п»ї

Баспаган адамды массаж менен айыктырган спортчу Абакир Рысов
КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, элдик дарыгер Абакир Рысов менен маек.

- Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө чыгып, чемпион болуп келдиңиз. Өзүңүздү өзүңүз каржылайсызбы?
- Латвияда 38 өлкөнүн ичинен самбо боюнча өткөн мелдеште дүйнөнүн чемпиону болуп келдим. Андан кийин Тажикстанда, Ташкенттен, анан Грециядан биринчи-экинчи орундарга ээ болдум. Кыргыздар өлгөндөн кийин гана наам бербесе, тирүү кезиңде наам бербейт экен деп ойлоп коём. Спорт комитетине барып, ушундай мелдешке кеткен аттым эле, кичине каражат бөлүп бербейсиңерби десем, сизге эмес жаш балдарга бөлө албай атабыз дешкенинен алардан деле сурабай калгам. Быйылкы Грецияда болгон мелдешке болсо машинемди сатып барып келдим.
- Спортто жүрүп канча жаракат алдыңыз?
- Спортто жүрүп алты жолу наркоз алдым. Эң биринчи жолу бутуман гемотом болуп операция болгондон жети күн өткөндөн кийин Тажикстанда болгон мелдешке барып 3-орунду алып келдим. Наркоз жеген адам физикалык күч менен организмден чыгарыш керек. А чыкпаса ар кандай ооруларды алып келе берет. Кабыргаларымдын баары эле сынык. Тажикстанда күрөшүп атканда эки кабыргам сынып кетсе, машыктыруучум өлбөйсүң күрөшө бер деген. Кабырга эгер кирип кетсе, өпкөгө барып сайылып калмак. Колубуз чыгып кеткенде деле билгизбей коюп мушташа берчүбүз.
- Сизди спротчу катары гана эмес, элдик дарыгер катары да билишет. Элдик дарыгерликке кандайча аралашып калгансыз?
- 1988-90-жылдары Ысык-Көл обулусунун Тамга айылына тажиктер келип эле бир чөптү терип кургата башташты. Бизден ал чөптү Наманганга алып барышчу. Киллограмын 50 тыйындан сатчубуз. Анан бул эмнеге керек? - деген суроо пайда болду. Көрсө ал бери дегенде эле астмага пайда экенин билдик. Ал чөптү алып барып, чачма дары кылып чыгарышат экен. Элдик медицина менен отуз жылдан бери алектенем. Табигый сырларда бир жарым жыл эмгектендим. Кыргыздын дарысы чөптөн жасалат дагы, берки дарылар чаяндын желесинен жасалат, - деп биздин эл көп түшүнбөй атат. Алар чаяндын желесин канча бир убакыт коюп анан вакцина жасашат. А биз чөптөн жасайбыз. Акырындан барып дарыланат. Убакыттын өтүшү менен оорулуу айыгат. Германиядан вакцина жасап аткан жерин көрдүм. Атайын желе тартылып, убакыты келгенде пенициллин сыяктуу дарыларды жасашат. Биздин чөп ага караганда пайдалуу.
- Кандай ооруларды айыктыра аласыз?
- Мен көбүнчө ашказан, кан басымды, ракты, аллергияны, гемморой, аялдардын жыныстык ооруларын дарылайм. Бөйрөк түшүп кеткен учурда денедеги чекиттер аркылуу көтөрөм, жүрөк ооруларын да айыктырам.
- Кайсы чөптөрдү колдоносуз?
- Кыргызстанда уулуу чөптөрдөн адырашман, уу коргошун, алтын тамырды колдонобуз. Муну туура колдонгон адам эч качан оорубайт. Адамдардын организминдеги антибиотиктер башка чөптөрдү басып койгондуктан, алар көп деле таасир бербейт. Бирок, жогорудагы уулуу чөптөр антибиотикти талкалап коёт. Чөптү алты-жети жыл коюш керек. Көбү алтын тамырды ала коюп, аны арака салышат дагы ичип атышат. Бул туура эмес. Ал уу. Кээ бирде жакшы натыйжа берсе кээ бирде тескери натыйжа берип коюшу мүмкүн.
- Медициналык билимиңиз барбы?
- Медициналык жактан билимим жок. Дене тарбияда анатомияны мыкты окутат. Ыргытканда, секиргенде кайсы булчуң иштейт экенин жакшы билебиз. 1992-жылы Москвадан атайын элдик медицина боюнча окуп, сертификат алып келгем.
- Спортчулар мыкты массаж кылышат дейт. Сиз кайсы массажды катырасыз?
- Мен чекит менен массаж кылам. Баса албай калып бир-эки ай жаткандарды массаж менен айыктырам. Чекитти басып, баспай аткан адамды бастырып коём. Колу иштебей калса да чекитти басып иштетип коём. Жел турганды да чекит менен дарыласа болот.

