п»ї

  Коом көйгөйү

Калмаматов Ажибай Айтиевич, КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору:
Ыр тууралуу талаш-тартыштар көп болот
- Кыргыз патентке авторлор кандайча катталышат? Теледе,радиодо жаңырган ырлардын авторлору айрым учурларда туура эмес айтылып калган учурлар болот, ошондой талаш-тартыштар болобу?
- Бүгүнкү күндө авторлордун көпчүлүгү эле билип калышты, чыгарма же болбосо обон жарата турган болсо бизге келип, автордук укук жөнүндө күбөлүк алат. Бизден каттоодон өтүп күбөлүк алгандан кийин, кимдир-бирөөлөр ошол ырды колдонуп,"меники" деп плагиаттык же болбосо түз сөз менен айтканда, уурулук кыла турган болсо, ал адам мыйзам алдында жооп берет. Бүгүнкү күндө биздин интеллектуалдык менчик кызматы, интеллектуалдык менчиктерди коргоо боюнча конституцияда, кылмыш кодексинен тартып административдик кодексте, патенттик мыйзамдардын баарында жазылган - автордук укукту коргоо боюнча маселелер. Ыр тууралуу талаш-тартыштар көп болот, булар телерадиолордо айрым бир ырларды, обондорду талашып, же болбосо элдик ырларды өзүлөрүнө менчиктеп алгандар бар. Мисалы, биздин белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун чыгармасы экинчи бир автор экөөнүн ортосунда талаш болду. Экөөнүн оозеки макулдашуусу боюнча берки кыз нотага түшүргөн, ал эми чыгарма Нурак Абдырахмановдуку болгон. Ошентип, чыгарма даяр болгондо ал кыз: "Мен нотага түшүргөм", - деп бир топ талаш-тартыштар болду. Автордук укук боюнча мыйзамда жазылгандай, чыгарманы ким жаратса, ошол автор болуп саналат. Кыргызпатенттин милдети - авторго чыгармасын коргоочу документти берүү.
- Азыр менчик телерадиолордун саны арбын. Сиздер авторлорго гонорар төлөгөндө, мамлекеттик телерадиолордон жаңырган ырларга эле төлөйсүңөрбү, же менчик телерадиолордон кеткендерге да төлөнөбү?
- Азыр бизде 400дөн ашуун авторлор бар. Мамлекеттик телерадио болобу, менчик болобу, кафе-ресторан болобу, алардын менчик экенине карабастан, биз баары менен лицензиялык келишим түзөбүз. Ошого жараша телерадиокомпаниялар өздөрү келишим боюнча бизге кайсыл автордун, аткаруучунун канча ыры ырдалды, ар бир ырдын канча жолу ырдалганын эсептеп бизге отчёт жөнөтүшөт. Ошол отчёттун негизинде топтолгон каражаттан авторлорго жарым жылда бир, болбосо бир жылда бир сыя акы берилет. Бизге түшкөн акчанын 90 пайызы аларга кетет, 10 пайызы бизде калат. Аны китеп чыгаруу, же болбосо сценарий жазуу ж.б. боюнча жардам сурап кайрылган авторлорго жардам катары беребиз.
- Азыр жаш ырчылардын көпчүлүгү эптеп чампалап ыр жаратып алышып ырдап жүрүшпөйбү, аларга да гонорар төлөнөбү?
- Сөзсүз түрдө төлөнөт.
- Бир ырда үч кишинин эмгеги бар, ырдын сөзүн жазган, обонун жазган, ырды аткарган аткаруучу-ушулардын баарына төлөнөбү жана акчанын суммасында айырмачылык барбы?
- Булардын үчөөнө тең төлөнөт. Бизде норматив бар, ошол боюнча төлөнөт, албетте, авторлорго төлөнгөн акчанын суммасы аткаруучунукуна караганда көбүрөөк болот. Ошондой эле кандай телерадиодон кетет, ал да маанилүү, анткени, акча телерадиолордун бюджетинин көлөмүнө жараша төлөнөт. Мисалы, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан берилген ырларга акча жогорураак төлөнүшү мүмкүн, анткени, алардын бюджети башкаларга салыштырмалуу чоңураак эмеспи.
- Биздин ырлардын арасында уурдалган же плагиаттык жол менен жазылган ырлардын саны арбын, аларды которуп алгандарга да акча төлөнөбү?
- Мисалы, Казакстан, Түркия, же Орусия ырчыларынын ырларын уурдап которуп алышса, эгерде ал ыр Казакстанда, Түркияда, Орусияда каттоодон өтсө, же ошол ыр автордук коомдун репертуарында турса жана ошол ырдын автору же ошол мамлекеттин интеллектуалдык менчик кызматы бизге кайрылса, биз маалыматты тактоо үчүн телерадиокомпаниялар, аткаруучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Биздин телерадиолордо ар улуттун ырлары ырдалат. Ошолордун баарынын авторлоруна акча которулуп, төлөнөт. Мисалы, жакында эле Өзбекстанга, Казакстанга акча котордук. Ал эми Орусияга болсо буга чейин миллиондон ашык акча которулду.
- Көзү өтүп кеткен авторлордун сыя акысы кимге төлөнөт?
- Ар биринин мураскерлери болот, мураскер болуп катталган кишиге автордун көзү өтүп кеткенине 50 жыл болгончо төлөнө берет. 50 жыл толук өтүп кеткенден кийин токтотулуп, ал чыгарма коомдук мүлккө айланат. Маселен, Карамолдо Орозовдун көзү өткөнүнө 2011-жылдын 1-январында 50 жыл болгон. Буга чейин анын чыгармаларынын сыя акысын небереси алып жаткан, эми токтотулат.


