п»ї

М.Бакиевдин 5 унаасы сатууга коюлабы?
Мамлекеттик мүлк министрлиги Максим Бакиевдин 5 унаасын өзүнө калтыруу же мамлекетке өткөрүп берүү боюнча токтом долбоорун Жогорку Кеңешке жиберет. Бул тууралуу улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун директору Назира Усеналиева бүгүн, 14-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин быйыл 8-июлда бекиткен декретине ылайык, Максим Бакиевдин 5 унаасы сатылууга тийиш болчу. Бирок, унааларды өздөрүнө калтыруу тууралуу президенттин иш боюнча башкармалыгынан кат келип түшкөн. "Жакында бул боюнча атайын токтом долбоорун даярдап, ЖКга жөнөтөбүз. Мамлекеттин менчигине калтырабы же сатылабы, же К.Бакиевдин балдарына береби - парламент чечет. Биз жөн гана аткаруучу орган болуп эсептелебиз", - дейт Н.Усеналиева.


Камчыбек Ташиев кайрадан "Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп шайланды
Камчыбек Ташиев кайрадан "Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп шайланды. Анын фракция лидерлигине талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.
Буга чейин Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого талапкерлигин койгондугуна байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу өткөрүп берген. Натыйжада Садыр Жапаров "Ата-Журт" фракциясынын лидери болгон. Аз өтпөй Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетектеген С. Жапаров фракция жана комитет ишин бирдей алып кетүүгө кыйын экенин белгилеп, фракция жетекчилигинен баш тарткан. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев "фракциянын жаңы жетекчиси болуп дайындалган.


"Мегаком" компаниясынын 49 пайыз үлүшү 108,1 миллион долларга сатылат
"Мегаком" компаниясынын улутташтырылган 49 пайыз үлүшү 108,1 миллион долларга сатылат. Компаниянын үлүшүн сатуу боюнча ачык аукцион 2011-жылдын 29-ноябрында өткөрүлөөрүн 14-ноябрда болгон жыйында Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдындагы Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун директору Назира Үсөналиева билдирди.
"Мегаком" соода маркасы менен таанылган "Альфа Телеком" ЖАКынын 49 пайызынын наркы 97,1 миллион доллардан 108,1 миллион долларга чейин деп бааланган. Ал эми компаниянын толук 100 пайызы 291,2-322,1 миллион долларды түзөт. Ачык аукционду өткөрүү комиссиясынын курамына Жогорку Кеңештин, ЖМК, бейөкмөт уюмдар жана ишкер-коомчулуктун өкүлдөрү киришкен. "Мегаком" компаниясынын улутташтырылган үлүшүн сатуу КТРК түз эфиринде көрсөтүлөт.


ЖК комитети тышкы иштер министрине нааразы
Жогорку Кеңештин Регламент жана этика комитети 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамын аткаруу боюнча иш-аракетин иликтөөнүн натыйжаларын карашты.
Жыйынга Тышкы иштер министринин ордуна статс-катчысы келишине депутат Камила Талиева нааразы болду. "Эмнеге министр президентти угуп, башкаларды укпай, жыйынга келбейт? Биз аброюбузду көтөрүп, министр келгенде эле мыйзамды карайлык. Министр өзү келсин", - деди Талиева . Натыйжада, комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун кийинки жыйындарга жылдырды.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??