п»ї

Сиз жактырган бийкечтин оозу сасык болсо эмне кылат элеңиз?
"Сиз бир кечеде отуруп, маңдайыңызда ушундай татынакай кызды көрүп жактырып каласыз. Сулуу кыз менен таанышууга ашыгып, бийге чакырасыз. Жаңы эле бийлеп баштаганда, кыздын оозу ушунчалык сасык болот, ошол учурда абалдан кантип чыгат элеңиз?" деген суроо менен жигиттерибизге кайрылып көрдүк.


Айбек Тамашоу 2 Рота командасынын капитаны:
"Ушундай бир "французский поцелуй" кылмакмын"
Ушул жерден ушундай бир "французский поцелуй" кылмакмын, бери тартып туруп. Дагы эмне кылмак элем, чоң кыз кечирип кой, аялым бар эле деп кетип калмакмын, акырын. Же болбосо акырындап "на растояние" туруп алып бийлеп баштамакмын да. Анан оозуң сасып атат деп кантип айтмак элем. Же мындай, мен да айтып бере баштамакмын сен кафеде отурасың да депчи. Анан кафеде отурсаң, бир бала келип калды да, анан сен ошо бала менен аябай бийлеп жатасың да. Анан эле ошо баланын оозу сасык болсо эмне кылат элең деп өзүнөн сурамакмын кайра.


Байыш Момунов ырчы, тамада:
"Сасык кыздар менен сүйлөшпөйм"
Андай сасыктар менен сүйлөшпөйм. Чоң кыз оозуңду жууп аласыңбы демекмин. Дагы капа болбогондой кылып жакшынакай сөздөрдү айтып, эми чоң кыз өзүң ушундай татынакай сулуу кыз болгондон кийин, оозуңузду караңыз же болбосо "дирол" чайнаңыз демекмин


Азамат Арыков актер:
"Кулагына шыбырап абалдан чыкмакмын"
Эми андай учурда түртүп кетип калсаң болбойт да. Негизи андай учурлар кездешкен. Эми кулагына бир нерсени айтымыш болуп, кайра кулагың менен анын оозун тыңшап атып, ыр бүткүчө ошентип өткөргөн учур болгон. Анан чөнтөгүңдөн сагыз алып чыгып берсең уят кылган болуп каласың да. Тыштап кете албайсың, сагыз бере албайсың, сагыз болгон күндө деле. Чөнтөгүмдө коньфет же шоколад болсо алып чыгып бермекмин, бирок сагыз эмес. Ошо кулагына шыбырап эле абалдан чыкканга аракет кылмакмын.


Эркин Эгенбердиев ырчы, актер:
"Ушундай бир жыт бузуп жатат демекмин "
Ачык эле бир деме жеп алчы демекмин. Билбейм эми жүрчү бул жакка деп бир нерсе жедирет белеем, же оозуна сагыз салып жиберет белем билбейм ошондой кылып чыкмакмын эптеп. Же мойнумду буруп алып бийлейт белем, билбейм. Же аябай кучактап алып моюн жагына кирип алып, кулагына шыбырап сүйлөшмөкмүн. Чоң кыз кандайсыз, таанышып алсак болобу деп. Же "намек" кылмакмын карачы айлана чөйрө кандай кооз, кандай жыттуу болгону бир эле жыт бузуп жатат деп. Маңдайымда бир келишкен маралдай кыз турат ошондон да бир жыт чыгып жатат деп баштамакмын. Карачы баары жасанган, мени карачы кандай шым, кандай көйнөк, сенчи, чачыңды карачы кандай сонун, кандай сулуу болгону бир эле жыт ушундай бузуп жатат демекмин. Ошончолук эле келесоо болбосо түшүнмөк да. Кыз деген назик болот да, анан назиктигине байланыштырып сүйлөмөкмүн. Атың аябай жакшы экен, Перизат деген бирок бир затың жакшы жыттанып атат, карачы тиги гүлдү үйлөп көрсөң деп үйлөтүп көрмөкмүн. Үйлөсө ал гүл соолуп калган деп кой.


Акыл Ирсалиев ди-джей:
"Жүрү тиш доктурга барабыз дейт элем"
Чөнтөгүмө акырын колумду салып сагыз алып чыгып туруп оозуна салып коймокмун. Же болбосо эгерде өзүнүн ой жүгүртүүсү күчтүүрөк болсо анда сунуш киргизмекмин. Жүрү эртең тиш доктурга барып тиштерибизди каратып, дарылатып келебиз деп айтмакмын. Эгерде ой жүгүртүүсү күчтүүрөк кылса, ал дароо эле түшүнмөк да. Мындай учурга кабылган эмесмин, кабылбай эле коёюн. Эгер кабылып калсам, ушундай сунуштарды киргизип көрмөкмүн. Эгер такыр эле түшүнбөй, болбой койсо, ачык эле айтмакмын. Ачык сөздө айып жок да. Билип алганы өзүнө жакшы да, кийинкисине. Негизи кемчиликсиз адам болбойт, ар бир эле адамда кемчилик болот. Анан ал нерселерди өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк бар да. Адам кааласа таштан суу чыгарып, такырга гүл өстүрөбүз да, анткени биз адамбыз.




  Талапкерге ашык кат

Ажо болбой калганыңыз үчүн арданам

Канчалык өзүмдү-өзүм тыйсам да көз алдымдан кырдач мурдуңузду, адамдын сөөгүнө чейин жеткире караган бүркүттүкүндөй болгон курч көз карашыңызды унута албай койдум. Бул көз караштан далай кол астыңыздагы кызматкерлер корксо, а мен болсо күндөн күн, жылдан жыл алмашкан сайын сезимим күч алууда. Балким, башка бирөө үчүн сиз жөн гана кесиптеш, жубай ата болсоңуз, мен үчүн жерде жанган жылдыз болчусуз. Мен сизди сүйүп жашаганы үч жолуу катуу ардандым. Биринчиси- Ош окуясында кандуу кагылыштын аягына чыкпай кетип калганыңызда. Экинчиси- "Ата-Журт" партиясынан чыгып, депутат болбой калганыз үчүн. Ал эми, үчүнчүсү- Кыргыз Республикасынын ажосу болбой калганыңыз болду. Арданганымдын себеби, сиз эл үчүн жаралган адамсыз. Андыктан элге кызмат кылышыңыз керек эле. Жакын курбуларым сизди өтпөй калды десе, кадимкидей бакырып ыйлагым келди. Суранам, Өмүрбек мырза, мындан кийин кандай шайлоого барсаңыз да өткөнгө аракет кылыңызчы. "Катани" деген даңкты булгабаңызчы. Себеби мен курбуларымдын алдында ардануудан, уялуудан тажадым. Мага эмне жок десеңиз, мынчалык күйгөндөй. Же сиз мени тааныбасаңыз… Бирок, мен сизди тааныйм. Билесизби сиз "Ата-Журт" партиясынын шаардык штабынын 5-кабатынан түшүп келе жатканыңызда, мен кокусунан астыңызда чыгып баратып бутумдагы туфлимди чечип алгамын. Ошондо сиз улуу башыңызды кичик кылып , менин кир туфлимди жийиркенбестен бутума кийгизгенсиз. Ошондогу сиздин жылуу колдоруңуздун илеби азыр да эсимден кетелек.
Ардануудан тажаган
Айсалкын, Нарын










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??