п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Окумал

Айгүл ШАРШЕН
Иним экөөбүзгө бир катын.. .
(Башы)

Жайлоокан бул үчүнчү турмушуна капыстан кабылды, анын ата-энеси жок, таежесинин колунда өстү. Тартынчаак, батымсыз болуп эптеп сегизинчи классты бүтүп эле күйөөгө тийип кетти, ал өзүнүн эрки менен болсо кана, таежеси Алмагүл аялы өлгөн бир топ жаш улуу Жакыпка берип койду. Кайненеси анча-мынчаны жактыра бербеген аял эле, он алтыга толуп-толо элек жаш Жайлоокандын кылган эткенин жактырбай келген күндүн эртеси эле каарый баштады. Зымырат заар тилин агыта таң эрте туруп алып эшикте сүйлөнүп жатты:
- Дегеле жетесизден бүлөө алба, жердигинде жакшылык көрбөгөн өлүгүңдү көрөйүн десе, чекени жылытпаган немени кайдан да ала койдум эле?
- Апа, эмне болду? - деп Жакып чыга калды.
- Эмне болду деп коет, алдагы катыныңды түшкө чейин уктай бербей эрте тур дебейсиңби?
- Апа, саат эми алты болду го, анын үстүнө Жайлоокан жаш, бир аз көтөрмөлөп койсоңуз боло, - деди Жакып күңкүлдөй.
- Кап-пырай айя, жаш деп, мен деле он бешимде сенин атаңа келгенде керилип жаткан эмесмин, аялга катуу-катуу эле айтып бекем болбойсуңбу, эмитен минтип болушсаң мойнуңа минип алат, - деп алкылдап жатканда Жайлоокан чыга калды:
- Апа, эмне кылайын?
- Ойногону келдиң беле, келин деген эрте туруп эшик шыпырат, эрине чай берет, келин алып колум узарат десе кайра түйшүк тарта турган болдум, өлбөй кал шордуу Айымкан! - деп курулай күйгөн болуп өлгөн келинин айтып көз жашы кылып ары басып кетти.
- Кечирип коюңуз, - деп Жайлоокан эшик шыпырууга киришти, Жакып жаш аялына боору ооруган менен аны коргой албады, апасынын сырын жакшы билет, Айымканды деле ушинтип каарып отурчу, эки балалуу болгуча кирип-чыгып уруша бергенин билет да. Эми анын көзү өткөндө аны мактаганына жини келгени менен эчтеке дей албады, эне деген эне эмеспи. Унчукпай ичке кирип кетти. Керээли кечке Жайлоокандын жаны тынбайт, бир аз көчүгү жерге тийсе болду, Зымырат какшанып кирет.
- Бу кара баскан неме үйүмө келди ишибиз да жүрүшпөй калды, ата-энеден калганда буга балээ жармашкан экен, деги кантээримди билбейм.
- Эмне эле наалып жатасың? - деп короосуна кирген коңшусу Айнаш андан сурай кетти.
- Эмне наалыбай турган ишпи, келинди тексиз жерден алып көөнүм тынбай калды го?
- Койсоңчу Зымырат Жайлоокан жаш эмеспи, анан дагы бечаранын жаны тынбайт деле.
- Сен эмнени билесиң, айттырбай жасай албайт экен, качанкыга какшанып отурам буга, - деп Зымырат коңшусун жактыра бербей башын ары бурду, - Байкуш Айымкан алтын келин эле го-о, эми болбой калды.
- Кокуй гүн оой, аны деле ушинтип жамандап отурчу элең, балаң менен тынч жашаганына тооба деп жүрө берсеңчи ботом, аны өлгөндөн кийин гана жакшы дегениңди көрүп эле жүрөм го? - деди Айнаш кашкайган чындыкты коңшусунун бетине айтып, - Айымкан тектүү, ата-энелүү кыз эле, ушу сенин каарыңдан эле чүнчүп жүрүп ооруп өлдү.
- Сен эмне эле мени сындап калгансың ыя, сенин эле телегейин тегизби? - Зымырат Айнаш менен урушчудай чукчуңдай карады.
- Тегиз ким бар дейсиң, сенин келиндериңди кажый бергениң эле жакпайт, Жайлоокан жаш эмеспи, бечара жетим болуп өзү дагы тартынчаак болуп өстү, сен энесиң, балаңдын өмүрлүк жары болгондон кийин өз бүлөөңдөй мамиле кыл да, кой мен сага тиги Айтымбеттин баласынын бешик тоюна барасыңбы деп келбедим беле? - деди Айнаш ага.
- Сен бара бер, менин алакам жок, эмнеге бармак элем? - Зымырат жактырбай ары басты.
- Шааркан менен эже-сиңди болуп жүрчү элеңер го?
- Өзү каттаганды билбейт, атайын чакырып койбосо эмнеге барам, эт жегенге бармак белем, аш аңдыгансып.
- Мейли, өзүң бил, мен барайын, - деп короонун оозуна барганда тестиер бала менен беттеше түштү.
