п»ї

  Обон почта

ОП-193-01. Аксы районуна караштуу Көш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Иринжит айылында жашап жаткан атам Мырзамурат, апам Сахидага, кызым Розага бир туугандарыма салам жолдойм. Силерди аябай сагындым. Кызыңар Гүлзар
ОП-193-02. Салам, "Обонтай"! Мен силердин катарыңарга жаңы кошулдум. Атым Айгерим
ОП-193-03. Салам, "Обон"! Мен сиздерге кошулганыма абдан кубанычтамын. Сиздерди сыйлайм жана урматтайм. 0770280ххх
ОП-193-04. Салам, "Обонушка"! Мен Кара-Кулжада жашаган Жорокулов Калыбек атамды 21-ноябрь 50жашка чыгышы менен куттуктайм. Ата, сизге дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм жана дагы уул кыздарыңыздын, неберелериңиздин жанында жүрө беришиңизди каалайм. Мен бул дүйнөдө сиз деп жашап жүрөм. +77054924ххх
ОП-193-05. Салам, "Обон"! Мени тааныгандарга, өзгөчө 92-93-94-жылкыларга бир тонна салам! Кенжегүл 94
ОП-193-06. ОП-191-49га жооп: Өмүр болот дүйнөнү аралаган, Сүйүү болот жаш жүрөктү жаралаган. Олтуруп терең ойлоп таап алдым, Дүйнөдө өмүр жакшы, өлүм жаман! Мусабек
ОП-193-07. Салам, "Обон"! Апа, ата, Рахат, Эркинай, досум Таку мен силерди жакшы көрөм. Кенжегүл 94.
ОП-193-08. "Обон", Ысык-Көл районундагы Темир айылынын №2 орто мектебинин 10-"Б" классына чоң салам! Айгоша.
ОП-193-09. Мен ырчы болгум келет. Ырдаганды, бийлегенди жакшы билем. Кантип ырчы болуу керек? Айгоша.
ОП-193-10. "Обон", салам! Бардык Кыргызстандыктарга ысык салам! Айгоша.
ОП-193-11. Сүйүү десе баарын бирдей караба, Үч күндүктү түбөлүк деп санаба. Сырын билип анан ага колуң бер, Жаш жүрөгүн сага берген адамга. 0779576ххх
ОП-193-12. Каныбек Сагынбаевдин 11-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Ал жөнүндө маалымат берип койгулачы. Перизат.
"Обондон" жооп: Туулган жылы: 11-ноябрь,1985-жыл. Үй бүлөлүк абалы: үйлөнгөн. Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Каныбек Сагынбаев Кыргыз Республикасынын бильярд боюнча эл аралык спорт чебери. Бишкек шаарындагы бильярд жана бокс боюнча атайын жаш өспүрүмдөр мектебинин тренери.
ОП-193-13. Салам, "Обон"! Алтынбек, сенсиң менин ак таңдагы күнүмдөй, Сүйүүм ырдайт булбул куштун үнүндөй. Сенин демиң кубат берип жаныма, Сен бар үчүн бул өмүрдө түңүлбөйм. Мен сени сүйөм! 0555217ххх
ОП-193-14. Мен Айка, Эля, Маха, Алена, Акылай, Алтынай, Нази, Жайна деген эң жакын досторума ысык салам! Нарындан Чика
ОП-193-15. Сен күт десең, өмүр бою күтөмүн, Бир өзүңө жолугам деп жүрөмүн. А бирок, сен мени сүйбөйм десең да, Мага ишен, жаным, сени сүйөмүн. Күтө берем мен өзүңдү, жалгызым, Күтүп жатып кусаланып, сагындым. Сен ишенбей таштап кеттиң, алтыным, Бул жашоодо мени жалгыз калтырып. Элдияр 92.
ОП-193-16. Менин жакшы көргөн курбуларым, Махабат, Айпери жана башка курбуларым, бар болгула, бай болгула жана дагы бактылуу болгула! Чынара 96.
ОП-193-17. Салам, "Обон"! Бекназардын апасына, Бекназарга жана баласы Бекитайга салам. 0553948ххх
ОП-193-18. Замир ака, мынча түшүнбөйсүз?! Мен сизди сүйөм! 0558471ххх
ОП-193-19. Байкабай бал тилиңе багындым, Санааркап нур жүзүңдү сагындым. Күчөтүп кусалыкка батканда, Жалжалым, жаш балача таарындым. Чика 96
ОП-193-20. Нурлан Насипке: Күндөрүм өтүп барат сызга батып, Көз алдым бир башкача тунарып. Башкалардан кызганып бир башкача, Сезимдерим күч алып жүрөк сыздап. Аяйын, Ош.
