п»ї
 Таанышуу жарыясы


Иним экөөбүзгө бир катын.. .
Айгүл ШАРШЕН
Жанызак @ басма
(Башы өткөн санда)
- Ой бала, бир катын деп энеңди таштап кетесиңби?
- Мага тынч жашоо бербесең кетем да.
- Жакып айланайын, кой киргиле үйгө, мени элге шерменде кылба, - деп Зымырат уул-келинине жалдырап ийди, - Эчтеке дебейм эми, кой, кайда барат элеңер?
- Экинчи келиниңе сүйлөбөйсүңбү?
- Сүйлөбөйм балам, киргиле үйгө.
- Болуптур, дагы бир жолу ушундай болсо мен калбайм, шаарга кетип калам, - деп Жакып аялын ээрчите ичкери кирди, эки бала эч нерседен капарсыз ойноп отурушкан. Жайлооканды алар апалап өз энелериндей эле көрөт, бири алты, бири жети жашта. Жакып ачуусу келип дулдуя ички бөлмөгө кирип кетти, Жайлоокан өз ишин жасап жатты. Ал ичинен күйөөсүнө ыраазы болуп калды. Бул окуядан кийин Зымырат бир аз жоошугансып калды, Жакып аны көз кырынан кетирбей байкап турат, бирок ал талаага мал жайып кеткенде келинин каарып-каарып анан Жакып келээрде бөйпөңдөп калчу болгон.
- Дегеле таштандыга таш тийбейт деген ырас экен, эне-баланы да заматта экиге бөлүп койгонун кантесиң, карында жатканда эле алчы-таасын окуп чыккан го? - деп күңкүлдөп калат. Андайда тагдырына нааразы болгон Жайлоокан ичинен сыздап, көз жашын төгүп-төгүп алат дагы ишин жасай берет.
- Апа, мен жакпадым, качып кетпей ачык эле кетейин, балаңыз жокто кетем, - деди чыдай албай бир күнү Жайлоокан.
- Апей ботом, сени бирөө кет деп жатабы, Жакып келсе эмне дейт, ал артыңдан эле жөнөбөйбү? - деди аңкоосуна.
- Мен сиз айткандай жетиммин, мага ким боор оорумак эле, балаңызга өзүңүз каалап башка аял алып бериңиз, - деди да кийип жүргөн кийими менен короодон чыга жөнөдү.
Алмагүл ал кирээри менен эле акшыя карап тосуп алды:
- Эрге тийип эрди, же бизди жарытпайсың, эмнеге келдиң?
- Кайненем…
- Кайненеңе тең боло албадыңбы, же эриңе тең боло албадыңбы, ушундан көрө сени сексендеги Көкүнбай чалга берсем болмок экен.
- Таеже, күйөөгө бербей эле койчу, күңүң болоюн, таеже, - Жайлоокан жалдырап ыйлап ийди.
- Көзүңө ак түш, көзүң кашай!
- Таеже?!
- Жап оозуңду, үйүңө кайра кет, - деп булкунду Алмагүл.
- Бир бооруңуздун кызымын го таеже, сен боор ооруп койчу таеже, - Жайлоокан босогодон бери кирип эле буркурап чөгөлөй отуруп ыйлап жатканда артынан Жакып кирди, аны көргөн Алмагүл жойпулана калды:
- Кел, кир күйөө бала, мен Жайлооканды тилдеп жаттым эле, эмнеге баса бердиң деп.
- Анда күнөө жок эже, баары апамда, тур Жайлоокан, ыйлай бербе, мен сени коргоп алам, - деп келинчегин колтуктап өйдө кылды.
- Өйдө өткүлө, чай ичкиле, - деп жойпулана сөрүүгө дасторкон салып чай алып келди, - Жакин, отур кызым, мен сенин энеңдеймин, акыл-насаат айтып, тилдегенге акым бар.
- Ал айтканыңыз туура, - деп Жакып башын жерге сала дагы бирдеме деп айтмак болуп жатканда босогодон эки небересин ээрчитип Зымырат кирди.
- Капырай, экөөң тең баса берсеңер булар отурбай койбодубу, - деди кирип келе жатып эле, - Айтып келсеңер боло?
- Келиңиз кудагый, балдар эми эле келген.
- Ооба, артынан эле келдим, мендей карыны кечиргиле айланайындар, алжыганда сүйлөп калат экенсиң да, - деп актана төргө отурду.
- Келбей анан, өзүбүз деле чакырып алалы деп жетише албай жатам, - деп Алмагүл ага чай сунду.
- Болот да, жай бар, кыш бар кудагый, экөө эле ынтымактуу болсо сый кайда качмак эле.
- Ооба десең, - деп шыпшынып ичке карай үн салды Алмагүл, - Оой Айназик, тамак ас кызым.
- Кереги жок, дагы бир келээрбиз, убара болбоңуздар, - деди Жакып. Алар бата кылып кетмек болуп орундарынан турганда Алмагүл кыйпычылыктап аларды узатып чыкты. Жайлоокан ичтен сыза кайненеси менен күйөөсүн ээрчип жөнөдү.
