п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ди джей Назира Кадыева уулдуу болду.
"Балам бактым, балам базарым" демекчи, биздин татынакай ди джей Назира Кадыева 3-ноябрь күнү борбор калаабыздагы жеке төрөтканалардын биринде кечки саат сегиз жарым чамаларында көз жарды. Уулдуу болуп сүйүнүп турган Назиранын ден-соолугу жакшы. 55 см, 3, 800 гр салмакта төрөлгөн наристеге "жакшы ысым берели" деп, ойлонуп жаткан учуру. Бешик боосу бек болсун демекчибиз!


Саламат Жаңы ырына жаңы клип тарттырды.
Өзгөчө стиль менен сахнага кадам таштаган жаш ырчы Саламат жаңы клип тартты. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Манас аэропорту жактагы талаалардын кооздугу жана күздүн сары жалбырагы жер шыпырып жаткандагы көрүнүш чагылдырылган. Байкашыбызча, ырчы жаңыдан чыгармачыл чөйрөгө кадам таштаса да жаңы ырларды, жаңы клиптерди биринин артынын бирин чыгарып жаткандыгы байкалууда. Эмнеси болсо да, Саламатка ийгиликтерди каалайбыз.


Данияр Эрматов продюсер издеп жатат.
Таланттуу ырчы жигитибиз, Данияр Эрматов "Күткөн жүрөк" деген ырына клип тарттырып баштады. "Токто жанымда" клип суунун ичинде тартылса, бул клип дагы өзгөчө болот экен. Аны жакын арада көрө алабыз деген ойдобуз. Мындан тышкары Данияр жаңы тартылып жаткан клибине сулуу кыз издеп жатат. Жалгыз ары-бери чуркап, жетишпей калган ырчы жигит продюсер болсо иштешет элем дейт.

Алиса Сапарбекова




  Адистин көзү менен

Буга чейинки "Адистин көзү менен" рубрикабызда ырчылардын ырларын кыргыздын профессионал композиторлоруна, акындарына текшертип келгенбиз. Бул жолу салтты улай, учурда хит болуп аткан Иса Өмүркуловдун "Сүйүү жазы" ырын акын, композитордун сынына койдук.

Иса Өмүркулов
"Сүйүү жазы"
Сөзү: К. Урмамбетовдуку
Обону: М. Атабековдуку
Гүлзар араладым,
Жүрөгүмөн сүйүп.
Караганым сен.
Караганым сенсиң,
Самаганым сенсиң,
Аяганым сенсиң,
Өмүргө теңсиң.

Алгачкы сүйүү жазың кымбат белек,
Мага гана берет, сага учкум келет.
Эргитсең жел минип сызгандай,
Эртең анда биз жолукчу кез кандай?

Туюлдум сен болуп күн, айым,
Буюрсун тагдырыма ылайым.
Жаштыгымды камчылап,
Жаным отко талпынат,
Нур элесиң шам чырак мага.

Кайырма:
Гүлзар араладым,
Жүрөгүмөн сүйүп,
Караганым сен.
Караганым сенсиң,
Самаганым сенсиң,
Аяганым сенсиң,
Өмүргө теңсиң.

Кайдан жай аламын?
Кагылып мен куштай,
Сабаладым эй.
Караганым келсин,
Самаганым келсин,
Аяганым келсин,
Тилегим берсин.

Сүйүнүп мен өзүмдү калдым таппай,
Сүйүүмө да батпай, үйүмө да батпай.
Көзүмө башкалар көрүнбөй,
Көлөкөмдөй жүрөсүң сен бөлүнбөй.

Өзүңдү ойлогон кезимде,
Өрт чыгып кетүүчүдөй сезимдей.
Жүрөк туйлап булкунат,
Бир өзүңө умтулат,
"Сүйөмүн" деп үн чыгат талбай.

Алтынай Нарбаева, ырчы:
"Иса бизге бала болгону менен, анын жүрөгү чоңоюп калды"
Ал ырды мен чынын айтсам уккан да эмесмин. Мен анын башка ырларын эле угуп жүрөм. Бирок, мен Исадан мурун апасына ыраазычылыгымды билдирет элем. Баласынын талантын кичинекейинен бери өркүндөтүп келет. 3-4-класстан баштап ырдатып жүрдү. Ошол убактан бери Исаны жакшы билем. Анын адамгерчилигин баалайм. Биринчи ырчы болгондон мурун, адам болушу керек. Иса ошондой бала. Ага апасы жакшы тарбия берген . Апасы дайыма жанында жүрөт. Иса кичипейил, жөнөкөй. Ырдаган ырлары да, сахнада өзүн алып жүрүүсү да орду менен. Репертуарындагы ар бир ырын апасы менен кеңешип тандайт. Ошондуктан, ал ар бир ырды жакшы, кылдаттык менен аткарат. Иса чоң сүйүү темасындагы ырларын ырдаганга жашы жетпесе да, анын жүрөгүндөгү сүйүү сезими ойгонгон. Иса бизге бала болгону менен, анын жүрөгү чоңоюп калды. Жакшы аткарган, келечектен көптү үмүттөндүргөн, жакшы жигит.


