п»ї
 Таанышуу жарыясы


Кыргыз маданиятынын душмандары кимдер?
Концертке барбайлы, же тойлордо отурбайлы "Азыр кыргыз маданияты бузулду", - деген сөздөрдү угуп калабыз. Ошондой кептерден улам, "Кыргыз маданиятын өркүндөтүүнүн ордуна артка тартып жаткан кыргыз маданиятынын душмандары кимдер?" - деген суроо менен ар тармактын өкүлдөрүнүн ойлорун уктук.

Күмөндөр, куудул:
Нурбек Эген, Актан Арым кубатка окшогондор кыргыз маданиятынын душмандары
- Муну бир сөз менен айтуу кыйынга турат. Маданиятка көңүл бурбаган, парламентибиз, өкмөтүбүз, ошол эле президентибиз баш болгондор күнөөлүү болот. Бул бир эле артисттердин же киночу, сүрөтчүлөрдүн колунан келе турган иш эмес. Жалпы эл жапа тырмак маданиятты көтөрүп, жок дегенде үн кошуп туруш керек. Артисттерди артисттей, эстраданы эстрададай иргеш керек. Фонограмманы жоюп сала турган болсо, фонограммасыз ырдаганга шарт түзүп, эстрада театрын ачып бериш керек. Аппаратурасын алып бериши зарыл. Ал жакта режиссёр, аранжировкачы, акындардан түзүлгөн эксперттер болсо дурус болмок. Кыргыздын колоритине жатабы жатпайбы, элди ээрчитиш керек. Проза поэзия болобу, баарын электен өткөрүп, улуттук идеологияны тактап,улуттук идеологияны жакшырта турган шарттарды түзүп беришсе. Кыска юбка дегендерге кыргыздын улуттук кийимин кигиле деп маданиятты үйрөтсө эмнеге болбосун. Кыргызды жапайы кылып Актан Арым Кубаттын "Свет аке" деген киносунда "Төө чечмей" деген абийири жок кишилерден келген оюнду кыргыздын салты кылып тарткан кинолорду токтотсо болмок. Аларга эмне, төө чечмейди тартып койсо батыштын элдери жапайы экениңерди өзүңөр моюнуңарга алып атасыңар деп албетте сыйлык берет. Жанагы Нурбек Эгендин "Аталар керээзи" деген киносунда француз келин алып келсе, аталары мылтыгын алып чуркаган үчүн кичи оскарды берди да. А кыргыз эч качан башка улуттан аял алып келгенге мылтык ала чуркамак турсун, унчуккан эмес. Кыргызда генетика илими өнүккөн үчүн бири-бирине үйлөнбөй, ошон үчүн канды жаңыртып туруш керек деп илгери эле билген. Кыргыз маданиятынын душмандары ошолор.


Турсунбек Акун, акыйкатчы:
Бек Борбиевге окшоп бой көтөргөндүн баары маданияттын душмандары
- Композиторлор, жазуучулар, режиссёрлор тарабынан жасалмалуулук. Будамайлап, элге көрүнүп алып, атым чыксын дегендер- маданият душмандары. Чыңгыз Айтматовдукундай чыгармалар жазылбай калды. Биздин жазуучулар мыкты чыгарма жазгандын ордуна жазуучулар союзунун жетекчилик кызматын талашып, үч төрткө бөлүнүп калышты. Улуу жазуучулар Ч.Айтматов, Т.Касымбеков, М.Ауэзовдор антип кызмат талашкан эмес. Наам аларга өзү келген. Ырчылар деле эки-үч ыр ырдап жылдыз оорусу менен ооруп калып атышпайбы. Гүлнур Сатылганова сыяктуу элге таанымал өзүнүн жүзү бар ырчы болсо го жакшы. Анан эки ыры менен "жылдызмын" деп бой көтөргөн ырчылар да маданияттын душмандары. Ырчылар Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов, Дарика Жалгасыновалар көтөрүлбөй эле жүрүшпөйбү. Анча-мынча байып кетсе, мерседес машине минип адамга салам бербей калып атышат. Башканы айтпай эле коёюн, ошол эле Бекке окшогон жигиттер кандай таланттуу эле. Азыр адамга да нормалдуу салам беришпейт. Бир жолу чач тарачка чачымды кыскартайын деп барсам Бек Борбиев да ошол жакта отуруптур. Кара көз айнек тагынып алып саламдашпайт. Илгери арык кезде кичинекей эле жаш бала эмес белең, кара көз айнек тагынып алсаң эле киши тааныбай каласыңбы?! - деп катуу уруштум. "- Экөөбүз тааныш белек, же сиздин тууганыңыз белем? Эмнеге саламдашам?!" - дейт. - Сөзсүз түрдө эле тааныш керекпи. Бектин чыгармачылыгы жакшы. Бирок, чыгармачылыгы менен жүргөн сапаттары келишпей атпайбы. Анан ырчылар бажынын начальниги болом дейт. Бул уят да. Качан Жумамүдүн Шералиев, Ырыспай Абдыкадыровдор бажынын начальниги болом деп кызматка жүгүрчү эле. Бек Борбиевге окшоп бой көтөргөндүн баары маданияттын душмандары.


