п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-192-01. Мен өзүңдү сүйүп калдым, Кыйнабачы, келчи жаным. Элесиңди унута албай, Жүрөгүмдү жараладың. Сени сагындым. Арзуу.
ОП-192-02. Салам, "Обон"! Манас аэропорту жактан жер тилкеси сатылат. Кызыл китеби бар. 0779200ххх.
ОП-192-03. Менин сүйүктүү досторум Айбекке, Дилфузага, Кенжегүлгө, Тариелге чоң салам! Айгерим.
ОП-192-04. Смс талкуу: Сүйүү жана махабат деген эмне? Достор жообуңарды күтөм. 0779476ххх.
ОП-192-05. Салам, "Обон"! Мен силерге жаңы кошулдум. Мындан кийин смс жазып турам. 0779746ххх.
ОП-192-06. Менин саламым алыскы Тогуз-Торо районунун Дөмөдөл айылында жашаган атам Базарга. Ата эч качан оорубаңыз! 0778421ххх.
ОП-192-07. Буси, көз алдымда күлүмсүрөп элесиң, Жүрөгүмдө дайым жүрөсүң. Уктап жатсам чекемден өөп түшүмдө, Ууртуңдан күлкү ойнотуп келесиң. Ули 96.
ОП-192-08. Салам, "Обон"! Элдик туубаса таланттарды издеген Сыймык Бейшекеев сиз менен иштешем. Бир кайрыла кетиңиз! Лейлек районунан күтөм. 0779183ххх.
ОП-192-09. Бактылуумун жүрөк сен деп сүйгөндө, Бактылуумун жүрөк сен деп күйгөндө. Чочуп кетем ооруксунат деймин го? Бир жериңе чыпалагым тийгенде. 0771372511.
ОП-192-10. Каалайм сага арчадай узак өмүр! Каалайм сага деңиздей тунук көңүл! Каалайм сага бул дүйнөнүн жакшысын! Каалайм сага бул дүйнөнүн ачкычын! Досум Жазгүлгө, салам!
ОП-192-11. Салам, "Обондогу" жумушчулар! Сиздерге рахмат, ушул гезитти чыгарганыңыздар үчүн! 0779868ххх.
ОП-192-12. Менин эң жакын досум Жанаранын 4-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Досум, сага чың ден-соолук, узун-өмүр каалайм! Ата-энеңди сыйлаган кыздардан бол! Минура.
ОП-192-13. Салам, "Обон"! Атай Өмүрзаков жөнүндө билгим келет. Мага ошол тууралуу маалымат бериңиздерчи! "Обончик", сенден жооп күтөм. Толик.
ОП-192-14. Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Абдыкадыр Орозбеков айылындагы Сайдила Тешеев мектебинин мугалимдерине чоң салам! Мидинов.
ОП-192-15. Нурлан Насипке: Уксам эгер үналгыдан үнүңдү, Көргүм келип байланамын көзүңө. Өз-өзүмө суроо берип кайталап, Жашап жатам башкаларга корунбай. Айнура, Ош.
ОП-192-16. "Обон", Алтынбек Кыдыралиев жөнүндө кененирээк маалымат бериңиздерчи! 0550928ххх.
ОП-192-17. Нурлан Насиптин күйөрманы Айнура Ош, салам! Нурлан байке, билесизби, сизди Айнура сүйөт, сиз деп жашайт. Ал сизди ойлой берип, ооруп калды. Айнура күйөрманыңыздын абалын "Обон" аркылуу сурап койбойсузбу! Ал сизге ыраазы болор эле. Сизден жооп күтөм. Айнуранын досу, смсчи Жазел 90.
ОП-192-18. Менин сагынычтуу саламым "Обондун" экс-супер смсчилери, табихат сырдуу Алтынай, жаңысы Роза, Ырысбек 91, Эрке кыз, Макуся, Сырдуу кыз, Алина, Замана 93, Айнаш, Тунук, Накуля, Фея, Зуля 93, Айзирек жана башка супер смсчилерге жолдонот. Мага байланышып койгулачы сураныч. 0552928ххх.
ОП-192-19. Саламатсыздарбы, Ильяз байке! Сиз бактылуу болуңуз! Менин байкем Фархат жеңем Айзат экөөнө каалоо-тилек айтып коюңуз, сураныч. Ак-Талаадан Күлчоро уулу Чынгыз.
