Кино сын

Калемгер Данияр Исанов:
"Аларды көрүп убакытты уттурбайм, баары жасалма…"
60-80-жылдарда Союз кино жагына өзгөчө көңүл бурган да, материалдык жагын толук камсыздап жетише алган. Анан дагы бир таң калганым ошол 60-80-жылдарда кино эле эмес, музыка, театр, сүрөт, адабият, деги койчу бардык тармакта дүркүрөп өсүү, анан калса М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, С. Жаманов, Н. Кытаев, С. Күмүшалиева, А. Жанкорозова, Т. Турсунбаева, Т. Океев, Б.Шамшиев, М.Убукеев, С.Жумадылов, С.Чокморов, Б. Бейшеналиевдер бирдей келип, дүйнө жүзүнө кыргыздын жүзүн көрсөтө алышкан. Албетте, ошол жылдар ичинде тартылган фильмдердин ичинен бийигирээк деңгээлге чыга албай калгандары да бар, бирок эстетикалык татымдын илебин сезе алабыз.
Ал эми бүгүнкү күндө ошол үлкөн таланттарыбыздын дээрлик бардыгынан кол жууп калдык да, куураган кара курсактын айын ойлоп, акчаны, анан калса атакты башкы орунга коюп алып коммерциялык фильмдерге чабак уруп кирдик.

- Азыр классикалык адабий жана тарыхый чыгармаларды экрандаштыруу бизде жокко эсе, эмне үчүн тарыхый чыгармаларга бай туруп, башкаларчылап аларды чагылдыра албайбыз?
- Тарыхый чыгармаларды экрандаштырууга актёрлорубуздун дарамети, режиссёрлорубуздун, операторлорубуздун көрөңгөсү жеткени менен мамлекетибиздин капчыгы ага жетпейт да. Мен америкалыктардын "Троя" же болбосо "Гладиатор" сыяктуу очойгон акча менен тартылган фильмдериндей кылып тарта алат деп айта албайм. Бирок адамдын аң-сезимин, жүрөгүн козгой ала турган адамдар арабыздагы кинематографтардан чыгарына толук ишенем. Аттиң, ага мамлекет акча бөлгүдөй абалда эмес да.
- Союз маалындагы кинолор эмне себептен "кыргыз керемети" аталып калган?
- Өткөндөн өрнөк алганыбыз дурус го?! Кыргыз кинематографиясынын залкар инсандары Т.Океев, М.Убукеев, Б.Шамшиевдер азыркы айрым чала сабат режиссёрлордон өздөрүнүн ар дайым изденип, алдыга умтулгандыгы менен айырмаланышкан болуусу керек?! Алар азыркы учурдагы кай бир көпчүлүк жаштардай китеп дегенден жаа бою качышкан эмес. Ачыгын айтыш керек! Алардын көркөм табити, дүйнө таанымы азыркы кино чөйрөсүндөгү адамдардан асман-жердей айырмаланып турушкан. Башкаларды кой, өзүмдү эле мисал кылып алайын. Маселен, мен бир айда бир китеп окуп бүткөнгө араң үлгүрөм. Буга бир жагынан союз кезиндегидей кененчиликтин жоктугу, көр тирликтин аркасынан бардыгыбыз тебелендиде калып жатсак, анан каяктагы китеп менен алагды болобуз. Ошого карабастан ар дайым изденип, китеп менен азыктансак эртеби-кечпи ийгиликке жетише алабыз. Муну айтканымдын себеби, жаш киноматографтардын дээрлик 90 пайызы китеп бетин ачпайт, мурунку тартылган тасмалардан эч кандай кабардар эмес. Ушул нерсеге жүрөгүң ооруйт. Анан кантип кыргыз киносун бийик деңгээлге көтөрө алышат, анысы мага табышмак?!.
- Азыркы кинолордун канчалык деңгээлде тарбиялык мааниси бар деп ойлойсуз?
- Ал эми азыркы таптагы козу карындай жайнап чыгып жаткан коммерциялык кинолордун эч кандай эстетикасы жок. Кай бирлерин бир гана ирет эптеп кыйналып көргөнгө болот, же башталгандан кийин бир мүнөттө өчүрүп салып басып кеткенге туура келет. Өкүнүчтүүсү, жаш муундардын ошондой киного каптап кирип жатышканы, китеп окуп, деңгээли бийик ырларды ук дегенде кускусу келгенине кейийсиң. Бул үчүн аларды күнөөлөй албайм. Баарына күнөөлүү азыркы кезде цензура деген нерсенин жоктугу. Батыштын ыплас саясаты бардыгыбыздын, жаштардын гана эмес улуу муундагы адамдардын да акыл-эсин уулап, ошондой нравалык жактан өтө төмөн ыр-күүлөр менен кинолор аркылуу ооруп калышканы. Мындан эми кантип кутулабыз?! Ушул жөнүндө бийлик башында отургандар ойлонбосо, алардын алдын албаса, анда келечегибиз өтө кооптуу. Жөнөкөй эле мисал; ар күнү керелден-кечке телеканалдардан булганыч СМСтер кетип атканын көрүп-билип туруп эле эч кимибиз үндөбөйбүз. Уул-кызың, ата-энең менен бирге олтуруп тамактангандан да уяласың. Ушул өңдүү терс көрүнүштөргө бөгөт коюу мамлекет башчыларынын колунан келбейби? Эң сонун келет! Бирок рухий байлыктан мурда материалдык байлык жогору коюлуп кетти.
- Бирин-экин кинолорду мисал келтирип кетсеңиз?
- Аларды көрүп убакытты уттурбайм, себеби, баары жасалма. Камера кармагандардын бардыгы эле акчаны биринчи орунга коюп, өзүлөрүн заматта режиссёр же оператор санагандыктан, кино начар чыгып калып жатат. А чыныгы искусстводо атак-даңктан мурда жүрөктүн тереңинен жарып чыккан сезим менен бирге түгөнгүс арзуу болушу керек. Бир гана нерсеге жакшы түшүнө албайм соңку кездери. Мен урматтаган эле Жаныш Кулмамбетов деген мыкты театр сынчысы, драматург агайыбыз бар. Ал кишини жакындан тааныбасам да, ал адамдын китеп дегенде жантыгынан жата калган, окумал адам экенин мурдагы театр тууралуу жазган бир топ макалаларын мектептеги кезден бери окуп жүрчүмүн. Бирок ал агабыз да жеңил-желпи нерселерге умтулуп, анын азгырыгынан чыга албай калды да, биз сөз кылып жаткан деңгээли төмөн кинолор менен алпурушуп кетти.
- Ошентсе да, жаш режиссёрлордон суурулуп чыга турганы барбы?
- Мындан тышкары, азыркы жаштардын ичинен өтө мыкты актёр катары Назым Меңдибаиров аттуу актёрду жакшы билем жана анын актёрдук чеберчилигине жогору баа берем. Бирок ал да кашайып адамдын акыл-эсин өстүрө алчу жогорку деңгээлдеги кинолорду тартпай, табити тайыз фильмдерге режиссёрлук кылып кетти. Мунун бардыгы акчадан болуп жатат болушу керек.
Динара Асылбекова