Жамал Сейдакматова, КРнын эл артисти:
Маданияттын душмандары деп биздин бийликти айтыш керек
- "Көч бара-бара түзөлөт" - дегендей эле азыркы маданиятта болуп жаткан терс көрүнүштөр убакыт сааты келгенде бир нукка түшөт. Маданияттын душмандары деп биздин бийликти айтыш керек. Коомдо жаман көз караш болуп атабы. Акчабыз болсо болду деп атат.


Эгемберди Эрматов, ЖК депутаты:
Угармандардын табитин бузган обончулар маданият душмандары
- Кыргыз искусство, маданиятынын душмандары кыргыз маданиятын артка тартып аткандар. Алардын ичинде мамлекеттик кызматта иштегендер, бийликте отургандар да бар. Алар кыргыз искусствосун 20 жылдан бери искусстводо да, маданиятта дагы орду толгус жоготууларды алып келди. Батыштын искусствосу келип кыргыз маданиятынын айдыңында кеңири тарап кетип, жаңы өсүп келе жаткан жаш музыканттарыбыз кыргыздын ыргагын, обонун жоготушту дагы батыштын кургак ритмдерин алып келип, угармандардын табитин, жүрөгүн бузушка түрткү болду. Ошолорду кыргыз маданиятынын душмандары деп ойлойм.


Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын:
"Жинди улактай секирген,
Жин ургандай чечинген - маданият душманы!"
Компьютерден үн жасап,
Каалагандай түр жасап,
Жинди улактай секирген,
Жин ургандай чечинген,
Батыш жакты туураган,
Башканыкын уурдаган - Маданият душманы!
Кыялдары кирдеген,
Кыргыз кийим кийбеген,
Атай, Муса ким? - десең,
Акимби? - деп билбеген,
Мааниси жок сөз жазган
Майрам тойго көп баскан,
Жылдызмын деп уялбай,
Жылдыздарга төш каккан - Маданият душманы!
Сый жерлерге барышкан ,
Сыны менен жагышкан.
Сыбызгыча үнү жок,
Сыйлыкты сатып алышкан - Маданият душманы
Мансап үчүн келгендер,
Майрам күткөн мергендер,
Татыктуусун калтырып,
Татыксызга бергендер ,
Баалабай залкар ойлорун,
Баткакка салып колдорун,
Өнөрпоздорду унутса,
Өзгөчө анда чоңдоруң - Маданият душманы!

Майрамбек Осмонов, обончу:
Кошоматчы чыгармачыл чөйрө
- Маданияттын душмандары- "халтурщик" обончулар, "халтурщик" ырчылар, "халтурщик" акындар да. Алардын ар бирин эл жатка билет. Таланты жок бирок таанышы көп кошоматчы чыгармачыл чөйрө -кыргыз маданиятынын душмандары.


Бйшенбек Бекешов, тележурналист:
Батышка көшөкөрлөнгөндөр - маданият душмандары
- Кыргыз маданиятынын душмандары деп батыш жылдарын айтат элем. Батыш жылдар деген сөз, батыштын менталитети менен жашап, кыргыз тилин унуткан, кыргыл тилин билейин да дебеген ,кыргыз элинин наркынын эч нерсесин билбеген маңкурттар, "Аталар керээзи" деген Нурбек Эгендин киносу өңдөнгөн маңкурттар, кыргыздын жакшылыгын чанган, эски салттарын "хлам" деп, талаада калган таштанды деп эсептегендер-кыргыз маданиятынын душмандары. Кыргыздын баалуулугун көрө албагандар, батышка көшөкөрлөнүп, аларды сыйлагандардын баары кыргыз маданиятынын душмандары.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??