ОП-193-21. Салам, "Обончик"! Мага "Озорный поцелуй" деген Корейский кинодогу Бек Сын Чжо жөнүндө, сүрөтү менен толук маалымат бериңиздерчи! Алдын ала рахмат! Пери.
"Обондон" жооп: Биз Бек Сын Чжо тууралуу маалымат мурунку сандарыбызда бергенбиз
ОП-193-22. Нурлан Насипке: Арзуу, кыял, таза сезим кубалап, Жашай бердим бир өзүмчө кубанып. Сени көрүп эң бир сонун дүйнөмдө, Махабатты, арзууларды жараттым. Аяйын, Ош.
ОП-193-23. Акылдан алып, ай жүзүң келишкен! Жашоомо жарык тийгизген периштем. Кызыл гүл болсоң үзбөй жыттайын, Кыйылып алып жаныңдан чыкпайын. Нарындан Чынара 96.
ОП-193-24. Мен Большевик айылындагы С. Эшматов атындагы орто мектебинин мугалимдерине салам жолдойм. Коллегаңар Айнура.
ОП-193-25. Жазел 90, мен сени менен смс аркылуу байланышсам болобу? Кел, дос болуп смс жазышалы! Буга кандай көз караштасың? Айнура.
ОП-193-26. Достор менин сүйгөн табышмагым: Экөө эч качан жолугушпайт. Ал эмнелер? Айнура.
ОП-193-27. Ильяз байке, кандайсыз? Ден-соолуктарыңыз кандай? Сиз менин кумиримсиз деп Айдай.
ОП-193-28. Нурлан Насипке: Жан дүйнөм жарык берип өмүрдө, Жашайсың сен менин гана жүрөгүмдө. Арзуу сезим жан дүйнөмдү ээледиң, Бир көз ирмем арбап сен келгенсиң. Аяйын, Ош.
ОП-193-29. Мен Большевик айылындагы Жолдошев Чырмашка жана Кадырова Гүлмирага чоң салам жолдойм. Уулуңуз Айдар.
ОП-193-30. Менин атым Тимур. Баткендин Кадамжай шаарчасындагы классташтарыма чоң салам! 0773841ххх
ОП-193-31. Салам,"Обон"! Тогуз-Торо районунун Арал айылынын тургундары атам Жумадил, апам Жаңылга салам жолдойм. Бар болуңуздар! Аман-эсен, уулдарыңыздардын урматын, кыздарыңыздардын кызматын көрүңүздөр! Уулуңуздар Нурадил.
ОП-193-32. Салам, "Обонушка"! Менин сүйүктүүм Түмөнбайга салам! Сени чексиз сүйөм! Айзада.
ОП-193-33. Бильярд боюнча дүйнөлүк чемпион Каныбек Сагынбаевдин 11-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм жана дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм! 0779360ххх
ОП-193-34. Жанымдан артык жаным сенсиң, Жашоомо жарык берген бактым сенсиң. Эгерде мен өзүмдү ойлосом, Оюмда да,түшүмдө да жалгыз сенсиң. Бул ыр сүйгөнүм Мажитке арналат. Элнура 0777498ххх
ОП-193-35. Бассам-турсам оюмдасың, Жада калса түшүмдөсүң жаным, сен. Сагындым карагаттай көзүңдү, Аярлап күлүп койгон жүзүңдү. Дайым аман болчу, Жаным, күтөм сени, Канча күндөр өтсө дагы келээрсиң, Жүрөгүмө кубаныч тартуулап. Айжамал 94.
ОП-193-36. "Обон", Куланак айылындагы мектептин 10-классына супер салам! Мен силерди аябай жакшы көрөм, классташтар. 0771491ххх
ОП-193-37. Жашоодо жаңылба, өмүрдө өкүнбө, Тагдырга таарынба, бакыттан арылба. Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу. Айжамал 94.
ОП-193-38. Ай чырайлуу келбети, Ысык-Көлдүн бермети. Кыргыздын сулуу кыздары, Мас кылат чиркин эркекти. "Обон", маанай кандай? Алина.
