п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Назира Жанакеева, диктор
Экөөбүз эки түтүндө жашайт деген ушак кеп
- Телевидение тармагында 2002-жылдан бери эмгектенип келесиз. Экрандын жүзү болуш үчүн, айымдар кандай талаптарга жооп берүүгө тийиш?
- Мурда, тактап айтканда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары 2005-жылдарга чейин телеканалдарда алып баруучулук кесибинин кадыр-баркы бийигирээк болчу. Азыр карап көрсөң, ошол эле "Жаңылыктар" программасын күндө он диктор алмашып алып барат. Алардын көбү талаптарга жооп бербейт. Ушундан улам, көрүүчүлөрдүн айрымдарында "мен мындан кыйын алып бармакмын" деген ойлор жаралып жатпайбы, диктордун кадыр-баркынын төмөндөшүн мен ушундан көрөм:көгүлтүр экранга чыккан адамдын келбети, үнү, сүйлөө темпи талаптагыдай болушу керек. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай(тилекке каршы, азыркы алып баруучулардын көбү муну эске алышпайт), алып баруучу экрандын ар жагында адамдар менен баарлашып жаткандыгын эске тутуусу абзел. Жеткиликтүү, түшүнүктүү, кызыктуу кылып айтып берүүсү керек, эфирге өзүн куурчактай кылып алып чыгуу бул биринчи жана жалгыз максат эмес.
- Энелик бакыттын даамын татып жатасыз. Жолдошуңуз КТРде иштеген Зарылбек Оролбаев деп угуп калдым эле. Бул чынбы?
- Ооба, журналисттер негизи кыйын калк да. Баарын билишет. Жолдошум Зарылбек Оролбаев экөөбүз 2003-жылы баш кошконбуз. Экөөбүз тең КООРТ деген телеканал бар болчу (азыр 5-канал), ошондо иштечүбүз. Ал кыргыз редакциясында жооптуу редактор болуп турган.
- Аял-күйөөсүнүн ортосунда эмне сыр болушу мүмкүн? Көп убакыттан бери экөөңүздөр эки бөлөк түтүндө жашайт экенсиздер?
- Экөөбүз эки түтүндө жашайт деген ушак кеп. Негизи мен төркүнчүлмүн, аны өзүм да мойнума алам. Атасыз калганыбызга мына беш жылдын жүзү болду. Апам бир чоң үйдө жалгыз жашайт. Кайненем оорулуу болгондуктан, ошондой эле эрмек болсун деп балдарымды көбүнчө таенесиникине жиберип турабыз. Өзүм да апамдыкына көп барам, үйүн салышканда да көп жардам берип жүрүп калдым. Кыязы, бул ушак-кеп ошол кезде жаралса керек.
- Cиз кайненеңизди сыйлабайт экенсиз. Балким, ошол себептен жолдошуңуз менен бирге жашабайсызбы?
- Таң... Кайненем экөөбүздүн ортобузда мамилебиз сый. Ал менин балдарымдын сүйүктүү чоң энеси, мен анын сүйүктүү неберелеринин энесимин. Менин жолдошум жалгыз бала, анан кантип экөөбүздүн мамилебиз жаман болсун? Ал акылман киши, бизден башка эч кими жок экендигин билет. Анан кантип мага мамилеси терс болмок эле. Мен өмүрлүк жолдошумду бутуна тургузуп, ушул деңгээлге жеткирип бергенден кийин мен аны сыйлабай коймок белем. Кайнене кандай болбосун таптап алыш келинден. Кайненемдин мүнөзү начар эмес. Биздин мамилебиз мына сегиз жылдан өттү дурус бойдон. Тууган-туушкандар билет.
- Аял эне, аял жаз, аял гүл, аял затына теңдеш эч бир нерсе жок эмеспи. Сулуулугуңузду кантип сактап келесиз?
- Апамдын бир туугандары азыр жалаң кыздар. Баары сулуу. Апамды баарысынын сулуусу деп коюшчу экен. Бирок таежелерим апамдын жаш кезиндегисине кыздарынын ичинен так окшошкону жок деп айтып калышат. Атам да, убагында чоң кызматтарда иштеген абдан сулуу, салабаттуу киши болгон. А мен болсо, күзгүнүн жанында сааттап тура бергендердин бири эмесмин. Кийинчерээк боектордон да тажап жүрөм. Эс алдыруучу маскаларды гана жасайм.
- Сизди, "кычыраган креслону ары кыйшайтып, бери кыйшайтып олтурган бир чиновник менен жакын мамиледе жүрөт" деп, кеп кылып калышат. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Негизи менин артымдан мындай ушактар ээрчибейт. Болгон бош убактымдын баардыгын үй-бүлөмө жумшайм. Ашыкча баласакмын. 1-2 саат гана жумушта болуп, кайра балдарыма шашам. Тааныш эмес номерлерге жооп бербейм.
- Кыздын чырагы кырк деп коёт. Дагы башка турмуш менен өзүңүздү сынап көрөйүн деген оюңуз барбы?
- Кудай сактасын, дагы бир жолу айтып коеюн. Мен негизи, ар кайсы күйөөгө тийип, ар кимден балдары болгон үй-бүлөлөргө көз карашым терс. Алар мени кечирип коюшсун, албетте, бул Кудайдын башка салганы деп коет. Эгерде бул жолдошум менен отум күйүшпөй эки жакка айрылсак дагы башка бир адам менен баш кошууну такыр элестете албайм. Балдар атасы, энеси менен бир үй-бүлөдө жашашы керек. Ар кандай майда уруштардан эки жакта жүргөн балалуу ата менен энелерге кайрылат элем: "Бала баарына дары, баланын бактылуу жашоосуна эмне жетсин, бала атанын да, эненин да мээримин татып чоңоюшу керек. Бул биздин милдет".
- Аялга тишелүү үй жумуштарын аткарасызбы же жылуу диванда олтурган ак кол кожейкесизби?
- Негизи, жолдошум менен кайненем башка бирөөнүн тамагына алымсынышпайт. Менин гана жасаган тамактарымды мактайт. Анан жолдошум, кайненем каалап турса, балдарым турса, кантип тамак жасабайм. Тескерисинче түрдүүлөп курсактарын кампайткан мен үчүн ырахат. Баардык жумуштарды жасайм. Жолдошум эркектер жасачу иштери менен алек болсо, анын да жанында туруп жардам бергенди жакшы көрөм.
Жылдыз
Абдыкерим кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??