п»ї

"Неудачный"
сүрөттөр
Табит менен талашып болбойт деген учкул сөз бар эмеспи, ошон үчүн биздин жылдыздарыбыздын да өздөрүнчө табитттери бар. Кээде ырчыларыбыздын сүрөттөрүн карап отурсаң бары эле коендой окшош. Таң каласың булардын табиттери бирдейби деп. Бирок кээ бир учурларда аша чаап кеткендери жок эмес. Айрым ырчыларыбыз маанилүү ырларды ырдап жүргөнү менен сүрөттөрүн карасаң маанисиз болуп калган. Бул саныбызда сиздерге маанилүүлөрдүн маанисиз тартылып калган сүрөттөрүн сунуш кылдык.


Анжелина Жолинин эрини бул жакта калмак
Келишкен костюм кийип түшкөн ырчы жигитибиз Аваз Акимовдун сүрөтүн карап турсаң, "эриниң сонун алчадай" деп эрининен бир жолу өөп алгың келет. Кайсы фирманын эриндиги болду экен кызык? Же ырчы бул сүрөткө түшөөр маалда чучук жеп алып эринин аарчыганга үлгүрбөй калган окшойт? Эриндикти эрининин үстүңкү бөлүгүнө көбүрөөк боёгондо, Анжелина Жолинин эрини бул жакта калмак. Кычырата кийген костюмуна жараша кычырап түшсө болмок экен. Турган турпаты, "менин көкүрөгүм чоң, көп байкалбай эле койсунчу" деп колдору менен жаап алгандай. Балким ырчы жигит өзүн ушунчалык жакшы көрөттүр, "мен жана мен" деген сыяктуу түшүнүктү берген. Үстүндөгү кийими ачыгыраак болгондо жанагы түнкү каналдардагы жарнамалар сыяктуу "Сүйлөшкүн келеби? Анда мага чал!" деп айтса куп жарашып калмак.


"Мени тапчы, мен бул жактамын" деген түшүнүк
Ал эми Абаз Муратов менен Эмиль Маматовдун сүрөтү бала бакчадагы беш жашар баланын жашынмак оюну сыяктуу. Ичке дарактын артына жашынып алып, "мени тапчы, мен бул жактамын" дегендей. Мойнундагы флешканы упчусу десек болот, алып койсо такыр болбойт ыйлайт да жаш бала, эне сүтүнөн ажырай элек болсо. Ал эми каштары өзү ушундай болуп экиге бөлүнүп турабы, же жигитибиз атайын салонго барып жасалгалып алганбы? Атайын жасатып алган болсо, анда кадимки эле мультфильмдеги шайтандарды туураган өңдүү. Эмнеси болсо да мырзаларыбыз бул сүрөтүндө бала кезин эстеп, балалыгына кайрылышыптыр.


"Колтугундагысын" көрсөткүсү келген өңдүү
Ырчы жигитибиз Сүйүн Жусупбаев кимди туурап түшкөнү белгисиз. Сүрөттү карап турсаң, "менин келбетим укмуш" деген түшүнүктү берет. Көбүнчөсү кыздар сексуалдуу көрүнүш үчүн, колдорун көтөрүп өздөрүнүн мүчөсүн көрсөткүсү келсе, ал эми бул жигитибиз "колтугундагысын" көрсөткүсү келгенби, ким билет? Бул сүрөттү көргөн адам суктанбай эле жийиркенчүдөй болуп калган. Албетте жакшынакай жылмаюусу, апакай тиштери, үстүнө кийген кийими өзүнө куп жарашканы менен кыздар суктанып карай турган сүрөт болгон эмес. Балким, " мен эркекмин, мага боло берет" деген түшүнүктү бергиси келгенби, айтор ырчынын сүрөтү көргөн адамдын үрөйүн учурат. Анан биздикилер бирин-бири туураганды жакшы көрүшөт эмеспи, бул сүрөттөн кийин башкалары да ушинтип чыгышса, анда гезит беттери түккө толуп кетчүдөй.


Жалтыракка жакын Ильяз андаш
Бул ырчы жигитибиздин сүрөтүндө эч кандай ашыкча түк көрүнбөгөнү менен белиндеги куру даана көрүнүптүр. Ал курду жашырууга да болбойт, бери жагы эле деп эсептегенде бул кур бир, бир жарым килону чапчыса керек. Ак шейшепти артына илип алып, эмнеге кубанып жатканы белгисиз. Балким башка жерде болсо түшүнөт белек. "Эмне себептен мынча секирип, кубанып жатат?" деп. Ырчы жигитибиз жалтырактарга жакын окшойбу же шашып кыздын шымын кийип алганбы, айтор, шымындагы чапталган жалтырак өзүнчө эле көрк берет. Бирок бул шымды бели ичке, жамбашы кичине чоңураак кыз кийгенде куп жарашып, белиндеги куру дагы мүчөсүнө көрк бермек. Мындан тышкары колундагы кооз жасалгалар да ырчынын темирге жакын экенин көрсөтүп турат.


Алия Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??