ОП-192-20. Сүйүү адам тандабайт го, байкасам, Билбептирмин сүйүп калып жашашты. Кыйналамын, сагынамын, кызганам, Жада калса адамдардын баарынан. 0779672ххх.
ОП-192-21. Иним, ишиңе ийгилик! Касым, Астана.
ОП-192-22. Ильяз, мен сиздин күйөрманыңызмын. Сиздин ырларыңыз аябай жагат. Сизге кааларым узун өмүр, чын ден-соолук. 0558292ххх.
ОП-192-23. Саламатсыздарбы! Ву Биндин ролун аткарган Ким Жоон жөнүндө толук маалымат берип койгулачы! 0777637ххх.
"Обондон" жооп: Аты-жөнү-Ким Чжун. Туулган жылы, айы-1984-жыл, 3-февраль. Бою-183см, салмагы-64кг. Хоббиси-баскетбол ойноо. Кесиби-актёр жана ырчы.
ОП-192-14. Элим аман, жерим аман Кыргызстан. сендей аска зоолу өлкөм бар экен. 0771526ххх
ОП-192-25. "Обондун" жалпы жааматына талыкпаган эмгек, ийгилик каалайм! 0778143ххх
ОП-192-26. Салам, "Обонушка"! Алга айылындагы Максим Горький орто мектебинин 11-"Б" классынын окуучуларына чоң салам! 95тер барсыңарбы? 0770208ххх.
ОП-192-27. Ноокатка караштуу Баарын көчөсүндөгү апама, сиңдиме, иниме досум Мафлюдага чоң салам! Айнуска 94
ОП-192-28. Ноокат районундагы Үч-Бай айылындагы атама, апама жана 98-жылкыларга чоң салам! Аймира.
ОП-192-29. Сүйүү күчтүү дешет, алы барбы? Сүйүү таттуу дешет, даамы барбы? Дүйнөдө сүйгөн адамды айыктырган, адам барбы? Кыздар жоооп бергилечи? 0559410ххх.
ОП-192-30. Мурат байкеме арналат: Каалаймын темирдей бек саламаттык, Кошулсун өмүрүңүзгө чексиз бакыт. Көрк берген көктөгү ай, жылдыздай, Каалооңуз боло берсин дайым ачык! 0773334ххх
ОП-192-31. Салам, "Обон"!Омар, Каныкей, М. Атабеков, Гүлжигит, Даниель, Зари, АГК тобу, Эрмек Нурбаев, Замира Молдошева, Рыскан Жоомартова, Азамат Байматов, Элиза Кененбаева, сиздер мыктысыздар! Мен сиздердин талантыңыздарга таазим этем. Ар дайым ден-соолугуңуздар чын, өмүрүңүздөр узун болсун! Сиздерди жакшы көргөн Мээрим.
ОП-192-32. Каалаймын тунук сүйүү, ачык маанай, Каалаймын үй-бүлөлүк бакыт таалай. Жашоодо эч убакты кайгы көрбө, Каалаймын бүгүнкүдөй жарык маанай! Мурат байке аман-эсен бактылуу болуңуз! 0773334ххх.
ОП-192-33. Менин досторум Гүласил, Жүрсүн эч убакта оорубагыла! Окууңарды ийгиликтүү аяктап, өзүңөр жактырган кесиптин ээси болгула! Достор, силерге ак жол! 0773334ххх.
ОП-192-34. Каалайм сага арчадай узак өмүр,Каалайм сага деңиздей тунук көңүл. Каалайм сага бул дүйнөнүн жакшысын, Каалайм сага бул дүйнөнүн ачкычын. Досум Жазгүлгө салам! Чынгыз.
ОП-192-35. ОП-191-49. Айгиза, дүйнөгө бергис дос кызым, сен жакшысың! 0773376ххх.
ОП-192-36. Жазел 90, "Обонго" берген саламыңыз үчүн чоң рахмат! Мени окурмандарга мактапсыз. Көчкөнбаева Элгиза сага да рахмат! Ыр жазып, арманда калыпсыз. Мен сизди сүйбөйм. Кызым бар. Аты Асел Турдиева, 90- жылкы болот. Тариел.
