п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Анжелика:
Чындыкты издеп чыркырагым келбейт
Бактылуу жар, мээримдүү эне, ыймандуу келин. Ушул сапаттарга эгедер, кыргыз сахнасындагы ай чырайлуу ырчы Анжелика кумирлери менен баарлашып, чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен бөлүшүп кетти.

Ардак: - Чыгармачылык жактагы жаңылыктарыңыздан баштасаңыз?
- Былтыркы жылдын эсебинен "Түбөлүк сүйүүм" деген ырым чыккан. Ошол ырга клип тартып аягын бүтүрө элекмин. Быйыл аягына чыгарам деген оюмда бар.
Айзирек: - Сахнага канча жашыңызда кадам шилтеп жана кантип атактуулукка жетиштиңиз эле?
- Сен он жашта болсоң, мен сенден эки жаш кичүү кезимде чыккам. Ошондо сегиз жашымда чыгыптырмын. Үч айлап, төрт айлап гастролдо жүрчүмүн. Азыр ойлоп көрсөм сендей кезимде өзүм иштеп, өзүм акча тапчу экенмин. Эң биринчи жолу Айчүрөк эженин концертинде "Каалоо" деген ырым менен чоң сахнага кадам шилтегем. Сегиз жашымда болчу. Ырчы менен атактуу болуш үчүн ага жаштын кереги жок. Кээ бир адамдар төрөлгөндө эле жылдыз болуп төрөлөт. Голливуддагы жылдыздардан деле алсак, алардын арасында алтымыш жашында атактуулукка жетишкендер бар. Бир гана каалоо жана талантуу болушуң керек. Өзүңдүн аракетиң, ичиңде жашап жаткан жан дүйнөң ошол максатка умтулуусу шарт.
Айкөкүл: - Эмнеге азыркы убакта сиздин жаңы ырларыңызды уга албайбыз?
- Силер мени ырчы катары билесиңер. Мен бир жерге барганда мындай сөз болуп калды жыйырма жети жаштагы бир кыз, башка улуттагы курбусу менен келип "мына биздин курактагы кыз" деп жатпайбы. Он эки жаштагы кыздар айтып калышат, "сиз биздин кумирибиз болчусуз. Биз дагы сиздей ырчы болгубуз келчү" деп. Жыйырма эки жашта болсом да көп нерселерге жетиштим. Өзүмдү жашмын деп эсептеймин.Эмнегедир азыркы учурда кичинкей ырчы кыздар жок. Он жыл мурун кичинекей кыздар ырдап чыккан "мода" болчу. Гүлмира менен Клара Алибековалар кандай атактуу эле. Мен мисалы, ошол эле Айчүрөк эже чыгарган Кларанын ырларын ырдачумун. Кийин өзүм ошондой ырчы болуп калдым. Менден кийинки муундагылар менин ырларымды ырдап мен алардын кумирине айландым. Азыр менин төрт жаштагы кызым "кош жүрөк" деп ырдап ошол эле Омарды, дагы чоң-чоң ырчылардын ырларын угат. Эмнеге дегенде алардын жашындагы кичинекей ырчылар жок. Он жылдан ашык сахнанын үстүндө жүрүптүрмүн. Он сегиз жашымда өзүңөр билгендей турмушка чыктым. Анан тогуз ай боюмда көтөрдүм. Ага коопсуздук керек, ал биринчи балаң дегендей. Така кийгенге, чуркаганга да болбойт. Балаңды элдин көзүнөн катып жүрөсүң, "аман-эсен төрөп алайын" деп. Төрөгөндөн кийин аны багып, чоңойтушуң керек. Ошентип, кайра дагы кийинки балаң боюңда болуп ага кам көрө баштайсың. Ошо менен мына төрт жыл өттү. Быйыл жолдошум менен жашап жатканыма беш жыл болот. Үйдөгү жумуштар менен, аялзатынын бактысы менен жүрүп, чыгармачылыкка жетише албай калдым. Биздин мезгилде бүгүнкүдөй жаркыраган газеталар жок болчу. Жалгыз гана КТР телеканалы бар болчу. Биз ар бир айылды кыдырып концерт берип атактуу болгонбуз. Азыркы учурда телевидениелердин саны көп. Эң жакшы көрсөтүүлөр бар. Ошолор аркылуу клиптерди берип таанылып, газета, радиолор менен азыркы ырчылар атактуу болуп жатышат. Азыркы ырчылардан он пайызын айтат болушум керек айыл жергесине барып концерт коёт деп. Биз үч ай гостролго чыксак, үч ай бою тең күндөп- түндөп концерт берип, тыным алуу деген жок болчу. Болгону айылдарды гана алмаштырат элек. Ошол эле картинаны кайра башка айылга койчубуз. Анан алардан да чарчагандан эс алгың келип калат экен. Эс алып жатып, мага ошол жак көбүрөөк жагып калды окшойт. Ошол себептен, сахнадан алыстап кеттим. Азыр эми кайра интервьюларды берип, чыгармачылыкка кириштим десем болот. Баары бир менин жолдошум айткандай, "сенин күйөрмандарың башкача экен. Сага абдан кызыгышып карашат экен. Сени абдан урматташат экен. Сен баары бир сахнага чыгышың керек" дегенинен кайра чыгып калдым. Үйдө олтуруп көйнөктөрдү тиктим. Дизайнерлик менен алектенип олтуруп, эми анын жемишин көрүп жатам. Бул дагы чыгармачылыктын бир түрү. Искусствонун жумушу. Сүрөт тартуу, чийүү мына ошол жактан өзүмдү сынап көрдүм. Өзүм үчүн жаңы жашоо ачып жатам десем болот. Адам бир гана нукта жашай берген болбойт да. Бул жакты да, ары жакты да көрүп, өзүң үчүн кызыктуу жашоо курушуң керек.
