п»ї

  Маданият

Султан Раев "Эл жазуучусу" наамын алды
Белгилүү драматург Султан Раевге Президенттин жарлыгы менен "Эл жазуучусу" наамы берилди.
C.Раев: Руханий дүйнөнүн өзөгү-бул китеп, чыгармачылык. Китеп ар бир адамга чоң азык, акыл берип, өнүгүүсүн кеңейтет. Азыркы болгон оомал-төкмөл дүйнөдө, биз жогорку дөөлөтүбүздү жоготуп албашыбыз керек. Илгери Достоевский: "Дүйнөнү сулуулук сактап калат"-деп айткан. Азыр мен айтаар элем: Дүйнөнү интеллект сактап калат. Чыгармачылык адамдар үчүн, жалпы эле адамдар үчүн интеллекттин азыгын биз китептен алабыз. Китеп бул дөөлөттүн, адам жан дүйнөсүнүн башаты, -деди Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев . Эске сала кетсек, Султан Раев жазуучулук үзүрлүү эмгеги менен КМШнын "Алтын жазуучу" сыйлыгына да татыган кыргыз жазуучусу.


Роза Отунбаева "Датка Айым" жана "Каармандык" медалы менен сыйланды
КР Президенти Роза Отунбаева "Датка Айым" жана "Каармандык" медалдары менен сыйланды. Бул туурасында Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик сыйлыктарды 5-ноябрда КР ички иштер министри Зарылбек Рысалиев тапшырды. Мамлекет башчысы бул сыйлыкка калк арасындагы милиция кызматкерлеринин кадыр-баркын көтөрүүдөгү кошкон салымы үчүн татыктуу болгон. Ал эми аял-милициялардын ассоциациясын түзүүдөгү салымы үчүн "Датка айым" медалына татыктуу болду. КР Президенти Р.Отунбаева бүгүн КР милиция күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга катышты.


Дзюдодон Африкада дүйнөлүк таймашуу уланууда
6-ноябрда Түштүк Африка республикасынын Кейптаун шаарында дзюдо күрөшүнүн жаштар арасында дүйнө чемпионатынын таймашуулары уланды. Канат Токталиев менен Салтанат Ахмеджановалар мелдештен четтеп калышты.
Бул дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан 4 спортчу катышууда. Алардын катарында Азия чемпиону, дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын коло байгесинин ээси Болот Токтогонов , Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Канат Токталиев , Салтанат Ахметжанова жана Юрий Краковецкий мөөрөй талашууда.
4 балбандан Канат Токталиев менен Салтанат Ахметжанова атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.




Балтыр бит башка чыгат
Урматтуу Темирбек досум, мындан кийин "Урматтуу"-деп баштабайм. Анткени сен урмат-сыйга татыксыз пенде экенсиң. Эгерде дебатка чыгып мени кыргыз элинин алдында жаманатты кылбасаң унчукпайт элем. Эми кандай алып келсем, ошондой жеткирем, Москваңа. Сен Москванын борборунда казактар ижарага алып берген офисиңде отурганда, алтын шилекейиңди чачыратып, мени алдап, акыры ушул күнгө жеттик. "Мен президент болом, Кремль мени гана колдойт, башкалар "дерьмо"" деп айтып, өзүң "дерьмо" болуп калдың. Себеби, өзүңдүн лозунг кылып жазганың өзүңө тиешелүү экенин элге жеткирем. "Кыргызстанды эми чындык гана сактап калат!" - деп жатасың, демек мен да чындыкты элиме жеткирейин да, сенин чыныгы жүзүңдү ачып. берейин.