Убакыт ошентип бирде ыйлап, бир күлүп, кайрымсыз тагдырына наалат айтып өтө берди, билинбей жүрүп кыздуу болду, андан кийин экинчи кызын төрөдү. Жакып аялы менен апасынын ортосунда чайланышып жүрүп оорукчан болуп калды, эки карындашы бар, эркектен жалгыз болгондуктан апасын таштап кете албады. Аида менен Алидасы чоңоюп окуп калганда оорудан көз жумду. Зымырат Жайлооканга күн көрсөтпөдү:
- Кара жолтой какшаал, балбалактап ыйлап жүрүп баламды жуттуң, салынды салбар!
- Эмне кылдым апа, ур-токмогуңа чыдаганымдан жүрөм…
- Чыдабасаң кет, баламдын көзү болбогондон кийин сенин мага эмне керегиң бар?
- Кетсе кетем эле, тоюп кеттим ушу жашоого! - деп кыркы боло электе эки кызын жетелеп алып, күйөөсү өлгөндө тели-теңтуштарынын берген акчасын алды да шаарга кете берди.
Алмагүлгө дагы барбады, шаарга келгенде эле аны турмуш чекесинен сылай койбоду, эки кызы менен батир жалдап киргени менен жумуш таппай кыйналды, же соодага ылайык акчасы жок. Күнүмдүк нан таап жеш, эки кызынын кардын тойгузуш өтө кыйын болду. Күркүрөгөн күз болгондуктан радиоузелден помидор тергенге жумуш таап, эки кызы менен дароо кете берди. Тестиер кыздары менен кечке чейин пияз, помидор терип бир топ күн иштешти. Колдору кесилип туурулуп абдан жүдөдү, алар менен бирге иштеп жүргөн Муса деген кырктардагы адам кээде Жайлооканга жардамдашып калчу. Жүрүп-жүрүп эле алар кантип бири-бирине көнүп кеткенин сезбей да калды. Түн катып жолуга калып жүрүп кош бойлуу болуп калды. Аргасыз экөө күздө чогулткан акчаларына батир жалдап жашап калышты. Жазга кыз төрөп үйдө отуруп калды, же үйлөнгөнү белгисиз, никелери жок, иштеген иши жок, бир аз тапса кызымтал болуп ичип алып келет.
- Сен бала менен мени кыйнай турган болдуң, же сүт жок, же нанга жетпейбиз, жакында батирден да чыгып калабыз го? - деп Жайлоокан ыйлап-сыктап кирди.
- Сен өзүңдүн кыздарың ачка болгонун айтасың го, мен баарыңды бага албайм, менин кызым ачка болбойт, эмгизип кой.
- Эмгизгенде эмчектен эчтеке чыкпайт экен, ал үчүн шорпо-шилең болбосо кайдан сүт чыгат?

(Уландысы кийинки санда)





Аздек НАМАЗБЕКОВА
Жашынмак
(Башы өткөн санда)
- Эмне болуптур?-деди күйөөм, үстүмө халатымды жаап, бутума тапичкемди сунуп атып.-Кийчи, таманыңан сыз өтөт.
- Өтсө өтсүн, оорусам мен ооруйм да! Кийимимди чогулттуруп, кош айтышкан атпадың беле?! Сага эмне?!-дедим тултуңдай. (Ичимден анын күнөөсү жок экенин билип турсам деле, эркелегим, жакшы сөз уккум келип ушинттим.)
- Койчу, эми? Кечирип койчу? Анан сеники жакшыбы?!
- Мен коркуп кеттим да?
- Кызыксың го! Эмнеге коркосуң? Эмне, менден жашырганың барбы? -жумшак сүйлөп, кучагына кысып турган күйөөмдүн үнү өзгөрүп, колдорун бошото, мени муздак тиктеп калды.
- Элдин баарын өзүңдөй ойлойсуң, э?-дедим ызаланып.(күйөөм күлүп жиберди.)-Эзели мага чоочун эркек чалбаса. Анан эле түн ортосунда, сенин көзүңчө мени бирөө сурап атса, корком да! Кимдин, кандай ой менен чалып жатканын кайдан билем?! Сен дагы анык-төгүнүн билбей туруп эле?.. Тим эле менден кутула тажап аткансып… Тигине, Насыйкат жумушка кеткен бойдон үйүнө келбептир. Эмне болгонун эч ким билбейт экен. Деги, аман-соо эле болгой эле?
Биз ошентип бир аз акыйнек айтышып, акырында күйөөм мени көтөрүп барып төшөгүмө жаткырып, ой-бойума койбой өпкүлөп, жалынып-жалбарып, мени жакшы көрөөрүн, жана кызганычтан эмне кылаарын, эмне ойлоорун билбей кеткенин айтып, бөгүлүп-төгүлүп турду.