Сайра Сопушева





  Өнөрүң болсо өргө чап

Тойдо ич кийимдерден бери чечип алган "фокусник" Тимур
Кыргызда өнөрлүү өлбөйт деген жакшы сөз бар эмеспи. Ар бир саныбызда кыргыздын өнөрлүү адамдарын жазып келебиз. Бул жолу фокус жаатында жакшы ийгиликтерди жасап келе жаткан Кабаев Тимур менен маектештик.

- Тимур "Фокусту" канча жашыңда үйрөндүң эле?
- 4-классымда циркке фокусникке сынак жүрүп атыптыр. Анан ат менен бир номер бар экен кетип баратып артка сальта жасап туруп калышың керек экен. А мен талп этип отуруп калып атпаймынбы. Элдин баары күлүп атат. Ошондо Таджиев Кадырбек агай (азыркы цирктин директору) мени циркке алган. Анарбек байке мени көп көтөрмөлөп өзү билген нерселерге үйрөткөн. Орустардын Савянин деген труппасы бар болчу. Алардын балдары 8-9жылда үйрөнгөн нерсени мен 3 жылдын ичинде мыкты өздөштүрүп калдым. Азыр да циркте иштейм. Кесибим- жанглер-фокусник.
- Гипнозду да жакшы өздөштүргөнсүңбү?
- Андайга жокмун. Гипнозду колдонгон эмесмин, колдонбойм дагы.
- Фокусниктерди көбүнчө базарлардан кардарлардын чөнтөгүнөн көп суммадагы акчаны билип калса ага билгизбей гипнозбу же фокус жолу мененби алып алышат деп уккам.
- Жок андай нерсе бизде болгон эмес. СНБда биздин тизмебиз бар. Эгерде андай момент болуп калса бизди кармап койгонго толук укугу бар. Фокусниктердин ассоциациясы бар. Адамга жакпаган нерсенин бизге не кереги бар. Өзүбүздүн адал эмгегибиз менен иштеп тапканыбыз эле буюрсун.
- Фокус жаатында жашооңдо кандай эсте калаарлык күлкүлүү окуялар болгон?
- Тогузунчу класста алгебра сабагынан мамлекеттик экзамен тапшырып аткан элек. Мен негизи алгебрадан жакшы окучу эмесмин. Анан эле артымда отурган жакшы окуган кыздын чыгарып койгон барагын фокус жолу менен алып аны көчүрүп жазып койгонумду эч ким байкабай калган. Алгебра сабагынан берген Ырыс деген эженин оозу ачылып калган. Анткени, алгебра сабагынан дайыма качып эле кетип калчумун. Апамдын жардамы менен мектепти бүткөм. Биринчи жолу 6-класста күзгү балга чыгып фокус көрсөтүп баштадым. Директордун оозу ачылып калды. Бош коробкага сюрприз катары көгүчкөн салыш керек болчу. Көгүчкөнүм думугуп өлүп калып, директордун алдына коюлган коробканы директор ачса эле, өлгөн көгүчкөн айланып барып жерге түшүп калган.
- Бою кичинекейлер боюнан уялышат эмеспи. Сенин боюң жапалдаш экен, боюңан уялбайсыңбы?
- Кыргызда "Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер" деген жакшы макал бар. Боюм өзүмө жагат.
- Эң биринчи жолу качан тамада катары той алпара баштадың эле?
- Эң биринчи жолу мындан эки жыл мурун бир той алып баргам. Тамада деле эмесмин. Менин кесибим фокусник. Көз боемочу. Ошого кызыгам. Менин тамада болгонума Бейшеналиев Мелис деген устатым болду. Ал киши менен көптөн бери мени ары-бери тойлорго алпарып элге таанытып келе жатат. Азыркы учурда ал кишинин колунда дагы деле окуп жатам. Музыка жаатында даярданып атам. Обон чыгарганга жана аранжировкалаганга даярдап атат.
- Той учурунда кийимдерди чечип алмайың бар экен. Ошентип ойноп жатканыңда бетке чапкандар болду беле?
- Тойго келсең тоюп кет, бут үзүлгөнчө ойноп кет дейт. Бетке чапкан болгон эмес, бирок бетимен өпкөн болгон. Бир жолу тойдо бир байкени ортого чыгарып алып оюн ойнотуп атам. Биринчи ага билгизбей көз боёмочулугум менен байпагын чечтим. Анан экинчи ички кийимин (турсийин) чечип алгам. Эмне кылып атасың дегенинен гүл чыгардым делим да элге көрсөттүм. Тойдон чыккандан кийин ал кишиден тил уккам.


Сайра Сопушева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??