п»ї

  Кычык суроолор

Темирбек Асанбеков:
Россияда кароолчу, жүк ташуучу болуп иштегем

Президенттик шайлоодо төртүнчү орунга чыккан Темирбек Асанбеков менен маек.

- Темирбек мырза, алгач сиздин үй-бүлөңүз, балдарыңыз жөнүндө маегибизди баштасак.
- Өзүм Ысык-Көлдө төрөлгөм. Он сегизге чыккандан кийин аскерге кетип, ошол жактан окуумду улантып, ал жакта калып калгам. Темирьязев атындагы академияны бүткөм. 21 жашымда өзүмдүн курсташым орус кызына үйлөнгөм. Окууну бүткүчөктү Айсулуу жана Канышай деген эки кыздуу болдук. Алар азыр чоңоюп калды. Билим алганы бири Англияга, бири Францияга барып келди. Азыр апасы менен Москвада. Биринчи келинчегим менен динибиз башка болгондугуна байланыштуу ажыраштык. Бирок, катташып турабыз, сыйыбыз бар. Эки кызымдын апасы да.
- Былтыркы парламенттик шайлоодо сиздердин партияга казактар жардам берди деп атышты эле. Президенттик шайлоодо сизге ким көмөктөштү?
- Мага эч ким каражат бөлүп берип, жардамдашкан жок. Ал кезде мени эч ким деле таанычу эмес. Саясатка бирөө жөндөн-жөн эле акча бере бербейт. Мен телевизорго чыгып элди үгүттөө ишин туура жолго коюп төртүнчү орунга келдим.
- Орусияга барып, ушундай ийгиликти багынтууда кандай кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрдүңүз?
- Өз өлкөңөн чыккандан кийин мусаапырсың дейт. Мен ал жактан мусаапырчылыктан баштагам. Кичинекей кезибизде атам каза болуп калган. Армиядан келген кийимим боюнча эле поездге отуруп алып, Россияны көздөй бет алгам. Жанымда жолго жетээрлик майда-чүйдө акча бар эле. Барып жумушка орношуп, студенттик жатаканада жашап калдым. Көр оокаттын бардык кыйынчылыктарын басып өткөм. Биринчи бутуман туруп, үй-бүлө куруп алсам деген эле ар бир адамдын ички каалоосу менен турмушумду баштагам. Башында жеке ишканаларды ачтым. Окууну бүтүп аткан студентке эч ким чоң каражат бере бербейт. Ошондуктан, 1990-жылдары Москва азыркы Кыргызстандай кыйналып турган убагы болчу. Кийин өзүмдүн билимимди улантып, ишканамды улам чоңойтуп отуруп ушундай ийгиликке жетиштим. Тажрыйба да алдым, өзүмдүн мээнетим менен каражат да топтой алдым.
- Карьераңызды кайсы кызматтан баштадыңыз эле?
- Студент кезде ар кандай жумуштарды кылганбыз. Кароолчу болуп, жүк көтөрүп да иштегенбиз. Күнүмдүк оокаттар болчу. Окууну бүткөндөн кийин Америкалык компанияга студент катары менеджер болуп киргем. Ошол жерден биринчи маянамды алып, ал жактан иш тажрыйба ала баштадым.
- Эмне үчүн саясатка эки жылдан бери гана кызыга баштадыңыз?
- Мен саясатка келгеним, өзүмдүн ички дүйнөмдө болгон күрөшүү. Чет мамлекеттерге көп барчумун. Башка мамлекеттин жашоо турмушун, саясий туруктуулугун, экономикасын, өнүгүү багытын көрчүмүн. Кыргызстан 20 жылдан бери кыйынчылыктан чыга албай, өзүмө окшогон жаш ини-карындаштарым, өздөрүн кор кылып атканын көрүп, бир туугандарымды көрүп туруп бир четинен ызаланасың. Башка мамлекеттин өкүлдөрүнүн жанында отурганда Кыргызстан жөнүндө сүйлөйүн десең биз көрүп аткан фактылар намысыңа тийет. Ошолорду көрүп отуруп, бир адам чыгып Кыргызстандын саясий кырдаалын жана экономикасын өнүгүү жолуна салса деп көп ойлончумун. 20 жылда бир миллиондон ашык жараандарыбыз башка өлкөлөргө кетишти. Саясатчылар ички саясаттын тутумуна болгон акылдары ушул экен. Эч ким баштабаса мен деле иштеп жүрө берсем болбойт, - деп өзүмдүн Кыргызстандын астында болгон парзымды аткарайын деп саясатка келдим. Мурда саясатты түшүнчү да эмесмин, аралашкан да эмесмин.
