п»ї

Табышмактуу 48 & 49
"Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер" дегендей кыргызымдын кыраан уулдары "48" ден "49" га караган курагында каза болгондору таң калтырат.

Акын Жолон Мамытов
"Ырларында философиялык ойлор камтылган"
"Ажал менен сулуулук" аттуу ырынын " Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче, Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз" деген саптары сулуулуктун символу, сахна ажары Таттыбүбүгө арналган. Бул ыр айтылуу акыныбыз Жолон Мамытовдун калемине таандык. "Отту сүйөм" деген ат менен китеби да жарык көргөн. Жолон агайыбыздын жубайы да акын Меңди Мамазаирова экени жалпыбызга маалым. Эки жаштын сүйүүсүнө ата-энелери каршы болгондуктан, " Күзгө калган жалбырактын өңүндөй, Ажарыңан азууда ден-соолугум" философиялык ойлор камтылган "Арноо" деген аталыштагы ыр жубайы Меңди эжеге арналган экен. Кийинчерээк бул ырдын багын ачкан ырчылардын пири Ырыспай "Издейм сени" деп калың журтка таанытты. Меңди Мамазаирова да кыргыз элине таанымал журналист, прозаик. Ал лирика саптарынан ыр курап, "Кайгыдан сага тургуздум эстелик" аттуу китепти жолдошу Жолонго арнаган. Кыргыз поэзиясында өлбөс-өчпөс изи бар, өзүнүн ордун тапкан акын Жолон Мамытов 48 жаш курагында о дүйнөгө сапар тартты. Кыргыз адабиятында бир жылдыздын "жарк" деген учкуну бир заматта "жалп" деп өчтү.


Турар Кожомбердиев
"Сары-Булактын сары акыны келе жатат"
"Адам жоктур мага сугун артпаган, акын жоктур сени жоктоп жазбаган" дегендей, кыргызымдын чыгаан уулу, кыргыз поэзиясынын баштоочуларынын бири, залкар акын Турар Кожомбердиевди эскергендер көп болду. Турар Кожомбердиев 30 жыл бою ырдын кенин казып, далай жакшы ырларды жараткандыктан адабият даанышманы Аалы Токомбаев: "Турардын ырлары-бул таланттын берекелүү энчисинен элге берилген сонун шыбага-бул калк кенчи, Ата Журттун түбөлүк гүлазыгы дегендери Турардын элге кылган эмгегинин таасын баасы болоор" деп эскерген. Акын мойтоңдоп куурай ташып жүргөн 4-5 жашында эле апасы: "Сары-Булактын сары акыны келе жатат" деп оозго салып койгондой айта берчү экен. Акындын кереметтүү ырларына мукамдуу обондор жаралган. Азыркыга чейин классикага айланып калган "Күн чыгышым" аттуу ыры коомчулуктун көмөкөйүндө сыбызгып, муундан-муунга ырдалып келет. Акындын көөнөргүс талантына зор салымын кошкон ашыгы Гүлжамал болгон дешет. Турар агай "Кызыл алмасын" ушул сулууга арнаган экен.


Асанкалый Керимбаев
"Махабаттын жарчысы"
Асанкалый Керимбаев өмүрү кыска болсо да, элине көөнөрбөс обондорун калтырып кетти. "Асанкалый-махабаттын жарчысы" деп бекеринен айтышпаган чыгар. Себеби, А. Осмоновдун "Сулууга", А. Токомбаевдин "Муңдашым Мунар кайдасың?", О. Султановдун "Ак булуттарын" жана башка ыр кайрыктарын созсо, аргасыз ойго чөмүлөсүң. Обончунун терең ойлуулугу, образдуулугу, мукамдуу лирикалуулугу, сыйкыр аваздык боёкторунун көп түстүүлүгү менен башкалардан айырмаланат. Ал эл оозуна алынып турган учурунда да бой көтөрбөй жөнөкөйлүүлүгү анын ашынган адамгерчилигин көрсөткөн. Ошол эле убакта ачык айтып, ак сүйлөгөн, бирөөгө жасакерленип жагынбаган, алдым-жуттуму жок, кең пейил инсан эле. Ырларынын өзгөчөлүгү, обонунун түпкү теги улуттук элдик музыка менен ажарланган. Асанкалый мырза тубаса лирик-обончу. Анын кайсыл обонун укпагын махабаттагы өкүнүчтүү өксүүнү, кусаланган сагынууларды, шаттанган шаттыгын туясың. Асакең ырдаганда залдагы эл жанга жагымдуу үнүн берилип угушуп, жүздөрүн көз-жашка жуушчу. Ушундай таасирдүү муңдуу ырлардын эгедери Асанкалый Керимбаев 49 жаш курагында элин кайгыга бөлөп көз жумган.


Мелис Эшимканов
"Басма сөздү титиреткен Эшимканов"
Мелис Эшимканов журналистика жаатында өчпөс из калтырды. Бул инсанды жакындан тааныгандар өтө күчтүү "менеджер" болгон деп билишет. Азыркы таанымал журналисттердин көпчүлүгү "Эшимкановдун мектебинен" бүтүшкөн. Муну эч ким тана албайт. Ал эч кимден тайманбай ,кандай адам болбосун тилин таап, аны кадимкидей ынандыра билген дешет. Кыраакы журналист "Агым", "Асаба" гезиттеринде саясатчылардын былык иштерин ачык-таамай жаза алган. Саясатчылар Мелис агайдын атын укканда жүрөктөрү кабынан чыгып кетчүдөй болчу экен. Саясатка аралаша баштаганда көпчүлүк кесиптештери: "Журналист Эшимкановду жоготуп алдык" деп айтып да калышчу. Жаңы гана 49 га таяп, эми баралына толуп турган кезде, билек түрүнө калемин колуна алып, сүйгөн кесиби менен ишке өтөм деп турган учурунда, шашыла канат күүлөгөн ылаачын сымал , бу жалгандан эрте кош айтышты.


Даанышмандын ойчулдугу
Бир философ күчтүү болууну каалайт. Жараткан ага күчтүү болуш үчүн кыйынчылыктарды жиберет. Акылдуу болууну каалайт. Жараткан ага чечүү үчүн көйгөйлөрдү жиберет. Ийгиликке жетүүнү каалайт. Жараткан ага акыл-эс жана ой-жүгүртүү күчүн берет. Акыры сүйүү каалайт. Жараткан ага жардам берүүгө керек болгон кыйналган адамдарды жиберди. Жакшылык каалайт. Жараткан ага мүмкүнчүлүктөрдү жиберди. Ал каалаган нерселерди Жараткан ага берген жок, бирок ал каалаган нерселерге жетүү үчүн муктаж болгон нерселерди берди. Ошондуктан, азиз достор, жашооңузду коркпостон өткөрүңүз. Кыйынчылыктардын баардыгына туруштук берип, аларды жеңип чыгаарыңарга ишениңиз.


Динара Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??