п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-191-01. Кыргызстандын 95терине салам жолдойм. Тоха
ОП-192-02. Түн ортосу оогондо, шылкайып сабак жазбагыла, Кыйшайып жатып столго, Кылжыйып уктап калбагыла. Шайтандар чалып кечинде, Сүйлөшөм деп сыр чече алаксып ага калсаңар, Туура эмес жазып саласыңар 0770502ххх
ОП-191-03. Салам, "Обон"! Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылындагы Ыдырыс орто мектебинин 11-классынын окуучуларына чоң салам! Жаку
ОП-191-04 . Салам, "Обон"! Манас аэропорт жактан жер тилкеси сатылат. Кызыл китеби бар. 0779200ххх
ОП-191-05. Салам, "Обонтай" ! Мен сиздерден суранайын дегеним легендарлуу "Кыз Бурак" тобундагы Мальвина деген Токтогулдук кыз ырдачу эле. Ал кандайча топтон чыгып кеткен? Ушуга жооп алып берип коёсуздарбы, сураныч?! Алдын ала рахмат! 0773433ххх
"Обондон" жооп: Мальвинанын топтон чыгып кетишинин себебин биз мурунку сандарыбызда жазганбыз.
ОП-191-06. "Обон", салам! "Обон" гезити жана Кыргыз элим бар болгула! Соня 90
ОП-191-07. Бетке айтканды жакшы көрөм, Чынын айтсам, сени сүйөм, Гүли! деп, жүрөк айтат ишенсең ,түбөлүккө бир болом деп ойлоп жүрөм. Темирлан Талас
ОП-191-08. Салам! Бишкек шаарында окуп жаткан Анита бөлөмө чоң салам жолдойм. Окууңа ийгилик каалайм! Мен сени сагындым деп, Канатик бөлөң
ОП-191-09. Салам, "Обон"! Менин саламым Ак-Бата жаңы конушунда жашаган атам Тынчболот, апам Жеңишкүлгө жолдонот. Ар дайым аман болушсун! Фаризат
ОП-191-10. Жазел 90 мен сени жакшы көрөм. Бирок, сенин маяк бергениң, түн уйкумду бузганың жиниме тийет. Экинчи антпейсиңби? "Обонго" сөз бер! Мен Тариел
ОП-191-11. Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын 9-класстарына чоң салам! Айзат 96
ОП-191-12. Салам, "Обон" гезитинин жааматы! Мен сиздерди чексиз урматтайм жана сыйлайм 0773086ххх
ОП-191-13. Ильяз, мен сени сүйөм!Мынча сулуусуң .0770235ххх
ОП-191-14. Эрине басып теңселип, Элимде чыкпай сенчелик. Эп келтирип ырдаган, Эч элде болбойт сенчелик. Кыргыздын сендей уулу бар. 0773691ххх
ОП-191-15. Менин сүйгөнүмө арналат: Даракта жашыл жалбырак. Жалбырак турат жалдырап, Жүрөктөн сени сүйбөсө, жүрбөстүр мынча жалдырап. 0779437ххх
ОП-191-16. Жалгызмын дебе, жандоочуң Аллах, Коркомун дебе, колдоочуң Аллах. Оорудум дебе, эмдөөчүң Аллах, Сыркадым дебе, сындоочуң Аллах. Назакат 92
ОП-191-17. Неге тагдыр мени мынча кыйнадың, Жаным ооруп, жүрөк сыздап ыйлады. Болду эми арман менден кетсинчи, Менден башка жанды кууп жетпечи. Кош бол эми, махабатым, арманым, Айла жок, калбады менде дарманым. Аппак сүйүүм арман болуп калды го, Кош бол, арман кайра мага кайтпагын! Назакат 92
ОП-191-18. Ичимде арман толуп баратат, Сүйүүм кана? Жүрөгүмдө жаракат. Жоготтум го бир өмүргө сүйүүмдү, Ошол сүйүү жүрөккө арман жаратат. 0773071ххх
ОП-191-19. Салам, "Обон"! Ойлоно турган мезгил келди. Кайдыгер карабай, жүрөгүбүздөн президент шайлап алалы, кыргыздын келечеги үчүн! Бүтүндүгү үчүн, жаңылбай шайлап алалы! 0556084ххх
ОП-191-20. Биздин супер ырчы жигитибиз, канча кыздын жүрөгүнө чок салдың? 077759296ххх
ОП-191-21. Менин уулум Даниэлдин келе жаткан 30-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Ден-соолугу чын, өмүрү узун болсун! 0778220ххх
ОП-191-22. Техникумда окуган Бахтияр 27де. Кыргыз элимди, кыргыз жеримди коргоого армияга кетип жатат. Кыргыз элин төш тосуп коргогон мыкты жигиттеринен болуп келишиңди жана ар дайым ата-энең сени менен сыймыктанган балдардан болуп жүрө беришиңди каалайм! Бахияна
ОП-191-23. Салам, "Обон"! Сураныч: Мага Индия кино жылдызы Джухи Чавла туралуу маалымат бериңиздерчи. Фаризат
"Обондон" жооп: Толук аты-жөнү Джухи Чавла. Төрөлгөн жылы, айы-1967-жыл, 13-ноябрь. Жылдыз белгиси- Чаян.Кесиби- модел жана актриса.
