п»ї

  Ой да созгон үнүңдөн

Айтылуу Атайдын "Ой-булбулун" Уккулуктуу үнү менен созолонто ырдаган ырчы кызыбыз Мээрим менен күүгүм кечте сырдашып отурдук.

Мээрим Карыпова
Г.Асанова "Гран прини жеңип алган ырды буга чейин мен ырдап жүрчүмүн"
- Корифейлердин бири Советбек Жумадыловду элдер канчалык бийиктетсе да, өзү жер менен жуурулушуп жөнөкөй болуп турчу дешет. Жөнөкөйлүүлүктү сактап калыш сен үчүн?
- Адамды жылкы мүнөз деп бекеринен айтышпайт экен. Жөнөкөй адам эч качан өзгөрбөйт деп ойлочумун, бирок бийлик, мансап, атак-даңк адамды бир заматта кулк-мүнөзүн бүтүндөй өзгөртүп коёт тура. Азыр карапияр деген бар ошондон атыңды таанытып алсаң болот деп кеп-кеңештерин берип калышат. Ошентип элге таанылуу тескерисинче кийинчерээк элди иренжитип жиберет. Ал эми жөкөйлүүлүктү кармай албай өзгөрүүдөн кудайым сактасын.
- Мектептеги кызыктуу окуяларың болбой койбосо керек?
- Мектептегилер мени 6-класска чейин билинбей кирип, билинбей чыккан Мээримди билсе, андан соң менде чоң өзгөрүүлөр пайда болду. Баягы жоош мүнөздүн ордуна жемин жедирбеген өзүнө тың Мээрим чыга келди. Ал убакта мугалимдин балдары авторитет кармап жүрөт эмеспи. Менин ата-энем карапайым адамдар. Алгебра сабагынан берген мугалимдин кызы намысыма тие турган сөз айтты эле, мектептен сырткары жекеме-жеке чыктык. Апам чачымды экиге бөлүп өрүп, бантик тагып коёт болчу.Менин эң аярлуу жерим чачым болгондуктан, чачымды жулганына чыдабай дароо бетин аймап салдым. Бетинде менин тырмагымдын изи калып калган. Класс жетекчибиз мугалимдин кызына болушуп, мени урушуп койгон эле. Ошол бойдон кыздардын көзүрү болуп, биздин класстын кыздардын атаманы болгом. Кээде ачуума тийген балдарды да сабап койгон күндөрүм болгон. Кыздардан караганда балдар 2 жылга кеч жетилет эмеспи. 11-класста мен сабаган балдардын бойлору өсүп, Мээрим, сенден да таяк жеп жүрдүк ээ деп калышат.
- Жеке жашооң эмнелер менен бай, эмнеси менен кызыктуу?
- Мен 3-курсумда жолдошум Турат экөөбүз баш коштук. Кесиби архитектор болсо да абдан чыгармачылыгыма түшүнүү менен мамиле кылат. Архитектура деле искусствонун бир түрүнө кирет эмеспи. Негизи чыгармачылыктын чыйыр жолун тандаган айымдарга өтө кыйын. Көпчүлүк таланттуу айымдар карьера деп үй-бүлөсүнөн баш тартканын учуратып эле жүрөбүз. Мен үй-бүлөнү жана чыгармачылыгымды бир нукта алып келе жатканыма кудайга миң мертебе шүгүр дейм. Себеби түшүнүктүү өмүрлүк жарга туш болгонум менин бактым ошо. Эгер чыгармачылыма бөгөт койсо мен талантымды кечип коюуга да даяр элем, себеби үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда турат. Уулубуз Куштар-8 жашта, кызыбыз Аэлита-3 жашта.
Менин мүнөзүм бир калыпта, токтоо жүрөм. Элдер мени бой көтөрмө деп ойлошот. Өзүмө жаккан адам менен гана сырдашмай жайым бар. Студент болуп жүргөндө мен агамдын үйүндө турчумун. Дискотека, отуруш дегенди билбей, окууну бүтүп кеттим. Себеби агам катуу кармачу.
- Бир ырды бышырып ырдап чыгууда кандай кыйынчылыктарды жеңе билесиң?
- Ар бир ыр менен жашап, элдин жүрөгүнө жете тургандай ырдалыш керек, профессионалдуулукту сакташ керек. "Карагул ботом" дастанын жеткиликтүү ырдаган Ашыралы Айталиев элдин эсинде болсо,андан соң бул дастанга жаңы өмүр бергеним мен үчүн сыймык.
