п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

22-ноябрдан
29-ноябрга чейинки
жылдыз төлгө
Кой (21.03-20.04)
Кой жылдызынын астында төрөлгөндөр бул аптада бир топ иштерди бүтүрүүгө туура келет. Жуманын биринчи жарымында буга чейин пландап жүргөн ишиңизди аткарсаңыз ийгиликтүү аяктайт. Ал эми апта соңу кубанычтуу жаңылык менен коштолот.
БУКАЧАР (21.04.-20.05.)
Букачарлар башкалар менен урушканын коюп, жайдары жүрүүсү абзел. Себеби, кыялынын айынан иш жаатында да, үй-бүлөлүк планда да бир топ маселелерди мойнуна илип алышы күтүлүүдө.
ЭГИЗДЕР (21.05.-21.06.)
Эгиздер бул жумада буту-бутуна тийбей чуркашат. Себеби, иштери илгери жүрүп, ити чөп жей турган маал келди. Акча жагынан көп кыйналышпайт, бирок, физикалык жактан катуу чарчашат. Жекшемби күнү үйүңүзгө керектүү буюм сатып аласыз.
БӨЙӨН (22.06.-22.07.)
Бөйөндөрдүн ишин ийгилик коштойт. Капчыгыңыз кампыйып, бир туугандарыңызга көмөк көрсөтөсүз. Бейшемби күндөрү конокко барып, жүрөгүңүзгө жакын адам менен жолугасыз. Эгер өзүңүз да кичине аракет кылсаңыз, бул жылдын аягы менен баш кошуп калышыңыздар мүмкүн.
АРСТАН (23.07.-23.08)
Арстандар аласасын алып кудуңдашат. Алган акчаңызды үйүңүзгө толук алып барсаңыз керегиңизге жаратып калышыңыз мүмкүн. Кичинесин эле коротсоңуз акчаңыз майдаланып отуруп жоголот.
БИЙКЕЧ (24.08.-23.09.)
Созулган бийкечтер бул аптада кичине ыкчам кыймылдашы керек. Дайыма эле созулуу менен иш мыкты боло бербейт. Аптанын биринчи жарымында кандайдыр бир буюм ала турган болсоңуз, жакын адамыңызды ээрчитип албасаңыз, алданып калышыңыз мүмкүн.
ТАРАЗА (24.09.-23.10)
Таразалардын ташы бул жолу оң жакты көздөй оойт. Жумушка орношо албай жүргөн таразалар жуманын башында ишке орношуп, жетекчиликтин көзүнө көрүнө алышат. Бейшемби күн буюм сатып алууда ийгиликтүү болот.
ЧАЯН (24.10.-22.11)
Аптанын башталышы менен эле чаяндар ойлонуп, бир ишти башташат. Башталган ишиңиздин аягына чыккычакты кичине чыдап койсоңуз, баары сиз ойлогондон да жакшы болот. Жуманын шаршемби, бейшемби күндөрү туугандарыңыз сиздин жардамыңызга муктаж болуп жардам сурашат.
ЖААЧЫ (23.11.-21.12.)
Жаачыларга ар тараптан сунуштар түшүп, бир топ ойлонуусуна туура келет. Жакшы жыйынтык чыгарып бирөөнү тандаса келечекте пайдасын тийгизет. Жуманын ортосунда жетекчилиги менен келишпестиктер болуп кетүүсү күтүлүүдө. Бирок, апта аягы менен бардыгы өз жайында болот.
ТЕКЕЧЕР (22.12.-20.01.)
Текечерлер бул аптада жаңы иштерди башташат. Бир туугандарыңыздын жардамы керек болуп, урушуп кеткен тууганыңызга да кайрылууга туура келет. Аптанын ортосунда жакшы жаңылык угуп кубанасыз. Мурда кас тутуп келген адам менен достошосуз.
СУУПЕРИ (21.01.-20.02.)
Сууперилер тумоолоп калуусу күтүлүүдө. Ошондуктан тамакты күчтөп ичип, ден соолукка кам көрүңүз. Сиз ойлогон иштердин баары орундалып, апта ортосунда кубанычыңыз койнуңузга батпай, акча сурап келген адамга карызга бересиз. Абайлаңыз, акчаңызды кайра артка кайтара албай калышыңыз мүмкүн.
БАЛЫК (21.02.-20.03.)
Балыктар эч нерседен кабатыр болбой эле койсо болот. Анткени, жума тынч өтөт. Болгону ден соолугуна кам көрүү менен жуманын ортосуна чейин убара болушат. Аптанын экинчи жарымында иштеген ишиңизден бир тепкич болсо да көтөрүлөсүз.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??