п»ї
 Таанышуу жарыясы


Арман :
Кыздарга өзүм барып таанышып көргөн жан эмесмин
- Саламатсызбы, Арман?! Эмнеге эне тилиңизде эмес бөтөн тилде ырдап келесиз? Же бул кыргыз тилин сыйлабагандыгыңызбы?
- Жок таптакыр андай эмес. Өзүмө англисче ырдаган абдан жагат. Кыргызды чет өлкөгө таанытыш үчүн биринчи кадамымды англисче ырдагандан баштадым. Негизи өзүм кыргыз тилин сыйлайм. Кайсы жерге барбайын кыргызча сүйлөйм.
- "Sexy-sexy" деген ырыңыздын түпкү мааниси кандай? Жалпак тил менен түшүндүрүп берсеңиз?
- Бул ырым жаштарга арналган ыр болуп эсептелинет. Жалпак тил менен түшүндүрө кетсем, кыздарга арналган. Досум экөөбүздүн идеябыздан жаралган. Албетте, мындай ырдын сөздөрү кыргыздын менталитетине туура келбесе дагы жаштар туура кабыл алышты. Анткени, Кыргызстан өсүшү керек. Маанисин башкача кылып ойлонуп көргөнбүз, бирок акырында ушундай жыйынтыкка келип кыздар үчүн болгону сулуулуктун маңызын бердик. Бул дагы болсо чоң жетишкендик.
- Бөтөн тилдеги ырдаган ырларыңыз техниканын күчү менен жазылабы же өзүңүздө талант барбы?
- Ар бир адамдын өзүнүн стили болот. Бул дагы менин башкалардан өзгөчө болгон өзүмө жаккан стилим десем болот. Талант бар болуш керек деп ойлойм. Анткени ар бир ырымды кылдаттык менен ар бир тыбышын туура, так орундуу айтканга аракет кылам. Техника ар бир ырчынын ырына деле кошулат да.
- Орустун белгилүү жылдызы Дима Биланга окшош экенсиз. Аны кумир тутуп келесизби?
- Жок, аны кумир тутпайм. Болгон турпатым, болгон келбетим ушул. Аларга окшошуп, алардай болоюн деп атайын операция жасаткан жокмун. Кудайдын жаратканы болсо керек. Табигый эле өзүмдүн келбетим. Менин үнүмдү көптөр Энрике Иглесиаска окшоштурушат. Бирок, мен аны туурап, ага окшоп ырдагым келбейт.
- Ачууну ачуу басат дешет. Жиниңиз кайнап турганда сыра менен дос болосузбу же..?
- Жок. Биринчи келме келтирем, сабырдуу, толеранттуу болгонго умтулам. Сыра ичип аны менен дос болгондон пайда чыкпайт. Андан көрө сабырдуу болгонго аракет жасайм.
- Сиздин тышкы келбетиңиз назик жандай көрүнөт экен. Жан дүйнөңүздү кыйнаган ашыктык сезиминен уламбы?
- Атасыз өскөн баламын, балким ошондон улам назик болуп көрүнсөм керек. Апам жана иним болуп бул жашоодогу бардык кыйынчылыктарды жеңгенге аракет жасадык. Көңүлүм жумшак, ошондуктан көп кишилердин көңүлүн ооруткум келбейт. Мындан беш жыл мурда жүрөгүмдүн ээси, тактап айтканда сүйлөшкөн кызым бар болчу. Экөөбүз бирге жүргөн бактылуу күндөрүмдү унутуп, азыр эки башка жолго айрылдык. Сүйлөшпөй калганыбызга көп болуп калды. Ага болгон сүйүүмдүн күчтүүлүгүнөн ыр да жараттым.
- Эркек бир сүйлөйт дейт. Өзүңүз билип чечим чыгарасызбы же башкалардын акылына муктаж болосузбу?
- Ал нерсе ар кандай. Мисалы, жумуш жагынан апам менен кеңешем, анын акылына муктаж болом. Ал эми чыгармачылыгым жактан албетте, продюсерим менен кеңешем. Бирок ар кандай кырдаалдар болот да. Ырларды жаздырганда табитиме карап өзүм чечим чыгарам.
- Чыгармачылыктан тышкары устачылыкка дагы шыктуу деп уктум. Кара жумуш болсо да күнүмдүк тиричилигиңизди кылып кете аласызбы?
- Ооба, мен он алты жашымдан баштап эле иштеп келе жатам. Өзүм жалгыз иштеп кара жумушту да, кыйынчылыкты да көргөн баламын. Бардык нерсеге бышкан, кандай кыйынчылык болбосун туруштук берип өз жанымды багып кете алам.
- Кыргызча ыр жаздырып жаткан экенсиз. Кыргыздын нукура аспаптары дагы аралашабы?
- Менин ырымды көбүнчөсү жаштар укканына байланыштуу ал ыр дагы жаштар үчүн. Кайгылуу дебейм, бирок кайсы бир сөздөрүндө, кайсы бир саптарында жүрөккө тийген сөздөр бар. Кыргыз жыттанбаса да обону, сөзү кыргызча. Менимче абдан жакшы ыр, көпчүлүк түшүнөт деп ойлойм.
- 17-ноябрь студенттердин күнү. Студент кезиңиздеги кызыктуу күндөрүңүз?
- Ооба, мен дагы башкалар сыяктуу студент болгом. Техникумда окуп жүргөндө көчөдөн кетип бара жатып майонез менен лепёшка алып курсагыбыздын камын көргөн учурларыбыз болгон. Эки, үч сом менен троллейбуска түшүп, кээ күндөрү акчабыз жок болуп калса, жөө жүргөн күндөрүбүз болгон. Бирок, мен үйдө жашагандыктан мындан дагы кызыктуу күндөрдү көрбөй калдым окшойт. Кудай буюрса, мен дагы кийинки жылы окууга тапшырып кайрадан студенттик күндөрдү баштан кечирем.
- Көп ырчылар бир ыр жаздырып, Спорт сарайын көтөрө чаап ашар менен концерт берип калбадыбы? Сиз жеке концертиңизди качанкыга пландап жатасыз?
- Бул жылы бербейм. Мүмкүн кийинки жылы коюп калаармын. Биз концерт бергенде өзүбүздүн гана кызыкчылыгыбызды ойлобойбуз да. Келген күйөрмандардын дагы кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Кийинки жылы концерт берип калсам, сапаттуу, элдин эсинде калаарлык кылганга аракет кылабыз. Ар кандай адамдар келип өзүнө жаккан ырларын угушат. Азыр менин болгону эки ырым бар. Алдыда дагы кыргызча ыр жаздырып жатам. Азыр биздин планда концерт берүү эмес, жаңы жакшы ырларды жаратууга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.
- Сулуу кыздарды көргөндө кандай сөз айтсам деп ойлоносуз?
- Азыркы убакка чейин бир дагы кыз менен өзүм барып таанышып көргөн жан эмесмин. Беш жыл мурунку кызымды өзүм жактырып калгам. Мен кыздардын сулуулугуна көп басым жасабайм. Эң башкысы анын ички жан дүйнөсүндөгү болгон мээримдүүлүк болсо ал сулуу көрүнөт да.

Жылдыз Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??