ОП-192-37. Кара каштуу, кара чачтуу сулуулар, Шаазат, Жүрсүн, Гүлжан, Аэлита, Перизат, Мирзат, Айчүрөк бактылуу болгула! 0773334ххх.
ОП-192-38. Салам, "Обон"! сиздердин жалпы жааматыңыздарга ийгилик! 0773334ххх.
ОП-192-39. Менин сүйүктүү ырчым Исага салам жолдойм. сизди терең урматтап Таңгүлү, Аксы району.
ОП-192-40. Жазел 90, ар дайым бар бол! Өнөрүң өркүндөсүн! 0773334ххх.
ОП-192-41. Алтындай болгон ата-энеме, бир туугандарыма ден-соолук, үй-бүлөөлүк ынтымак жана бакыт каалайм! 0773334ххх.
ОП-192-42. Турмуш жолум сенден болуп койгондой, Бир башкача сезимдерди жамынат. Аяйын, Ош.
ОП-192-43. Нурлан Насип, сизге: Бүгүн жашоом бир өзүнчө байланып, Өтүп жатат күнүм түнгө айланып. Эртең эмне болушуна кызыкпайм, Жашап жүрөм бир өзүңдү сагынып. Аяйын, Ош.
ОП-192-44. Махабаттын алоосуна өрт болуп,Жашасам дейм жүрөгүңдө чок болуп. Өмүрүмдү арнайм мен өзүңө, Кабыл алгын, бөлүнбөй сен өмүрдө. Аяйын, Ош.
ОП-192-45. Республикабызды бекем,ысык, бүтүн кылчу инсан экендигине жүрөгүм менен ишенем. Мадумаровдун президент болушун мен эмес жүрөгүм каалайт.Мекенибизде кичине эле көңүлсүз нерсе болсо, жүрөгүм ооруйт. Мадумаров президент болсо, жүрөгүм коркпой тынч согот. 0773076ххх.
ОП-192-46. "Обон", сырткы бетине Атамбаевдин сүрөтүн чаптай бербегилечи! Бардык гезит саясатка аралашып кетти. Уят! Клиенттер албай жатышат. +77071106ххх.
ОП-192-47. Арманым болбоңуз,арзуум болуңуз! Сүйгөнүм болуңуз, мени сүйбөй койбоңуз! Мени таштап кетпеңиз,жүрөгүмдү эзбеңиз!Өмүрүмдүн жаштыгы сиз экенсиз. 0778653ххх.
ОП-192-48. Апам Мирага, атам Арылбекке, акем Нурбекке, эжем Жайнага чоң салам. Эч качан оорубагыла! Мен силерди жакшы көрөм деп кызыңар Таттыгүл.
ОП-192-49. Мен Дархан жөнүндө билгим келет. 0778559ххх
"Обондон" жооп: Биз Дархан тууралуу мурунку сандарыбызда маалымат бергенбиз.
ОП-192-50. Салам, менин сүйүктүү гезитим! Сураныч мага Корей актёру Чан Гын Сок жөнүндө маалымат берип койуңуздарчы! Таттыгүль 98.
"Обондон" жооп: Чан Гын Сок 1987-жылы, 4-августта төрөлгөн. Ал алты жашында өзүнүн карьерасын моделден баштаган. Он жашында теле сериал, кинолорго тартыла баштаган.
ОП-192-51. Менин жакын досум Кенжебай, ден-соолукта болуп, ооруба! Үй-бүлөң менен бар бол! Кудайым сенден жакшылыгын аябасын! 0773334ххх.
ОП-192-52. Чынгыз байке, сүйүктүүңүз "кишкентей" менен бактылуу болуңуз! Сиздерге түбөлүктүү сүйүү каалайм! 0773334ххх.
ОП-192-53. ОП-191-74. Салам, Жазел 90! Сага 500 бирдик салсам,салган бирдигиме мени "Обонго" жамандапсыңда. Контрактыңа жардам берейин десем, "байлыгың өзүңө эле буюрсун!" деп, жиниме тийесиң. Кайрымдуулук фондуна жардам берип жүрөм. Жакшылыкка жакшылык, ар адамдын кылганы. Жакшылыкка жамандык, көр адамдын кылганы. Жамандыкка жакшылык, эр адамдын кылганы дегендей болуп жатат. Тариел.