ОП-191-24. Табышмак: Өзү тегерек, колу бар, буту жок. Адамдын колуна жармашып, ээси менен дайым тиктешет. Бул эмне? Жүз бирдик Тариел
ОП-191-25. "Обон", сен сыяктуу тааныган, сени дайыма ойлогон, адептүү, боорукер, отуруп турууну билген, жалган айтпаган, сага жүрөгүн арнаган, сени сүйбөй коё албаган, бирөөнү тааныйсыңбы? Сүйгөн жүрөк
ОП-191-26. Кыздар салам, Тариелдин 150 бирдигине жана байлыгына алданып, азгырылбагыла. Биздин жүрөктө намыс жашайт да, чынбы кыздар? Тариелдин байлыгына алданбайлы, иншаллах. Жазел 90
ОП-191-27. Салам, Ильяз! Эмнеге эрте үйлөнүп алдың? +777-013604ххх
ОП-191-28. Астанага концерт коюп кетчи. Айгиза
ОП-191-29. Жашооңузда сиз үчүн эмне кымбат? 0770258ххх
ОП-191-30. Нурлан Насипке: Сезимдерим сага умтулуп барат, Карегимден жашым куюлуп агат. Жан дүйнөмдү жаралап кыялдарым, Бир башка максат менен сага барат. Айнура, Ош
ОП-191-31. Нурлан Насипке: Арманда өтүп өмүрүм, Сен билбедиң көңүлүм. Сен үчүн жазган ырларымды, Дептеримден бөлөк көрбөдү. Айнура, Ош
ОП-191-32. Нурлан Насипке: Убакыт өтүп сызылып, Көз караш улам кысылып. Сени күтүп сыгылып, Жашай бердим кызыгып. Айнура, Ош
ОП-191-33. Нурлан Насипке: Күн өтөт сени сагынып, Ай өтөт азапка чалынып. Сени күтүп сагынып, Жашап жүрөм кайгырып. Айнура, Ош
ОП-191-34. Нурлан Насипке: Ойлонуп сезимдерге байланып, Түркүн сонун кыялдарга арбалып. Бир гана сени сагынып. Издеп жүрөм бир өзүңө байланып. Айнура, Ош
ОП-191-35. Нурлан Насипке: Эмнегедир жүрөгүм энтигип күтүп,Көргүм келип ойлорумду жутуп. Издеп жүрөм сени бүгүн да. Бир башкача кыялдар тутуп. Айнура, Ош
ОП-191-36. Нурлан Насипке: Көңүлүм туйлап сени дейт,Арзуу издеп келсин дейт. Тажабай сени сагынып, таарынбай жашай беремин дейт. Айнура, Ош
ОП-191-37. Нурлан Насипке: Ыргалтып ашыктык ырларымда, Жазамын мен сени сырларымда. Күнү-түнү сен деп жашадым ардагым, Жашадың сен менин ырларымда. Айнура, Ош
ОП-191-38. Нурлан Насипке: Сезимдер байкалбастан сени эңсейт, Сагыныч бир башкача жүрөк эзет. Арбалып карегимден жашым агып, Күнү-түнү сен жөнүндө кыял ээлейт. Айнура, Ош
ОП-191-39. Нурлан Насипке: Күндөрүм айга байланып, Жашап жатам аргасыз. Үмүт отун сындырбай, Күтүп жүрөм санаасыз. Айнура, Ош
ОП-191-40. Нурлан Насипке: Мен сен үчүн бүт ааламды тартуу кылам, Мен сен үчүн бүтпөс дастан жазып чыгам. Мен өмүрдө тартуулаган махабаттан, Түбөлүккө сен үчүн арнап турамын. Айнура, Ош
ОП-191-41. Нурлан Насипке: Сезимдер жүрөгүмдү жаралап,Кыялым бир башкача жай алат. Ойлорумду ээледиң, кыялым кошуп, Мына минтип өзүмдү жалгыз сездирип. Айнура, Ош
ОП-191-42. Нурлан Насипке: Арбалып сени күттүм күнү-түнү, Ардактап жашадым мен бүгүн. Күнүмдүн мааниси болуп ар дайым, Жашайсың сен бүгүн жүрөгүмдө. Айнура, Ош
ОП-191-43. Нурлан Насипке: Ар дайым ниет кылып таң атып, Бул жашоо эң бир кооз көрүндү. Ачык болуп ар бир баскан кадамым, Сени сүйдүм башкаларга айтпадым. Айнура, Ош