ОП-193-39. Салам, "Обон"! Чынында Ильяз Абдыразаков мага окшош, бир тамчыдай. Дует ырдайлы десем кандай дейсиңер! Нурсултан.
ОП-193-40. "Обон", сиздерден сураныч, досторкон рубрикасына торттун жасалышын чыгарыңыздарчы. Алдын ала рахмат! Алина 95.
"Обондон" жооп: №193 саныбызда торттун жасалышы чыкты.
ОП-193-41. Урматтуу "Обонушканын" жалпы жамааты, сиздердин ишиңиздерге чоң-чоң ийгиликтерди каалайм! Ошондой эле супер смсчилерге супер салам! Алина 95.
ОП-193-42 . Салам, "Обонушка"! Урматтуу Тариел мырза, табышмактын жообу: Күзгү. 0778535ххх
ОП-193-43. Достор,секире албаган жаныбар дүйнөдө бирөө эле экен. Ал кайсы жаныбар? 0779360ххх
ОП-193-44. "Обон", акча тапкан бай эмес, акыл тапкан бай. Акыл көнбөгөн жигитке бакыт да көнбөйт. Акыл тирүүдө урмат, өлгөндө даңк! Алина 95.
ОП-193-45. Тариел, салам! Сени сыйлайм. Бактылуу болушуңду тилейм. Мен сени досум катары аябай жакшы көрөм. Айка.
ОП-193-46. Салам, менин сүйүктүү сулуу досум Тариел. Эмне дайының жок? Айка.
ОП-193-47. Салам! Менин саламым №81мектебинин 9-"В" классына жолдонот.Меку 95,merim_95.95
ОП-193-48. Адам акылы менен адам. Адамдын максаты-жөнөкөйлүк! Кыргызымдын жаштары, ыймандуу, акылдуу жана жөнөкөй бололу! Алина 95.
ОП-193-49. Каролина 95, сени кечире албайм. Жазел 90.
ОП-193-50. Саламатсыздарбы, "Обон" газетасынын смсчилери?! Мени да өзүңөргө кошуп албайсыңарбы! Баардык смсчилер, өзүмдүн номериме жооп жазгыла, күтөм! Кочкор-Аталык болом. Паола.
ОП-193-51. "Обон", адамды бузган байлык менен бийлик! Урматтуу кыргыз урпактары, эч качан барга көппөйлү! Тариел байке, кыздарды байлыгыңыз менен эмес… Айка.
ОП-193-52. Салам, "Обон"! Манас аэропорту жактан жер тилкеси сатылат. Кызыл китеби бар. 0779200ххх
ОП-193-53. Алинур уулум! Кичинекейим, эртерээк сакайып кетчи! Сени караган сайын жүрөгүм тилинет. Эй, жараткан, уулума өзүң кубат-күч бер! Ушул биринчи кар менен баардык оору кетсин! Азыр ооруканадабыз. Жаным керек болсо берейинчи, бөбөгүм! Сакайып кетчи! Апаң.
ОП-193-54. Ушул улуу күндө баардык берген ырыскы, жакшылыктар экөөбүзгө тең болсун! Акыйкаттын нуру, баарыбыздын жүрөгүбүздө өчпөсүн! Аруу тилектер, адал жол менен ишке ашсын жана кандай жакшы максат ниет кылсак баары бизге насип болсун! Айжамал 94.
ОП-193-55. Мен Бакыт, Бактыгүлдү издейм. Бактыгүл мен 795895теги Бакыт. Окуп калсаң, чал! Сен Бишкекке келдиңби? 0773727ххх
ОП-193-56. Э. Карасартов атындагы орто мектебинин 9-"А" классына ысык салам! Чынара.
ОП-193-57. "Обон", Сарбан айылындагы жанымдай көргөн апам Мырзагүл жана Жумагүлдөрдүн үй-бүлөөсүнө салам айтам. 0553948ххх
ОП-193-58. Жаным деп, сени сүйдүм жүрөгүмдөн, Сен жок болсоң карай берем күдөр үзбөй. Ишенчи алгач сүйүүм, жан сүйүүм, мен сендикмин, муну эч качан тана албайм. Айпери.
ОП-193-59. Алема Токтоматова досума салам! Сени сагындым. Бегайка.
ОП-193-60. Салам, "Обон"! Менден силерге чоң салам! Чынара.
