п»ї

Төлөн Исаков, МСЭКДнин башкы директору:
"Бишкектин санитардык абалы талапка жооп бербейт"
Ден соолугуңдун чың болушунун эң негизги өзөгү болуп бул тазалык айтылат эмеспи. Азыркы мезгилде адам баласына көйгөй жаратып келе жаткан биринчи проблема болуп базарлардагы сапатсыз сатылып жаткан азыктар болуп жатат. Ушул жана башка суроолорубузга Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башкы директору Төлөн Исаков агайыбыз жооп берди.

- Азыркы учурда Бишкектин санитардык абалы кандай? Талапка жооп береби?
- Бишкекте санитардык абалга жооп берет дегенден мен алысмын. Бүгүнкү күндө бизде миңдеген текшерүүлөр болуп жатат, албетте жазаларын алып жатат. Анан жанагы Ош базарынын тегерегин карабайсыңарбы, бүгүнкү күндө убагында калдыктар чыгарылбайт, калдыктардын убагында чыгарылбаганынын айынан арс чычкандар толуп кетти. Чычкандар болсо ар кандай жугуштуу оорулардын баарын алып келип жатпайбы.
- Базарларды, кафе - ресторандарды канча убакытта бир текшерип турасыздар?
- Өкмөттүн токтому боюнча биз бир жылда бир жолу текшергенге укугубуз бар болчу. Азыр болсо бир жылда төрт жолу текшергенге уруксат берди. Кафе, ресторан же колбаса цехи болобу, кандай гана мекеме болбосун, биз кирип эскертүү кылганга акыбыз жок. Эгерде бизге кандайдыр бир мекемеде жаман тамак ашты сатып, "санитардык эрежени бузуп жатат" деп жазуу түрүндө, ким жазганы, жашаган дареги, телефон номери менен арыз келип түшсө биз барып текшергенге толук укугубуз бар. Эгер жазылган дарек туура эмес болуп калса, анда бизге тескөө министри барып текшерүүгө уруксат бербейт. Ошол арызды биз алып тескөө министрине барып, "бизге момундай даректен, мындай деген арыз түштү, бизге уруксат бергиле барып текшергенге" деп уруксат алгандан кийин гана барып, ошол мекемени текшере алабыз.
- "Базарларда өлгөн малдын эттери сатылып жатат" деп бизге шаар тургундары кайрылып жатат?
- Ошондой маалымат такталып калса, ал адамды соттотуп жиберсе жакшы болмок. Биз негизи даяр тамак ашты текшеребиз, ал эми чийки эт, сүт, жумуртка чийки азыктардын баарын ветеринария текшерет. Ветеринарлар талаадан вилкага чейин, биз болсо вилкадан кийинкисин текшеребиз.
- Чет жактан келген азыктарды сиздер көзөмөлдөйсүздөрбү?
- Сөзсүз түрдө көзөмөлдөйбүз. Чет мамлекеттен келген азыктарды алар сертификат менен келеби же сертификаты жок болобу, текшеребиз. Албетте өкмөт бекитип берген тизме боюнча. Анын дагы жыйынтыктарын көрүп жатабыз. Мисал үчүн былтыр Россиядан келген 120 тонна күрүчтү жараксыз деп чыгардык. Бал келген 20 тоннага жакын, аны дагы жараксыз деп таптык. Кытайдан келген томатты да жараксыз деп тапканбыз. Чыгарылган мөөнөтүнөн эки жыл өтүп кеткен экен. Демек ал таза азык болуп эсептелинбейт. "Жараксыз, Кытайга кайра алып чыгып кетсин!" дегенибизге болбой биздин үстүбүздөн сотко берип, сот бизди күнөөлүү деп табып, "департамент кайра анализ жазасын!" деп чечим чыгарган. Анан соттун чечимин аткарыш керек да. Биз кайра анализ жасадык, азыктын сапаты жакшы болуп чыкты. Бирок эки жыл мөөнөтү өтүп кеткенден кийин ал жараксыз азык болуп калат да. Азыркы күндө бир жылдан ашты, темир жол станциясында сегиз жүз тонна томат пастасы чирип жатат.
- "Арал" кафеси тууралуу эмне айта аласыз?
- "Арал" кафесинде 90го жакын адам ууланууга дуушар болду. Биз аны тескөөгө алганы барганда кафенин 90% ашпозчусунан баштап, официанттарына чейин медициналык көзөмөлдөн өтпөптүр. Бул убагында текшерилбегендин кесепетинен келип чыккан. Мындайча айтканда бизге уруксат бербегенинен улам болуп жатат. Бир жагынан алып караганда ал мекеменин жетекчиси санитардык эрежени караган эмес, ойлогон да эмес. Медициналык кагазы жок жумушка албашы керек экенин ал мекеменин жетекчиси жакшы билет. Бизде болсо, албетте чара көрүлдү, тийиштүү кагаздарды топтоп туруп тартипке тартуу боюнча шаардык прокуратурага бердик. Айып тартты албетте, мындан тышкары медициналык кагазы жок иштеп жүргөндөрүн жумуштан бошотту.
- Сиз айтып кетпедиңизби, бизге арыз түшпөсө барып текшерүүгө укугубуз жок деп. Бирок көп эле кафелерге, " санэпидемстанциядан келдик" деп, бир жылда бир нече жолу эч кандай арызы жок эле келип текшерип, акча алып кеткендер да бар экен. Аларды билип калсаңыздар кандай чара көрөсүздөр?
- Бизге да бул тууралуу арыздар түшүп калат. Анан биз текшергенде: -Ушундай деген врачтар барбы? Бир мекемени текшериптир- десең, врачтар айтат: -Биз андайды жиберген эмеспиз, бизде андайлар иштебейт,- деп. Мен ойлойм, биздин башыбыз дагы экөө эмес, биздин үстүбүздө прокуратура, органдар да карап турат. Азыр биз өкмөттүн токтомун так аткарышыбыз керек жана биз ошого аракет кылып жатабыз. Ал эми пландуу түрдө текшерип барганда, мен айта албайм, "биз баарыбыз сулуубуз" деп. Арабызда мурду бучуктар да бар. Балким алар айлык акысы аздыгынан бир нерсе сурай коёт болуш керек? Албетте врачтар болобу же жардамчысыбы, бизде андайлар болбошу керек! Эгер ошондой маалымат алып калсак, такталса бир да күн кармабайм андай врачтарды.