ОП-191-44. Нурлан Насипке: Өтүп жатат зымырап, Күздүн суук айлары. Сени коргоп ошол күн, Кайрылып кайра келе жатат. Айнура, Ош
ОП-191-45. Менин саламым Нурлан Насиптин күйөрманы Айнура, Ош, менден ысык салам! Досуң Жазел 90
ОП-191-46. Нурлан Насипке: Күндөр өтүп, айлар өтүп арадан, Таза сезим күч алгандай кайрадан. Эрким менин намысыма баш ийбей, Сен деп жүрөм үмүт отун сондурбай. Айнура, Ош
ОП-191-47. Салам, "Обон"! Нурзада Жолдошева жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы? Дами
"Обондон" жооп: Бул тууралуу маалымат бергенбиз.
ОП-191-48. Тогуз-Торо районунун Кош-Булак айылындагы Жайнаны сүйөм. Бирок, ал муну билбейт. Эмне кылам? Жанына баргым келет. Бирок, бара албай өзүнчө кыйнала берем. Жайнагүл, мен сени сүйөм! Сени эч кимге бергим келбейт. Сырдуу жигит
ОП-191-49. Эмне болот бул дүйнөнү аралаган? Эмне болот жаш жүрөктү жаралаган? Олтуруп терең ойлоп таап алчы, Дүйнөдө эмне жакшы, эмне жаман? Айгиза
ОП-191-50. Саламатсыздарбы! Мен Мирбек Атабековго кат жазып жаткан кызмын. Менин каттарым барып жатабы? Жазира
ОП-191-51. Жан дүйнөмөн чыккан ыр саптарым. Жазира
ОП-191-52. "Обон", салам! Мурат мен сени сүйөм! Сени аябай сагындым. Алина
ОП-191-53. Салам, Ильяз! Мен сенин ырларыңды эргүү менен угам, талантыңды абдан баалайм. Сага чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Өнөрүң өкрүндөй берсин. Кыял
ОП-191-54. Салам, Тариел! Мен сизди абдан сагындым. Керме-Тоого келип, бир жума менин үйүмө мейман болуп кетиңиз. Кайра Бишкеке кетесиз да. Эмне дейсиз? Жообуңузду "Обон" аркылуу күтөм. Көчкөнбаева Элгиза 92
ОП-191-55. Салам Тариел сизге арналат: Каратай көзүңө, кантип карайм өзүңө, Сен деп келген сезимим, өчпөйт го бул өмүрдө. Карааныңды издеймин, Жалгыз гана сиз деймин. Жылдыздуу сүйкүм келбетиң, Кетпейт го чиркин элесиң. Мончок, мончок жаш агып, Жүрөктө сүйүү так калып. Өмүрүм өтүп баратат, Жүрөгүм сен деп тажатат. Түшүмө кирип түндө да, Түңүлдүм ушул түшкө да. Кол жетпей калам мен сага, Кол сунсам карап сен мага. Сезимим сен деп ыр жазса, Жүрөгүм сен деп кыйнаса. Табышмактуу тагдырдын, Кантип чечем бул сырын? Карегиңе кадалып, Качан турам арбалып? Кучагыңа курчалып, Качан турам уурданып?Жолугушаар күнүбүз келээр биздин, Жодураган көздөрүңдү көрөм сенин. Жолуңду карай берем, сени күтүп, Жолугушаар күндөн үмүт үзбөй. Көчкөнбаева Элгиза 92
ОП-191-56. Салам, Тариел! Сизге арналат: Сүйөм дегенден талыбаймын, Супер сүйүүмдү сага арнаймын. Жаным, жаным менин ардагым, Мен сени чындап сүйөмүн. Көчкөнбаева Элгиза 92
ОП-191-57. "Обондун" жалпы эмгек жамаатына ысык салам жана сиздерге чоң рахмат айтабыз. "Обонду" дайыма калтырбай окуйбуз. Ар дайым сиздердин супер смсчиңер болуп жүргөнгө даярбыз деп супер смсчи Накулянын жана табихат сырдуу Алтынайдын атынан. Сиздерге чын дилден рахмат! Жазел 90
