п»ї

Эрлан Андашев:
Телевизордон музыка чыгып калса, келинчегимдин ичи кыймылдап…...
Таланттуу ырчы мырзы Эрлан Андашев 3-ноябрь саат тогуздар чамасында кыздуу болду. Жаш жубайлардын, " Чындап эле, ата-эне болдукпу ?"деген кубанычын тең бөлүшүп, келинчеги Перизат жана Эрлан менен маек курдук.


- Бешик бооңуздар бек болсун!
Эрлан: - Рахмат!
- Перизат, эне болуу статуска ээ болушуңуз менен куттуктайбыз! Кандай көз жарып алдыңыз? Төрөт убагында кандай кыйынчылыктар болду?
Перизат: - Рахмат! Кыйналбай төрөгөн аял болбойт болуш керек. Кыйын эле экен, оңой деп айта албайм. Бирок, менден дагы катуу кыйналгандар болду. Жакшы эле кыйналдым десем болот.
- Ата-эне болгондогу кубанычыңыздар...
Эрлан: - Экөөбүз үйдө сериал көрүп жатканбыз. Эки күндөн бери эле бели ооруп жаткан болчу. Башкалардан угуп калчубуз, " төрөөр мезгили жакындап калганда, бели ооруп кыйналат" деп. Мен: "Башталып калдыбы?" деп, сурасам, "жок баштала элек, анда башкача болмок" деп коёт. Элестеткен эмесмин толгоо кандай болоорун, "кыйналат болуш керек" деп ойлочумун. Өз көзүң менен көргөндө башкача болот экенсиң. Өзү жакшынакай эле, бирок, "белим ооруп жатат" деп калды. Анан, "үйдөгүлөргө чалып, сурайлы" десек, кээ бирөөсү айтат "азырынча жөн эле ошентип ооруй берет" деп. Бирөөсү болсо, "барып көргүлө" дейт. Анан эмне кылаарыбызды билбей, "барып көрөлү, болбой калса кайра келебиз" деп, экөөбүз жөнөдүк. Бардык, ал жакта кезек күтүп текшерилгенден кийин эле, "силердики жакындап калган турбайбы, сөзсүз калышыңар керек!" деп калтырды. Кайра үйгө келип, даярдап койгон сумкаларынын баарын жеткизип бердим. Келинчегим толгоо тартып жатса, кантип кетип калмак элем? Бейтапкананы айланып жүрдүм. Бир аздан кийин чалып, "келсең, Эрлан" дегенинен барып кирсем, келинчегим абдан катуу толгоо тартып жаткан экен. Көрүп алып, өзүм бери жактан сарсанаа болдум. Ошондо билдим, аялзатынын бир күндүк толгоосуна да татыктуу эмес экенибизди. Бир маалда дарыгер келип, "эми чыгып тур!" деди. Жарым саат өткөндөн кийин эле келинчегим жаткан бөлмөдөн наристенин ыңаалаган үнүн уктум. Уккандагы кубанычымды сөз менен жеткиликтүү кылып айтып бере албайм. Оюма: "Чындап эле, мен ата болдумбу?" деген суроолор кетти. Шарт эле кирейин десем, "тазалап алалы анан киресиң" дешти, дарыгерлер. Он минут күтүп,кирсем, жубайымдын көкүрөгүнө кызымды жаткырып коюшуптур. Көрүп алып, дагы деле ишене албай, "чындап эле, мен ата болдумбу?" деп, абдан толкундандым. Ошол жерден эле ата-энеме чалып, сүйүнчүлөдүм.
Перизат: - Эми аны сөз менен айтып бере албайм. Эне болгон адам өзү сезсе керек кандай кыйын болоорун. Сөз менен айтуу кыйыныраак болуп калат. Азыр деле, "чын эле, эне болдумбу?" деп, абдан толкунданып, сүйүнүп бирде ишенип, бирде ишене албай жатам.
- Эне сүтүңүз балаңыздын курсагын тойгузуп жатабы?
- Ооба, тойгузуп жатат. Сүтүм жакшы келип баштады.
- Көп мырзалар биринчи баласын уул болушун самап келишет. А, сиздики кыз болуптур...