ОП-193-61. Жаным, Даурен. Сени гана сүйөм. Биз бактылуу жандарбыз. 0773062ххх
ОП-193-62. Смсчи досум Накуля, сени менен жолукканыма ыраазымын. Биз түбөлүк доспуз. 0779891ххх
ОП-193-63. Урматтуу "Обондун" окурманы Алтынай 95, сизге чоң рахмат! 0779891ххх
ОП-193-64. Ассаламу алейкум, "Обон"! Кыргыз элимди курбан айтты менен куттуктайм! 0552945ххх
ОП-193-65. Алла кечирсин пендесин, Пенде келтирсин келмесин. Бүгүнкү күн менен жашабай, Ойлосун дайым эртеңин! Чынара.
ОП-193-66. Сүйүү кызык, сүйүү кандай көңүлдүү, Сүйбөй дагы өткөрөбү өмүрдү? Сүйүп жүрүп сүйгөнүнө жетпесе, Ойлоп көрчү, ошол дагы өмүрбү? Бакыт 93.
ОП-193-67. Салам "Обон" жана супер смсчилер! Барсыңарбы? Ар дайым алга! Э……!
ОП-193-68 . Салам, Даниель! Садагам ырдасаң үнүң таңшыган, Күлсөң жүзүңдөн нур тамган. Апасынын аппагы, Атасынын калпагы. 0779389ххх
ОП-193-69. Сен көргөзчү, мен карайын көз алалбай, Сен сүйлөчү, мен угайын кулак тыңшай. Мен кирейин ички дүйнөңө, Бирок сен адамга зыянсың деп адам чөнтөк телефонуна айтыптыр. Гүлчаман.
ОП-193-70. Каролина 95, сени досум деп ойлогон элем. Бирок адашыпмын. Сүрөтүңдү Эрнисттин телефонунан көрдүм. Кантсе да, жигитиң да. Өзүңдө күнөө. Мага экинчи смс жазба! Эми мен сени менен дос эмесмин. Сени кечире да албайм. Жазел 90.
ОП-193-71. "Обон" гезити, сиздерден сураныч, кумирим Алла Пугачева Борисовна жөнүндө толук маалымат берип койгулачы! Бексултан Алимбеков.
"Обондон" жооп: Биз Алла Пугачева Борисовна жөнүндөгү маалыматты толугу менен мурунку сандарыбызда бергенбиз.
ОП-193-72. Салам, "Обон"! Мага Нурзада Жолдошева жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы! Алдын ала рахмат! Айка.
"Обондон" жооп: Мен негизи ак көңүл, ачык тамашакөймүн. Кайда, кимге, кандай мамиле жасаганды билем десем аша чапкандык болбойт. Жумушка жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Кемчилигим болсо, ар түрдүү себептерден улам барчу жериме кечигип барам. Бирок баары бир жетип барам.
ОП-193-73. Баткендин Кара-Булак айылындагы апама, авама, сиңдим Нуризага, жездем Жеңиш, эжем Нуржамалга чоң салам! Айкөкүл.
ОП-193-74. Эрматов мектебинин окуучуларына, Өмүркан, Нурай, Нуржан, Гүлжан, Бүбүсайра, Гүлбурак, Адина, Айзирекке салам! Окууларына ийгилик! Айкөкүл.
ОП-193-75. Салам, "Обон"! Кыздар-кызгалдактар! Кыздар неге мынча сулуу болушат? Жигиттерге кылыктанып коюшат. Бактыгүл Бадыеваны сүйөм. Сагындым, байланыш деп Жусупбек Абдыкаимов. "Ата-Журт" партия, Бишкек жана Шымкент
ОП-193-76. Саламатсыздарбы, Анжелика эже?! Сизден мындай сураныч, сиздин үлпөт көйнөгүңүздү толук көргүм келет. Тоюңуздан бир аз сүрөттөрдү чыгарып коюңузчу? Жанна 97.
ОП-193-77. Анжелика, салам! "Эркек, маймылдан бир аз эле сулуу болуш керек" дегенди, кандай түшүнөсүң? Нази.
О П-193-78. УКГда окуган сүйүктүү досторум: Гүлжан, Сүйүн, Айнура, Ж. Айсулууга салам! С. Айсулуу 96. Тогуз-Торо.
ОП-193-79. Салам, "Обон"! Аксы районунун Аксы айылындагы А. Осмонбеков мектебинин окуучуларына салам жолдойм. Тариелдин табышмагына жооп: Пияз. Эркайым.
