п»ї

Айдана:
"Мени зордуктаган жетекчимди балдар сабап өлтүрүп коюшту"
"Башында баары ойдогудай болчу"
Шаардагы кафелердин биринде официантка болуп орношуп алгам, - деп баштады сөзүн каарманыбыз Айдана.
Алгач баары ойдогудай болуп, тапканым өзүмө жетип окуп да, иштеп да жүрдүм. Күндөрдүн биринде жетекчим өзүнө чакырып, "Айдана, мен сага ашыкча акча төлөп берем, мага жардамчы болбойсуңбу" деп калды. Толук түшүнө берген жокмун, "кандайча жардамчы?" десем, "мен айткан жумуштарды кыласың, ашыкча деле эч нерсе кылбайсың !" деди. Жаман оюм жок макул болдум. Ошентип жетекчим мени ар кайсы майда жумуштары менен жумшап калды. Анан бир күнү, "сага ыраазычылык билдирип коёюн дедим эле..." деп кафеге чакырды , барган жокмун.

"Эмне мынча бааланасың?!", - деди да, сүйрөп кетти"
Күндөрдүн биринде күндөгүдөй эле жумушка барып иштеп жүргөм. Жумуш бүтүп, кетээр маалыбыз келип жыйналып жатканбыз. Ашпозчулардын баары кетип, жалаң официанттар калганбыз. Анан эле жетекчим келип, "Айдана, бери келчи, сенде сөзүм бар эле" деп калды, жаман оюм жок, сырт жактагы даараткана жакка басып барсам, колумдан кармап эле, "мен сени жакшы көрөм. Эмне мынча бааланасың?! Оюңдагыдай акча төлөп берип жүрөм, ошого да нааразы болуп, мени жекире карайсың" деп эле, колумдан тартып даараткананы көздөй сүйрөп кетти.

"Даараткананын ичинде мени зордуктап"
"Коё бериңиз!" деп бакырсам, "эмне кыласың, кое бербесем?!" деп дааратканын эшигин бекитип, менин кийимдеримди айрып, арам оюн ишке ашырууга аракет кылып баштады. Жардам сурап кыйкырып жибердим. Менин үнүмдү угуп, официанттар чуркап келишип эшикти тарткылап эле калышты. Алар эшикти ачканча жетекчим мени башка көзгө койгулап, даараткананын полуна жыгып алып, мүдөөсүн ишке ашырганга аракет жасап жатты. Канчалык болгон күчүм менен алышсам дагы күчүм жетпей койду. Алым кетип шалдырап эле жатып калдым. Бир маалда эшикти жулуп киришкен официанттар менин кан жалап жатканымды көрүшүп дендароо эле болуп калышты окшойт, эмне деп сүйлөшөрүн билбей эле туруп калышты. Жетекчим менин кыздык намысымды тебелегени аз келгенсип, кайра эшикти жулуп алышкан официант балдарга кыйкырып кирди. "Эмне силер кино көрүп жатасыңарбы?! Далдырабай тур жумушуңарды кылгыла!" деп. Официант балдардын арасында Айбек деген чогуу иштешкен жигит бар болчу чыдабай кетти окшойт, жетекчимди желкесинен тартып туруп, даараткананын ичинен сүйрөп чыгып, беттен ары уруп жиберди.

"Официант балдар жетекчимди өлтүрүп алышты"
Ошону эле башкалар күтүп тургансып баары жабылышып жетекчибизди токмоктоп киришти. Андан ары эмне болгонун билбейм, мени кыздар жетелеп алып кетишкен. Ушунчалык ыза болуп эмне кылаарымды билбей, мындан аркы жашоомду элестетүү кыйын болуп турду. Үйгө эмне деп айтам, айылга шерменде болгум келген жок. 17 жашымда кайдагы бир абышкага тебеленип калам деп ойлогон эмесмин. Эмне болсо да кудайга койдум дедим. Ата-энеме айтып, сарсанаа кылгым келген жок, бир чети айыл эмне дейт? Ушак айың кепке илинип жүргөндөн көрө өлүп алган мага ошол маалда артык болчу. Эртеси үйдө жатсам, жумуштан кыздар чалып биздин жетекчи каза болгонун айтышты. Көрсө ачууга алдырган официант балдар сабап отуруп жетекчибизди өлтүрүп коюшкан экен. Бирок бул тууралуу жетекчибиздин жакындары так маалымат берүүдөн баш тартышып, жүрөгү кармап каза болду деп айтышыптыр. Ошо менен тагдырым талкаланып кала бердим…









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??