Кычык суроолор

Бул жолу "кычык суроолорду" ЖКнын депутаты Азамат Арапбаевге узаттык.
Депутат Азамат Арапбаев "наркобизнес"
менен байыды беле?
- Саясатка аралашканы-ңызга канча убакыт болду?
- Мен муну саясат десем болобу же болбойбу, билбейм. Буга чейин Оштон облкеңештин, андан кийин Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп иштегем. Аны саясат десек анда саясатта жүргөнүмө он жылдан ашты. Жергиликтүү кеңештин депутаты болгонумду саясатка аралашты дебесек, 2008-жылы парламенттин төртүнчү чакырылыштагы, 2010-жылда бешинчи чакырылыштагы депутаты болдум.
- Кээ бирлер байыш максатында саясатка аралашат. А сиздин саясатка аралашуу максатыңыздын негизги өзөгү кайсы?
- Ички дүйнөмдө ишкермин. Жогорку окуу жайын Бишкектен бүтүргөм (Айыл чарба институтун). Бирок, өзүмдүн кесибим боюнча бир күн да иштеген жокмун. Себеби, мен окуу жайын бүтүргөн маалда көп ишканалар токтоп, союз тарап, завод фабрикалар жабылган. Мен иш таба албай, кандайдыр бир себептер менен ишкерликке кадам таштадым. Башында соода-сатык менен иштеп жүрдүм. 1990-жылдары ишкерлердин көбү соода-сатык менен алек болчу. Кийин бара-бара заман да өзгөрүп атат. Өз колум менен курган чоң-чоң ири ишканалар, ири заводдор бар. Ал жакта Кыргызстандын, чет элдин жарандары эмгектенет. Мамлекетке түздөн-түз төлөй турган салыктары бар. Мактаныч эмес, мамлекеттин казынасына миллиарддаган салыктарды бүгүнкү күнгө чейин менин ишканаларым төлөп турат. Каерде иштебейли эң негизгиси тажрыйба керек. Өндүрүштө, бизнес жаатында тажрыйбам чоң. Биздин ишкерлердин турмушун жакшы билем. Ишкерлердин кээ бир милдеттери бар. А бирок, укугу жок. Ким болбосун, "Мен сени текшерем, мен сени баса калам!" -дейт. Ошондуктан, ишкерлердин укуктарын коргоюн, аларга жардам берейин кыязында саясатка аралашып отурам. Мен муну айтпасам эки жүздүүлүк болуп калат. Биздин органдардын көбү ишкерлердин үстүнөн жеп, алардын негизинде жашайт. Ишкерлер мамлекеттин казынасын гана толтурбастан, көптөгөн чиновниктерди багат.
- Анда сиз да убагында мамлекеттин казынасын гана толтурбастан, чиновниктерди да багыпсыз да. Сыр болбосо кайсы чиновниктерди баккансыз?
- Мен сизге мындай деп жооп берейин. Көчөгө чыгыңыз, мамлекеттик, фискалдык кызматкерлерди көрүңүз. Алардын жашаган үйү, жашоо шарты, минген машинеси, бала-чакасы кандай мектептерде окуйт байкаңыз. Анан өзүңүз эле баа берип коюңуз. Алардын мамлекеттин казынасынан алып аткан айлыгы канча? Ошончо айлык алып, ушуга жетише алабы? Албетте, жок. А мен, "бул чиновникти баккам" деп кантип айтам? Ишкерлер бүгүнкү күндө мамлекеттин казынасына да салык төлөп, Кыргызстандагы болгон чиновниктердин баарын багып атат.
- Дүйнө бир тыйындан куралат эмеспи. Сиз ушундай чоң ишканаларды ачканыңызда жөлөк-таяк болгон бирөө болдубу?
- Раматылык атам менен апам мугалим болуп эмгектенчү. Өзүбүз жети бир тууганбыз. Бизге машина же үй алып бербесе дагы, билим жагынан жакшы нукка бурушкан. "Биздин балдар билимдүү болсун, коомчулукта өз ордун тапсын" деген аракетте окутушкан. Менден улуу бешөө менден кийин бир бир тууганым бар. Бир туугандан артык эч ким болбойт экен. Кайсы ишти баштаба сөзсүз бир тууган гана жөлөк болот тура. Эң улуу агам ооруп өтүп кетти. Калган алтообуз барбыз. Туугандарымдын ар бири өз алдынча оокат кылышат. Эжем хирург, көздү операция кылат. Улуу акем ишкер. Дагы бир акем милицияда иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыкты. Азыр өкмөттүк эмес уюмда иштейт. Бир агам азыркы милиционер, иним бажыда иштейт.