ОП-191-58. Кумир менен баарлашууга Гүлшайыр Садыбакасованы чакырыңыздарчы?! Жазел 90
ОП-191-59. Урматтуу кыргыз элим, Алмазбек Атамбаевди колдоңуздар! 0771504ххх
ОП-191-60. Ильяз, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм! Аллахты улуктаган ырыңыз жок, жазып берем ырдайсызбы? Нур kg
ОП-191-71. Аман болгун, кыргызым! Кыргыз десе керилген аска зоолор. Кыргыз десе ак калпак башта болгон. Кыргыз эли аман болгун ушул бойдон. Сен үчүн ыр жазайын өмүр коштоп. Айнура, Ош
ОП-191-72. Байлыкка көз артпагын, суктанбагын, Байлык колдун кири ,сен аны унутпагын. Байлар дагы кээ бир кезде ыйлаарын сен эске алгын, урматтуу менин замандашым! Жазел 90
ОП-191-73. Сынбаган адам болбойт, Өзгөдөн артык душман болбойт. Жада калса жакын досуң кээ бир күнү, Өзүңө душман болот. Биз сыноо үчүн бул жашоого жаралганбыз. Туурабы күйөрман? Жазел 90
ОП-191-74. Салам, Тариел! Көрүнгөн адамга бирдик сала бербей, андан көрө ошол акчаңды кайрымдуулук фондуна бербейсиңби? Ошончолук эле бай болсоң, мага он сегиз жарым миң сом берчи. Контрагымды төлөйүн, мугалимден тил укпай. Көрөйүн канчалык кыйындыгыңды. Жазел 90
ОП-191-75. Тагдырым маңдайга жазылган, жүрөгүм нечен муздаган. Кабылып ак сүйүүгө тушалган. Мен неге мынча арбалгам. Жазел 90
ОП-191-76. Менин саламым Кочкор районунун Кара-Суу айылында жашап жаткан таятам Карагулга, сиңдим Нуризага жолдонот.87-жылкыларга да, салам! Апама, сиңдилериме, баарына салам! Ализа
ОП-191-77. Биз бир тууган групабыз, Эч кайгыга батпайбыз. Кандай нерсе болсо да, Дайым бирге жеңебиз! Жазел 90
ОП-191-78. Роза гүлүм, айтчы менин сырымды, жашырып жүрөккө сен сактабачы, Айтып берчи, угайын сүйүү баянын. Сүйүүдөн жабыркадым мен мынчалык. Жазел 90
ОП-191-79. Айдын шооласы нурун бир ачкан, Жүрөгүм жалгыз сен деп жашаган. Дале сүйөм сени деп айтсам,Ишенбей сүйүүмдү четке кагасың. Жазел 90
ОП-191-80. Табият тартуулап берген бир сулуулук бар экен го? Сенин ички дүнүйөң, жүрөгүң таза. Сага аппак кардай айтаарым бир, Сен ажарлуу жүзүңдү күн нурунан сакта! Жазел 90
ОП-191-81. Айдоочулукка жумуш издейм. Максат
ОП-191-82. Балдарым, Апал, Үсөн козуларым. Силердин 19жаш туулган күнүңөр менен! Силерге узак өмүр, бакыттын таттуусун каалаймы! Аксы району, Ак-Дөбө айылы, апаң Бактыгүл, атаң Жунус, эжең Анарка, сиңдиң Нуриза, чоң атаң Токтобек
ОП-191-83. Айпери, Кундуз, Айзат, Медина чейректериңерди жалаң "4" жана "5" деген баага тапшыргыла деп Айым
ОП-191-84. Чоң Алай районунун, Кашка-Суу айылынын тургуну кызым Өзгөнбаева Бегайым Жыргалбекованы 3жашка толушу менен куттуктайбыз. Бактылуу балалыкты ат-энең менен бирге өткөзүп жүрө беришиңди каалайбыз. 0770771ххх
ОП-191-85. Жаңы-Күч айылында окуган 10-класстын окуучуларына чоң салам! Алар: Айпери, Улан, Айзат, Максат, Кундуз,Асек, Медина, Бексултан, Айбек, Кылыч. Классташыңар Айым