Эфирге ырды кандай шартта коёсуздар?
Биз Коомдук телерадио корпорациясында, анын ичинде Коомдук канал, "Кыргыз радиосу", "Миң кыял", "Белес" радиолорунда эң акыркы жаңырган ырлардын тизмесин караганыбызда, ыры көп жаңыргандар акындардан : Кыялбек Урманбетов, Түмөнбай Байзаков, Сталбек Бактыгулов, Эсенгул Ибраев, Кундуз Качкынбаева, Алтынбек Алымовдор болсо, ырчылардан - Бек Борбиев, Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Сьездбек Искеналиев, Гүлнур Сатылганова, Айбек Карымов, Замир Арыкбаев, Кайрат Примбердиевдер кирет экен.

Тынчтыкбек Кожобеков, "Миң кыял" радиосунун музыкалык продюсери:
Ырчылар ыр алып келгенде сөзүнө, обонуна, техникалык жактан жасалгаланышына, ырдоо дараметине карап, мүмкүн болушунча сапаттуу ырларды кабыл алабыз. Бизге келген ырлар жанры боюнча категорияларга бөлүнөт. Мисалы, бир кезде хит болгон чыгармалар, жаңы ырлар, учурда хит болуп жаткандар, Жаңы жыл, Нооруз майрамдарына ылайык болгон ырлар. Ошол ырлардын баары аралаш болуп, автоматтык түрдө эфирге кетет. Ал эми угармандардын да сураган ыры биздин форматка туура келсе сөзсүз түрдө жаңырат. Форматыбызга той ырлары, жеңил - желпи музыкасы начар ырлар туура келбейт. Азыр ырчылар элге карап, эл кандай ырларды уккусу келсе, ошондой ырларды жаздырышат. Ал эми биз, тескерисинче, элге сапаттуу ырларды угузуп, элди ээрчибей, ээрчиткенге аракет кылабыз.


Гүлсина Чотонова, Коомдук каналдагы "Арноо концерти" берүүсүнүн режиссёру:
Эфирге кеткен көпчүлүк ырлар бизге куттуктоо бергендердин каалоосу боюнча жаңырат. Биз алардын талабын аткарабыз. Ал эми эки-үч кишиге бир ыр коюлганда, ар кимиси ар башка ырды тандап алышат. Анда өзүбүз алардын жашына карап ыр тандап коюп коёбуз. Биз ырчылардан ыр алганда, ырдын маанисине карап, карапайым элге жага турган салмактуу ырларды алабыз. Анан да куттуктоолордун көбү улгайып калган ата-энелерге арналгандыктан, эфирге бере турган ырдын сөзүнө көбүрөөк көңүл бурабыз. Биз ырчылардан ырын эфирге бериш үчүн акча албайбыз. Тескерисинче, ыр алып келсе сүйүнөбүз. Азыркы убакта Омардын "Энекем" аттуу ырын сурагандардын саны арбын.


Алиса Сапарбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??