- Устаттан шакирт демекчи сени ушул даражага жеткирген устатың тууралуу билсек?
- 3-классымда Ысык-Көлдө болуп өткөн "Жаш таланттар" конкурсунан биринчи орунду алгам. Роза Аманова менин ырдаганымды жактырып калыптыр. Ал кезде Роза эженин аты чыгып, популярдуу болуп турган кези эле. Башка конкурсанттар Роза эжени айланчыктап, таанышып учурашып жатышкан. Менде андай мүнөз жок болгондуктан бурчта турдум. Башкаларчылап алдым-жуттум мүнөздө эмес экенимди байкап, өзү келип: "Сен жакшы ырдайт экенсиң, мен сени ата-энеңден сурап чыгармачылыкка тарбиялайм"-деп калды. Менин жетекчимден сурап, бир жума гастролдоп жүрдүк. Ошол күндөн бери чыгармачылыктан таалим-тарбия берип келүүдө. Менин да азыр бирин-экин тарбиялаган шакирттерим бар. Негизи устатты сыйлоо керек, себеби сенин бүгүнкү күндөгү өнөр адамы болуп жетилишиңе албетте устаттын кошкон салымы зор. Эженин кадыр-баркы жогору.
- Роза эже менен Гүлнурдун ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу эмнелерди айта аласың?
- Мен алар тууралуу сөз кылууну каалабайм. Ал эми Гүлнур Асанова "Түшүмдө" деген ыр менен гран-прини жеңип алган ырды мен буга чейин ырдап жүргөм. Мен кандай ырдасам ошондой маанайда, мимикасынан бери үйрөтсөм, мына эми ошол ыр Гүлнурдун багын ачып, баш байгеге эгедер кылып отурат.
- Алгачкы ийгилигиң тууралуу айта кетсең?
- Москва районундагы Ак торпок айылында окуп калдым. Кара-Балта шаарында чоң конкурс болду. Мен айылымдын намысын коргоп, тез аранын ичинде комуз үйрөнүп Токтогулдун санат насыятын ырдап чыгып, алгачкы жолу гран приге ээ болгом. "Бысмылда" деп эң алгачкы ыйык сахнанын босогосун аттаганым байгелүү болду деп күлүп калам.
- Ноокатта болуп өткөн Уркуя Салиеванын 100 жылдыгында "Ой, булбулду" ырдап калыстар тобунун чечими боюнча биринчи орунга татыдың, конкурста калктын айтуусу боюнча гран-прини жеңе тургандай ырдапсың буга сенин көз-карашың?
- Бул конкурста бир ыр менен гана чектелип калдык, убакыттын тардыгынан көпчүлүгү чыныгы талантын таасын көрсөтө алышпады. Конкурста күлүктөрдүн күлүгү суурулуп чыккандай эле кеп да. Калыстар тобу күчтүү атаандаштарды четтетип койгону өкүнүчтүү. Талаш-тартыш менен акыры байгелерди бөлүштүрүштү. "Ой, булбул" чындыгында Атайды Атай кылган ыр экени талашсыз. Оор чыгармалардын бири, жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дегендей, балким элдин кабылдоосу боюнча чындыгында ошондойдур. Эл тараза эл сынчы деп бекеринен айтылган эмес да.
- Темага байланыштуу ыр ырдалышы шарт деген талапты аткарбагандардын арасында сен да бар экенсиң, ушул боюнча эмнелерди айта аласың?
- Бишкектеги турда темага байланыштуу ыр ырдалыш керекпи деп сураганыбызда, Айбек Карымов: "Салттуу музыка фольклор болгон соң эркин темада ырдасаңар болот"-деген. Эки аймакта эки анжы ойлор айтылууда.
- Биринчи орунга ээ болгонуңда кандай сезимге туш болдуң?
- Менде эч кандай деле толкундоолор болгон жок, себеби алдыңкы орундарды багындыруу көнүмүш адат. Мындан 3 жыл мурун дастанчылык өнөр боюнча гран приге татыктуу болгом. Мен консерваториянын "Салттуу музыка жана фольклор" бөлүмүн аяктадым. 5-курсту аяктап жатып, мамлекеттик экзаменде Атай Огомбаевдин "Ой, булбулун" ырдагам. Ушул ырым менен биринчиликте 1000000 сомдук байгени жеңдим.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??