п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)


(Башы өткөн санда)
- Анте берсеңиз баарыбыз молдо болуп алышыбыз керек экен да? Сиздин категорияларыңыз абдан кызык экен: ал менин атам, андан башка атам жок, какой бы он не был, мен чыдашым керек да.. А киши менин атамбы?!
- Эми, атаң эмес...
- Кыргыздын атасыбы?!
- Атасы эмес, бирок кыргыз элинин көзгө сүрткөн туу чокусу...
- ...кыргыз элинин бир атуулу гана!
- ...Белгилүү атуулу! Койчу Жаныбек...
- Белгилүү атуулу, анда чатак жок. Бирок кыргыз аман турса а кишидей далай атуулу төрөлөт! Демек азыр а киши кыргыздын баласы гана болушу мүмкүн. Ошондо сиздин логикаңыз менен келсек, атасы, то есть, кыргыз өзү иштеп чыккан салт-санаанын негизинде гана жашаганы дурус. Кыргыз өзү кабыл алган коомдук нормаларын, мыйзамдарын бузбоого аракеттенишибиз керек кыргыз дегенибиз. Же жазылганбы биздин кайсы бир салтыбызда, ак никени аттап кетип төшөк жаңырта бер деген?!..
- Биз экөөбүз не на ту тему говорим, я прекращаю...
- Менин оюм ушундай...
- Психологически сейчас мы с тобой на эту тему не готовы... Дегеле залкар адамдар туурасында сөз кылууну токтотолучу, Жаныбек, андан көрө чайга кара...
Чайга карадым. Биз Рахат эженин чакан, бирок жайлуу кабинетинде отурабыз, столиктин үстү накта түштүктөрчө түркүн мөмө-жемиштерге толтурулган: өрүк, мейиз, жаңгак, жер жаңгак... Курсагым аябай ачканын эми сездим. Асманды коюп, дасторкон үстүндөгү даамдан улам биринен алып, жер жаңгактын коштоосунда күндөлүк ташвиш темасына ооп кеттик. Четкерээкте магнитофонум да чарчагансып муңдуу үшкүрүнөт. Өчүрүп салдым...
НУКУРАНЫ
ДАТ БАСПАЙТ...
Мынакей, окурман, калдайган магнитофондун тасмасына тартылган маектерди сен да окуп бүттүң. Тек, айрым суроолорумдун ашкерелигин кечиргейсиң - жоопторду кызытыш үчүн берилгенин түшүнөөрсүң.
Эми роман-чалыштын айрым бөлүгүнө бираз түшүндүрмө:
а) Керез менен Бүбүсаранын таржымалын кошуп бергенибиздин себеби, Улуу Чыңгыздын 13 жылга созулган түйшөлүүсүн аздап болсо дагы түшүндүрүү болду: никени канчалык самабасын, Бүбүсара тилегине жетмек эмес экен - Керез менен Нагима апанын чанда кездешүүчү кайнене-келин мамилесинин тунуктугу атүгүл Жазуучунун жандүйнөсүнө канчалык бүлүк салганын билиш кыйын.
б) Таттыбүбү жөнүндө али далай нерселер жазылаар, бирок ушул таланттуу инсандын турмуш мисалында Шекспир деңгээлиндеги итчиликтер элдин көңүлүнө түбөлүк өчпөс так бойдон кала берет. "Кыргыздын каймагымын!" деген не бир эркек сөрөйлөр бүгүнкү күндө Бишкек калаасын "Бажакент" деп атоого батынаар бекен? Ошолорубуз мына бүгүн "аксакал" аталып ыймандап айкырып жүргөнү Сулуулук деген не бир бийик асылдыкты алигиче дурустап түшүнбөгөнүбүздү айгинелеп жаткан жок бекен?! Деги, Аруулукту тебелеп салып, "улуттук идея" дегенден айланабызбы, бурадар?!..
