Күүгүмдөгү сырдашуу

КРнын Эл артисти, кинорежиссёр Актан Арым Кубат:
Мени көргөндөр айдоочу деп ойлошот
17-ноябрь кино күнү белгиленди. Бул жылы кыргыз киносуна 70 жыл толду. Эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн ийгиликтерди багындырган кинорежиссёр бар. Өзгөчө стилди тандап алган бул инсандын жасаган эмгегин көпчүлүгү түшүнө бербейт. Себеби эмнеде экени тууралуу талант ээсин кепке тарттык.


- Алгач III даражадагы Манас ордени сыйлыгыңыз кут болсун! Кыргыз киносунун 70 жыл ичинде жетишкендиктери тууралуу айта кетсеңиз?
- Рахмат. "Мээнетиң катуу болсо, жегениң таттуу болот" демекчи ак эмгек менен сыйлыкка татыдым. Кыргыздын маданиятында кинонун өзгөчө орду бар. Совет доорунда "кыргыз керемети" аталыштагы агым болгон. Албетте буга Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кандай гана кинолор жаралбады дейсиң. Кыргыздардын киного өзгөчө шыгы бар. Ошол убакта Кыргызстан менен Грузияны киноматографиянын өлкөсү деп аташчу. Мейли кинодобу же операдабы, балеттеби абдан өөрчүгөн учур эле.
- Сынды көтөрө аласызбы?
- Элдин аң-сезими мелодармалык жанрдагы кинолорго жакыныраак. Азыр кайсы кино жагат деп сурасаң, сериалдарды, индия. өзбектердин кинолорун айтышат. Ал эми элдин көйгөйүн дана көрсөтө турган кинолорду жаратсам, ким жаман мен жаман. "Актан кыргыз элин башка элге уяткарат"- деген сөздөрдү угуп келем. "Бешкемпирдеги" окуяны кээ бир замандаштарым: "Биздин балалык оюнкараак мезгилибизди даана чагылдырып берипсиң да"-деп айтып калышат.
- Сизди "Свет аке" киносунда кайдагы абийирсиз оюнду көрсөтүп тарткан кыргыз маданиятынын-душманы катары атап жүрүшөт?
- Ушул жерден ошол адамдардын деңгээли көрүнүп турат. Эгер алар маданиятта иштеген аң-сезими бийик болсо, бул кинонун маани-маңызын түшүнөр эле.Алар өздөрү жапайычылыгын көрсөтүп коюптур. Китепти көп окушса анда менин бере турган оюмду тереңдеп түшүнүп алар эле. "Төө чечмей" чындыгында эле кыргыздын оюну да, Свет аке: "Эй, токтоткула абийирсиз оюнуңарды!" дейт да, ошого каршылык көрсөтүп өлүп калат. Биздин аткаминерлерибиз, бизнесмендер инвесторлор менен келишим түзүүдө аларга жагынып атайын бой-келбеттүү, сулуу кыздарды чакырып, сауналарга алып барышат.
- Качан кыргыздар таштекке жуунчу эле деген сынга көз-карашыңыз?
- Алар да мазмунуна карашат. Мени таштекке салып аялым жуундурчу. Анын эмнеси уят?! Айылда кимдин эле мончосу бар болчу эле?! Ошол сынды айткан адамдын айылда мончосу бар болду бекен? Кыргыздын душ жасаганын каяктан көрүптүр?! Элет жеринде сөзсүз сарайга же үйгө жуунушат болчу да. Мына азыр эле элет ал жакта да заманбап стилде мончо куруп, бизнес кыла баштады.
- Киноңуздан аты "Свет аке" деп аталып калышынын себеби эмнеде?
- Кыргыздар бардык аймакта эле свет деп айтышат да. Айылда кадыр-барктуу адамдарды аке деп коюшат. Айрыкча электриктер айылда өзгөчө кадыр-баркка ээ эмеспи. Ошондуктан "Свет аке" деп атап койдум. "Жарык аке" десем окшошпой калды.
- Сыр болбосо Сейилди аткарган актриса Зуура Бакировага канча гонорар бердиңиз?