- Балким күйөөсү экөө таарынышып кетип, Насыйкатың туугандарынын үйүнө кетип калгандыр? Күйөөсү эмне, сага "урушуп кеттик эле" деп айтмак беле, сынап, "сеникинде эмеспи?" деп чалып атса керек да? Эртең эле кайра элдешип, табышып алышат. Сен ага сары-санаа болбой эле кой?-деген күйөөм уйкуга кетти. Ушунун уйкусу сонун, башы жаздыкка тийсе эле кетет. Менин болсо уйкум качып, Насыйкаттын айткандары кулагыма жаңырып, анын үйүнө келбей калганын эмнеге жоорурумду билбей, ой басып жаттым.
xхх
Мектептен Кымбатты алайын деп барсам, Насыйкат да келиптир. Чачын жасаткан окшойт, өзүнө жакшы жарашат экен. үстүндө болсо быйыл жаңы кийип башташкан модалуу, көгүш, жарашыктуу пальто.
- Алыстан эле көздү уялтып, суйкайасың!-десем, күлүп:
- Ой, суйкайганы курусун, акыркы күндөр туураман эле өсүп баратам. Качан токтойм, билбейм? Кантип, алдагындай фигуралуу болом, же сырыңан бөлүшпөйсүң?-деп тамашалаша учурашып, ал-жай сурашып, коридордо кыздарыбызды күтүп туруп калдык.
- Бүгүн башым ооруп, жумуштан суранып кетип калдым. Кызым экөөбүз айылчылайлы деп атам? Кимдикине барсак билбей турам?-деп калды.
- Жакшы экен, жүргүлө биздикине? Бүгүн самсы жасагам, жакшы-ы чай ичебиз? -дедим.
Курсактарын тойгузушкан соң кыздар Кымбаттын бөлмөсүнө ойногону кирип кетишти. Биз шашпай чай ичип, аркы-беркини сөз кылып олтуруп калдык.
- Аздек, сен гана мени туура түшүнөсүң го деп турам? Сага айтпасам бир күнү жарылып кетчүдөймүн,-деди каректерин жаш чайып.
Күтүүсүз айтылган мындай сөзгө чынында чоочуп кетип:
- Коркутпачы, жайчылык элеби?-дедим.
- Ошо, жайчылык болбой атпайбы, жаман жери. Кабак бир аял менен жашап атыптыр… Жашап жүрөт. Ал тургай жакында балалуу да болушуптур деп уктум,-эчкирип, жүзүн басып ыйлап жиберди.
Оозуман сөзүм түшүп эле, эмне дээримди билбей шалдайып олтуруп калдым. Эмне демек элем?! Анан өзүмдү колго алып, жанына жакын олтуруп, ийнинен сылай сооротууга аракет кылдым. Чоң ишканада көп жылдан бери башкы бухгалтер болуп иштеп, өзүн ишенимдүү, токтоо алып жүргөн бул келинди ыйлайт деп эч ойлобосом керек.
"Ар бир үй бүлөө чытырман токойдой. Ичинде бөөсү да, чөөсү да бар"деп өткөндө бир аяшыбыз күлдүрдү эле. Чын эле, сыртынан караганда Насыйкат мага телегейи тегиз, эч бир кайгы-капасы жоктой көрүнчү. Көрсө… Күйөөсү Кабакты болсо бир эле жолу, Нуркыздын туулган күнүндө көргөм. Ачык-айрым, барбалактаган, шайыр, сөзмөр адамдай кабыл алгам. Ашкана менен конок үйдүн ортосунда тамак ташыган Насыйкатка жардам берише калып, тост сүйлөгөндө аялын кучактай, "алтындай кызымды ушул күнү мага белек кылган, Наспушкама рахмат!"деп бетинен өпкөнү эсимде. "Аурасы таза, аябай жакшы киши экен. Аялын да жакшы көрөөрү көздөрүнөн эле көрүнүп турат"деген ойдо узагам ал күнү. Эми болсо?
- Балким бирөөнүн ушагыдыр? Кантип эле күйөөң сени башкага алмаштырсын?! Ал сени аябай сыйлап, көзүңдү карап өнтөлөп тураарын көрбөдүм беле?-дедим.
- Жо-ок, экөөнү өз көзүм менен көрдүм! Колтукташып, жайбаракат кафеге кирип баратышканын көрүп, күлкүлөрүн угуп, ошондон бери менде уйку жок. Эмне кылам билбейм?! Акыркы айларда жумушунан кеч келип, ар кандай шылтоосу көбөйүп баратканында эле шекшигем, бирок… "Жаман ойлобочу!"деп өзүмдү урушуп койчумун. Мага чала, Аздек, мен өзүмө тиешелүү жазамды алып жатам. Мен эми көрүп, билип турсам да эч нерсе кыла албайм!
"Кызык, эмнеге минтип айтып атат? Айтып, ачыкка чыксам, мени таштап кетет деп чочулайт го? Мага чала…дегени эмнеси?"деп ойлоп алдым.
Акырын туруп барып чайымды газга коюп, кайра ысытып келдим. Таттуу жесе нервди тынчтандырат эмеспи деп, шоколад ачтым.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??