п»ї

Комуз, кыл кыяк устасы Марат Берикбаев:
Аян берген Страдивари
Сейрек кездешчү аспап бул кыл кыяк эмеспи. Кыл кыяктын тилин түшүнүп, комуздун сыйкыр дабышын аңдап, ушул аспаптарга көрк берип, таланттарга тапшырган жыгач уста Марат мырзанын устаканасына баш бактык. Жөн эле уста болбогон дегендей колунан көөрү төгүлгөн чебердин ар бир эмгеги ичине сыр каткансыйт

Атама Кыдыр аке жолугуп
Чоң атамды касида окуган чоң молдо болгон дешет. Дубаланган адамдын дубасын жандырып берип көп элдин алкышына татыптыр. Балдары токтобой менин атам жалгыз баласы экен. Бир жолу атам Апилет мүрзөнүн жанында кетип баратса, алдынан апакай кийинген чал чыгып (бизде Кыдыр аке деп коюшат го), бир ойной турган аспаптарды көрсөтүп: "Ушул аспаптарды жасаган уста болосуң"-деп көздөн кайым болуптур. Өмүрүндө жыгач кармабаган атам устачылыкка шыгы ойгонуп, ошол күндөн тартып жыгачтан ар кандай аспаптарды жасай баштаган экен. Кемин районунда жашачубуз, жаныбызда немецтер жашаган эки айыл бар. Ошолор атам жасаган сувенирлерге кызыгып атайын заказ беришчү. Атамдын колдоочусу кандай багыт көрсөтсө ошол багыт менен кеткен.
Көзгө көрүнгөн Карамолдо Орозов
Мен эс тартып калганда өзүмө ылайык балта, балкаларым бар эле, атамды ээрчип анын өнөрлөрүн үйрөнө баштадым. 5-классымда үйдө сабак даярдап отурсам, кулагыма үн угулгансыйт. Дароо ордуман туруп атамдын устаканасына барып, бир жыгачтан кыргыз оюуларды түшүрүп, комуз жасай баштадым. Эртеси күнү кадимки Карамолдо атабыз көзүмө көрүнсө көпкө чейин өзүмөн өзүм чочуп, катып туруп калдым. Ошол жаныма туруп алып муну мындай жаса деп үйрөтүп жаткансыды. Кийинчерээк ал көрүмчүгө да көнө түштүм. Дагы бир кызык жагдай, бала кезимде эле дүйнөгө атагы чыккан скрипка устасы Антонио Страдивари аян берген. Аны кандай элестетсем, кийинчерээк теледен көргөнүмдө ошол элесимдегидей инсан экен. Өз өнөрүн уулдары Франческо жана Омобоного калтырып кеткени менен скрипка жасоодогу укмуштуудай талантын толук ачып бербей өзү менен чогуу о дүйнөгө алып кеткен дешет.

Өздүк көркөм чеберчилигим ийгилик жаратты
Мектепти аяктаган соң, Башкырияга барып аскердик кызматымды өтөп келдим. Ал жакта 15 Республиканын гербдерин жасап, баарына эстеликке бергем. Аскерден келип эле, Чокморов атындагы сүрөт окуу жайына тапшырдым. Дипломдук ишимде сөөктөн шахмат, таштан балык жасап, "Эң мыкты" деген баага татыгам. Кызыл диплом менен аяктап, И. Арабаев атындагы университетте "Көркөм өнөр" сабагынан берип калдым. Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда иштеген "Камбаркан" тобундагы прима кыяктын үлгүсүн берип: "Ушул кыякты 15 күндө жасап келсең бул жакка ишке алабыз"-деди. Мен 1 жуманын ичинде жасап коюп агайга алып бардым. Ошондон тартып ал жакта иштей баштадым.

Тирүү аттын кылы мыкты дабыш чыгарат
Кыл кыяк жасай тургандар чанда гана. Бул аспапты жасоонун да өзгөчө ыкмаларын изилдеп чыккам. Кыякты өрүктүн жыгачынан жасап, капталын төөнүн терисинен каптап, кылын кадимки тирүү аттын кылынан жасайм. Себеби кыл кыякты тартканда тирүү аттын кылы катуу дабыш чыгарат экен. Мен жасаган кыл кыяктар менен сахна өнөрлөрү гран при, алдыңкы орундарга ээ болуп жүрүшөт.

Ийгиликтин артынан ийгилик
1996-жылы комуз чебер усталардын арасында конкурс уюшулуп калды. Атам ооруп жүргөн маалы эле: "Балам ушул конкурска катышсаң сөзсүз биринчиликти аласың"-деди. Ошол конкурста тоскоолдуктар болбой койгон жок. Ага карабастан акыры катыштым. Көрсө, атам оозго салгандай айткан тура. "Мыкты кыл кыяк устасы" аттуу Гран прини утуп алдым, бирок ал ийгилигимди атам раматылык көрбөй калды. 1997-жылы 27-августта "Устат-шакирт" диплому менен сыйландым. Ал конкурста дагы кыйынчылыктар менен катыштым. Ошол конкурсту уюштурган Дастан Сарыгуловго арыздандым. Ал бардык усталар конкурска катышууга укуктуу экенин айтты. Ошентип 75 конкурсанттардын арасынан бешөөбүз атайын сыйлыкка ээ болдук. Ошол комузду жасап сыйлык алган комузумду Япониядан келген атайын өкүлү кызыгып сатып алды.

Романтиканын чордону болгон Париж
2005-жылы менин атыма Франциядан чакырык келиптир. Фонд Агахандын демилгеси менен, "Теңир Тоо"фолклордук топтун директору Сырдыбаева Разия эженин жардамы аркылуу бардым. Францияга бүткүл дүйнөнүн устачылык өнөрпоздору келиптир. Чет мамлекеттегилер орто азиянын ичинен айрыкча биздин аспаптарга таң калышкандарын жашыра албады. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып француздардын күнүмдүк колдончу сөздөрүн да үйрөнүп алдым. Мисалы:bonjuor-саламатсызбы, mеrsi-рахмат,madmuazel-чоң кыз, bien-жакшы, je m appelle Marat-менин атым Марат. Ошентип сүйүүнүн мекени болгон Парижге барып келдим.

Үй-бүлөө жашоонун кызыгы
Жаркылдаган жарым Махабат оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, ынтымакта өмүр сүрүп келебиз. Үч уулум, кенжетай кызым бар. Музыкалык мектепте бир балам кыл кыяк тартса, бири скрипка чертет.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??