ОП-191-86. Сүйүү бакыт, сүйүү арман махабат, Баардык сүйүү кан жүрөктөн башталат. Ал жүрөккө учту найза сайылса, Ошол бакыт, ошол арман махабат. 0773029ххх
ОП-191-87. Менин кумир туткан адамым Гүлшайыр Садыбакасова жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, суранам! Жазел 90
ОП-191-88. Кыздар Тариелдин бирдигине алданбагыла. Ал-алдамчы адам. Жазел 90
ОП-191-89. Нарын областынын Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында жашаган атам Өмүрбекке, апам Айгүлгө жана иним Мухаммед Алиге, сиңдим Айпериге чоң салам. 0773943ххх
ОП-191-90. Күндөр өтөт жүрөгүмдү жаралаган, Өмүр Чиркин бир өзүңсүз өтүп жаткан. Жази
ОП-191-91. "Обондун" жалпы эмгек жааматына салам. Рахмат, Накуляга жана мени куттуктаган.
ОП-191-92. Адамдык сапатыңды баалай билгин, досуңдун кадырына жете билгин. Жазел 90
ОП-191-93. "Обон" салам, Кыргызстандыктар салам! Жазел сиздин ырларыңыз мага абдан жакты. Мындан ары дагы көптөгөн ырларыңызды жаза бериңиз! Алтынай 95
ОП-191-94. Капыстан көрүп калсам, алсам жерден, Көрмөксөн болуп башты ийем. Жүрөктү алоолонгон сүйүү отун, Сезерсиң бир күн келип жаным, эркем. Жайнагүл, мен сени сүйөм! Сырдуу жигит
ОП-191-95. Сүйөм, бирок сага айталбаймын, Сагынамын, санынычым жаза албаймын. Айлуу түндө кечкисин уктабастан, Жалгыз сен жөнүндө ойлойм дайым. 0779332ххх
ОП-191-96. "Обон", салам! Атам Курбаналы, апам Мусада жана байкелерим Төрөмырза, Курсантбек, Асан, Үсөнгө чоң салам! Карындашыңар Алина
ОП-191-97. Бир гана тилек тилейм жараткандан, Элесиңди бир көрсөм деп кайрадан. Андан башка эч нерсе керек эмес, Элесиңди карегимде бир өмүр сактасам 0773071ххх
ОП-191-98. Жүрөгүм кыйналды го, жаралатып алдым го, Билбедим кандай сезим, кыйын күнгө кабылдым. Сагынамын, ойлосом көзүмө жаш толот, Бирок, билбейм ал көз жашым арзыйбы? 0773071ххх
ОП-191-99. Салам, "Обон"! Дөмөдөлдүн 1995-жылкыларына чоң салам! Силер суперсиңер! Жаныбек 95
ОП-191-100. Ильяз байке, качан балалуу болосуздар? Рыся Акталаа
ОП-191-101 . Салам, менин туугандарым! Баарыңа ийгилик каалаймын. Ишиңер жүрүшө берсин. Элдияр 92
ОП-191-102. Салам айтам, Кыргызстаным, кыргыз жерим! Бардыгыңар бар болгула, кыргыз элим! Кыргызстаным бир өзүңдөн кагылам. Алыс кетсем Ала Тооңу сагынам. Элдияр 92
ОП-191-103. Салам! Жаңы таанышкан досторум, эмне жок болуп баратасыңар? Смс жазып тургула, унутпай! Элдияр 92
ОП-191-104. Салам! Менин досум Нурлан, келе жаткан туулган күнүң менен! Мен сага узун өмүр, бакыт-таалай каалаймын деп Элдияр 92
ОП-191-105. Үнүңдү угуп, сүйүп калдым, кантейин? Ишенбейм деп антпечи, сен антпегин. Күндө эстеп мен өзүңдү сагынып, Калдым окшойт ак сүйүүгө кабылып. Элдияр 92
ОП-191-106. Мен сен үчүн баардыгына даярмын, Сүйөмүн деп айтпасаң мен капамын. Айласыздан кетсең, бирок башкага, Жүрөк ыйлап сени эстеп каламын. Элдияр 92