в) Мариям жеңебиз тууралуу не демекчибиз: "Тийген эри жарашса кара катын ак болот" (кыргыз эл макалы). Баса, Жапар акенин бир маалыматы тескери кетиптир: жапан жездебизден эркек эмес, кыздуу болуптур да, ал Москвасы жок эле ушул Бишкекте аспирантураны бүтүрүп жатыптыр. Кыргыздын белдүү киночуларынын бирине келин имиш...
Эми баш кейипкерибизге келсек, Чыгармачыл Чыңгызды айрым бир кызылкөз кыргыз түгүл, деги тытынып кетсең да бүтүн дүйнө таналбайт! Нукураны дат баспайт, достум. Бирок мына өзүбүздөн бираз тайкылык кетип, Залкар Чыңгыз менен пенде Чыңгызды аралаш шалдап салбадыкпы. Ошол жагын абайласакпы дегеним да. Мында жалаң Чыңгыз эмес, бул маселе бүгүнкү күнү өзүн кебелбестей сезип жүргөн айрым мыкчыгер инсандарыбызга да тийиштүү. Мезгил элегинен өтөбүз да, акыры...
ЖАНЫЗАК, ушул жазылгандардын автору.
Бишкек, май - 1993 менен февраль - 1994түн аралыгы.
Рахмат баарыңарга.
.





Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Аа-а карангүн, кайдан билдим, ишинен кечикти деп жатпайымбы, - деди Канымжан күлүп.
- Балдар өзү билет да, - деп кемпирин жөн отур дегендей Камчыбек нукуп койду. Эртең мененкиге карыларды жаңы тамак жасап сыйлап, андан кийин кийиттерин алып келди. Мырзагүл кайненесине кеңешип, Давлетканга жаңыдан чыгып жаткан норка пальто, эки инисине костюм-шым, Айжанга плащ, көйнөк-жоолук кылып кийгизишти.
- Алганың менен тең карып, балдарыңды Манас атанын арбагы колдоп, кырк чоронун бириндей, кызың Каныкейдей акылман болсун, кызым. Мага бул кийим эмес сенин көзүмө эсен-аман көрүнүшүң чоң бакыт болду, баладан эне, энеден бала айрылбаса деймин. Ылайым очогуңар бузулбай, түндүгүңөрдөн түтүн булатып, эшигиңерден сыйлуу конок кетпей ата-бабанын баскан узак жолунда кылым карытып узак жашагыла, балдарым, оомийин ало-оху акбар! - деп Давлеткан бата берди.
- Айтканыңыз келсин! - деп Эрнис менен Мырзагүл батаны кабыл ала ийиле сый көрсөтүштү.
- Айтканың келсин, кудагый.
- Ылайым берген батаң кабыл болсун!
- Өзүң да балдарыңдын урматында жүрө бер! - дешип бата кылып, орундарынан козголоордо Давлеткан кудаларына карап тамагын кыра сөз баштады:
- Куда, кудагый, менин бир оюм бар, эртең Мырзагүлдүн туулган күнү, отуз үчкө толот. Ушунча жыл эч кимге айтпай ичимден: "туулган күнүң менен, жарыгым", - деп миң кайталап куттуктап келдим. Эми мен туулган күнүн куттуктабай кетпейм, сиздер дагы калыңыздар.
- Андай болсо макул, кудагый, - деп Канымжан уул-келинин караса алар кубана күлүмсүрөп, Мырзагүлдүн көзүнө жаш тегерене түшүптүр.
- Биз кубана кабыл алабыз.
- Ыраазыбыз, кудагый, Айчүрөктөй көркөм, Каныкейдей акылдуу аял экенсиң, Мырзагүл дал өзүңдү тарткан экен, бар бол, көп жаша, кудагый, - деп ыраазы болуп турду Камчыбек.