ОП-192-54. Мен сени сүйөм,Жазгүл! Билесиңби, сенсиз жашай албайм. Сени көрбөгөн күнүм, өлгөн күнүмдүр, Жазгүл. 0778855ххх.
ОП-192-55. Кичи-Өрүктүгө салам. Нурайым 95.
ОП-192-56. Урмат, мен сени жакшы көрөм. 0773242ххх.
ОП-192-57. Сайкал, сенин ырларыңды уккан сайын жашагым келет. Ар дайым бар бол! Урматым менен Өмүржан.
ОП-192-58. "Обон", салам! "Обон" гезити Сайкал Садыбакасова жөнүндө маалымат бериңиздерчи, сураныч! Сиздерди жакшы көрөбүз деп Айсулуу, Нурсулуу.
"Обондон" жооп: Сайкал Садыбакасова тууралуу маалыматты "Обондон" мурунку сандарынан окуй аласыздар
ОП-192-59. "Обон" Сайкал сулуу, мен сени өлөөрчө сүйөм! Бирок апаёдан корком! Кантип жолугушсак болот? Жооп күтөм. МАРЛЕН 91
ОП-192-60. Салам, кыздар! Эч капа болбогула! Каныкейдей баатыр болгула! 0773062ххх
ОП-192-61. Өзгөн районуна караштуу Кашка-Терек айылында жашаган таятам Садыков Ашымды 7-ноярбь 70 жашка толушу менен куттуктайбыз. Небереңиз Тахмина, Нурсултан, Бексултан, Нурислам. Алматыдан.
ОП-192-62. Эки эмес менин жүрөгүм эзилип, бирди-бирди сүйөмүн, Ачыгын айтчы сүйгөнүм аныкпы мени сүйгөнүң? Баби 96.
ОП-192-63. Олтурам ыйлап көзүмдө жаш, Колумда бычак баратам келбес сапар улап.Ойлобо өзүн-өзү өлтүрөт деп, Жөн эле олтурам пияз туурап. Баби 96.
ОП-192-64. Айда уктайт жылдыз мончок тагынып, Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып.Көздөрүмдөн мөлтүр жашым куюлуп,Мен да уктайм жалгыз сени сагынып. Баби 96.
ОП-192-65. Салам, "Обон"! Мен Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 7-"Б" классынын окуучуларына чоң ийгилик жана ошондой эле класс жетекчим Асанбекова Турсунай эжеге
чоң салам! Окуучусу Алия.
ОП-192-66. Салам, достор! Эмнеге кыздар өздөрүн бийик сезишет? Бакыт 93.
ОП-192-67. Мен сүйөм, сүйөм жалгыз бир адамды, Ал адам бир мен үчүн жаралганбы? Көздөрү асмандагы жылдыз сымал, Бирок билбейм ал адамга жете аламбы? 0779576ххх
ОП-192-68. Сагынамын өткөн күндүн жалындарын, Жүрөктө калып кеткен калдыктарын. Дагы эле ошол күндү унута албай, Көз жаш төгүп, ошолорду сагынамын. Элдияр 92.
ОП-192-69. "Обондун" жалпы эмгек жааматына салам! Жазел 90.
ОП-192-70. Накуля, досум, мен сени менен жолукканыма ыраазымын. Сен-супер досумсуң. Жазел .
ОП-192-71 .Салам, "Обон" гезити! Мен Шымкент шаарында иштеген баардык кыргыз жердештериме салам жолдомокчумун. Иштериңерге ийгилик! Нурия.
ОП-192-72. Атамбаев мага жакпайт. Ташиев жакшы го? Неге аны шайлашты билбейм.0779742ххх .
ОП-192-73. Айчүрөк, Муни, Алима, Мээрим досторума салам! Бегайка.
ОП-192-74. Сагынып көргүм келди, Сагындым абдан сизди. Үнүңүздү уккум келди, Аман-эсен жүрөсүзбү? Бегайка.
ОП-192-75. Салам, "Обон"! Үч-Булак айылына жана 8-класска салам! 0779742ххх.
ОП-192-76. Үмүт, тилек, ырыскы, кут куюлушуп келе берсин, Кудайым каалаганды бере берсин! Кадыр-барк, дөөлөт күтүп бул жашоодо, Турмуштун бал ширинин тата бергин! Нарындан Чынара.
