п»ї

Алексей Филатов француз порфюмунун жүзү болду
Белгилүү шоумен Алексей Филатов жакын арада Кыргызстандын белгилүү соода дүкөндөрүнө чыга турган өзгөчө популярдуулукка ээ француз порфюмун рекламалайт.
- Өзүм ар кандай жыпар жыттарды жактырганыман улам, мага француз порфюмун рекламалоо абдан жакты. "20 - кылымдын акылмандары айткандай "Жыпар жыт - бул сиз менен кошо келип, сиз кеткенден кийин көпкө сакталып калуучу жыт" дегендей мен дагы жыпар жыттарды абдан жактырам" дейт шоумен. Сүрөттү көрүп, болочоктогу келинчеги окшойт деген ушактар да жүрүп жатат. Ушунун чын-төгүнүн сураганыбызда Алексей жооп бере албайм деп койду.

Назира Токонова өзгөчө белек алды
Кыргыздын дагы бир таланттуу кызы Назира быйыл өзүнө машина сатып алам деп, кандайдыр бир себептерден улам ала албай калыптыр. Таксиден таксиге түшүп жүргөн ырчы кыз минидискин жоготуп алып, араң таап, өзүнчө убара болуп жүргөн маалы. Мындан тышкары Назиранын жакын досу, күйөрманы Эмираттан өзгөчө белек алып келип бериптир. Ал белекте араб тилинде "Назира Токонова" деп жазылып турат экен.


Гульнара Кахарова жетинчи перзентин күтүп жатат
Коңгуроодой үнү бар Гүлнара Кахарова эжебиздин боюнда бар деп кулагыбыз чалып калды. Үч уул, үч кызды тарбиялап өстүрүп жаткан эжебиз КРнын Эл артисти наамын алганча, Баатыр эне наамын алганы калды окшойт.


Султан Садыралиев жакында концерт берет
Жаш таланттуу жигитибиз Султан жакында жеке концертин бергини катуу даярданып жатат. Мындан тышкары "Балама", "Ак сүйүү" деген жаңы ырлардын үстүндө иштөөдө. "Ак сүйүү" аттуу ырына клип да тарттырып өзүнүн күйөрмандарына жаңы ырларын жаңы клип менен кошо тартуулаганы турат. Буюрса жакын арада Султандын жаңы ырларына күбө боло алабыз деген ойдобуз.


  Жазгүл Додооева, бийчи:

Демөөрчү болом деп байкелер тийишип калышат
- "Жаз" бийчилер тобу качан негизделди эле?
- Топту ачып, кыздар менен иштешип калганыма үч жарым жыл болду. 2008 - жылдан бери иштешип келе жатам.
- Негизи бийчилер тобун ачуу бул кимдин идеясы эле?
- Идея өзүмдүкү. Мен кичинекей кезимде ырчы болууну кыялданчумун. Бийлөө менин оюмда да жок болчу. Анан шаарга келгенден кийин ар кандай ийримдерге катышып жүрдүм. Алгач "Рахат" бий ансамблинде бийлеп баштагам, андан кийин университетте окуп жүргөндө ар кандай сынактарга катышчумун. Кийин ошол жактан сунуш киргизип калышты, "бийлебейсиңби, өнөрүң бар экен" деп. Ошондон улам өзүмчө топ ачып бийлеп баштадым.
- Сенин тобуңа жазылыш үчүн, кыздар кандай талаптарга жооп бериши керек?
- Бизде бир эле талап бар. Өтө арык кыздарды топко албайбыз. Анткени форма тиктирип жатканда форманын размерлери стандарт болот. Ар бирине ылайыктап тиктирбейбиз да. Анан арык кыздардын көбүнчөсү алсыз болуп, бат эле чарчап калышат. Ошол себептен улам албайбыз. Ал эми толук кыздар келсе ала беребиз, арыктатабыз дегендей.
- Сынактарга катышып турасыңарбы?
- "Жаш таланттар" сынагына быйыл биринчи жолу катышып экинчи орунга татыдык. Менимче бул жакшы эле ийгилик болуш керек. Алгач райондук, андан соң республикалык сынакка катыштык.
- Кыргызстандан тышкары чет мамлекеттерге чыгып, өнөрүңөрдү көрсөтүп жүрөсүңөрбү?
- Азырынча чет мамлекеттерге чыга элекпиз. Чакыруулар болгон, бирок ал жакка баруу үчүн да шарт керек эмеспи. Барганга жараша топ менен барыш керек да, анан бир, эки кызымды ээрчитип барып эмне көрсөтүп келмек элем? Көбүнчөсү чакырган жерлер, "жол чыгымын өзүңөр төлөп келгиле" дейт. Бизде болсо азырынча андай шарт жок болуп жатат. Бирок буюрса келечекте сөз жок чыгабыз деген ойдомун.
- Демөөрчүңөр барбы?
- Менин демөөрчүм-бул апам. Колунан келген жардамын берип турат. Башка демөөрчү деле издеген эмесмин. Чынын айтсам кээ бир учурларда тойлордо болобу же дагы кандайдыр бир кечелерде болобу, бийлеп чыгып калсаң, таанымал эле байкелер келип, "жакшы бийлейт экенсиңер. Силерге демөөрчү болуп берейинби, телефонуңдун номерин бербейсиңби, сулуу кыздар экенсиңер" деп тийише баштаганда эле , "жок, рахмат байке"деп кетип калууга туура келет.
- Ал эми форма маселесин кандай чечесиңер?
- Мурда мен ийримдерге катышып жүргөндө келишим боюнча форманын жарым акчасын мен төлөчүмүн, жарым акчасын ийримдегилер төлөчү. Бирок алган кийимдерибиз кийин ийримде калып бизге кайтарылып берилчү эмес. Ошондон улам ата-энелер арасында пикир келишпестиктер болуп кетээр эле. Анан мен дагы ошондой түшүнбөстүктөргө кабыл болуп калбайын деп, форманы бүт өз мойнума алгам. Каражатты болсо ийримге катышкан кыздар айына 400 сомдон төлөшөт. Ошол эле акчага кайра өздөрүнө кийим тиктирип берем. Бирок ал жетпейт, албетте, анан кээ бир ырчылар концерттерине чакырып калышат. Көбүнчөсү бекер эле бийлеп беребиз. Анан ыраазычылык билдирип берип калышат. Ошолордон түшкөн акчага биз өзүбүзгө кийим тиктиребиз. Мындан тышкары апам салымын кошуп турат.
- Шоу бизнесте кайсы эстрада жылдыздары менен иштешип турасыңар?
- Көп эле, Ильяз Абдыразаков, Айнура Салахидинова, "Кеңеш" тобу жана башкалар. Кээ бир эстрада жылдыздары өздөрү чакырса, кээ бир ырчыларга өзүбүз суранып барабыз. Мисалы үчүн өткөндө Роза Аманованын концертинде өзүм суранып жатып катыштык. Биз үчүн бул адбан чоң сыймык болду.


Алиса Сапарбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??