- Зымырат эне, сизди атам тойго чакырып жатат.
- Аа-а, барам айланайын, Айтымбеттин баласысыңбы?
- Ооба.
- Макул барам, - деп Зымырат Айнашка кайрылды.
- Эми токтой тур ай, чогуу баралы.
- Ма-акул, мен камына берейин, - Айнаш чыгып кетти. Жайлоокан кайненеси бир жакка кеткенин жакшы көрчү, кулак-жаны тынчып калаар эле. Зымырат кетип жатып:
- Кудай берди деп отуруп албай иш кыл, кирлерди жууп кой! - деп үйүнөн чыкты. Жакып совхоз жоюлганы бөлүп алган үлүшүнөн тийген жыйырмадай коюн малчыларга кошкончо өзү кайтарчу, түшкү тамагын көтөрүп ала кетет. Зымырат кечке жоголуп кечинде келип келининин жасаган иштери жакпай, тамагынан кемчилик таап какшанып кирди:
- Апа, тамактын тузу туура эле го? - деди ага Жакып.
- Ооба, катыныңдын тамагы укмуш болуптур, эптеп атала жасап берсе эле ичип отура бер, андан көрө какыс-кукус кылып бир эркектей болсоң боло? - деди баласын акшыя карап.
- Ай апам ай, деги сага кандай аял жагат, Айымканды деле ушинтип отурчу элең, эки балам менен мен кайда барам деги, кайра-кайра катын алып жүрө беремби?
- Жакшысын тап, кетир мунуңду!
- Кайда кетет, таежеси менен өзүң сүйлөшүп алып бербедиң беле, аерден дагы жакшы күндү көрбөптүр, адамга бооруң ооруп койсо боло, бул деле адам баласы го? - деп эшикке чыгып кетти Жакып.
- Омээй ботом, катынына чаң жугузгусу келбейт да, - деп элейе отуруп калганда Жайлоокан:
- Кечириңиз апа, балаңыз экөөңөрдү жаман көрсөтпөй өзүм эле кетейин, жакпасам айла канча, - деди ыйлап отуруп, анан кийимдерин чогултуп чыгып баратканда Зымырат анын колундагы баштыкты жулуп алды:
- Бул кийимди мен кийгизгем, кандай келсең ошондой кете бер!
- Апа, бул эмне кылганың, Жайлоокан кетсе мен дагы кетем, жалгыз калтырбайын деп аяса мени тынч жашатпайт экенсиң, - Жакып кирип келип Жайлооканды колдон алып эшикти көздөй жөнөдү, - Эртең балдарды алып кетем, - деди кайрылып.



Аздек НАМАЗБЕКОВА
Жашынмак
(Башы)
…Түн бир оокумда мени кол телефонумдун үнү ойготту.
- Уктаарда телефонуңду өчүрүп жат деп канча айтам?!-деп жолдошум наалый сүйлөнүп, ары оодарылып жатып алды.
Унчукпай, өзүмдү күнөөлүү сезип, "ким?"деп ойлой телефонду колума алсам, чоочун номер. Сүйлөшкөндөн эмнегедир коркуп турдум. Жүрөгүмдүн да кагуусу катуулай түшкөнүн туйдум. Жан алы калбай музыка кайра ойноп баштады.
- Ой, жети түндө ким экен?! Жооп бербейсиңби?!-деди күйөөм башын жаздыктан көтөрө берип. "Селт"этип алып:
- Ал-ло?-дедим. Оюм болсо дүрбөлөңгө түшүп, "адашып калган бирөө болгой эле?" деп аттым. Жок, мен күткөндөй болбой, коңур үндүү бейтааныш эркек:
- Ал-ло, Аздек? Мага Аздек керек эле?-деди. Ичимден "өлдүм!" дедим да, жанталаша телефонду өчүрүп салдым. Бүткөн боюмду калтырак каптап, кадимкидей үшүп чыктым. Жүрөгүм болсо түнкү жымжырттыкты бузуп, кабынан чыга каччудай "дүкүлдөп" атты. Күндүз минтип бирөө сураса анда коркпой-этпей эле сүйлөшөт элем, азыр болсо… Анын үстүнө жолдошум да жанымда жатса. Ким билет, кайсы эркек кандай ой менен чалып атканын? Бирөөнүн тамашасыдыр?
- Ким экен?-деди күйөөм. Караңгыда көздөрүн, жүзүн көрбөгөн соң, жөн салды сурап атканы, же, чындап кызыгып атканын айырмалап болбойт. үнү гана демейдегиден катуурак чыккандай сезилди. Же, коркуп турган мага ошондой туюлдубу?
