан Кимсанбаевичтен башка деле талапкерлер чакырып:"Алып баруучу болуп бер, ырдап бер, биз менен иштешпейсиңби?" -дегендер болду. Бирок алардын ичинен Адахан Кимсанбаевич көңүлүмө толду. Эң биринчи көкүрөгүндө анан акылында болсо, барып тилине чыгат да туурабы? Программасында да, "Чындап эле эл үчүн кылам" деген жакшы ойлор бар экенин билип, Адахан мырзанын жанында жүрөм. "Ушул талапкер өтүп кетсе, мен майлуу-сүттүү жерге отурам ", - дегендер бар эмеспи. А мен Адахан Кимсанбаевич өтсө да, өтпөсө да, ал кишинин адамдык сапаттарын баалайм.

Байыш Момунов, ырчы:
"А. Мадумаров Кыргызстанды оңдойт деген ишенимим бар"
- Президенттик такка элдин көйгөйүн чече турган, биздин өлкөнү оңдой турган инсан керек. Адахан Мадумаров Кыргызстанды оңдойт деген жеке ишенимим бар. Курч десе курч, жаш, катуу тартип, мыйзамдуулукту камсыз кыла турган адам Адахан мырза. Анын программаларын да окуп чыктым. Чындап эле Кыргызстанды оңдойм деп убадасын берип атат. Шайлоочулар менен жолуккан учурда чындыгында ачык жана таза экени билинди. Элдин суроолоруна такалбай жооп берип атты. Ызы-чууну болтурбоо үчүн мыйзам чегинде гана иш алып барат. Үгүт иштери да жакшы болуп атат. Кайсы жерге барбасын, эл менен пикир алышуусу жогорку деңгээлде өтүп атат. Жаштарды көтөрүү маселеси мага абдан жакты. Студенттер окуусуна канчалаган акча кетирип атышат. Адахан мырзанын программасында так ушул маселе туура коюлуп, эгер президент болуп калса, жогорку окуу жайларындагы окуу үчүн контракттын акчасын төмөндөтүп, жеңилдетип, жаштарга кам көрөрү баса белгилениптир. "Президент болуп калсам, мамлекеттин казынасынан бир тыйын уурдабаган таза адамдарды топтогонго аракет кылам", - деп убадасын берди.

Айнура Салахидинова, ырчы:
"Теледебатта Адахан Кимсанбаевич токтоолук менен жооп берип жатты"
- Теледебат болгонго чейин Адахан Кимсанбаевичке көп деле маани берчү эмесмин. Башка талапкерлерден айырмаланып, кандай курч суроо болбосун токтоолук менен жооп берип атты. Орду менен сүйлөп, сүйлөө манерасы жана дикциясы жакшы экен. Ошондуктан добушумду Адахан Мадумаровго берем.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??