ОП-192-77. Базар-Коргон районундагы Үч-Булак айылындагы 94төргө чоң салам жана дагы досторум Нурпери, Гүлпери,атам Орозбек, апам Сайрагүлгө, сиңдим Минурага салам деп Динара 94.
ОП-192-78. Сүйүүдөн унутулгус күндөр өттү, Мен айта албайм мен үчүн азбы көппү? Жалындап күйүп жаткан сүйүү оту, Сүйгөн кызым сүйбөйм десе, сүйүүм өчтү. Элдияр 92.
ОП-192-79. Менин кан досум, чыныгы досум, смсчи Накуляга салам! Досум аман бол! Апама салам айт! Жазел.
ОП-192-80. Салам, "Обондогу" смсчилер! Менден баарыңарга ысык салам! Элдияр 92.
ОП-192-81. Алтынай 95, сизге чоң рахмат! Кайсы жерде жүрсөңүз да, аллахым сизди колдосун! Жазел
ОП-192-82. Апаке сен оорубачы, кыйналбачы, Жүрөктү эзип апаке сен ыйлабачы. Бардык эле нерсени ойлой берип, Жүрөгүңдү апакем сыздатпачы. Элдияр 92.
ОП-192-83. Бир өзүңө ак сүйүүмдү арнадым, Сүйөм десең,толкунданып каламын. Эгер сен алыс жакка кетип калсаң, Сени издеп артыңан мен барамын. Элдияр 92.
ОП-192-84. ОП-191-49. Айгиза, дүйнөгө берген дос кызым сен жакшысың. Мени сатып кеткен дос кыздар жаман. Ошол, андан башка арманым жок. Тариел.
ОП-192-85. Жүрөгүмдө жашаган ал мен үчүн. Көргүм келип, сагынамын. Жакшы көрөм баарынан. Бегимайка.
ОП-192-86. Нурлан Насипке: Махабат улуу сезим сырын айтып, Бир гана сен үчүн гүлүн ачсын. Жүрөктүн үнсүз болгон сезимдерин, Бир башкача сага жаным,айтсын! Аяйын, Ош.
ОП-192-87. Күндөн-күнгө улантылып баратат, Адамдарды бир-бирине зар кылып. Ошол дагы байлык, бийлик башкасы, Жардам бербей, адамдарды какшатат. Аяыйын, Ош.
ОП-192-88. Апам Мирага, атам Асылбекке салам. Ар дайым бар болгула! 0778559ххх.
ОП-192-89 Атам Асанга, апам Майрамга салам жолдойм.Нурзат.
ОП-192-90. 7-ноябрь басмачылар күнү менен чын дилимден куттуктайм! Калеми курч журналисттер, талантыңар өркүндөп өсө берсин! Силерге албан-албан ийгилик каалайм! Дайым Кыргызстанды коргогон мыкты журналисттерден болуп жүрө бергиле! Рамис.
ОП-192-91. Апа, мен сизди терең урматтайм. Менден ката кетсе кечирип коюңуз! Сиздин энелик ак сүтүңүздү актоого аракет кылам. Жашоодо жамандыкты көрбөй узак өмүр сүрүңүз! Бегимжан.
ОП-192-92. Мен жашоодо көп нерсеге баа берем. Бардык адамдар өз тиричилиги менен алпурушуп келишет. Мен да өз арабамды тартып, бул жашоодо элден артта калбайын деп, жашап келем. Айпери.
ОП-192-93. Салам, "Обон"! Гүлшайыр Садыбакасова менен жолуккум келет. Аны менен менин сүйүктүү гезитим "Обон" аркылуу баарлашкым келет. Айпери.
ОП-192-94. Бардык кыргыз калкымды айт майрамы менен куттуктайм! Жаңыл.
ОП-192-95. Сүйүүм болдуң сен менин бул жашоодо, Бактым болдуң сен менин бул ааламда. Сага теңдеш адам жок эгер билсең, Мен сени чын дилимден сүйүп жашайм. Султан
ОП-192-96 Бегимай жана Фериуза аттуу курбу кыздарымды өткөндө таарынтып алдым эле. Силерден гезит аркылуу кечирим сурайм. Кыздар, күнөө менден кетти, кечирип койгула. Мен силерди жакшы көрөм. Америкадан курбуңар М.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??