п»ї

Кумарканалардын жабылышы 16 млрд сомдук чыгымга алып келет
Кыргызстанда казинолордун жабылышынан мамлекеттик бюджет жылына 16 миллиард сом жоготот. Мындай маалыматты CAFMI - Борбор Азиялык эркин базар институту бүгүн таратты.
Казинолорду жабуу тууралуу мыйзам күчүнө кирген учурда деле кумарканалар жашыруун иштей берет деген пикир да айтылды. Аталган уюмдун эсептөөсү боюнча, бул тармакта учурда 12 миңден ашуун адам эмгектенет. Алардын баары жумушсуз калуу коркунуч алдында калышты. 2012-жылдан тарта Кыргызстанда кумарканалардын ишине тыюу салуу боюнча мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдошкон. Ага президент кол койгон. Бирок ага чейин журналисттерге интервьюсунда мамлекет башчысы Роза Отунбаева кумарканаларды жабуу проблеманы чечпейт деген оюн айткан болчу.

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү И.Степкичева Россиянын жараны экендигин өзү да билбейт
21-ноябрда түштөн кийин КР Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү Ш.Майчиевдин төрагалыктан жана мүчөлүктөн ыктыярдуу түрдө кызматтан кетүү тууралуу арызын талкуулоону улантышты.
Ошол эле учурда "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" кыймылдарынын өкүлдөрү Ш.Майчиевдин кызматтан кетпөөсүн талап кылып митинг өткөрүшүүдө. Мындай сунуш менен алар Ш.Майчиевге өздөрү кайрылышкан.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү КР Президентинин Аппаратынын Россия ФСБсынын КР МУКК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирэна Степкичеванын башка мамлекеттин жараны экендигин далилдеген фактылар бар экендиги тууралуу катын карашты.
Ирэна Степкичеванын пикиринде мунун баары жасалмалуулук.Ошол эле учурда ал өзү Россиянын жарандыгы тууралуу паспорту болгондугун, бирок 2009-жылы тиешелүү кызматка жарандыктан чыгаруу жөнүндө кайрылгандыгын билдирди. "Бирок азырынча расмий жооп ала электиктен, мен башка мамлекеттин жаранымынбы же жокпу биле албаймын",- деди ал.


Кыргыз жигиттери эми аскерге 16 жаштан барышат
Кыргызстанда аскерге чакыртууну 19 жаштан 25 жашка чейин жүргүзүү каралып жатат, деп билдирди ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков.
И.Исаковдун айтымында, азыр жаш балдарды милдеттүү түрдө аскерге чакыртуу 18 жаштан башталып, 27 жашка чейин созулуп келет. Эми мыйзам долбоору менен бул жаш куракты 19-27 жашка өзгөртүү каралууда. Ошондой эле, алгачкы аскерге чакыртууну 17 жаштан 16 жашка өзгөртүү каралууда. Мындай өзгөртүү мектептеги балдар паспортту 16 жаштан алып жаткандыгына байланыштуу болууда, деди ал. "Эгерде эркек балдар милдеттүү түрдө аскерге чакырууга барышпаса, 250 эсептик көрсөткүчтөгү (25 000 сом) айып төлөп, 24 күн аскер даярдыктарынан өтүшөт", - деди депутат. Ал эми коргоо министри Абибилла Кудайбердиев мобилизациялуу резервдерге чакыртылуучу кызматтын жоюлушуна каршы чыкты.


Акмат Бакиев жакынкы күндөрү эркиндикке чыгат
Кыргызстандын экс-президентинин иниси Акмат Бакиев жакынкы күндөрү эркиндикке чыгат. Бул тууралуу анын жактоочусу Равшан Максудов билдирген.
Анын айтымында, мурунку мамлекет башчысынын иниси учурда №47-мекемесинде жазасын өтөп жатат. "Анын мөөнөтү аяктады. Эми ал жакында оорусуна байланыштуу колониядан чыгат", - деди Р.Максудов. Ал белгилегендей, экинчи инстанциядагы сот Жалал-Абад шаардык сотунун Акмат Бакиевге жети жыл эркинен ажыратуу чечимин ошол бойдон калтырган. Аны менен бирге Чүй облустук соту мунапыстын негизинде экс-президенттин инисинин мөөнөтүн кыскарткан. "Ал бир жылдан ашык мезгилден бери УКМКнын СИЗОсунда кармалуу. Ал жерде бир күн эки күн болуп саналат. Демек, Акмат Бакиев тиешелүү 2,5 жыл мөөнөтүн отуруп бүттү", - деп түшүндүрдү Р.Максудов .Жактоочу экинчи инстанциянын чечимин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жабыр тарткан тарап да, күнөөлүнү коргоочу тарап да доо арызы менен кайрылышкан. "Биз Акмат Бакиев толугу менен акталсын деп суранабыз. Ал эми жабыр тартуучулардын жактоочусу Касым Исманов жазасын күчөтүүнү суранып жатат", - деп кошумчалады Р.Максудов.


  кылмыш

Ж.Айдаралиевди өлтүргөн адам аты-жөнүн алмаштырып алгандыгы белгилүү болду
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Тумар" радиосунун үн режиссерун өлтүргөн адам аты-жөнүн алмаштырып алгандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.
Эске салсак, буга чейин Максат Эралиевге издөө жарыяланган. Бирок, иликтөө иштеринин жүрүшүндө болжолдонуп жаткан кылмышкер буга чейин фамилиясын Аскарбеков деп өзгөртүп алган. Маалым болгондой, 17-ноябрда Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө Улуттук госпиталга 23 жаштагы "Тумар" радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиев оор абалында жеткирилди деген маалымат келген.Иликтөөнүн болжолдуу жыйынтыгы боюнча 1983-жылы туулган Максат Эралиев сырттан кылмыш жоопкерчилигине тартуу, камакка алуу чечими чыгарылып, издөөгө алынган. "Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан Максат Эралиев фамилиясын өзгөрткөн соң, 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган Аскарбеков Максат Аскарбекович болуп калган", - деп билдирет Башкы прокуратура. Эске салсак, "Мото" соода борборунун жанында ал Ж.Айдаралиевди башы менен эки жолу асфальтка сүздүргөн. Андан соң, колу менен башка соккулаган. Ж.Айдаралиевди соода борборуна алып кирип кеткендигине карабай, кылмышкер артынан барып, ур-токмогун уланткан. Жыйынтыгында, Улуттук госпиталда стационардык дарылануудан өтүп жаткан үн режиссер каза болгон. Кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу маалыматтар учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын көзөмөлүндө.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??