п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Сахнаны саз
кылган жылдыздар
Кызыл камчы Филипп Киркоров
Россия өлкөсүнүн атактуу музыканты Филипп Киркоров "Золотой граммофон" аттуу кечеге даярдык көрүү убагында болбогон электр жарыгы үчүн Марина Яблокованы сабап салган. Бул окуя орусиянын сайттарына тарап, жыйынтыгында ырчы Маринага кол көтөргөнүн моюнуна алган. Киркоров ушул кырсыктан көп өтпөй ооруканага жатып, психикалык жактан дарыланган.


Бутуна тура албай калгычакты ичкен Алла Пугачева
Орусия өлкөсүнүн шоу чөйрөсүндөгү примадоннасы Алла Пугачева сахна артында бутунан тура албай калгычакты алкогол ичимдигин ичип , концертте тамтаңдап басалбай, залдагы элдин маңдайына туруп, көйнөгүнүн этеги менен чимкиригин аарчыган.


Мадонна сахнада эки саат өбүшкөн
Карылыктын кырын ашып калган Мадонна өзүнөн 28 жаш кичүү бразилиялык Хесус Лус менен бирге өмүр сүрүп келгенине алты жылдан ашты. Дүйнө жүзүндө эки түгөй тууралуу ар кандай ушак-айыңдар чыгып кеткендиктен, ырчы Лос-Анджелесте "Like A Virgin" аттуу ырын көрүүчүлөргө тартуулагандан кийин, публиканын алдында Хесус Лус менен эки саат өбүшкөн.


"Каблуктун" корун тарткан Гага
Дүйнө жүзүнө өзгөчө образы менен атагы чыккан Леди Гага сахнага жарым жылаңач жана 15 см бийик така бут кийим менен чыккан. Ал дайыма концерт учурунда мас абалында номер аткарган. Мастыктын кесепетинен Гага сахнада бийлеп жатып, бир эмес бир нече жолу томолонгонуна күйөрмандары күбө болушкан. Катуу жыгылуудан ырчы бутунан айрылып кала жаздаган. Лединин жыгылышынын себеби анын боюнун кыскалыгынын таасири тийген. Боюнун узундугу 155 см.


Далласта өрт койгон Риана
Америкалык белгилүү ырчы Риана Далласта "American Airlines Center" компаниясы уюштурган концертке катышып, сахнада өрт чыгарып жиберген. Залда 20 миңден ашык адам болгондуктан, алгач өрттүн дымы билинген эмес. Качан Риананын жанындагы бийлеп жаткан бийчилердин кийимдери күйүп баштаганда, өрт өчүрүүчү тез жардам келип, аман алып калган. Жогорудагы кырсыктан бир да адам жабыркабаганына Риана сүйүнүп келет.


Сахнага ич кийими жок чыккан Жанна Фриске
"Фабрика звезд" тобунан суурулуп чыккан Жанна Фриске сахнада жайкы кийим менен болгондуктан лямкасынын боосу чечилип, ырдап бүткүчөктү төшүн колуп менен кармап ырдап, бийлеген. Эгер Жанна төшүн колу менен кармабаганда көйнөгү шыпырылып түшүп, энеден туума жылаңач калмак.


Башынан ылдый сырага жуунган Бритни Спирс
Мындан эки жыл мурда Бритни Спирс Мексикага гостролдоп барып, "Фоминазы" аттуу ырын аткарып жатканда, анын жанындагы коштоочулары шланга менен 200литр сыраны башынан ылдый чачып турушкан. Сахнаны ичи сыранын жытына сасып, жергиликтүү калк концерттин аягына чыдабай тарап кетишкен.


Нурсулуу ЖЕТИГЕН




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??