- Сиздин 5-6 миң жумушчу кызмат кылган ишканаңызда канча кыргыз иштейт?
- Мурун кыргыздар жок болчу. Чет өлкөлүк ишкана болгондуктан, англисче жана башка тилде эркин сүйлөгөн өкүлдөр иштейт. Анын үстүнө иштеген ишканада, илимий адистер башкача. Мигранттардын кесипчилиги, тил билиши, билим жагынан чет өлкөлүк ишкананын стандартына жооп бербейт. Ошондуктан жок болчу. Бир эки-үч Кыргызстандан келген кыздар иштечү. Алар юрист болуп, Европадан окуп келишкен. Бул жерде иштин жоктугунан барып, жөнөкөй ишке кирген инилеримди тарбиялаш кыйын. Аларды окутуш керек. Ошондуктан менин ишканамда кыргыздар аз иштейт.
- Мекен ынтымагы партиясы кандайча түзүлүп калды эле? Жамалбек Ырсалиев жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Мен бул балдардын фамилиясын айтып, унчукпай эле коёюн. Өзүм былтыртан бери саясатка аралашып калдым. Чоң ишкананын жетекчиси болгондо, ар кайсы мамлекетке барып оокат кылганымда мага эч ким түрткү болгон эмес. Өзүм окуп, өзүм үйлөнүп, ишкананын жетекчиси болуп жумушумду түздөп келгем. Алар жөнүндө мен жаман айтпайм. Бирөөнү алып келип, түздөп ийдим десе ага эч ким ишенбейт. Эки ай калганда кезигип, жарандыгымды алдым. Мен сүйлөп аткан сөздүн мазмунуна эч ким акыл үйрөтө албайт. Ар бир адамдын жеке өзүнүн ой жүгүртүүсү акыл деңгээлинин негизинде чечилет.
- Сүйлөгөн сөзүңүздү Керим Айдаров даярдап кагазга жазып бергени чынбы?
- Эми анда биринчи шайлоого келип жанымда жүрүштү. Экинчи шайлоого келип сүйлөгөн сөзүмдү алары жок эле сүйлөбөдүмбү. Эгер алар чын эле жардам берген болсо, экинчи шайлоодо сүйлөй албай уят болуп калмакмын да.
- Эгерде партиялаштарыңыз менен пикириңиз келишпей атса, эмнеге ал партиядан чыгып кетейсиз?
- Мен ал партиядан чыкпайм. Себеби, өзүм түптөгөм. Ошо 20 жылдан бери чогулткан каражатымды жумшап, коомду ачкам. Өзүмдүн эмгегимди өзүм сыйлайм. Ар бир эне өзүнүн баласына каршы чыкпайт. Ички дүйнөмөн чыккан эмгегимди баалайм жана туура жолго түптөп, өнүктүрүүгө умтулам. Сиз айткан жигиттер менсиз деле партия түзүшмөк. Төрт-беш иним ушунча көп сүйлөгөнчө бир жылда партия түзүп алышпайбы. Бул куру намыстык. Жаманаттылык .
- Жеке эле Жамалбек мырза жана анын тегерегиндегилер эмес, Токтайым Үмөталиева эжекебиз да сизди "аферист" деп жүрөт. Экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы чыр эмнеден улам пайда болду эле?
- Былтыр парламенттик шайлоодо Токтайым эже менен дебатка чыгып койгом. Кыргыздын салтын унутуп чындыкты бетке айтып койсом керек. Андан кийин эженин мага болгон көз карашы башкача болуп калыптыр. Ошол убактан бери ал эжени көрө да элекмин. Жамандап эч жакка жазып, сүйлөгөн эмесмин. Бирок, жердин баарына мен бир жаманчылык кылгансып жазып атышат. Элдин ишеничин актабай качып кеткен эки президентти менчелик жамандаша элек. Токтайым эже болобу, Керим же Жамалбы жаманчылыкты токтотсок дейт элем. Менин абалымды да өздөрүнүн жеке турмушунун негизинде өздөрүн ордуна коюп, адамдык сапаттарын ойгонтсо. Алар мени жамандаса өздөрүнүн эрки. Ар ким баскан турганына жараша турмушта ордун табат.