- Биринчиден, кастингге келген актрисаларга Сейилдин образын түшүндүрдүм. Менимче, мындай кадамга эрки күчтүүлөр гана барат. Зуура чоң актриса экенин көрсөтө алды. Башка актёр, актрисалар кандай гонорар алышса, ошолордон айырмасы жок эле гонорар берилди. Зууранын бул эбегейсиз эмгегине ыраазычылык билдирем. Азыр терс сөздөрдү угуп жаткандыр. Искусствону чындап түшүнө билгендер Зууранын иш аракетин туура кабылдайт деп ойлоймун. Мен үчүн чындык керек болчу. Союз маалында тартылган "Биринчи мугалим" киносундагы Алтынайды аткарган Наталья Аринбасарова да энеден туума аткарган кадры бар го. Анын ордуна дубляж аткарса деле, ал дагы "жылаңач аткарды" атка конду да. Мен өтө эле балжайтпай, кылдаттык менен көрсөттүм. Сүрөтчү болгондон кийин эстетика болушу керек да.
- "Бакайдын жайыты" киносу кинорежиссёр Т. Океевдин дипломдук иши болсо, Г. Базаровдун димпломдук иши "Саманчынын жолу" киносу экени жалпыбызга маалым. Азыр ошондой кинолорду жараткан кинорежиссёрлор жокко эсе дегендерге оюңуз?
- Бүгүнкү күндөгү кино автордук жана коммерциялык болуп экиге бөлүнүп калды. Мен тарткан "Бешкемпир" сыяктуу "Бакайдын жайыты", "Саманчынын жолу" союз маалында дүйнө жүзүн дүркүрөткөн жок. Ал эми "Бешкемпир" киносу 50 чакты сыйлыкка татып отурат. Жөн эле айыл эмес, айыл жергесиндеги чоң философияны ачып бердим. Бирок ушул жактары айтылбай келгени өкүндүрөт. "Актан чаңдан тартыптыр, ал кумдан аял жасап уялбай ошону шедевр жараткансып көрсөтүптүр" деген сөздөрдүн аягы азыркыга чейин тыйылбай келет. Союз доорунда кемчилигибиз ошондой жерлерди жашырып койчу. Кээ бирлер ойлошчу, "биз түп-түз жүрүп эле коммунизмди куруп калабыз" деп ойлошчу. Менин түшүнүгүм боюнча адам жакшы жана жаман сапаттары менен адам. Ушул сапаттарды чогултуп келип аягында жакшы адам блуп калганды мен мыкты адам катары кабылдайм. "Бешкемпирди" көргөн жазуучу Казат Акматов: "Актан сенин киноңдун оручундуу идеясы эмнеде билесиңби? Себеби биздин коомго чөйрөсүн, каада-салтын түшүнө билген жакшы адам келди"-деген.
- Эмне үчүн азыркы режиссёрлордун көпчүлүгү профессионал актриса, актёрлорду киного тартышпайт?
- Карапайым калк ичинен таланттарды сууруп чыгып, киного тарып, ошол агымды баштаган мен болушум керек. Көп режиссёрлор да ушул ыкманы колдонушат.Себеби көп актрисаларга ишенбейм. Өңү жылмакай, татынакай шаардык актриса кантип тезек кармайт? Алар чындыгында окшошпойт, бирок ойноп беришет. Мен жасалмалуулукту жаман көрөм. Менин киномдо байкасаңар актёрлордой ойнобойт. Жөнөкөй аткарышат, бул театр эмес да.
- Актрисалардан кимди баалайсыз?
- Алиман Жангорозованы абдан баалайм. Бакайдын жайытында кандай сонун ойноп берген. Анын ордунда башка актриса аткарса, ошончолук жеткирип беришине күмөнүм бар. Алиман Жангорозова ошол каарманды катыра аткаргандыктан, башка актрисаны анчалык ачып бере албас эле. "Ак илбирстин тукумунда" Сайкал эненин каарманын майын чыгара аткарып койгон.
- Каармандарды кантип тандайчыз?
- Менин каармандарым сулуу эмес, бирок жылдыздуу. "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" менин турумушумдан алынган. Мени окуучулук кезимде "маймыл" деп аташчу. Мен сулуу эмес кишилердин сулуулугун ачып бердим, анткени алар да башкалар сыяктуу эле адам да. Менин өң-келбетим да режиссёрдукундай эмес экени өзүмө байкалат. Кино тартуу учурунда көпчүлүгү айдоочу деп ойлошот. Режиссёр деген Геннадий Базаровдой, актёр десе- Чокморовдой, акын десе-Алыкулдай, жазуучу десе-Айтматовдой, балерина дегенде-Бүбүсара Бейшеналиевадай элестетип калышкан да. Менин да амбициям күчтүү.

Динара Асылбекова