Абидин Темиров, обончу:
"Мага обону да, аткаруучусу да жагат"
Керек болсо Мирбек Республика партиясынын гимнин жазды. Өзү аткаруучу болсо да, бир топ обон чыгарып жүрөт. Көптөгөн ырларынын обону да өзүнө тишелүү. Мен мурда обон жазаарын билген эмесмин. Кийин чогуу иштешип, Кыргызстан боюнча ар кандай жерлерге барып таанышып калганда билдим. Эгер обону начар болсо, эл укпайт болчу. Эл жактырып угуп жаткандан кийин мен обончу, композитор катары Мирбекке ийгилик каалайм. Иса да ошол обонго келиштирип ырдаган. Бул ырды Иса жаш болсо да ийнине жеткире аткарган. Мисалы, Черикчиева "Кайыр кош" деген ырды менден жакшы ырдап элге жеткирди. А мен ырдабай койдум. Негизи, көп нерсе аткаруучудан талап кылынат. Ошондуктан бул ыр абдан жогорку деңгээлде ырдалган. Мага обону да, аткаруучусу да жагат.


Мирлан Самыйкожо, акын:
"Бүгүн ырдалып, эртең калат"
Негизи, бул "Сүйүү жазы" деген ырдын мааниси, өзөгү чыккан. Бирок, атайын кала турчу өмүрү узун ыр деп эсептебейм. Ошол эле Рыспай, Асанкалый, Токон Эшпаев, Эстебес Турсуналиев өңдүү залкарлардын жараткан обондору, чыгармалары сыяктуу "жашап кете алат" деп, мен бул ырды толук айта албайм. Мында жалаң гана обонго ылайыкталып жазылган нерсе. Бул ырда өтө деле чаңкыта тургандай эң негизги окуя жок. Жөн эле сүйүү, суктануу, сагынуу, кусалануу, кыялдануу. Эми ошол кыял деле куру кыял.Өз көзү менен көргөн кыял эмес экендиги билинип турат. Техникалык жактан бул ырда орду, орду менен эле түшкөн. Болгону маанисинде ошондой мүчүлүштүктөр бар. Бүгүнкү учурда, бүгүнкү жаштарга бир чыгып доордон-доорго жетпей эле ырдалып калчу ыр. Обон жагын мен айта албайм, "бөдөнө сойсо да, касапчы сойсун" дегендей, ал жагын обончулар айтса жарашат. Асанкалыйдын "Ак булуттарын" уксаң, ошол жүрөгүңдө жашап калат. Анын обону, сөзү менен ылайык келип жүрөгүңдө жашап калып жатпайбы. Токон Эшпаевдин жөн эле жазылган "Жамгыр" деген ырын уксаң кандай жамгырды шөкөттөп сүрөттөп берген. Исанын бул ыры жашап жазылбай, жазап жазылган ыр экендиги белгилүү. Кыскасы, кандай болгон күндө дагы бул ырды толук кандуу жакшы,мыкты ыр деп айтпайм. Окуясы жок, жөн эле суктануу. Адабий тил менен деле эч ким сүйлөбөй калган, абдан эскирген, эч ким айта албаган ойду берсе деле жакшы болмок. Бирок, антип өтө деле шөкөттөп, кооздоонун кереги жок . Жөнөкөй сөз менен, бирок, жөнөкөй нерсе менен адамдын жөнөкөй жүрөгүнө жеткен ыр болуш керек болчу. Мында андай жок. Мисалы, биринчи сабып окуп көрсөк, бул сөздөрү акын эмес жөн эле адам, жөн эле кетип бара жатып жакшы көрүп калса, "ой караганым сенсиң, самаганым ушул болуп калды, аяганым ушул болуп калды, өмүрүм сен менен тең болуп калды" деп жөнөкөй эле киши жаратып коё алат. Муну убара болуп жазып жаткандан кийин ушунча мыкты кылып жазыш керек да. Мен бул жерден акынды күнөөлөбөйм. Ырдап жаткан ырчылар күнөөлүү, чыгарып жаткан обончулар күнөөлүү. Күнөөлүү дегеним изденүү жок. Акынга барып жаздырса деле, алар бирдемени шилтеп берип койсо ырдай беришет. Өзүлөрүнүн табити жок, табити талкаланып калганбы, билбейм. Өзүнүн табитине ылайыктуу болсо тандап алыш керек. Болгон нерсени ырдай бериш болбойт. Анткени, ыр кандай жазылды, анын маңызы кандай ошону туура түшүнүп, ошол обончулар да, ошол аткаруучулар да ыр деген эмне экенин билиши керек! Баналндык сөздөр кайталанып ырдалып жатат. Чыгарманын өмүрүн тилеп жазбагандан кийин, чыгарбай эле койсо болмок. Өмүрлүү чыгарма болбогондон кийин не кереги бар? Бүгүн ырдалып, эртең калат. Батарейка менен иштеген фонариктей болуп калат. Батарейка түгөнгөндө жарык бербей калат, ошол сыяктуу. Мисалы бул жерде "Туюлдум сен болуп, күн ,айым" дейт, мүмкүн ырдын өзүнүн текстинде "Тулюлдуң" болуш керек. "Туюлдум" деген сөз жок. Бул жерде деле татыраган уйкаштык. Кыштай кыналып, кынакталып келген. Ошол ырдын техникасы деп жатпаймынбы. Техникасын жоготкон эмес, ошого шайкеш келген. Зордолуп жазылган ыр экендиги билинип турат. Акындын көңүлүнөн чыккан ыр эмес. Жөн эле техника менен жазып койгон.


Жылдыз Абдыкерим кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??