п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ырчыдан ырчы төрөлөбү?
"Жакшыдан мөөн, жамандан жаан да" туулуп калышы ыктымал деп бир акылман айткандай эле, эч качан койчудан койчу, саясатчыдан саясатчы, ырчыдан ырчы жаралсын деген мыйзам жок. Бирок, акыркы убакта атактуу ырчылардын балдарынын бардыгы тең, үнү бары деле, жогу деле сахнадан түшпөй келишет. Айрымдарынын чындыгында генден берген таланттуулары да бар.


Сыймык Бейшекеев, КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Келечекте Азаматтын ырчы эмес, жакшы адам болушун тилейм"
- Трактористтин баласы тракторист же ырчыдан ырчы төрөлсүн деген сөз жок. Балким, ырчыдан депутат, депутаттан ырчы жаралышы мүмкүн. Менин түпкү тегимде ырчы адам деле жок. Негизи апам жакшы ырдайт. Ал эми Азамат боюнча айта кетсем, ал жаңы 1-класска киргенде, менде эргүү пайда болуп ыр жазгам . Бул чыгарма ата менен баланын ортосундагы ыр болгондуктан, балам менен аткарганга туура келген. Ошондо Азаматты ырдаганга мен көндүргөм. Ал азыр колледжде окуп жатат. Келечекте Азаматтын ырчы эмес, жакшы адам болушун тилейм. Эгер ырчылык таланты бар болсо, кийин өзү өркүндөтүп кетет.


Азамат Бейшеекев:
"Атамдан ашпасам дагы атамдай эмгек сиңирген ырчы болом"
- Мен бул сөзгө кошулам. Мен да атамдын жолун жолдогум келет. Жакында эле атам ак эмгеги менен "КРнын эмгек сиңирген артисти" наамы менен сыйланды. Мен да буюрса атамдан ашпасам дагы атамдай эмгек сиңирген ырчы болом деген үмүтүм бар.


Керим Турапов, КРнын Эл артисти:
"Ырчылык - бул өтө оор талант"
- Ырчыдан ырчы же башка бир инсан чыгабы, бул генден болсо керек. Маселен, Болот Миңжылкыев деген аттуу-баштуу ырчыбыздын бир да баласы ырчы болгон эмес. Мен ойлойм, "ырчынын жашоосу өтө оор болгондуктан эч бир баласы анын жолун жолдобойт болуш керек" деп. Талант кан куушу да, куубашы да мүмкүн. Ырчылык - бул өтө оор талант. Айтургандын ырчы эмес, келечекте чоң пианистка болоруна көзүм жетет.

Айтурган Турапова:
"Мен атамдын жолун жолдоп
ырчы болгум келбейт"
- Эгер ырчынын баласында талант болсо, болот. Бирок, мен атамдын жолун жолдоп ырчы болгум келбейт. Мурда "Кусалык" аттуу ырды ырдап чыкканымдын себеби, озүмдү сынаган болчумун. Мен келечекте атактуу пианистка болсом деп кыялданам.


Турусбек Жумалиев, КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Таланты жок адам ташыркаган атка окшош"
- Ал кандай инсандын баласы болбосун, кудай берген талант болбосо майнап чыкпайт. Ошондуктан, мен "ырчынын баласы ырчы болушу керек" деген сөзгө кошулбайм. Мен баламдын ырчы болушун каалаган эмесмин. Ал өзү "ата жүрөгүм ырдап атат" деп таланттын аркасы менен ырдап калды. Таланты жок адам ташыркаган атка окшош. Үнү жок адамдын ырдабай эле койгону жакшы.

Дмитрий Жумалиев, ырчы:
"Канчалык атам каршы болбосун, жүрөгүм ырдаганын коё албады"
- Таланты жок актердун баласы канчалык аракет кылса да, андан актер чыкпайт. Ошондуктан адамдын жүрөгү эмнени кааласа, ошол нерсени кабыл алуусу зарыл. Болбосо адам ооруп калышы мүмкүн. Үйдөн бала кезиңде эмнени көрсөң, эс тартканда да ошого умтулат экенсиң. Менин ырдаганыма атам башында каршы болгон. Бирок, канчалык атам каршы болбосун жүрөгүм ырдаганын кое албады. Ошондон улам, ырдай баштадым. Менин опер ырчысы болушума Эмил Оморовдун жана башка агайларымдын салымы чоң.


Кубик Калыков, куудул:
"Айперинин ырчылык өнөрүн улантышына каршымын"
- "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей эле, үйдө бала кандай тарбияны көрсө, уядан учканда ошону алат экен. Мисалы, мен эч ырчы же куудул болом деп ойлогон эмесмин. Негизи сүрөтчү болгум келчү. Атам комузда кол ойноткон, манасчы болгон. Мага куудулдук да, ырчылык да атамдан келди окшойт. Азыр мен өзүмдү куудул же ырчы деп да айта албайм. Айперинин ырчылык өнөрүн улантышына каршымын. Ырдагысы келген учурда ырдайт. Анткени, ал азыр өзүнүн кесиби менен иштеп атат. Ал эл алдында уят болбош үчүн үйдөн бир аз музыка жаатында сабак берем.

Айпери Кубик кызы:
"Ырчылыкты улантам же таштайм деп жооп бере албайм"
- Бул кудайдын буйругу. Ар бир адам ар кандай кесипти аркалаганга укугу бар. Негизи турмушта кандай жолду тандайсың, ал өзүңдүн кызыкчылыгыңан болот. Мен азыр шоу дүйнөсүнөн бир аз алыстап кеттим. Себеби, өзүмдүн кесибим менен министрликте иштеп жатам. Кесибим боюнча эл аралык байланыш тармагы. Ошон үчүн, ырчылыкты улантам же таштайм деп жооп бере албайм.

Бегайым Шайыпова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??