п»ї

2014-жылы Анжелика уулдуу Ж. Сыдыков 2013- жылы кыздуу болот
Өткөн саныбызда Батырбек Эралиев агай биздин окурмандырыбызга кыздын же уулдун эмне себептен көп төрөлгөндүгү тууралуу айтып берди эле. Редакциябызга тынымсыз чалуулар түшкөндөн кийин, Батырбек агай уулдуу же кыздуу болгусу келген окурмандарыбызга кайсы жылы аракет кылып көрсө болорун эсептеп берген. Бул саныбызда аттын кашкасындай таанымал ырчыларыбызга кайсы жылы уулдуу же кыздуу болорун эсептеп берди.


Сьездбек Искеналиев, ырчы, бир кыз, бир уулдун атасы
Бир кыз, бир уулдун атасы болгон ырчы байкебиз Сьездбек эгер келечекте кыздуу болгусу келсе анда 2013 - жылы келинчеги менен ойлонуп көрүшсө болот. Ал эми эркек балалуу болгусу келсе демек Сьездбек байкебиз 2014 - жылы пландаса болот экен.


Замир Арыкбаев, ырчы, эки кыздын атасы
Ал мончоктой болгон эки кыздын атасы Замир байке келечекте татынакай уулдуу болгусу келсе, жеңебиз экөө 2013 - жылдын башталышы менен ойлоно беришсе болот.


Жакут Сыдыков, ырчы, куудул, эки уулдун атасы
Ырчы куудул Жакут байкебиздин да мекенди коргойм деген эки баатырлары бар экени баарыбызга маалым. Эгер Жакут байке нарындан чыккан Акмөөрдөй татынакай кыздуу болгусу келсе, демек байкебиздин 2014 - жылы мүмкүнчүлүгү бар экен.


Анжелика, ырчы, эки кыздын энеси
Жаш ай чырайлуу, бизнесте өзүнүн ордун таап кеткен ырчы айым Анжелика эки кыздын татынакай энеси, сүйүүктүү жар экенин баары эле билишсе керек. Бир жаштан ашып калган Анжеликанын экинчи кызын дагы кичине чоңойтуп алып 2014 - жылы уулдуу болууга аракет кыла берсе болот.


Ынак Осмоналиев, ырчы, үч кыздын атасы
Периштедей болгон татынакай үч кызы бар Ынак байкебиз деле уулдуу болгусу келсе керек. Эгер ырчы байкебиз Ынак 2012 - жылы аракет кылып көрсө өзүндөй болгон таланттуу уулдуу болууга мүмкүнчүлүгү бар.


Жылдыз Тутуева ырчы, эки кыздын энеси
Бир кездерде жаркылдап ырдап жүргөн ырчы кызыбыз Жылдыз, азыркы мезгилде эки кыздын энеси болуп сахнадан кичине алыстап калган маалы. Улуу кызын төрөгөндөн кийин он жыл эс алып кайра көз жарган ырчы айым эгер уулдуу болууну кааласа бул сапар он жыл эс албастан 2012 - жылы аракет кылып көрсө уулдуу боло алат.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??