Алиса Сапарбекова




  Булак көрсөң, көзүн ач

"Жүрөгүм" деген чыгарманы элге сиңимдүү кылып жеткирген, Улуу Тоодо шаңшыган, Токтогулдун торгою жаш ырчы, Нурмат Садыровдун чыгармачыл дүйнөсүнө баш бактык.
Нурмат Садыров:
"Фляганын" ичине түшүп кетип…
- Саламатсызбы, Нурмат! Чыгармачылыкка болгон кызыгууңуз эмнеден улам арта баштаган?
- Өзүмдүн кичинекейимден берки кыялым, максатым, тилегим болчу. Мектепте окуп жүргөн убакта ар кандай кароо-сынактарга катышып, ырдап жүрчүмүн. Ошол кезде мени, "сен ырчы болосун" деп айтып калышчу. 9-классты аяктагандан кийин шаарга келип, М. Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. 2011-жылдын башынан баштап "Эка Рекордс" студиясы менен иштешип калдым. Ортобузда, биринчиден, ага-ини катарындагы адамгерчилик сапат болду. "Бир баш жакшы, эки баш андан дагы жакшы" дегендей, алар менин ырларыма колдон келишинче жардам берип жатышат.

- Бала кезиңиздеги кызыктуу учурлар азыр да эсиңизде болсо керек?
- (Күлүп). Айылдагы үйүбүздө суу ташыган фляга бар болчу. Бир жолу байкем сабактан келип, сарайда отун жарып жаткан. Байкемден бекинем деп фляганын ичине кирдим. Флягага кирип, оозун жаап алып, "өөй-эй" десем, "байкем менден коркот, го?" деп ойлогом. Ичине түшсөм белимден ылдый жагы кирип башым батпай калды. Эптеп тиземди бүгүп аракет кылсам, эки колум батпай калып жатпайбы. Кайра чыга албай калдым. Көрсө, анын ичинен бутум бүгүлүп калыптыр. Айласыздан үнүмдү чыгарып ыйладым. Байкем келип тарткылап чыгара албай койду. Мен ыйлайм, байкем тартып чыгарууга аракет кылат. Кошуналардын бардыгы чогулуп эч кимиси чыгара албай убараланышкан. Менин чыкпаганыма көздөрү жетип фляганы темир кескич менен кесип, чыгарып алышкан. Уялганымдан бир жумадай сабакка барган эмесмин. Ошондон бери мени айылдагы абышкалар "кимдин баласысың?" деп сурап калышса, "Садырдын баласымын" десем, "аа, баягы флягага түшүп кеткен баласы сенсиңби?" деп айтышат.
- Убагында "Трио" деп топ түзүп, аны жетектеп калдыңыз эле. Ал топтун чачырып кетиши эмнеде?
- Ооба, ал менин чыгармачылыктагы биринчи кадамдарым. Алгач эки баланын курамы менен түзүлгөн. Алар өзүмдүн дос балдарым болчу. Үчөөбүз эки-үч жолу интервьюларды бергенбиз. Продюсер болсом балким, азыр ошол топту жогорку деңгээлде алып чыкмакмын. Бирок мен продюсер эмес, ырчымын. Кийин бир балабыз топтон өз ыктыяры менен чыкты. Бирөөсү башында ырдап жүргөн ырыбызга өзүнчө клип тарттырып алыптыр. Негизи ал ырга менин кошкон салымым, эмгегим көп болчу. Менин уруксатымсыз жыздырып алыптыр. Бул эми бирөөнүн эмгегин баалабагандык.
- "Жүрөгүм" деген ырыңыз сиздин жүрөгүңүздөн чыкканы билинип турат. Кыскача тарыхы болсо керек?
- Обону Аман деген жигитке таандык. Сөзү Кудрет Тайчабаровдун калеминен жаралган. Аларга мен ичимдеги багытымды, ойлорумду айтып бергем. Анан ушундай кылып жаратып беришти. Бул ырым жазылып радиолордон кеткенден кийин клип тарттырабыз деген план бар болчу. Ошонун негизинде, клип тартканы Астанага барганбыз. Клиптеги кыздын ролун ойногонго, ылайыктуу кыз жок болгонуна байланыштуу мен өзүм ырдаган кадрларды тартып келдик. Монтаж болгондон кийин клипте бир аз токтотуулар болду. "Бул клип чыкпайт го?" деп түңүлүп калгам. "Качан чыгат, качан алдыга жылыш болот?" деген ойлор кете баштады. Кийин Жома деген жигиттин колуна өттү. Аны менен да сүйрөлүп жүрүп убакыт өтүп кетти. Ага Малика Дина тартылган. Ал да чыккан жок. Клип тарткандар ишин толук аткарбай, мени жаңы чыгып келе жаткан ырчы дегенсип теңсинбей коюшту. Жыйынтыгында Москвадан окуп келген клип тарта турган балдар тартышты. Аларга рахмат!
Жылдыз
Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??