  Лаззат оюну

Ашыктык илебинен жаралган айкелдер
13-октябрда Канаданын Монреал шаарында ачылган балет фестивалы эки бөлүмдүү "Роден-Клодель" спектакли менен ачылды. Аны канадалык жаш хореограф Питер Хуанс койду. Оюндун сюжети атактуу француз айкелчиси Огнюст Роден менен анын окуучусу Камилла Клодель ортосундагы ширин сүйүү, ачуу ажырашуу негизделген.

Устат өзүнөн 23 жаш кичүү таланттуу шакиртине XIX кылымдагы эркектер үстөмдүк кылган дүйнөдө өз ысымын ташка чегип, түбөлүктүү кылып калтырууга көмөктөшкөн.
Огюст Роден (1840-1917) атак-даңк үстүндө өлсө, махабаттан жолсуз Камилла Клодель (1864-1943) өмүрүнүн акыркы отуз жылын акыл азабынан улам ооруканада өткөрөт.
Экөө ажырашканга чейин Камилла 15 жыл бою Роденге модель да, жан ылазатын бөлүшкөн жардамчы да болот. Окуучу устаты менен ажырашуусун 1900-жылы жараткан "Бойго жеткен курак" деген скульптуралык композициясында таасын чагылдырат. Арийне, Роденге италиялык алп скульптор жана сүрөтчү Микелланжелло өтө күчтүү таасир эткенин белгилей кетүү абзел.
Огюст Роден сүрөт өнөрүнө жаңы башат салган импрессионисттер доорунда мрамор таш жонуп, же жез сомдоп, адамдын ички дүйнөсүндөгү сүйүүдөн жаралган уйгу-туйгу сезимдерди, махабат кубатын жаңы доор айкелчилеринен биринчи болуп кашкайта көрсөтөт Буга бедизчи ташты өгөөлөп жасаган "Өбүшүү", "Ромео жана Жулетта", "Акын жана Муза", "Түбөлүктүү жаз" жана башка эмгектер далил.
Албетте Европанын тарыхында да коом көнгөн салтты бузуп, жаңыча жасалган скульптураны эл кабыл албай, "шерменде" деп, чанган учурлар болгон. Ошол эле Родендин "Өбүшүүсү" 1914-жылы Англиянын Льюис шаарында коюлганда аялдардын демилгеси менен алып салынат.

1970-80-жылдарда Санкт-Петербургда (ал кезде Ленинград) Леонид Якобсондун "Хореографические миниатюры" театрында денеге жабышкан трико кийген кадим жылаңачтай балерина-балерондор сезим кытыгылап, ойду тумандатчу спектаклдерди бийлешчү. Атактуу хореографтын "Роден темасындагы триптихтеринде" ышкы оту акылды тумандаткан абал көрсөтүлгөн. Л. Якобсон (1904-1975) деген өтө таланттуу хореограф болгон. Ал бирок кичинекей номерлерди, миниатюраларды мыкты койгон. Анын Огюст Родендин "Түбөлүк жаз", "Өбүшүү" жана "Түбөлүк идол" деген скульптуралык композицияларынын негизинде койгон сонун триптихи бар. Мына ушул миниатюралар Якобсондун атагын чыгарган. "Родендин триптихи" 1960-жылдары классикалык эмес, жаңыча, модерн балет стилинде коюлган учурда Советтер Союзунда "модерн" деген сөз да жок болчу." Модерн стилде коюлган неоклассикалык балет-спектаклдерге билет кассага сатыкка чыккандан бир-эки күн узабай түгөнчү. Баса, Якобсондун дагы бир чыгармасы - "Минотавр жана Нимфтер" балетин компартиянын кыраакы чиновниктери "адепсиз" дешип, сахнадан алдырып салышкан.
Бул айкелде Искусство таануучулардын айтымында, бедизчи сүрөткерлердин айлана-чөйрөнү, адамдардын психологиялык абалын, дүйнө таанымын чагылдыруудагы жаңы ыкмаларын тартынбастан өз өнөрчүлүгүндө чоң чеберчилик менен колдоно алды. Андан ары өркүндөттү.