Бегимай Бекбоева түндүк Казакстанда
Таланттуу кызыбыз Бегимайдын турмуш жолуна аттанганы баарыбызга маалым эмеспи. 18 - ноябрь күнү Бегимайдын туугандары түндүк Казакстанга кыздын каадасын кылып, себин жеткирип келишти. Кайындарына кызмат кылып жүргөн жаш ырчы кызыбыз жакын арада Бишкекке келери белгисиз.


Нурлан Насип Москвадан калпак кийип келди
Жаш ырчы жигит Нурлан Насип Гулнур эже менен кошо Москвага барып концерт берип келишти. Абдан жакшы тосуп алган биздин мекендештер, биздин ырчыларга сый урматын көрсөтүп узатышыптыр.Мындан тышкары "Эркеле" деген ырына клип тарттырып келди.


Азат Болотбек жарым жылаңач болуп алып кайда жүрөт?
Шоу бизнесте өзүнүн ордун таап калган Азат Болотбек деген жаш ырчы жигит бар. Эми анын өнөрүн, жоруктарын санап отурсак абдан эле көп. Өтө алыс узабай эле коёлу, mail.ru баракчасына өзүнүн жарым жылаңач сүрөтүн коюп алыптыр. "Өзүңүздүн сүрөтүңүзбү? Эмнеге башы жок, же башыңызды көрсөткөндөн уялдыңызбы?" - деген журналистибиздин суроосуна, "Ооба, өзүмдүн эле сүрөтүм. Сүрөттү өзүм тарткандыктан, башым батпай калыптыр", - деп жооп кайтарды.


Ташкент кызы Гүл эми аранжировка жасайт
Турмуш жолуна аттангандан бери таланттуу ырчы кызыбызды сахнадан алыстатып алдык эле. Көптөн бери көрүнбөй, жөн жүрбөстөн ырчы кыз аранжировка жасаганга студья ачып жатыптыр.




  Бойдок маек

Санжар Мыкыев:
Менин кызым аябай акылдуу
Чачын өзгөчө стилде кестирген "Муз Обонун" алып баруучусу Санжардын моймолжуган көздөрү, көп селкилерди сүйдүргөн жүрөгү кандай кыздарды жактыраарын текшерип, шайын оодарган, ойго келбеген суроолорду берип көрдүк.

- Санжар, айтсаң сага кандай кыздар жагат?
- Ыймандуу болуш керек. Кыздар алдабаш керек. Жамынып деле ыплас нерселерди жасап жаткандар бар да. Эң биринчиден ички дүйнөсүнүн ыйманы болуш керек. Абийирдүү, нукура кыргыз айымына тиешелүү сапаттар болуш керек.
- Кафеге же клубка бара жатканда кызыңдын колготкиси ыдырап кеткен болсо...
- Кыздар үчүн өзүнүн кебетеси биринчи орунда турат. Анан менин оюмча менин сүйлөшкөн кызымдын колготкиси ыдырап кеткен болсо, кафеге барбай коёт го. Андай жашоодо деле болгон. Дүкөнгө барып жаңы колготки сатып алып анан барасың да.
- Бир кыз менен аябай таанышууну каалап жатасың. Бирок, ал кыздын бетин көрө элексиң артынан эле жактырып калдың...
- Жок, андай болбойт. Бирөө менен аябай таанышкым келген учур болбойт. Анткени кыздар менен таанышканга каалоом жок.
- Кызыңды колтуктатып ээрчитип барга бардың. Кофе ичип жатканда кызыңдын мурдунан суу капысынан куюлуп кети...
- "Салфетка" берем. Ал дагы инсан, ооруп калышы мүмкүн. Эмне болмок эле. Табигый көрүнүш да.
- Сен кызыңды артынын кучактап тургансың. Бир убакта башкача жыт пайда болду...
- Эмне кылмак элем? Эчтеке кылбайм. Эми кыз болгондон кийин андай болбойт. Андай кыздар менен сүйлөшпөйм. Болуп калса эч теке болбойт. Тамашалап коём. (Чын бул сурооңор жаккан жок. Айтыш керек болчу, "ушундай суроолор болот" деп. Чыгып кетсе, "тияк", "бияк" деген болбойт да…)
- Буга чейин канча кыз менен жүрдүң эле жана өбүшүп көрдүң беле?
- Мындай суроого жооп бербейм. Жөн эле жооп бергим келбейт.
- "Кирпигинен, оозунан, мурдусунан" деп, кызың телефонундагы Гу Чен Пёну айтып жаткан болсочу?
- Эчтеке болбойт. Гу Чен Пёну мен эркелетпейм. Менин сүйлөшкөн кызым менин кирпигимди эркелетет.
- Сен жактырган кыз сени менен сүйлөшүп жүрүп, кийин аябай семирип кетсе, ал кызга болгон сүйүүң мурдагы боюнча эле сакталабы же башка кыз издей баштайсыңбы?
- Мен үчүн тышкы келбетте сулуулук эмес. Эң биринчи мен бир кыз менен сүйлөшүп жатсам, бардык жагын байкамакмын. Инсан өзгөрүп турат. Бир күнү сулуу болсо, бир күнү сулуу болбойт дегендей. Мен үчүн, менин кызымдын ички дүйнөсүнүн сулуулугу биринчи орунда.
- Кызыңыз шорпону шорулдатып ичсечи?
- Менин кызым башка инсандардын жанында андай кылбайт. Андай учурлар болгон эмес. Менин кызым аябай акылдуу болот деп ойлойм. Эгер мага жакпаган сапатын байкап калсам, сылык эле, "тигиндей кылсаң болбойт, мындай кылсаң болбойт" деп, өзүм эле тарбиялап алмакмын.


Жылдыз Абдыкерим кызы