Эрлан: - Мен тескерисинче, биринчи кыздуу болгонума кубанамын. Пайгамбарым айткан экен: "Эгерде аялың биринчи кыз төрөп берсе, анда аялың берекелүү аял болот" деп. Үйдө төртөөбүз тең эркек болчубуз. Менден кийин үч иним бар. Перизаттын кыз төрөп бериши, ата-энеме да чоң белек болду. Алар да кыздуу болгонубузга сүйүнүшүп, кубанычтары койнуна батпай турган кездери.
- Түнкүсүн ыйлап, сиздерди кыйнаган жокпу?
Эрлан: - Жок, андай деле эмес. Азыр ата-энем да үйдө, кеткилери келбей атат. Алар каралашып тургандыктан, түнкүсүн ыйлабайт, жоош эле.
Перизат: - Жок, анчалык деле ыйлабайт. Азырынча жоош . Курсагын тойгузуп койсом, жата берет.
- Башка мамлекеттерде келинчегинин боюнда бар кезде күйөөсү да кошо тогуз ай бою жанында болот экен. Сиз кандай кылдыңыз?
Эрлан: - Тойлор алдын ала айтылып турат. Ошондуктан ал жакка барып, ырдап келип жаттым. Үйдө жатып алган туура эмес го. Албетте, үйдө болгон учурда келинчегиме жардам берип, каралашып жаттым. Ичи кичине эле кыймылдаса, сүйүнүп калчумун.
- Кандай тамактарга талгак болуп, "сизди алып келип бер!" деп, түнкүсүн таттуу уйкуңуздан ойготуп жатты?
Эрлан: - Ачыгын айтсам жубайым эч нерсеге талгак болгон жок. "Андай кылам, мындай кылам" деп, таптакыр эркелеген жок. Үйлөнүп калган дос балдарым: "Талгак болгондо жаман.Түнкүсүн уктап жатканда, тан же курут жегим келип жатат дейт. Алып келип беришиң керек" деп, айтып калышчу. Келинчегим бир нерсеге талгак болуп, "ошол нерсени жейм" дегенин уккан жокмун. Көбүнчө үйгө жер-жемиштерди алып келип жаттым. Балким, ошонун себебинен талгак болгон жок го.
Перизат: - Ооба, мен эч нерсеге талгак болгон жокмун. Аябай бир нерсени жегим келген жок. Көбүнчө жер-жемиштерди жеп жаттым.
- Сүт көп болуш үчүн кандай тамактанып жатасыз?
Перизат: - Эт менен кайнатылган шорпо, сүт менен чай. Көбүнчө сүт азыктарынан даярдалган жана суюк тамактарга басым жасап жатам. Анткени, алар сүт көп болушуна жардам берет да.
- Болочок эне китептерди көп окуса, баласы акылдуу болот дейт?
Перизат: - Ооба, боюмда бар кезде ар кандай жомок китептерди окуп жаттым. Телевизордон көрүп олтурганда, музыка чыгып калса, ичим кадимкидей кыймылдап калчу.
- Кимиңиздерге көбүрөөк окшош? Байкалып калса керек, анча-мынча кылыктары?
Эрлан: - Апам көрүп эле, кичүү иниме аябай окшоштурду. Анан көздөрүнүн ирмемдери мени тартыптыр. Көп байкала эле, кийинчерээк кылыктары чыга баштайт го?
- Кызыңыздын ысымын Райана деп ким ыйгарды?
Эрлан: - Атамдын агасынын аялы бар, ошол койду. Анткени мени бул жакта кичинемден бери багып, өстүргөн апам болчу. Биринчи эле апама кайрылсам, мусулман атынан коюп берди, Райана деп. Антип койгонунун себеби, "Райан" деген бейиштин эшиги болуп эсептелинет экен. Ошондуктан бул ысым баарыбызга жагып, жакшы тилек менен койдук. "Райан" дегенге "а" ны кошуп кызымдын атын Райана койдук.
- Жалаякты ким жууп жатат?
Эрлан: - Азыр андай эмес. Заманбап "памперс" кийгизип жатабыз. Тигил жактан деле, "пампрес кийгизгиле!" деп айткан. Ата-энем үйдө, кеткилери келбей, биздин кичинекейибиз Райананын жанында.

Жылдыз Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??