п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Ильяз Абдразаков:
"Келинчегим экөөбүз эшиктин алдында футбол ойногонбуз"
Айчүрөк: - Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыздан айтып берсеңиз?
- Чыгармачылыгымдыгы жаңылыгым альбом чыгарып, концерт койдум. Күнүгө жаңы ыр жазууга аракет кылам. Артисттерге аранжировка жазып берип атам.
Гүлбүбү: - Жеңебиз келиндик милдеттерин кандай аткарып жатат?
- Аябай жакшы. Сабактан келгенден кийин үй жыйнап, баарын кылат.
Айпери: - Келинчегиңиз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
- Көрүп таанышып калгам. Таанышып калган учурда, "клипке тартам"деп, алдагам. Ал макул болуп, "эртең жолугалы!" деп, сунуш киргизгем. Эртеси жолугуп , "сиз мага жагып калдыңыз, мындан кийин тааныш болуп жүрбөйлүбү?" дегем. Ал күнү клип жөнүндө сүйлөшкөн жокпуз.Ошентип көңүлүбүз табышып, үйлөнүп, өкүл ата-энелерибизди коюп, тоюбузду берип, баш кошуп калдык.
Перизат: - Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?
- Чыгармачылыгымдан тышкары эч нерсе менен деле алектенбейм. Мурун айылдын жумуштарына анча көнбөчүмүн. Сабакты жакшы окуп эле жүрө бериптирмин. "Баш иштебесе буттун шору" демекчи, мен жалаң гана окуу менен алектендим. Азыр бара-бара кара жумуш кыла баштадым.
Айчүрөк: - Сахнада шайыр адамдай көрүнөсүз. Жаныңыздан көргөндө аябай жоош экенсиз. Дайыма эле ушундайсызбы же маанайыңыз жокпу?
- Маанайым жакшы. Өзүмдүн жеке жашоомдо мүнөзүм ушундай.
Мээрим: -Эмнеге өкүнөсүз жана сүйүнөсүз?
- Көп өкүнгөн деле нерсем жок. Сүйүнгөнүм сиздерге окшогон күйөрмандарымдын алдында ырдап, алар менен баарлашып турганыма сүйүнөмүн. Ата-энем, жакын адамдарым жаныбызда.
- Нарын тарапта көп кой союлат. Күйөө бала болуп барганда, кой союп, сыноолордон өттүңүзбү?
- Андай болгон жок. Кой союп, жиликтегенди жакшы эле билем.
- Чыгармачылыгыңызда кимдерге атаандашасыз?
- Атаандаштарым дегенге болбойт го? Чогуу иштешкен досторум бар. Алар менен кантип атаандашмак элем? Бардыгы менен жакшы дос, ага-ини катарында жүрөм.
Сабира: - Жашоодо достукту же сүйүүнү танда десе, сиз кайсынысын тандайт элеңиз?
- Мен достукту тандамакмын. Досуң көп болсо сүйүү келет.
Бактыгүл: - Чарчаганда кантип эс аласыз? Балким тоо чыгып…
- Тоо койнунда, көл жээгинде да эс алабыз. Негизинен, Кыргызстандын бүт жерин кыдырып чыккам. Ошондуктан кыргызымдын кооз жерлерине барып эс алабыз.
Айкөкүл: - Иниңиз да чыгармачылыкка кадам таштаган. Сиз ага продюсерсизби?
- Жок, убакытым жетишпейт. Продюсерлик сабакты алып көргөн жокмун. Болгону колумдан келген жардамымды аябайм. Ар кандай кеңештеримди берип турам.
Айчүрөк: - Бир убакта киного тартылып калдыңыз эле. Азыр киного сунуштар түшүп жатабы?
- Ооба, сунуштар түшкөн. Жумушка байланыштуу бошобой калгандыктан баш тартуума туура келген. Эми дагы сунуш болуп калса көрөбүз. Шартка байланыштуу болуп калат.
Айпери: - Көп ырларыңызды Казакстандын популярдуу эле ырчылары ырдап жүрөт. Акчага сатасызбы?
- Акчага сатпай эле, жөн эле бергенмин. Ал жактан гонорар чыгып турат. Ошол жагы жакшы.
- Ар бир ырыңыз хитке айланат. Кандай учурда ыр жазасыз?
- Бош убактымда эле жаза берем.
Ардак: - Бала кездеги кыялыңызга жеттиңизби?
- Бала кезде башкача кыялданчумун. Кийин ал кыялдарым алмаша баштады. Үйүмдөн мектепке чейин алыс болчу. Мектептен таркагандан кийин классташтарым баарыбыз чогуу бир айылдын этегинде жашачубуз. Анан жолдо кетип бара жатып бекер автобуска түшүп алчубуз. Ошондо, "кийин мен чоңойгондо айдоочу болуп, жаш балдарды мектепке бекер жеткизип, кайра алып келип турам", деп кыялданчумун. Тентек бала элем, кыздардын бантигинен тарткылап, тийишип. Бирок, биринчи партага олтуруп, сабакты жакшы окуп, тапшырманы дайым аткарып келчүмүн.
Гүлбүбү: - Сахнанын бийик тепкичинде турасыз. Жаңы чыгып келе жаткан ырчыларга кандай кеңеш айтасыз?
- Жакшы чыккыла, алдыга гана умтулгула демекчимин. Кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк таап алгандан кийин, жакшы иштеп кетсе болот. Ал ар бир адамдын өзүнөн таасир этет. Өзүнүн кызыкчылыгына байланыштуу.
Айчүрөк: - Биринчи балаңыз кыз болушун каалайсызбы же эркекпи? Канча балалуу болгуңуз келет?
- Билбейм. Кыргызстанда азыр кыздар көп го (күлүп)? Бала болсо, андан жакшы болмок. Көп балалуу болгум келет. Баарын бакканга, жакшы ата болууга кудуретим жетет.
Миргүл: - Спорт жагына кандай карайсыз?
- Жакшы. Азия боюнча Кыргызстандын намысын коргоп утуп келген чемпиондорду билем. Көптөгөн ийгиликтер алдыда болуш керек, спорт жагынан. Азыр болгону Кыргызстан жыйырма жашка толуп жатпайбы. Мен өзүм футболду жакшы көрөм. Ашынган күйөрманымын десем да болот.
Перизат: - №5 гимназияга музыкадан сабак берет деп уккам. Мугалим болдуңуз беле?
- Ооба, музыкадан сабак бергем. Кийин тартып алып, телевизордон көргөзгөн.
Айкөкүл: - Сахнада ыңгайсыз абалда калган учуруңуз болду беле?
- Ооба, андайлар көп болуп турат. Кээде жарык өчүп калат. Ошондо куудул агаларым тамашалап айтып калат: "Ильяздын светке карызы бар болчу" деп. Бир жолу Каракол шаарында аянтта концерт берип жаткам. Ошол кезде "Табышмагым" деген ырымды жаңы жаздырып, ошол программа менен баргам. Концерт башталып ырдап жатсам, микрофон иштебей токтоп калды. Элдин баары ызы- чуу болбой, тыптынч болуп калган кезде, сахнага чыгып, микрофонду алып, "облом" деп кыйкырып салгам.
Жылдыз
Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??