- Сизди "мурун таксист болуп жүрүп челнокчу болгон",- деген кептердин чындыгы барбы?
- Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө чоң акемдин эски москвичи бар эле. Ошону мага берген. Анан күндүзү окуп, түштөн кийин 3-4 саат иштеп койчумун. Анда такси деген аз эле. Ал кезде менин жашым жыйырма бирде болчу. Бойдокмун. Биз союз мезгилинин идеологиясында чоңойгонбуз. Тапканыбызга сүйүнүп эле жүрчүбүз. Бардык кыйынчылыктарды башыман өткөргөм. Айыл-чарба институтунун жатаканасында да жашагам.
- Канча жашыңызда үйлөнгөнсүз?
- Жыйырма жети жашымда үйлөндүм. Мугалимдердин турмушун билесиздер да. Ата-энемди кыйнабай, жашай турган жеримди даярдап, баарына жетишкенден кийин үйлөнгөм. Эки уул, эки кызым бар. Улуулары уулдарым, кичүүлөрү кыздарым. Улуу балам он үчкө, кичүү кызым төрткө чыкты. Келинчегим менден жети жаш кичүү.
- Депутат болгондон бери сизди мыйзам долбоорлорун иштебей эле "кнопка баскыч" депутат деп жүрүшөт.
- Мен бул сөздү сизден биринчи угуп атам. Бир жылдын ичинде он чакты мыйзамдын автору болдум. Ошол мыйзамдардын баары ийгиликтүү өтүп, учурда иштеп атат. Ким кааласа Жогорку Кеңештин сайтын ачып билип алса болот. "Кнопка баскыч" дегендерге кошулбайм. Аны айткан адам өзү "баскыч".
- Ташиев менен болгон тирешиңер аягына чыктыбы? Өткөндө "Арапбаев атажуртчулардын ичинен мыктыларын тандап, өзүнө күчтүү топ түзүп атыптыр. Муну билип калган Ташиев Арапбаевге ачууланып ГСМ чыры боюнча казып чыкты", - деп угуп калдык эле.
- Андай чыр-чатак чыккан эмес. Ташиев казып чыккан жок.
- "Тажикстанга мыйзамсыз өтүп жаткан ГСМдин артында кимдер тураарын билем" дегенсиз. Бирок алардын аттарын айтпай келесиз?
- Айтам. Аларга кылмыш иши козголуп, иш сотко чейин жеткен. Өтө чоң мамлекеттик кызматты ээлегендер да бул иште бар. Мен муну "заказуха" дегем. Азыр да далилдей алам.
- Доннур-Юг компаниясынын тегерегинде биртоп чыр-чатактар чыкты эле. Андагы прокурор менен болгон тирешүүңөр аяктадыбы?
- Ошол бир акмак экен. Мен аны сабаптырмын имиш. Жанымда вице-спикер Асылбек Жээнбеков бар болчу. Ал киши "эч ким эч кимди сабаган жок" деп айтты. Алтынбек Сулайманов да бар болчу. Ушунча киши көрсө дагы ал милициянын кызматкери бет тырмарлык кылып, "мени сабады" деп атат. Прокуратура ал ишти карап жаткан учуру.
- Сизди "наркобизнес менен алектенет. Ошонун эсебинен байыган. Себеби, 2007-жылы 109кг героин менен кармалган Ф.Нурматовдун Арапбаевге тиешеси бар" - деген маалыматтын чындыгын өз оозуңуздан уккум келип атат?
- Ошону айткандар акылы тар адамдар. Баңги менен гана акча таап турмушун оңдой алат деп ойлошот. Баңгиси жок эле кандай деген иштер бар. Эгерде анын ою баңги гана болсо, ошондой "келесоого" акча табыш жолун түшүндүрүп берейин.
- Саясатчылар журналисттердин кычык суроолорунан анан саясий интригадан тажадык дей беришет. Сиз тажай элексизби?
- Ал саясатчы сиз айтып аткан "интригага" аралашпай койсун анда. Мен интригага аралашпайм. Демек, мен тажабайм.


Төлөбүбү
Касымалиева