Урматтуу кыргыз элим, мен Аскар Акаевдин үйүнө барып жолугуп, чайын ичип, беш бармагын жеп конок болгом. Аны танбайм. Себеби мен Темирбек Асанбековдой эки жүздүү болгум келбейт. Бул жазганыма далил: Былтыркы парламенттик шайлоодо элге келип "мылжыңдаган Аскар Акаев" деп, Акаевди шыбап, кайра Москвага барып, Аскар Акаевдин туулган күнүндө үйүндө так төрүндө чалчактап, сыйлуу конок болуп отурганда, үстүңөргө кирип барган эркек мүнөз эжекем Токтайым Үмөталиева сени "катын" кылып, туулган күнгө келген коноктордун көзүнчө шерменде кылганын кантип танасың? Так ошол учурда, мен Жаркынбек досумду ээрчитип алып сага, Москвага барганбыз. "Жолугуп, такташып алалы"деп. Сага чалсак, "Россиянын өтө таасирдүү адамдары менен Туванын губернаторуна жолугуп жүрөм"- деген элең. Эй, жалганчы, көрсө, Аскар агайдын туулган күнүндө "байланбастын" этин жеп отурган экенсиң го?
Экинчиден, Бермет Акаева менен болгон жолугушууңда төрт жарым саат мен да кошо отурбадым беле. Сен экөөбүз кайра-кайра чай ичип аткандыктан, кайра-кайра чебелектеп, эшикке чуркап чыкканбыз. Берметтин бекемдигине таң калганбыз. Акылына баа берип, айткан сөзүн муюп угуп, оозубуз ачылып беш саатка чукул убакыт, беш мүнөттөй тез өтүп кеткени жалган беле?
"Кыргызстандын канча жигити туруп, Берметтин баркына жетпей, казактын бир шылуунуна салып берген экенбиз" деп, Бермет эжеме бакыт каалап кала берген элем. Сен болсо, дал ошол казактардын акчасын алып, биздин башты айлантып, Кремлге ат тезегин кургатпай барган киши болуп, "Шайлоодо биз жеңебиз, кимдерди министр кылабыз, губернаторлорду даярдаш керек"-деп, бизди кандай гана алдап жүрдүң.
"Москва көз жашка ишенбейт" деген. Дагы бир жолу, мен мынчалык каттуу кетип жазбайт элем. Эгерде сен, теледебаттан менин кыжырыма тийип, жалган-жалаа менен мени каралап, ар-намысыма, абийириме шек келтирбегениңде. Өзүм канатым кайрылып, инимен айрылып, көз жашым кургабай турганда, сен болсо мени мазактайсың.
Урматтуу кыргыз элим, "Мекен ынтымагы" партиясынын түзүүчүлөрүнө Темирбек Асанбековдун тиешеси жок. Себеби, аны мен өзүм чуркап түзгөм. Юстиция министрлигинде каттоодон өткөргөндө Нарын районунун Жерге-Тал айылынын балдары жана белгилүү обончу Бакыт Капаров аялы менен жана менин аккан досум Нургазы Мусаев (төрагасы) болгон. Ал эми эн тамгасы болгон бүркүт менен жети областын белгиси Урмат Мырзабековго таандык. Мен партиянын болгон командасын түзүп, жер-жерлерде уюштуруу иштерин жүргүзгөм. Шайлоого партиянын штаб башчысы катары баарын даярдап бергем. Ал эми бул алдамчы, кур чечен, кур чирен бизди келесоо, көк мээ көрүп, адамдын баарынын көз жашын төктүрүп, сөйкө-шакектерди ломбардга тапшыртканы, дунган туугандардын акчасын алганы аз келгенсип, бизди жаманатты кылды.
Элдин алдына уялбай чыгып алып, "Мага отчет берсин, менде распискасы бар"-дейт. Эй жалганчы, сенин колуңда мен сага жазып берген тил кат жок! Партиянын иштерине 50(элүү) миң доллар келгени чын. Мен танбайм. Бирок казактардын 50(элүү) миң долларын биз партия үчүн жумшадык, аны алган адамдар танбайт. Сен партияны бер да, Москваңа кете бер. Мен сага 50 миң долларды эки сааттын ичинде кайда десең жеткирип берем. Болбосо, канды кайнаткан катын ушагыңды токтот! Адам болсоң ошол партиянын өзөгүн түзгөн Жалилбек иниме келип, Куран окуп, топурак салып койсоң, мен кучактап туруп, колуңду кысып, "рахмат" дейт элем.
Эми мен сени "саясий өлүк" кылып жөнөтөм!
2012-жылы Россияда шайлоо болот. Ал жакта Путин менен Медведьев эле бар. Үчүнчү болуп кандидатураңды кой да, жүрө бер. Бул жакта сенсиз эле жетиштүү. Атамбаевди дебатка чакыргандан айланасыңбы?! Сени менен доктор Апасты чыгарыш керек. Себеби Москванын суугуна желдеп калгандар, бизге президент болгусу келе берет. Силердин логикаңар боюнча, силер гана биздин бактыбызга жаралгансыңар.
Сен президент, доктор Апас премьер-министр болсо эле, кой үстүнө торгой жумурткалаган заман келген турат. Кудай сактасын! Экөөңө бийлик бергендей, кыргыз эли силер ойлогондой эл эмес. Кыргыз кылымды карыткан эл. Кыргыз улуу эл.
Ал эми Апас байке экөөңөр армиясы жок генерал экениңерге, Кудай чымчым акыл берген болсо түшүнөсүңөр. Болбосо, ансыз да шамалдап турган мээңерди, самолетко салып Бишкек-Москва каттамында аман болуңуздар! Суранарым, биздин авиакомпаниялар менен учуңуздар. Жок дегенде кичине болсо да, билеттен түшкөн тыйыныңардан пайда көрбөсөк, өзүңөрдөн зыян гана көрүп жатабыз. Бар бол, башка чыкчу балтыр бит!!!.
Жамалбек ЫРСАЛИЕВ
Материал kyrgyz.el.kg
сайтынан алынды




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??