ОП-193-80. Ак куусуң сен алыстадың ардагым, Рахмат сага, бирок катуу алдадың. Гүлүм сунсам, ырым сунсам мен сага, Эч убакта мени сүйө албадың, Намысыңды такыр коргоп калбадың. Бакыт 93.
ОП-193-81. Сүйүү-бул көз жетпеген мунара, Сүйүү үчүн далай адам убара. Эгер сүйсөң сүйөмүн деп, ачык айт, Сүйгөнүңдү бекер кылбы убара! Бакыт 93.
ОП-193-82. Кээде бир аз, көбүрөөк сүйлөгөндүгүң үчүн мунканып, бирок эмнени айтууну жакшы билбегендиктен дайыма ишенимдүү болом. Сени тааныгандай эле, өзүн дагы, жашоону дагы тааныган, келечегин сени менен элестеткен, сени тааныбай коё албаган адамың барбы? Сүйгөн. 07778929ххх
ОП-193-83. Сүйөм деп айтыштан тайманамын, Бир өзүңө сүйөм деп айталабадым. Чын жүрөктөн сүйөөрүмдү билбей туруп, Алыс жакка мени таштап кетип калдың. Элдияр 92.
ОП-193-84. Салам, менин сүйүктүү "Обнушкам" жана "Обонушкамдын" жалпы жамааты! Сиздерге ийгилик! Бекем ден-соолук, каалайм. Бар болуңуздар, аман болуңуздар! Айка.
ОП-193-85. Анжелика эже, саламатсызбы! Сиз номериңизди бересизби? Айзирек.
ОП-193-86. Салам, "Обон"! Мага тумар радиосунун ди-джейи Аслан Адилбеков тууралуу маалымат бергилечи, сураныч. Айка 96.
ОП-193-87. Бул дүйнөдө ыйык болгон сүйүү күчү, Сүйгөнүңдү чындап сүйсөң аны күтүү. Канча деген сүйүшкөндөр жетелешип, Карачы, унутулгус тунук сүйүү. Элдияр 92.
ОП-193-88. Сен күт десең өмүр бою күтөмүн, Бир өзүңө жолугам деп жүрөмүн. А бирок, сен мени сүйбөйм десең да, Мага ишен, жаным, сени сүйөмүн. Күтө берем мен өзүңдү, жалгызым, Күтүп жатып кусаланып, сагындым. Сен ишенбей таштап кеттиң, алтыным, Бул жашоодо мени жалгыз калтырдың. Элдияр 92.
ОП-193-89. Менин туугандарым баардыгыңарга менден ысык салам айтам жана мени тааныган досторума салам! Элдияр 92.
ОП-193-90. Адам деген бир жаралчу нерсе экен, Бул дүйнөдө адам үчүн дүйнө кенен. Жаратканым канча жашоо насип кылса, Аз болсо да, көп болсо да жашайт экен. Элдияр 92.
ОП-193-91. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө сүйүү калды, А бирок, чын сүйүү өзү барбы?! Мен дагы сүйгөнүмө жете албадым, Эң бир ыйык махабатым кайда калды?! Элдияр 92.
ОП-193-92. Салам, "Обон"! Анжелика эже, саламатсызбы! Мен сизди аябай жакшы көрөм.Айзирек.
ОП-193-93. Табылгыты айылында жашаган Жубаш чоң атабызга жана Дилде чоң апабызга жана балдары Чубак, Калысбек, Үсөн, Бекболсун, Карыпбекке салам айтам. Небереси Алмаз.
ОП-193-94. Кыш да келди, кыш бүтсө жаз да келет. Убакыт кандай тез өтөт. 0773567ххх
ОП-193-95. "Обон", "Обон" өмүр сүргүн толгон, Окурманың көбөйүп, ийгилик сага "Обон"! Канышай.
ОП-193-96. Салам, "Обонушка"! Тариел табышмагыңдын жообу колго такчу саат. Сөзүңө туруп, мага бирдик саласыңбы? Айпери.
ОП-193-97. Салам, смсчилер! Мен силер менен достошкум келет. Айка.
ОП-193-98. Ильяз байке, сиз кайсы тамакты жакшы көрөсүз? Көлдөн Муни.
ОП-193-99. Баардык жаштардын өтүп кеткен майрамы менен! 0773567ххх
ОП-193-100. Шамалды-Сай шаарында №10-мектепте ангилс сабагынын берген эжем Чынаранын иштерине ийгилик каалайм. Бегайка.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??