- Ким болмок эле? Айнура керек эле дейт? Номерин туура эмес терип алса керек да,-демиш этип, төшөгүмө жата кеттим. Бирок…
Жамынган төшөгүн силкип ыргытып, оордунан ыргып турган күйөөм жерди ойо-ойо басып барып жарыкты жандырды да, заар чачкан көздөрү менен мени жеп жиберчүдөй тиктеп:
- Эй, каратып туруп эмне калп айтып атасың?! "Аздек? Аздек керек"деген эркектин үнүн өз кулагым менен укпадымбы! Демек…демек,мени көзүңө илбей, ушинтип эркектер менен сүйлөшүп, сүйлөшүп деп койом, балким?...
Ызырынган күйөөм эмне кылаарын билбей турган ордунда тегеренип, тегеренип кетти. "Демек баары угулган экен да? Кара баскыр, ким болду экен?!"деп ойлоп алууга үлгүрдүм да, сыртымдан сыр бербей, өзүмдү жоготуп койбоонун аракетин кылып:
- Жинди болбочу?!-дедим мен акырын туруп.
Туура эмес сүйлөп алганымды кичине кечирээк байкап калдым.
- А-аа, бая эле ошентип айтпайсыңбы! Сен жиндисиң! Ошол үчүн мага түн ортосунда акыл-эси соо эркектер чалат дебейсиңби?!-деген күйөөм мени көздөй жулуна басканда, мен алактап, колдорумду жая, аны мени чаптырбай, кучактай калмакка даярданып калдым. Дал ушул мүнөттө үй ичиндеги телефон чырылдап калды.
- Ал!-деди күйөөм мага колун кесей. -Ал да коюп салбай, сүйгөнүң менен менин бар экенимди билдирбей сүйлөш! Таңдын атышын, менин ишке кетишимди күтө албаган неме эмне дээр экен угайынчы. Ошончо эле сагынычы ашып-ташып, чыдабай калган неме болсо сени коё берейин. Мен ойлоп аткам, эми мынча болду жарык түшсүн, кийим-кечегин шашпай салып алсын, анан кош айтышалы деп…
Менин акыбалымды сүрөттөп бергенге ылайыктуу сөз таба албасам керек. Жолдошум негизи токтоо, орундуу, ойлонуп сүйлөгөн адам. Үй-бүлөөлүк жашообузда казан-табак кагышкан учур боло калганы менен, азыркыдай мен жат көз караш менен жекире карап, оройлонгонун учурата элек болчумун. Ызаланганыман ыйлап кирдим.
- Ыйлаба!-деди ал жылаандай ышкырып, ызырына. Сүйлөш!
- Ал-ло?-дедим калтырай, ый аралаш үнүм менен.
- Аздек, Аздек, трубканы койбоңуз? Бул мен-Насыйкаттын жолдошу болом. Нуркыздын атасы-Кабакмын. Тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм, бирок арга жок, чалышка туура келип атат. Бүгүн Насыйкат үйгө келбей калды. Жок. Телефону да өчүк?-деп мен укпай коюп салчудай тынчсызданып, шашкалактай сүйлөгөн эркекти угуп ичимен "ох!"деп жеңилдене түштүм.
Мага жабышып алып, кулагын телефонго төшөгөн күйөөмдү жеңиштүү бир карап алдым да, өзүмө ишенимдүү сүйлөп баштадым. Насыйкаттын үч күн мурун Нуркыз менен үйгө келип, демейдегидей эле олтуруп, чай ичип кетишкендерин айттым. Ошондон бери сүйлөшө элек болчумун.
- Балким, телефонун жоготуп алгандыр, же дагы?.. Туугандардын үйүнө барып, кармалып калган чыгаар? Өтө тынчсызданбай, өзүңүздү кармаңыз? Керек болсом убакытка карабай эле чала бериңиз?-деп кош айтыштым. Мындайда башка сөз деле башыңа келбейт экен. Бирок, өзүм жаман болуп, оюма тири шумдуктун баары келип атты. Азыр акча үчүн адамдар баарына барып калышпадыбы. Балким, тонойм, же сумкасын ала качам деген бирөөгө кабылып калдыбы? Жыга чаптыбы, же?.. Жаман ойдон арыла албай, башымды чулгуп алдым.
Кызымдын курбусу Нуркыздын апасы менен классындагы жыйналыштарга барып жүрүп таанышып калган элем. Бир сырдуу, көп ачылып сүйлөй бербеген, жылдыздуу келин. Кыздарыбыздын туулган күндөрүндө жолугушуп, чай ичишип жүрүп, бара-бара өзүбүз да жакын курбулардан болуп калганбыз. Кийинки мезгилде мени бөтөнчө жакынсынтып, сырын айтып, ой бөлүшүп калганын байкагам. Акыркы келгенинде да аябай ачылып, жолдошу экөөнүн турмушу тууралуу айтып, көз жаштап да алган эле. Бирок мен анда анча маани берген эмесмин. Үй-бүлөөлүк жашоо кимдикинде эле булутсуз, чайыттай ачык өтүп атыптыр?!
Мына, эми ошол келин бүгүн жумушка кеткен бойдон үйүнө кайрылып келбептир. Саат болсо түнкү эки жарым.



кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??