п»ї

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Жанызак @ басма
(Башы өткөн санда)
Эми ушул, элге жараша турган нерсеби: эмне үчүн биз дайым эле Батышты туурашыбыз керек? Кое тур: кеп ошондо как раз! Батышта индивидуалистический философия...
- Биздин элге жарашпайбы?..
- ...Батыштын философиясы өлөсүңбү, тирилесиңби, бетке айткан, бетке сүйлөгөн... Но биздин өзүбүздүн ыйбаа, намыс, парда деген болот да! Эмне үчүн сен менин бетимдеги парда дегенди алып тыштап, ыйык кишиге мени кол көтөргүздүң?!
- Рахат эже, Рахат эже.... Кылгылыкты кылган киши жанагы ыйбаа, намыс, парда дегендериңизди буздубу, же ошол ишти жасаган кишинин иштерин талдап түшүнгүсү келген адам пардаңызга доо кетирдиби?! Мына, кайсынысы биринчи? Что первично? Өзүңүз философсуз, ээ? Менимче, алардын баары айтылбаш үчүн, алды менен андай иштер жасалбаса болот беле... же кандай дейсиз?
- Биз эми ошол Батышты туурап индивидуалисттик...
- Хорошо, Батышты туурабайбыз, бирок айтыңызчы: эмнеси жаманыраак - жанагыдай иштерди жасаганбы же ошолордун кандай себептен жасалганын билгиси келгенби?
- Я балам, айланайын, сен менен атүгүл Аалынын иштерин сурасаң да айтпас элем...
- Кеп андан эмес.
- ...Кубанычбек Маликов тууралуу сурасаң да айтмак эмесмин. Азыркы кездерден кимди сурайсың эми... Ошол эле Таттыбүбүнү сурасаң да айтмак эмесмин...
- Рахат эже...
- ...менин бетимдин пардасын ачпагын!
- Ну болуптур, мага мындай жооп бериңизчи анда: жасалган ишти айткан жаманбы же ошол жасалган ишти жасаган жаманбы?
- (пауза) "Кошунаң ууру болсо көзүңдү кысып өт", дейт кыргыз эли.
- Да?
- Кошунаң ууру болсо ошол жак көзүңдү кысып өт дейт, есть смысл в этом?
- Оп-бали, эжеке, сиз ушул айткандарыңызды өзүңүз колдойсузбу? Чын эле көрбөй өтүш керекпи?
- Жоо, көргөн нерсеңди айта бербешиң керек да.
- Көзүңдү кысып өтүш керек деңизчи... Н-да.. Эгерде бирөөнүн жасаган иши ошо коомдук деңгээлде чекилик деп табылса, ошол чекиликти айтпаган киши да барып турган адепсиз, ушуга макулсузбу?
- Есть диалектическая логика, есть формальная логика...
- Кандай экенин ким билсин, эже, бирок динсиздер болобу, же динчилдер болсун, коом белгилеген жана өзү кабыл алган жолдон чыгып бараткан кишиге, мисалы, диний киши болсо кайсы бир шарият жобосу кабылдабаган ишти жасап жаткан кишиге: андай эмес, мындай, деп көрсөтпөй өтсө, анда ошол киши өзү да динсиз. Буга эч кандай логиканын кереги жок, аксиома. Бу барбы же жокпу?
- Бар дечи, бирок опять давай кыргыздын философиясына өтөлү: мисалы үчүн сен экөөбүз ата-энебиздин кемчилигин билебиз, улуу кишилердин кемчилигин билебиз... Сен өзү каердин баласысың? Чүйдөн эмеспи?
- Таластын баласымын...
- Таластын... Билбейм, мен өзүмдүн Баткенимди аламын да, мына Асылбашты мисал келтиремин. Мейли Чүйдө болсун, мейли Таласта болсун, ата-энебиз бизге бир кеңеш берип атат, же болбосо ата-энебиз биздин жаныбызда турат... Ошо кишини ушул күнгө чейин: сиз мындай болуңуз, деп айталбайм. Себеби ал киши уже сформированный человек... (калыптанып калган киши - Ж.)
- Жаман жактарын айтпа дейсизби?
- Жо, эгер ошол айтканың ошол кишиге пайда болсо, эгер анын жүрөгүн оорутпаса...