Перизат: - Өзүңүздүн кичи мекениңиз туурасында айта кетсеңиз. Балалыгыңыздагы окуялардан:
- Бишкек шаарында төрөлүп ушул жакта чоңойдум. Атам көлдүн Аксайынан болсо, апам Таластын Аксайынын болот. Жолдошум Таластык болгондон кийин Таластык болуп калат экенсиң.
Сайкал: - Сулуулугуңузга таң бердим. Сулуулугуңузду кантип сактайсыз?
- Ар бир кыргыздын кызы сулуу болот. Албетте, эң негизгиси адамдын ички жан дүйнөсүндө сулуулук жашаш керек. Кыргыз сулуусу Таттыбүбү деп айтышат. Эгерде ал атактуу болбогондо, биз аны билбей калмакпыз. Ошол үчүн бирөөнүн көзүндө сулуулук болсо, дагы башканын кашында же сүйлөгөн сөзүндө сулуулук болот. Аялзаты өзүнө тишелүү камкордукту алып жүрсө ал сулуу боло алат.
- Апаңыз менен кайненеңиздин окшоштук жактары барбы?
- Кайненем жетимиш жашта. Мен анын небересинен да кичинекеймин. Абдан жакшы адам. Ар бир сөздү орундуу сүйлөйт. Түн ичинде уктап жатканда да ойгонуп кетпесин деп акырындан басып, акырын жүрөт. Кайнененин камырынан дейт го, азыркы жасап жаткан кол өнөрчүлүгүм да кайненемден жугуп жатат окшойт. Өзү кол өнөрчүлүк да кылат, сөзмөр. Бир сөз айтса да ошону макалдаштырып анан айтат. Мен ошонусун баалайм. Эң улуу абысыным элүүдөн ашып калган. Мен аны өзүмдүн таянемдей көрөм. Өзүмдүн апам шайыр. Чогуу жүрүп калсак, "улуу эжеси окшойт?" деп ойлошот. Жаш көрүнөт, ак көңүл адам. Эч кимдин көңүлүн ооруткусу келбейт.
Нурбегим: - Үй бүлөңүз жөнүндө айтып бериңизчи. Кыздарыңыздын аттары ким?
- Улуу кызымдын атын Айыма деп кайненем койгон. Кичинекейимдикин апам Элима деп ыйгарган. Эжесин көрүп сиңдиси өсөт дегендей экөө бири-бирине абдан окшош. Кыялдары башкача Айыма бою узун, арык, өтө акылдуу, бир нерсени бат эле таба алат. Элима болсо, жароокер, кичине коркок анан "бултушка". Аны аяп турабыз. Эгерде кыздарым ырчы болсо, мен жардам берем. Бирок, менин кыздарым ырчы эмес көп тил билген, билимдүү кыздардан болушун тилейм.
Алмагүл: - Сиз туурасында айтылган ушактардын канчалык чындыгы бар экенин билейин дегем. Макаладан окуп калдым эле Анжелика күйөөсүнүн байлыгына таянып гана тийген. Анын үнү жок ошол үчүн чыкпай калды,- деп.
- Эмнеге минтип жазганын бул ушактын чындыгын түшүндүм. Чынын айтканда, буга чейин бир дагы газета менен иштешкен жокмун. Ошого кээ бирөөлөр жиндери келип мен жөнүндө жаман жазып башташты. Аны кайра артка кайтара албайсың адамдын ою бузулуп калат "ии ушундай турбайбы?" деп. Андайларга маани бербейм. Чындыкты издеп чыркырагым келбейт. Жолдошумду "бай" деп айткандарды четке кагам. Жолдошумдун үй бүлөсүн баккан жумушу бар. Жолдошума жөлөк болчу мен бармын. Бир ишти баштаарда кеңешип иш кылабыз. Сулуулук салонду деле ал өзүнүн керт башына ачып берген жок. Андан түшкөн акчаны кайра үй бүлөбүзгө жумшайбыз.

Жылдыз
Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??