п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Пайдалуу кеңештер

Үйдө өскөн өсүмдүктөрдү туура пайдаланып бир эле учурда тамакка кошуп, үйдү кооздобостон ден соолукка да пайдаланса эмнеге болбосун. Алоэнин, капустанын жана тамакка кошуучу кээ бир жашыл чөптөрдүн дарычылык касиети жөнүндө кеп кылабыз.

Ден соолукту чыңдап, сулуу кылган өсүмдүктөр
Көздүн алдындагы шишик менен күрөшөбүз
Көздүн айланасындагы тери абдан эле назик болгондуктан, ага абдан назик мамиле кылып, акырын кармаш керек. Адамдын карып баратканын анын көзүнөн эле байкап койсо болот. Себеби жаш картайган сайын бир аз кыйналып калса эле көздүн астын шишик басып калат. Көзү шишиген адам сүйкүмдүү да болбой калат.
Көздүн астындагы көгөргөн шишикти кетирүүдөн мурун, анын эмнеден пайда болгонун билип алышыбыз абзел.
Көздүн астындагы шишикти пайда кылган себептер:
Бетти туура эмес тазалоо жана косметикалык каражаттарды туура эмес тандоо;
Ички органдар ооруганда да көздүн алды шишип калат. Айрыкча бөйрөк ооруганда.
Жаш алмашууда. Адам картайган сайын тери өзүнүн чымырдуулугун жоготуп, көздүн алдын бырыш менен кошо шишик да баса баштайт;
Ден соолукка туура эмес кам көрүү. Арак ичип, тамеки тартса, аз же болбосо көп убакыт уктап калганда да көз шишийт.
Жогорудагы себептерге да каршы турууга болот. Кээ бир рецепттер шишиктин жоголушуна шарт түзөт:

Алоэ гүлүн ар бир кожойке өстүрөт болуш керек. Анткени, алоэ бир гана үйдү кооз кылып, абаны тазалап турбастан бир топ ооруларды айыктырганга жардам берет. Кээ бир алоэлер жүз жылда бир гүлдөйт. Ал эми сезимталдары үйдө жакшылык же жамандык болоордо гүлдөшөт. Бирок биз бүгүн алоэ гүлүнүн мистикалык жагын эмес, дарычылык касиети жөнүндө сө з кылмакчыбыз.


Кургак учукту жана гинекологиялык ооруларды айыктырган алоэ
Алоэ - дайыма жашыл түстө болуп, бак сыяктуу бутактап тикенектери менен өскөн гүл. Көп жыл өскөн алоэнин узундугу 65 сантиметрге, ал эми гүлдүн калыңдыгы 15 сантиметрге чейин жетет.
Медицинада көп убакыт өткөн алоэнин жалбырагын пайдаланып жүрүшөт. Анткени анын курамында антраглюкозанын жана эфир майынын 20 пайызы бар. Бирок, акыркы учурда америкалык окумуштуулар алоэнин жаңыдан өсүп келаткан жалбырагын да дары жасаганга пайдаланса болот деп аныктап чыгышты.
Алоэнин жалбырагынын ортосунан экиге бөлүп тери күйүп калган жерге коюп жүрүшөт.
Алоэнин ширесин гастрит, энтероколит, ич катыганда, ириңге, суук тийгенге колдонсо болот. Алоэнин темир кошулган сиробун анемияга да пайдаланса болот.
Андан сырткары көз ооруларына, астмага, он эки эли ичегинин ооруларына да даба боло алат.
Батышта алоэнин кайнатма ширесин табитти ачыш үчүн көп колдонушат.
Мындан сырткары сасык тумоого да эң мыкты натыйжасын тийгизет. Алоэнин жалбырагын кесип алып, аны болушунча сыгып, жаңы ширесинен мурдуңузга ар бир эки саатта 3-4 тамчыдан тамчылатып турсаңыз, 3-4 күндүн ичинде сен көр, мен көр сакайып кетесиз. Андан сырткары ширени тамчылатып гана тим болбостон тишиңизди чайкап турсаңыз, бүйлөлөрдүн суук тийип, сезгенишинен да сакайтат.
А гинекологияда болсо жатындын ичиндеги жарага (эрозия) алоэден өтөөрү жок.
Элдик медицинада кургак учукту айыктырууда колдонуп жүрүшөт. Кургак учукту айыктырыш үчүн алоэнин ширесине грек жаңгагынын сыртын алып салып бал менен аралаштырып, лимондун ширесин жана каймакты кошуп жесе жакшы натыйжа берет.
Ашказаны ооругандар төмөнкү рецепттен пайдаланып көрсө болот
Алоэнин бир жалбырагын кесип алып, таза жууйсуз. Андан кийин тикендерин да кесип таштаган соң майдалагычтан өткөрүп аласыз. Майдаланган алоэни таза балга аралаштырып күнүнө ачкарын 3-4 кашыктан ичип туруңуз.
Дарылануу курсу 3 жума. Андан кийин он күн эс алып, бул процедураны кайрадан баштасаңыз мыкты жыйынтык берип, чыдатпай ооруган ашказаныңыз басылып эле калат.
Шалфейдин кайнатмасынан компресс тартуу
Муну үйдө жасаганга болот. Кургатылган шалфейден бир кашык алып 100 грамм кайнак сууга салыңыз. Он мүнөттөн кийин экиге бөлүп аласыз. Бир бөлүгүн суутуп экинчисин ысык калтырышыңыз керек. Марли менен көзүңүздүн айланасына бир нече жолу компресс коюңуз. Биринчиси муздак, экинчиси жылуу болушу шарт. Ар бир компресс көздө 10 мүнөт туруусу шарт. Бул процедураны эртең менен турганда же кечинде жатаарда колдонсоңуз жакшы натыйжа берет.











кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??