- Мындай дей берсеңиз биз жаман жактар деп эсептелген нерселерден жакынкы кылымдарда да кутула албайбыз. Айталы, жанагы Торугартты жеген депутаттын тегерегине мага десеңиз беш мечит салып коюңуз, ал баары бир кылаарын кылмак. Ал эми аны көрүп чоңойгон анын баласын кантип тарбияламакпыз?! Анын тегерегине мага десеңиз он мечит куруп салыңыз, ал баары бир атасынан көргөнүн кылат да! Албетте, ага тыюу салгыдай тийиштүү мыйзамдар болбосо. Депутатты: кылжукпас дебесек. Анын сыңарындай бирөөнү пир тутуп алып, ушул кыргыздын абийири, мейли канча катын менен жатса жата берсин, иши кылып "атак-даңк алып берсе болду!" дей берсек өсөөрүбүздү бир Теңир өзү билет. Ал эми залкардын дүйнөгө аты чыккан чыгармаларынын негизинде калыптанып келаткан келечек муун кийин а кишинин чекиликтерин бир жактуу эшитсе канчалык иренжиирин билдиңиз бекен?! Мына дал ушул себептен болсо да алиги "пир тутуу" деген илдеттен тезирээк арылууга тийишпиз. Чыгармачыл адамдын чыгармачыл бийиктигин өзүнчө, адамдык сапатын өзүнчө талдоого нук салып беришибиз керек! Ошондуктан мен сиздин: атанын авторитети, улуунун авторитети, залкардын авторитети ж. б. аныктамаларыңызга эч кошула албайм. Учурунда андай абал зарыл болсо болгондур, бирок бүгүнкү күндө ар бир адамдын өз акыл-эсине жана ылайыктуу мыйзамдарга гана таянышыбыз керек.
- Эгер ошо атасы акылдуу киши болсо... Кое тур, мен көп бүлөлөрдү билем атасы арак ичкен, бопурос чеккендерди. Эгер ошол атасы ыймандуу болсо...
- Сиз "ыймандуу" дегенди кандай түшүндүрөсүз? Ичсе, это ыймандуу, - что ли?
- Ыймандуу деген, эми, атасы ичсе дагы, анын жаман жагын көрсө дагы бет ачып пардасын кетирбей, мындай, сыйлаган адамды... вот в таком житейском смысле ыймандуу деп атам. Баласын айтып атам. Ошондой болсо, атасы да кемчилигин билсе. Натуура жасаган иштери, коом менен байланышкан карама-каршылыктары... Мен көп учурду билем: балдарына молдонун айтканын кыл да, кылганын кылба деп...

(Уландысы кийинки санда)




Айгүл ШАРШЕН
Жанызак @ басма
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Анда мени сүйгөнүң жалган, сүйгөн адам түшүнөт аялын, ишеним берет, абийири болсо аял өзүн өзү сактайт. Сен обу жоктук кылып жаткан жоксуңбу, жан биргем?
- Эй, ушу жаңы кайненем сага сөз үйрөткөн жокпу, ыя?
- Эмне дедиң, Эрнис? - Мырзагүл баш көтөрө өйдө болуп, эрин карады. - Бул сөзүңө кандай түшүнсө болот?
- Сен мага мурда мындай дечү эмессиң, үйдө камалып жатпай, иште деп айтканбы деп ойлодум да.
- Койсоңчу, Эрнис, ал аял деген менин үйдө жатканымды кайдан билет, көргөнүмө аз болбой сырдашып же даттанып ийди деп турасыңбы? - Таарынып ары карап жатып алды.
- Таарынбачы, жаным, чымчыгым менин, булбулум, торгоюм менин, сенсиз менин күнүм не болот? - Эрнис аялынын таарынычын жаза албай жалынып жатты. - Койчу эми, күчүгүм десе, тентегим десе, балдарынан дагы айрымасы жок кичинекей тентеги-им, - деп өпкүлөй бергенде ары түртүп төшөктү чүмкөнүп алды. Мырзагүл анын сырын жакшы билчү. Эрнис өтө кызганчаак, бирок бирге жашаганына жети жылдан ашып калса да чекесинен черткен эмес, катуу да айтпайт, жанында жүрсө эле болгону. Кокус үйүнө келгенде карааны көрүнбөсө эле дароо арам ойго жетеленип, аялы кимдир бирөө менен кучакташып төшөктө жаткандай болуп, көз алдына тартыла түшөт. Көрүнө калса жаркылдап күлүп, айлап-жылдап алыста жүрүп келгендей өпкүлөп жатып калат. Тобо-о, сүйүүнү сыйласа болот, сүйүп көргөндөр канча, бирок бул таптакыр башкача, эми таң атканча таарынычын жазып күлдүрүп, кабагын ачмайынча уктабасын билет.