- Аман бол, кудагый, сиздер менен бизди бактылуу карылыкка жеткирээр дал ушулар эмеспи, -деди Канымжан. Бир аздан кийин Давлеткан эки баласы, кызы болуп базарга чыгып кетишти. Алардын жанына отургандан тайсалдап качкан Марат Райкандын үйүн акмалап жүрдү. Аны бир көргөндө жактырып калганына өзү да таңгалып: "Мен сүйүү менен жакшы көрүү сезимин айрып биле албай эле сүйөм дей берет окшойм, болбосо сүйүү сезими адамга бир эле келет, ал эч качан эскирбейт дагы картайбайт дешет го", - деп ойлоду. Көчөдөн Райкандын тозулуу короосунун ичине улам көз салып коюп үч күн аңдыды. Кечке маал болчу, көз байланып калган. Кыз өзүн көздөй келе жатканда апкаарый түштү. Дарбазанын ачылган эшигинин артына далдаланып жүрөгү лакылдап, дем тартпай туруп калды. Кыз эки жакты элеңдей карап бир азга турду да, кайра үйүнө басты. Аны токтотуп атынан атоого жигит даабады, "өх" деп үшкүрүп алып, шашыла илгичи илинбеген темир эшикти акырын ачып, башбакканда кыз артына бурула берди. Коркуп кетип каалганы катуу жаап жибергенде темир эшик тарс этип калды, кыз бир аз эшик жакты карап туруп, бери көздөй басып жөнөгөндө Марат кайда качаарын билбей калды. Ал короонун бурчуна жүгүрүп баратып кирээрге кычык таппай кайсактап калганда:
- Сизге эмне керек? - деген кыздын коңгуроодой үнү чыкты. - Ал жакта өтө турган жол жок! - Марат катып калгандай былк этпеди, бери кароого батынбай тура берди. - Кимдикине бармак элеңиз? - деди кыз кайрадан. Эми Марат кайраттана бери бурулуп, бирдеме демек болгондо, - Сизби, биякта эмне кылып жүрөсүз? - деп сурап жиберди Райкан.
- Кандай, Райкан? - Марат желкесин кашый күнөөлүүдөй басып келди.
- Жакшы, өзүңүз кандайсыз? - деди Кыз күлүмсүрөй.
- Баары ойдогудай, сени көргөндөн бери.
- Кызык, эмне үчүн?
- Сулуу кызды көргөндө акылдан азуу жигиттердин адаты эмеспи.
- Ошондой деңиз, - деп жылмайып койду кыз. - Эми өзүңүзгө келдиңизби?
- Кайдан.
- Макул анда, үйдөгүлөр көрсө камап салышпасын.
- Эмнеге?
- Кыздардын көчөдө балдар менен турганы өөн да…
- Райкан.
- Ийи.
- Сага бир сөз айтсам болобу?
- Айтыңыз угайын.
- Мен сени жактырып калдым.
- Анан.
- Мага турмушка чыгасыңбы?
- Кача-ан? - Райкан оозун баса көзүн бакырайтты.
- Окууңду бүткөндө.
- А мен университетке тапшырайын дегем да.
- Мен өзүм окутам.
- Болбойт го?
- Эмнеге болбойт, мен сырттан окуйм, а сен окууңа бара бересиң, өзүм тосуп алып турам.
- Ойлонуп көрүш керек экен. - Кыз бул жолу жер карап жооп берди.
- Райкан, жолугуп туралы…
- Ата-энем билип калса урушат.
- Көрсөтпөйбүз да, жок дегенде эки-үч күндө бир жолу.
- Мен турмушка чыгууга даяр эмесмин, али жашмын, сиз мага капа болбоңузчу, - деди Райкан акырын. - Эрте чыкканда болбойт деп атам көп айтат.
- Эмнеге, кыз деген он алты жашында чыкканы жакшы эмеспи, балким уйку көрбөй сени көздөгөн мен эле эмес чыгаармын, - деп Марат кызды суроолуу сынай карады. - Же жүрөгүңө жаккан адамың барбы, Райкан?

(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??