Орус оюндагысын кылат

Собчак жарманкеде ич кийимин сатты
Орустардын теле алыпбаруучусу Ксения Собчак элди бир сүйүнтүп коюш максатында белгилүүлөрдү кийимдерин арзан баада сатууну ойлойт дагы, өзүнүн жакын санаалаштарынын кийимдерин жарманкеге алып чыгат. Жарманкедеги эң биринчи сатылган кийим өзүнүн ич кийими болду. Тактап айтканда эмчек кабын алгачкылардан болуп сатты. Мындан бир нече күн мурун эле ал Россиянын шоу бизнесинин өкүлдөрү кийген кийимдерин арзан баада сатпайлыбы деген сунушун айткан эле. Ал оюн уккан Киркоров орус ырчыларынын кийген кийимдерин саткан "Вегас" деген бутик ача койду.
Ырчылардын кийимдеринен эң өтүмдүүсү Дима Биландыкы болду
Собчак уюштурган жарманкеге жүздөгөн сатып алуучулар келишти. Ички кийиминен бери уялбай эле жайып койгон алып баруучунун турсийин күйөрман кызы алгычакты болбой эле бир киши колунан жулуп алып, кассага барып акчасын төлөп койду. Ал жакта жөнөкөй эл менен кошо шоу бизнестин өкүлдөрү да өздөрүнө кийим тандап жүрүштү. Фабрика долбоорунан чыккан Сати Казанова Рената Литвинованын пиджагын кийип чактап көрдү. Ал жактагы ырчылардын кийимдеринин эң өтүмдүүсү эле Дима Биландыкы болду. Анын күйөрман кыздары майкасын кыска көйнөк сыяктуу кийип алабыз деп сатып алып жатышты. Ошентип жарманкенин аягында Ксения Собчак 1.760.000 рубль тапты. Жарманкеден түшкөн акчанын баары Смоленскидеги психоневрологиялык балдардын диспансерине которуларын айтты.




Майкл Жэксондун кызына футболду
ич кийимчен ойноону сунушташты
Поп-музыканын падышасы раматылык Майкл Жексондун кызы 13 жаштагы Пэрис Жексон өзгөчө сунуш алды. Пэрис футбол менен машыгып, ал тармакта бир топ ийгиликтерге жетишип жүрөт. Ошондуктан бул кичинекей кызга Американын ич кийимчен кыздар футбол лигасы кызыгып калышыптыр. Мындан бир нече убакыт мурун Пэристен LFL лиганын жүзү болуусун өтүнгөн сунуш кат келген.
Майке турсийчен футбол ойногон
Ал лигага кыздар жалаң ич кийим менен чыгып, футбол ойношот. LFL лигасында карьерасын башташ үчүн кыздын жашы он сегизде болушу шарт. Бирок ал лига Пэрис он сегизге чыккычакты күтөөрүн айткан. Мүмкүн Пэрис жаш Америкалык кыздарды футболго тарта алмак. Бирок, Пэристин чоң энеси Кэтрин Жексонду мындай сунуш кыжырын келтирип, басынткан сунуш катары кабыл алды. Мындан аз убакыт мурун эле Пэрис өзү окуган престиждүү мектептин тарыхында биринчи жолу флагболго кирген кыз болду. Пэрис балдардан да мыкты ойноорун көрсөткөн. Анын командасы 32:6 эсебинде каршылаш команданы уткан.