- Эрнис, жөн жатчы, жүдөтүп жибердиң, - деп тултуңдап түртүп жиберди.
- Жа-аным, эркем, торгоюм менин, кана, күлүп койчу эми.
- Болдучу!
- Жаны го, булбулум го, менин чүрөгүм, күлүп койсоң, таарынычыңды жазчы, эркем.
- Жазбайм!
- Кана-кана, алтыным, - деп төшөктү ачып, кытыгылап өпкүлөп жатып, акыры күлдүрдү.
- Болду эми, - деди Мырзагүл күлкүсүн араң тыйып. - Анда сен менин сөзүмдү ук, болбосо мен эч качан жазылба-айм.
- Болуптур аткарам.
- Иштейм.
- Кайда?
- Университетке же мектепке.
- Кандай орун экен?
- Мугалим.
- Кайсы сабактан?
- Биологиядан.
- Кызык, сага дароо эле орун бере койдубу, толуп жаткан профессорлор, академиктер жүрсө анан сага орун бердиби?
- Эмнеге бербейт, окууну бүткөндөн кийин болгону үч жыл иштегем, сага тийгенден бери иштебей отурам.
- Макул анда, иштесең иште, менин аялым болсоң болду, - деп күлүп кучактап жатып калды.
- Эрнис, экинчи кызганбай жүрчү ээ, балдар чоңойду, мен сеникимин. Жашоодо экөөбүз биригип балдар үчүн кам көрбөсөк болбойт. Менин да жасайм деген иштерим, чоң максаттарым бар, аспирантурамды да таштап койгом, улантсам болбойбу, илим-билимдин артынан түшө албаймбы? Бир гана сенин аялың, балдарымдын апасы болуу менен чектелеби өмүрүм? - Мырзагүл ушинткенде Эрнис унчукпады, үндөбөй жата берди. Мырзагүл сүйлөп жатып өзү да уктап кеткен экен, кобур-собурдан улам ойгонду. Тура калып кийинип сыртка чыкса, Давлеткан эки баласы, кайната-кайненеси болуп эшикте сүйлөшүп туруптур.
- Мынча неге эрте туруп алдыңыздар?
- Кайдан эрте болсун, балам, бу шаарыңарда уктай берет экенсиңер да, саат он болду, - деп Канымжан күлдү.
- Мал болбогондон кийин эрте туруп эмне кылат эми, уйку тынччылык эмеспи, - деди Давлет жылмая.
- Эрте турсаң ырыскы жугушат, кудайым пенделерине таң эрте тоокко жем чачкан сымал ырыскы чачат экен, жеткени жетет, жетпегени уктап калып куру калат тура. Балам, эрте туруп жүргүлө, Эрнис экөөң эми жаш эмессиңер, ушундай ырым-жырымга маани берип, ал тургай кулагыңарга илип алгыла, - деди Канымжан.
- Макул, апа, эсимде болот. - Мырзагүл жаркылдай жооп кылып, ары басып кетти.
- Илбериңки, дегеле кабак бүркөп чыйтыйганын көрбөдүм, келиним абдан жакшы.
- Кут кылсын, кудагый, балабыздын жары бизге да бала, ичиң элжиреп эле турат.
- Анан эмей, тууган балдарын да мойнубузга көтөрүп багабыз.
- Кудай берип жатканда кесир кылбай бага бергиле, - деди Давлеткан салмактуу сүйлөп. - Бала бар, бакты-таалайыбыз бар да, кудагый, эми биз колу-жолубузду бошотуп кайда бармак элек, ушулардын амандыгын тилегенден башка эмнебиз бар.
- Кудагый туура айтат, балдардын кубаныч-күлкүсүнөн кубат алып, көз өткөнчө бакыбат жашап өткөнгө не жетсин, кудалардын сыйын көрүп, балдар кубанса кубанып жүрө берели, - деп Камчыбек кудагыйын кубаттап сөзгө аралашты. Аңгыча Мырзагүл аларды үйгө чакырды. Киришсе эбак үйүн жыйып, дасторконун жайып коюптур.
- Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы? - деп Эрнис эртең мененки саламын айтып учураша сыртка чыкты.
- Оо жараткан, бу менин уулум дагы түшкө чейин уктаганы эмнеси?
- Апа, бүгүн дем алыш да, - деп Мырзагүл жадырай карады.


(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??