ОП-191-107. Менин биринчи сүйүүм, сени эч качан унутпайм. Казарман 94
Оп-191-108. "Обон" салам! Жашоодо жыгылсам тургузган, кыйшайсам түзөгөн, өйдө болсом өбөк, ылдый түшсөм жөлөк болгон жарыгым, асылым, карегим апам Жакыпова Берметке салам айтам.Эч качан оорубаңыз. Балдарыңыздын чайын ичип, дайыма аман болуңуз, апаке! Жаңылай Өзгөн
ОП-191-109. "Обон" салам! Кайгылуу ырлардын ээси Гүлжигит жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, чын жүрөктөн суранам! Жаңылай Өзгөн
"Обондон" жооп: Биз Гүлжигит тууралуу маалымат бергенбиз
ОП-191-110. Мен алты жылдан бери бир баланы сүйүп, азап чегип келем. Ал менен урушуп кеткениме сегиз ай болду. Ал азыр Россияда. Бирок азыркыга чейин унута албай ,кыйналамын. Аны эстеген сайын ыйлап, өзүмдү-өзүм өлтүргүм келет. Дияна
ОП-191-112. Салам "Обон"! Мен Ильяз мырзага: ушул ырга обон жаратса болобу деген суроо менен. Асырай албай сүйүүмдү, Сагындым сенин жүзүңдү. Адашып таттуу сүйүүмдөн, Арманда жүрөк өксүйбү? Арманым жаным, Айрылып калдым. Неге сен мени кыйнайсың, жаным? Сагындым сени, кусалык жеди. Жүрөгүм ооруп, күтөмүн сени. Айлуу түн болуп жан шерик, Издеймин сени түн безип. Кусалык кыйнап жүрөктү, Сагындым сени, кел эми. Кадамжай району
ОП-191-113. Салам, Кыргызстандык мекендештер! Ар дайым бар болгула. Баби 96
ОП-191-114. Амансыңбы, Кыргыз калкым? Апам "Обон" гезитин силерден ала келиптир. Шайлоо жакындап калыптыр. Эгер мен мекенимде болгонумда 34см баракка эч кимисин шайламак турсун, чоң кылып үч тамганы жазып, астына "Жепсиңер" деген сөздү кошуп коймокмун. Россия, Новый Уреген шаары. Бизде болсо жаңылык кыйынчылык, азап тартмай. +790282013ххх
ОП-191-115. Салам, "Обон"! Досторум Гуляга, Айкага жана Айжамалга чоң салам. Алина
ОП-191-116. Салам, Тариел !Мени тынч койчу. Сен кимсиң, мен сени тааныбайм. Сенин Жанус, Розаңды да тааныбайм. Билем, мурда Роза досум болчу. Бирок, азыр аны менен эч кандай байланышым жок. Жази
ОП-191-117. Аккуу болуп учуп кеткен элесиңди. Сен дегенде, сен кайрылып келесиңби? Мен өзүңдү чын жүрөктөн сүйө берем, Ак сүйүүмдүн кадырына жетесиңби? Элдияр 92
ОП-191-118. Бишкек шаарынын тургуну Азатты 6-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Кааларым узак өмүр, ден-соолук, ийгилик, бактылуу бол! Нури
ОП-191-119. Айгерим, мен сени чындап сүйөм! Сенсиз жашай да албайм. Сен бул дүйнөдөгү эң сулуу бийкечсиң. Сенин окууңа албан-албан ийгиликтерди каалайм. Дайыма бар бол, аман бол!Ден-соолугуң чын болуп, узак өмүр жаша! Мен сени дайыма урматтап келем. Сени сүйгөн Төлөмүш
ОП-191-120. Салам! Мага "Жоготулган жылдар" деген Түрк сериалындагы Эсмердин образын жараткан актёр жөнүндө маалымат берип койуңуздарчы сураныч. Дияна







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??