- Саясаттын талаасында булганып калуудан коркпойсузбу?
- Коркпойм. Партиянын жетекчилери да, коомду башкарып кете турган адамдар да коомго тескери үлгү беришет экен. Критикадан алыс болсок. Саясатка келээрдин астында саясий жетекчилерди билип, таанычу эмесмин. Саясаттын системасын оңдоюн, чет өлкөдө көргөн тажрыйбамды колдоноюн деп келгем.
- Эгер сиз президент болуп калсаңыз, Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келет деген пикирлер коомчулукта жүрөт.
- Мен бирөө келет же кетет деп айта турганга укугум жок. Анткени саясаттын башына келип чоң милдетти аткара элекмин. Эртең эл кимди алып келет, кимди кетирет өзү чечет. Ошондуктан, өзүмдүн умтулуп аткан милдетимди аткаргандан кийин гана чоң иштерге болгон пикиримди айтууга мүмкүнчүлүк болот.
- Сизди Курманбек Бакиев менен катышы бар дешет.
- Бул Аскар Акаевич айткандай Курманбек Салиевичтин өзүнүн "темасы". Эки аксакалды телевизордон көрчүмүн. Карым-катнашым да жок. Саясатта туура эмес иш жүргүзгөндөрүн критикага алып жүрөм. Ошондуктан сырттан тааныйм.
- Жамалбек мырзанын айтуусунда былтыркы шайлоодо "Ким президентке жарактуу, Атамбаевби, Келдибековбу, Бабановбу же Куловбу, булардын баары "дерьмо", - деди" - дейт. Сиз айткан "дерьмо" келип президент болгону турат. Эми кандай сөз айтасыз?
- Мен Атамбаевди "дерьмо" деп айтканымды эл укпаса керек. Ал айткан сөздөр Жамалбек Ырсалиевдин сөзү. Өзү жооп берсин.
- Путиндин кишисимин дегениңизди угуп калам. Бул шайлоодо да Путин "байкеңиз" жардам бердиби?
- Путинди тааныйсыңбы дегендерге тааныйм дедим. Тааныбайм деген киши жок. Путин башкарган өлкөдө 24 жылдан бери кызмат кылып келе жатам. Анын саясаты мага эч кандай тоскоолдук кылган жок. Өзүм башка улуттан болсом дагы чоң ишмер болуп өзүмдүн ишимди чоң ийгиликтерге жеткирдим. Путиндин саясий өнүктүрүү тартибин көрдүм. Ошондуктан Путинди сыйлайм, анын саясий жолун колдойм дегем.
- Сизди аялынын сөзүнөн чыкпайт. Эгер президент болсо Аскар Акаевдин кейпин кийип аялына башкартат деп атышат. Аялыңыздан катуу коркот окшойсуз да?
- Анда мен азыркы жүргөн ишимде эл жыйынтыктап алса болот. Ар бир үй-бүлөдө бир нерсеге каражат кетирээрде үй-бүлөгө кеңешет. Эгерде мен аялым каршы чыгып өзүмдүн токтомумду жогору коё албасам, партия ача турган каражатты коомдук ишимди баштай албайт болчумун. 24 жылда таман акы ,маңдай терим менен тапкан каражатты чоң тоскоолдуктарга каршы колдонбойт элем.
- Өмүрбек Бабанов менен чогуу окупсуз, азыр мамилеңиздер кандай?
- Өмүрбек Бабанов экөөбүз студент кезде чогуу окуганбыз. Өзү ишмер бала, адамкерчиликтүү, мамилебиз түз. Бирок саясатка болгон көз карашыбыз экөөбүздүкү эки башка. Ошонун негизинде ар кимибиз ар кайсы коомдун жетекчиси болдук. Ар ким өзүнүн көз карашына жараша коомдук өнүгүүгө акысы бар. Жаманчылык айта албайм. Кимдин коомго болгон көз карашы туура келсе эл ошону колдоп кетет деген ойдомун.
Төлөбүбү
Касымалиева










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??